ИБРАИМОВ Калык: КАЛЫК ИБРАИМОВ: ТУРМУШ – ДЕҢИЗ

ХРОНОС-ЭРОС
Жашоо бүтпөй жаңыланып турмагы,
Жаратканга жадыбалдай керек ко.
Жатып албай жан бүткөндүн бүт баары,
ошон үчүн баш урат да Эроско…

*   *   *
Жаралгандан кудуреттүү Демиург:
“Урпак ула, тукумуңду курутпа”, —
деген үчүн дээринде бүт баарын,
баш үйүртмө кылган тура урукка…

*   *   *
Бул жашоонун экстазы эрос деп,
жазылган соң Жараткандын жарлыгы.
Ошон үчүн турмуш турат токтобой,
Ошон үчүн жанталашат баардыгы.

*   *   *
Адам баштап ар макулук-жандыктар,
ошон үчүн оргазмга батышат.
Анан балкып лаззатында кумардын,
бала болчу уруктарын чачышат.

*   *   *
Эзелтеден Эрос менен Танатос,
эриш-аркак келатышат бөлүнбөй.
Ал анткени тагдыры ошо, жолу ошо.
Алар эгиз — өмүр менен өлүмдөй.

ЫЙЫК-КӨЛ
Оо көлүм, ыйык көлүм Ысык-Көлүм!
Өзүңдү көргөн сайын кызып көөнүм.
Караңдап келе берет көз алдыма
качаңкы алгач ирет кыз өпкөнүм…

*   *   *
А кыз да сен сыяктуу ысык эле.
Дуулдап анда мен да кызуу элем.
Чачтары тармал болчу толкундардай,
мен аны жыттачумун моокум канбай.

* * *
А дагы сен сыяктуу мөлмөл эле.
Көз артып сүйө берчү көргөн эле.
Ошондой бир бузуку булгап коюп,
ошондон ал ак сүйүүм өлгөн эле…

*   *   *
Оо Көлүм, сенин шойком кыз кыялың
жандырат менде жаштык ышкыларын.
Койнуңа кирген сайын денем козуп,
оо Көлүм, мен өзүңдү кыз кыламын…

* * *
Оо Көлүм, каалайсыңбы? — Эр болоюн.
Үстүңө жамгыр болуп шорголоюн…
Өзүңдү кор кылганча башкаларга,
мен сага өмүр бою кор болоюн.

ТУРМУШ – ДЕҢИЗ
Турмушту деңиз десек чалкып жаткан,
эки жаш – анда сүзгөн кеме болот.
Экипаж башында экөө, бирок кийин
ал экөө балдарга ата-эне болот.

*   *   *
Деңизде сүзүү оңой-олтоң эмес,
деңиз – ал чалпоо мүнөз долу аялдай.
Опкоолжуп жүрөктөрү ошон үчүн,
калтаарыйт канча адамдар жолой албай.

*   *   *
Деңизге чыккандан соң тобокел деп,
тоо суусу жардан ылдый шар аккандай
токтобой толкун жиреп сүзүү керек,
Махабат аралына бараткандай…

*   *   *
Бой тосуп бороондорго, тайфундарга,
палуба, мачталарың урап калбай,
бек кармап штурвалды, парус жайып,
ал анда жүрүүң керек пираттардай.

*   *   *
Деңизге аттанган соң кол кармашып,
бошошуп орто жолдон солуп калбай.
Сүрдөбөй сүзүү керек Америка ачкан
Америго Веспуччи, Колумбдардай.

АТА-ЭНЕ ЖАНА БАЛА
Байыртадан келе жаткан жол ошол:
Ата-энеси өз баласын сүйгөндөй,
Бала эч качан ата-энесин сүйө албайт,
Ата-энелер балдары үчүн күйгөндөй,
алар анча ата-энеге күйө албайт.

*   *   *
Ата-эненин ат көтөргүс кадыры,
Баласына тирүүсүндө билинбейт.
Карайт ко деп карыганда кор кылбай,
Ата-эне да баласынан түңүлбөйт.

*   *   *
Өзү кантип чоңойгонун эсейип,
элес албай ата-энеси барында,
баары белен, баары даяр сыяктуу,
жашай берет бала жашоо багында.

*   *   *
Качан гана асылынан айрылып,
жетимсиреп кашайганда кареги.
Бала ошондо бир көрүүгө зар болот,
Мүрзө болуп ата-эненин дареги.

*   *   *
Анан өзү ордун басып алардын,
Бала таап, бала өстүрүп күтүнөт.
Ата-эненин кандай ыйык экенин,
Бала байкуш мына ошондо түшүнөт.

*   *   *
Балдарым деп кара жанын карч уруп,
Балдарым деп эт жүрөгү эзилет.
Ата-энеси өзүн кантип бакканы,
Баласына мына ушинтип сезилет.

*   *   *
Жаралгандан турмуш заңы ушундай:
Ата-энесиз жашоо шамы күйө албайт.
Бирок бала ата-энесин эч качан,
Ата-энедей жанын берип сүйө албайт…