Дилазык: Аары жана чымын жөнүндө

  • 16.09.2020
  • 4072

(Тагдырыбызды аныктай турган эки салаа ой жүгүртүү жөнүндө кыска жана акылман уламыш)

Эгерде чымындан айыл четиндеги талаада гүлдөр бар бекен деп сураса, ал мындай деп жооп берет:

— Мен гүлдөрдү көргөн жокмун. Бирок ал жактагы кокту-колотто кык менен бок толтура экен.  

Анан чымын кайсы жерге барып, кайсы бокко конгонун санап айта баштайт.

Ал эми айыл сыртындагы талаада таштанды көп бекен деп аарыдан сурасаң, ал:

— Таштандыбы? Жок, мен андай нерсе көрө алган жокмун. Ал жакта жыпар жытын чачкан түркүн гүлдөр көздүн жоосун алат!  

Бирөө гүлдөп турган талаадан уйдун тезегин таап, ага консо, экинчиси сасыган саздан да жыпар жыты аңкыган гүлдөрдү таап, ширесин чогултат.

Биз эмнени издесек, ошону табабыз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз