Шайлоо такмазалары - 2

  • 06.09.2020
  • 3206

Баарыңар шайлоого! Көрүүчүлөрсүз кайдагы цирк!

*     *     *

- Доктор, кулагыма ар кандай үндөр угулчу болду.

- Анан алар эмне дейт?

- Алар мага ичкенге, чеккенге, сөгүнгөнгө тыюу салып жатышат. Анан да насыя алууга, салык төлөөгө, шайлоого барууга чакырышууда...

- Оорулуу, азгырыктарга алдырба!

*     *     *

"Шайлоолордун жашыруун өткөнү кандай жакшы", – деп ойлоду чоң кызматта отурган бир аткаминер, анан өзү да түшүнбөгөн бир таарыныч менен, ошондой эле ойгоно түшкөн абийиринен улам “Ата-Мекен” партиясына добуш берди.

*     *     *

Кыргызстандагы шайлоо эки же андан көп топторго бөлүнүп кырчылдашкан тасманын мазмуну сыяктуу. Кимиси жеңсе да эл утулат.

*     *     *

Интернет кашаң иштеп жатабы? Сайттар ачылбай атабы? Демек жакында шайлоо.

*     *     *

АКШдагы шайлоо. Ким жеңет: орус хакерлерби же кытай хакерлерби?

*     *     *

Кой короодогу шайлоо канчалык адилет өткөрүлбөсүн баары бир эле чоң айырмачылык менен койчу жеңет.

*     *     *

Омончу демонстрантчыны дубинка менен ургулап ызырынат: "Бийликти кулатууга чакырык таштоого тыюу салынат!"

Демонстрантчы актанууга аракеттенет: "Чакырык таштаган жокмун! Мен болгону адилет шайлоо үчүн чыктым”.

Омончу аны мурдагыдан да күчөй дүңкүлдөтөт: “Адилет шайлоого умтулуу – бул азыркы бийликке каршы чыгуу.

*     *     *

- Шайлоого кимдер барат?

- Адатта аялдар көп барышат.

- Ооба, аялдар азыр бүт баарын чечишет!

*     *     *

Депутатты сунушталгандардын арасынан эмес табитибиз боюнча тандасак курсак эмес көңүл тоёт эле.

*     *     *

Демократиялык шайлоо – бул демократтар тандалып келгиче шайлоо өткөрө бермей!

*     *     *

Армения менен Грузиядагы шайлоо бизде да башка чоң державалардын таасиринен сырт өз алдынча ой жүгүртө алган президент келеринен үмүттөнтөт.

*     *     *

Мурда Кыргызстандагы шайлоолор жөн гана цирк болчу. Азыр эми өсүш бар. Анткени циркачтар атка миништи.

*     *     *

Мечитте имамды шайлап жатышат. Бардыгы Асановду сунушташууда. Үсөнов ордунан туруп сөз алат:

- Мен Асановго каршымын. Анткени анын кызы сойку!

- Эй эмне деп жатасың?! Асановдун бир да кызы жок. Анын төрт гана уулу бар!

- Мен өз оюмду гана айттым, силер эми өзүңөр чечкиле.

*     *     *

Бийликтин бийик бир бутагында отурган кыргызстандык аткаминер шайлоо алдында Путинге кайрылат:

— Менин партиямда көйгөй көп, шайлоодо утулуп калышыбыз мүмкүн.

— Менин шайлоолор боюнча бир жакшы адисим бар. Фамилиясы Чуров. Шайлоо бүткүчө иштетсең утулбайсың.

Буга аткаминер макул болуп, шайлоо бүткүчө Путиндин кишисин иштетет. Шайлоо бүтөрү менен Путин ага чалып шайлоонун жыйынтыгын сурайт:

- Иш кандай?

- Бардык шайлоо участокторунда чоң айырмачылык менен “Бирдиктүү Орусия” партиясы жеңди, - деп жооп берет тиги.  

*     *     *

- Эмне үчүн биз тандоочу эмес шайлоочу аталабыз?

- Анткени шайлоо өнөктүгү өткөрүлүп атат, тандоо жүргүзүлгөн жок, ушуну билип кой...

*     *     *

- Эх Холмс, кылмышкерлерди кандайдыр бир жол менен өзгөртө алсак кана! Мисалы, ууруну, киши өлтүргүчтү, алдамчыны, жемкорду алып, бир арга таап жакшы адам кылып чыгарсак сонун болбойт беле.

- Сен эмне Ватсон, көрбөй турасыңбы?! Демократиялык адилет шайлоо антпегенде кантип атат?

*     *     *

— Шайлоого барасыңбы?

— Жок. Менин талапкерим каттоодон өтпөй калды.

— Ал кайсы партиядан эле?

— "Баарына каршы" партиясынан болчу.

*     *     *

Чоң кишилер Аяз атага ишенишпейт, анткен менен шайлоого барышат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз