КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: АРЗУУНУН КҮНДӨЛҮГҮН БАРАКТАП

ЭССЕ

«Оо, махабат сен болбосоң дүйнөдө,
Бирин-бири алмак эле ким эске!»

Табылды МУКАНОВ

Ал күндөлүгүн барактап олтурду. Артынан түшпөсө да, анда-санда чиймелеп жүрчү. Жазып койгону жакшы болуптур да, окуган сайын саптар арасынан алыста жүргөн, убактылуу жүргөн, ушул убактылуу дегенге каниет кылат, өзүн-өзү сооротот, жакын адамы, асыл адамы жарк деп чыга калчудай окуйт. Жаңы жыл жакындап келатканын ойлоду. Тамагы буулуп, жашы кылгырды. Өмүр өтүп атканына эмес, өзү ээн чөлдө калгандай ээнсиреп жүргөнүнө жүрөгү сыздады. Караан этээр дептерин кайра баштан барактап кирди….

Экөөбүз жолугаардан үч ай мурда сен мага түшүмдө эки жолу удаа келдиң… Жайлоодо көк кашка өзөн боюндагы боз үй алдында бейтааныш жаш аял күтүп туруптур. «Үйүңүз чачылып, апаңыз жүдөп калыптыр, оңдоп койдум» деди акырын. Экөөбүз суу бойлоп бирге бастык. Негедир артыма кылчайсам, үй жанында кырк жашта дүйнөдөн өтүп кеткен эсил апам, «барагой» дегенсип муңайым баш ийкей узатып турган экен. Ылдыйлап булакка жеттик. Бир далай сүйлөшкөндөй болдук. Мени жакшы көрүп калганын, аял киши бир чындап сүйсө, айныбай турганын айтты. «Көйнөгүңүз кирдептир, чечиңиз жууп берейин» деди. Кудай акы, мындай дапдаана, айтылгандар да айгине эсте калаар түш буга чейин болгон эмес. Экинчи көргөн түшүм да ажайып… Таякем экөөбүз ак карлуу тоолордо кийик уулап жүрүп, кадимки эле комуз таап алдым. Кум арасында жатып көөнөрө түшсө да, табылгам көзүмө ысык көрүнүп турду…

Ушул эстен кеткис түштөгү аян белгиден көп өтпөй өзүңө жолуктум. Көргөндө эле өмүр бою издегеним, түшүмдө келген дал сен экениңди жаземдебей билдим. Кубангандан, а балким ошол теңдешсиз зор бактыдан кокус ажырап калбайын деп, издегенимди, күткөнүмдү, түш көргөнүмдү, тапканымды ый аралаш айттым эреркеп… Жайдын толукшуган кези, ээн тоо арасы, күн шооласы кызарып, түн кирип келаткан. Барын уктуң, түшүндуң, соороттуң. Эң башкысы, кетем дебедиң, жанымда, мени жалгыз таштабай, жанымда калдың…

Кийинки жылдары жер-сууга батпай буулугуп, кусаланып белгисиз бирөөнү издеп, сагынып, жаман абалда жүргөм. Эзели жатып көрбөгөн ооруканага эки жолу удаа дарыланып чыгып, оору кадырын, өмүр баркын астейдил сезгендей болгом. Ошондо жолуктуң сен. Кубангандан ыйладым, ырдадым дагы:

Сен жол издеп, мен адашып жүргөндө,
Асыл сүйүү өзү салып көпүрө.
Табышканбыз табияттын койнунда,
Ал жер ыйык – Чоңташ деген жер эле.

Июль айынын бири болчу жайкалган,
Булак ырдап, гүлдөр жерге чайпалган.
Таптымбы деп улам карайм көзүңдү,
Сен да мени жактырганың байкалган.

Алыстасың, алыста, алыста… Дайыма сүйлөшөм телефондо, түшүмдө, жан дүйнөмдө өчпөс элесиң менен да. Жолугарыбызга, дагы сонун мезгилди бирге жашаарыбызга ишенем. Кызык кыялдар, үмүттөр, бардыгы алдыда…

«Мужчина без любви превращается в зверя. Любовь — это великий дар открытости, открытости всему сущему».

Бардыгы алдыда. Сонундун баары алдыда…