Кимди шайлайсың? Кимди жайлайсың?.. БАБА жардам берет

  • 12.09.2020
  • 2952

САТИРА

Кабинеттин каалгасын каккылап Бирөө кирет.

– Саламатсызбы?! Кечиресиз, бул БАБА фирмасыбы?

Төрдөгү чоң үстөлдү кучактап отурган Чоңаял кесе жооп берет:

– Так өзү! Айта бер...

– Аа... мен партиядан келдим...

– Кайсыдан?..

– “Балта” партиясынан...

– Түшүнүктүү. Кимди жайлаш керек?

– “Токмок” партиясын.

– Качан?

– Бүгүн... азыр. Жолугушуу жарым сааттан кийин башталат.

– Кайсыл жерде?

– Аянтта. Көкүйдүн астында.

– Таа-ак... Биздин бааны билесиңби?

– Жок, билбейм.

– Эң арзаны 1000 доллар, анан 3000,  5000, 7000, аягы 10000 доллар.

– Ээ... бизге 1000 доллар болсо... азырынча.

– Макул. Анда БАБА бригадасын чакырбай эле койолук.

– Ким-кимди?..

– Балбан Аялдар жана Бакырчаак Айымдар бригадасын. Кыскартып айтканда – БАБА. Бирок, кызматы кымбат. Алардын негизги куралдары: айкырмай, кыйкырмай, кийимдерин тытмай жана сасыган помидор, жумуртка менен урмай, түркүн түстөгү бойокторду чачмай...

– Коюңуз, өтө аша чаппаңыз. Мындай... культурный кылып жайласаңар...

– Болуптур. Мен өзүм эле жайлап берем. Атыңыз ким?

– Бирөө.

– Кандай?

– Менин атым Бирөө.

– Аа... түшүнүктүү.  Эмесе, Бирөө, акчаңызды төлөй бериңиз.

Бирөө ички чөнтөгүнөн капчыгын алып чыгып  1000 долларды санап берет.

– А сиздин ысмыңыз ким?

– Меники Чоңаял.

Чоңаял акчаны сейфине салып, портфелин алып чыгат. Аны сыймыктанып Бирөөгө көрсөтөт.

– Менин куралдарым ушунун ичинде. Эмесе, кеттик жыйынга.

Экөө ээрчишип чыгып кетет.

*     *     *

Көкүйдүн астындагы аянтта чогулган эл “Балта” партиясынын сөзүн угууда.

– ...Биз ушинтип мындан да көптөгөн иштерди бүтүрөбүз. “Балта” партиясына ишенсеңер талаада калбайсыңар. Партиянын курамында жалаң балтадай болгон мыкты жигиттерибиз эл үчүн кызмат кылууга даяр. Алыскы токойлордон “жыгач-дарактарды” кыйып келип тоо арасындагы жолдорго көпүрөлөрдү, эл үчүн арзандатылган баада “жыгач” үйлөрдү салабыз. Жакадагы жарабай калган “жыгачтарды” отко жагабыз...  Айланайын эл-журт, “Балта” партиясы үчүн добушуңарды бергиле! Жашасын “Балталар”! – деп партиянын лидери сөзүн бүтүрдү.

Сөздү “Токмок” партиясынын лидери алды:

– “Токмок” партиясы  курулай сүйлөбөйт. Биз деген алыскы бай өлкөлөрдөн инвесторлорду алып келебиз. Алар бизге завод-фабрикаларды куруп берет. Жумушчу орундар көбөйөт. Мигранттар азаят. Ар кандай “балталарга” токойлорду кыйганга жол бербейбиз. Жаратылышты сактоо керек... Шайлоодо бизди колдоп берсеңер анан...

“Токмок” партиясынын лидери шилекейин чачыратып бакылдай берди...

Чоңаял портфелин ачып атайын тилкеленип кесилген кагаздарды алып чыкты, арасынан бирөөсүн тандады. Кагазды төрт бүктөп астыда турган кишиге сунду.

– Тээтиги сүйлөп жаткан лидерге бериңиз...– деп кагазды узатты.

“Токмок” партиясынын лидери колуна тийген кагазга көз жүгүрттү, бир маалда сүйлөгөн сөзү кескин үзүлүп, өңү кубарып, эриндери титиреп чыкты...

– Мен... мен... тиги... азыр... барып келем...  

Лидер тескери бурулуп артын карабай  талпылдап качып жөнөдү, жүгүрүп баратып аласын улам кармалай берди...

Күтүлбөгөн жорукка жыйындын катышуучулары таң калып, анан жыргап каткырышты, лидерин ээрчип убап-чубап бараткан “Токмок” партиясын карап күлкүлөрүн улантышты...

*     *     *

Күтүлбөгөн “шоудон” кийин эл тарап кетти. Ээн аянтта шамал гана анча-мынча таштанды кагаздарды ары-бери айдап жүрдү. Алардын арасында БАБА-Чоңаялдын  “Эй тууган, алаң айрылып калыптыр!” деп жазылган кагазы калкылдап Көкүйдү көздөй учуп баратты...

Авазбек ЖУСУПБЕКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз