ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ТЕҢИРЧИЛИК ЖАНА ИСЛАМ (башы) ЧАЛА МОЛДОКЕЛЕР XXI КЫЛЫМ ДЕҢГЭЭЛИНДЕГИ ЖАҢЫ ТОТУКУШ-МАҢКУРТЧУЛУГУНАН ГАНА КАБАР АЙТАТ

ТЕҢИРЧИЛИК ЖАНА ИСЛАМ

«Ата-бабаңдан калган Жолдун бар экенин билип туруп аны тутпоо – коркоктук;
ал эми билип туруп аны башка Жолго алмаштыруу – ата-баба арбагына чыккынчылык,
Тэңирге кыянатчылык».
Конфуций

Мамлекетибизде орун алган оош-кыйыш турмуш, чалкеш заман «светтик» аталган тегиздикте эле эмес, «светтик эмес» мейкинде да кыжып-быжып бүттү. Мамлекет эгемендиги менен бирге өз диний ишмердүүлүгүнө да эгемендик алып казияттан муфтиятка айланган дин өкүлдөрү өз бетинче иш жүргүзүүдө тажрыйбасыздыгын, чабалдыгын, сенектигин көрсөттү. Мунун кичинекей эле жылт күзгү-мисалы: эгемендик алгандан кийинки «светтик» турмушубузда эки президент качкынга айланып, жыйырма беш жолу премьер жаңырган болсо, «светтик эмес» турмушубузда, туруктуулуктун үлгүсү болчу муфтиятта онунчу муфтий жаңырды. Жаңырганда да айрымдары «жылдап» иштесе, айрымдары «айлап» гана, ал эми кээ бири «күндөп» гана иштешкендиги бул көмүскө жактагы так талаш тигил көрүнөө жактагы так талаштай эле канчалык сырлуу, ырлуу жана… чырлуу (!) болгондугунан күңкүл шек берип турат.
Муфтияттагы ич ара клан, итарка кабыш өз ичиндеги эле «муш-мыш» менен бүтсө, чектелсе «майли» эле, мейли эми бул да бир диний демократия эмеспи деп тим болор элек, бирок бул мупту чабыш, ички башаламандык, өзүлөрүнө өзүлөрү ээ боло албай калган чаржайыттык акыры келип мамлекетибиздеги жалпы диний абалдын өтө татаалданышына, маңгы-каңгыбаш сырткы башаламандыкка алып келип сокту. Бүгүнкү күндө айкөл кыргыз элинде, майкөл кыргыз жеринде дин исламдын эмне деген гана агымдарынын өкүлдөрү иш жүргүзүп жатышпайт.
Эгерде ислам бүгүнкү күндө өз ичинде 73 агымда салаалап-талаалап кеткен дешсе, анда анын эң акыркысы — Африканын кайсы бир караңгы бучкагында буккан сабатсыз каралардын каттата албай калышкан акыркы 73-«карандай» агымчасынын да өкүлдөрү эркин Кыргызстаныбызда элкин машкылданып жатышпайт деп эч ким айта албайт бүгүн. Анткени, динмаарек Кыргызстаныбызда толук диний сайрандык, ээн дөбөнүн баарында хинди, араби, жөөтү, христ – толук доңуз тайраңдык («жер ээн болсо доңуз төбөгө чыгат» деген кыргыз) – акыры дин башкармалыгы өзүлөрү ээ боло албай калган! Башканы коюп башкы исламга эле келсек бир мусулман жамааттарынын экинчи мусулман жамааттарынын мечитине басып да кирбегендиги, анткени, аларда ар башка агымдардын эреже-идеологиясы иштээри, мечитти ошолор куруп бергендиги, бир эле сөз же бир-ак кыймылдын ашепкелиги дароо салафишаптын мизинде ойноп чыгаары, биздин момунсунган молдокелердин ички ашканасы деле алиги азем добуш дөбөжандыктан куру эмес экендигинен кабар айтат.
«Бирөөнү окутуштан аабал өзүң окуган бол», — деп айтылган хадистердин биринде. «Барган жериңде ошол элдин салтын сыйла, тилин урматта, дилине жакын сөз менен Алланын Барлыгын, Бирлигин билдир. Бирөөнүн эркине зомбулукту Алла сүйбөйт» деген дагы.
Биздин айрым сабатсыз туура чабар молдокелер пайгамбардын хадистеринде айтылган жогорудагыдай түптүү чындыктарды түшүнбөй, түшүнгүсү да келбей, арабий жашоо турмушта, арабий салтта, эрежеде эмне болсо, эмне айтылса, ошонун баарын түгөл башка элдерге, башка мейкиндиктерге түптүз көчүрүп түшүнүшүп, түшүрүшүп жатышкандыгы, алардын жаңы XXI кылым деңгээлиндеги жаңы тотукуш-маңкуртчулугунан гана кабар айтат. Тотукуш ошондой – өзү быжылдап окуп жаткан кыжылдаган тексттеринен эгерим чыга албайт; маңкурт ошондой – колуна жаа берип Меке үчүн энеңди ат десе эгерим кайтпайт, турган жеринде жайлайт. Меке – Мекен-Бейиш энесинин так таманы алдында тунуп турганын ойлонуп да койбойт («Ар кимдин туулган жери – өзүнө Мисир». Элден). Билгени – жалаң арабдын салты; сүйлөгөнү – жалаң арабдын дарты; тамшанганы – арабдын тарыхы.
