ИСМАИЛОВА Ризван: ЖҮРӨК ЭЧ КАЧАН ТАЛДАНБАЙТ

Жорж Санд (1804-1876) – француз жазуучусу, чыныгы аты-жөнү Амандина Аврора Люсиль

Жашоодо бир  гана бакыт  бар – сүйүү  жана  сүйүктүү  болуу.

* * *

Бул  жарыкчылыкта  узак  мезгилдер бою  бир гана аялдын жандүйнөсү  менен  канааттанууга  жөндөмдүү  бир  дагы  эркек  жок.

* * *

Баарын  билүүгө  мүмкүн  эмес,  түшүнүү  жетиштүү.

* * *

Кимдир  бирөө  жөнүндө аны  толук  билбесең, жаман  сүйлөбө. Эгер  билсең, эмне үчүн  айтып жатам  деп  өзүңдөн  сура.

* * *

Биз  турмушубуздун  бир  дагы барагын  жулуп  таштай  албайбыз.Бирок  бир  китепти  отко  таштай  алабыз.

* * *

Сүйүү үчүн  табит,  көзкараш  боюнча  айырмачылык керек,  майда  таарынычтар,  жарашуу,  көз  жаш – мунун баары  сезимталдыкты  ойготуп,  убактынча  кам  көрүү  сезимине  алып  келет.

* * *

Ырым-жырымдар эч  качан  ыйлабайт, анткени  анын  иши  эмес,  а  жүрөк  эч  качан  талданбайт,  бизге  аны  ошол  үчүн гана берген  эмес.

* * *

Аялдын  сүйүүсүн  жоготуу  үчүн  сан  миң  шылтоо табылышы мүмкүн, ошондуктан  сенин акылыңа келбеген себеп табылат.

Орусчадан оодарган Ризван ИСМАИЛОВА