КАПАРОВ Нуралы: НУРАЛЫ КАПАРОВ: «СУПАРАДАН» ШОКОЛАД!

Бал кошушуп сары майга,
жүрөктөргө дары майга,
таттуу кошуп, талкан кошуп
жасашыптыр жарым айда.

Мартка жакын кыш арада
мейман болуп “Супарада”
Шакем менен шоколад жеп,
“шорочулар” азамат деп,
“Супаранын” шоколадын
жеген адам жашарат деп,
“Кел досторум!” – дегиң келет,
жеген сайын жегиң келет,
бирди дейсиң, бирди жейсиң,
бирден алып бирге тойбой
бир отурсаң миңди жейсиң,
жеген сайын жегиң келип,
дагы бирди дегиң келип,
таңдайыңа татып турат,
табитиңди ачып турат!

Шоколад жеп шаттанаарым,
мейманыма мактанаарым,
өзүбүздүн шоколад деп,
өзүбүздө жасалат деп,
чет өлкөгө алпараарым.

Дагы, дагы, дагы дешип,
дагы берсең дагы жешип,
бал, талкан, май – үч береним,
кыйла жылга күч берээрим,
шоколаддын дайнын угуп
шаар-айыл бүт келээрин,
шаа жетпеген кут келээрин,
шоколаддан кур калбаган
шайы күчөп бүт жеңээрин
билгендериң, билбегениң
“Супарадан” шоколад же!
Шарты жогуң бирден терип,
шарты барың чакалап же!

Дагы, дагы, дагы дегин,
дагы берсе дагы жегин!
Өзгөчө бир шоколад де!
Өзүбүздө жасалат де!
Таттуу жесең тазарасың,
таанып алгыс жашарасың!
Тула бойдон жин кетет,
туруп калган зил кетет,
«Өзү да бал, сөзү бал
тунук суудай ким?» дешет.
«Супарадан» шоколад —
турмушуңду гүлдөтөт!

Нуралы КАПАРОВ: Достошкон дөөлөр (поэма)