ИБРАИМОВ Калык: КАЛЫК ИБРАИМОВ: АРКТИКА-АНТАРКТИКА (ПОЭТИКАЛЫК ЭССЕ)

Антарктикада муздун эриши тездеди

Бул тууралуу окумуштуулардын эл аралык тобунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Алардын иликтөөсү 1992-жылдан бери Антарктикада дээрлик үч триллион тонна муз жоголгонун аныктаган. Ушундан улам дүйнөдө деңиз деңгээли 1990-жылдардын башынан бери бир сантиметрге жакын көтөрүлгөн. Бул өз кезегинде Тынч океандагы аралдардан тартып, АКШнын Флорида штатынын жээгине чейинки аймактарга коркунуч келтирет.

84 окумуштуу жүргүзгөн иликтөөнүн бүтүмдөрү 13-июнда «Nature» журналында жарыяланды. Алар Антарктикадагы муздун абалын жандооч аркылуу чогулган маалыматтардын жана башка ченемдердин негизинде иликтешкен. Натыйжада алар 1992-2017-жылдар аралыгында 2,7 триллион тонна муз жоголуп, бул деңиз деңгээли 1992-жылдан бери 0,76 сантиметрге жогорулоосуна салым кошкон деген тыянакка келишкен.

“Биз бул жыйынтыкты биздин планетанын ысышын басаңдатуучу аракеттер зарыл экендигинин дагы бир белгиси катары карайбыз”, — деди АКШнын космос агеттиги — НАСАнын муз кыртышына байкоо жүргүзгөн лабораториясындагы окумуштуулардын бири Эрик Риньо. (UE)

(“Азаттык” маалымат агенттигинин кабарынан)

Оо, Арктика-Антарктика –

Жер бүткөндүн уюлдары.

Карың каптап, музуң каптап,

мурда сенде бүрдөп өскөн, гүлдөп өткөн

канчалаган цивилизация жатат азыр түбүңдө.

Канча заман өтсө дагы сен аларды көмүп алып,

сырын катып, көрүстөндөй тунжурайсың турасың…

*   *   *

Азыр сенде: ак аюулар, ак кар, көк муз,

айсбергдер, жана башка муз доорунан

мурас калган атрибуттар. Калгандары купуя.

Алар дагы кези келсе ачылаар.

Азырынча аз болсо да, шүгүр дейли ушуга.

*   *   *

Ит чеккен чана менен, муз жаргыч кеме менен,

учакта аба менен адамдар өлүп-талып зорго жеткен

Жердин чети: Арктика, Антарктика.

Музуна калт-калт этип араң кончу геликоптер,

кишилер калч-калч этип үшүп-тоңгон,

түү деген түкүрүгүң муз болуп жерге түшкөн

бул чөлкөмгө, кыйын болсоң,

кычыраган кышында бир келип көр…

*   *   *

Глобал жылуулуктан жылдап эрип,

айсберг — муз тоолор ураганын,

морж, тюлен, пингвиндер,

акула, касатка-кит, дельфиндер

ачкалыктан азык издеп, суугу күч

түбөлүктүү тоң кайда деп

кайгырып ыйлаганын, оо, окуучум,

сен менден сурабагын.

*   *   *

Окуучум, сен алардын ал-абалын:

эриген кардан качып,

жукарган муздан качып,

кулаган айсберг-жардан качып,

жанталашып, канталашып айгышканын,

дегеле Антарктика-Арктикада

болуп аткан дүнүйөлүк калабаны

көргүң келсе,

анда сен уюлдарга  жайда баргын.

*   *   *

Уюлдун музу астында уюлдук куралы бар

атомдук алп кемелер уурудай ары бери

жойлошоорун, алардын эгелери

эмнени ойлошоорун сен, албетте,

көрө албайсың, биле албайсың.

Ал деген ашкан бир мамлекеттик

Жашыруун сыр!..

*   *   *

Анан да айтышууда:

“Жер — тоголок шар деген болбогон кеп,

чындыгында, жер жалпак, ичи көңдөй,

бүткөн чеги — Арктика-Антарктика.

Алардын асты толо мунай зат-кенч.

Ким озунуп ээлесе, өздөштүрсө – ал ааламдык

дөөлөттүн эгеси болот”, -дешип.

*   *   *

Айтор, билбейм, кандай болот?..

Арктика-Антарктика — Жер бүткөн

эки уюлдун ортосунда, Планета жүрөгүнүн

толтосунда адамзат жем талашып,

кен талашып тытышкан жырткычтардай

тыптыйпыл жексен болуп кетпесе экен.

*   *   *

Уюлдун түпкүрүндө түбөлүк

уктап жаткан эзелки эсил кайран

цивилизациялардын кейиштүү тагдырларын

маңкурт болбой, маңбаш болбой,

адамзат эстесе экен.

Билбейм, эртеңибиз эмне болот?..

*   *   *

Акыр заман алааматы, дүйнөлүк апокалипсис

— ай-аалам, космос эмес, кудай да эмес,

акылы аз, пейили пас, напсисин тыя албаган

өзүмчүл өзүбүздөн болуучудай болуп турат.

Билбейм, эртеңибиз кандай болот?..