Герцоговина эл жомогу: Эро өлүм жазасына буйрулганда

  • 26.03.2024
  • 4231

Эро султанга жалданат. Ал ак кызмат кылып, маянасын актап жешке убада берет. Султан андай кылбачу болсо башынан айрыларын эскертет. Ушундай келишим түзүлүп, жашагысы келген Эро көп жыл кынтыксыз кызматын кылат. Бирок бир күнү көрө албастар султандын багынан инжир үздү деп Эрого жалаа жаап, султан келишим боюнча өлүм жазасына буюрат.

- Мага көп жыл ак кызмат кылганың үчүн кандай өлүм тандашты өзүңө койдум. Тандай бер кантип өлгүң келет? – дейт султан.

- Таксыр султан, сөзүңө турасыңбы? – деп сурайт Эро.

- Өкүмдар бир эле сүйлөйт!

- Андай болсо таксырым, мен ыраматылык атам сыяктуу эле карылыктан улам  өлгүм келет, - дейт Эро султанга тике карап.

Султан Эронун өлүмдөн кутулуп кеткенин түшүнүп күлүп жиберет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Комментарий калтырыңыз