Акыйкатта, ар бир элдин (арийне, түптүү элдердин!) Жараткан не, Жаралыш не? Дүйнөнүн башы, аягы кайда? Андагы Киши дегенибиз ким? Кишиге берилген Дин – Ишеним өзү не? – өңдүү суроолорго түптөн келаткан өз түшүнүк-жооптору бар. Ырас, «Кудай-ким, не? деген суроого жооп берем дештин өзү пенде баласы үчүн күнөө, кудайсыздык. Биз да эч анте албайбыз. Бирок ар бир элге, аавалымбашы, өз Кудайтааным Жолу берилген. Эмесе биз дагы өз элибизге түшүрүлгөн Жол нугунан чыга жогорудагы суроолорго элдик жообубузду берүүгө ниеттенебиз. Жараткан айан-илими не дейт?
Көк илими Жерге ал көтөрүшүнчө гана берилет, зарылдашынча гана түшүрүлөт. Жалгыз тамчысында ашса, ал – кыйрап кетет! Анткени Ал – чексиз Кудурет, Өзүндө-Өзү, Боло-Толо, Өзүнө Өзү гана тең! Теңдешсиз! Жараткан Кудурет кай бир молдокелер калпыс айткандай Бар, Бир эмес. Эгер ал Бар экени анык болсо анда анын Бирлиги да анык, Бир экени анык болсо – Барлыгы канык. Кудай мындай таптал тавтологияны – өзүн өзү аркылуу текшерүүнү сүйбөйт. Ушунун өзүндө ширк жатат, керек болсо. Көчмөн чындыгында Ал – Тэңири – Бир жана Баары. Тэңирдин Бирлиги – анын Мейкиндик өлчөмү; Тэңирдин Баарылыгы (чексиздиги) анын Мезгилдик өлчөмү. Тэңир Мейкинде – Жалгыз, Мезгилде – Чексиз (Тэнгри – един в Пространстве, Тэнгри – бесконечен во Времени).
Мейкин эгерим түпсүз бүтпөгөндөй эле Мезгил да эзелим бүтпөйт, чексиз. Демек, Мейкин да бүтпөгөн, Мезгил да түтпөгөн, жаки, Мейкин менен Мезгилдин бөлүнгүс жуурумунда Тэңир, же ушул БИРИМДИКТИН өзү БИР ТЭҢИР. Бул деген, Тэңир – Адам аңына эч качан таанылып бүтпөйт дегенди билдирет, анткени, Мейкиндик – түпсүз;
Бул деген, Тэңир – Адам аңына эч качан ачылып бүтпөйт дегенди билдирет, анткени, Мезгил – чексиз;
Жана да ал бизге – Пенде-Жерге, келип боло элек али.
Али — ЖАШАЛА элек! Жараткандын Сыры, Анын Нуру – Анын беришинче, Анын төгүшүнчө гана (мейли жүз жылга, мейли миң жылга, бирок бир гана Чексиз эмес, анткени, да кайталайлы, Чексиздик Кудаанын өзүнүн гана бир атрибуту жана анын атрибутуна атаандашуу – ушунун өзү ширк!) Мезгил менен кошо жашалмак жана ачылмак!
Бул деген, демек, пайгамбарларга да пайгамбарлык деңгээлде гана илим түшүрүлгөн, дегендикти билдирет. Бир тамчысы – ашык эмес, кем эмес! Антсе, кыйрап кетет! Ошон үчүн көңкүдө эле көчмөн бабалар: «пайгамбар – Кудаа эмес, Кудаадан жүдаа эмес!» деп кылымдарды карытаар бир чындыгын тамагында кырып койгон…
Эмесе, ошол түпсүз Мейкиндин бир бурчегинде, чексиз Мезгилдин бир мерчеминде, жашоо жаратылган Жер деген жерде, семит деген элде, араб таратылган медиан чөлдө, курайшы деген бир калктан соңку бир пайгамбар тандалды, кезинде. Мукамбетке пайгамбарлык түшүрүлүп, пайгамбарлык деңгээлдеги кудай илими берилди Ага.
Мукамбетке пайгамбарлыктын түшүрүлүшү өз заманынын өткөрө зарылдыгы болгон — Арабстан мейкининдеги. Ал заманда Арабстандын кум чөлдөк биябанында бир жылда канча күн болсо, бытыраган араб уруулары табынган-сыйынган так ошончо бут (идол) болгон – 360!
Ар уруунун, уруктардын 360 түрлүү бут Кудайы! Каабага жык шыкалган! Мукамбеттин улуулугу, мына ушул өзүнө чейинки арабдардын бут кудайларын – бүт кудайларын талкалап, Каабаны андан арылткандыгы. Тытышып жаткан бир боор элин бир ынтымакка уйутканы, Бир Кудайлык монотеизм – Бир Аллага сыйынтканы. Баш аягы 23 жылда айат-айат болуп түшүрүлгөн куран сүрөөлөрү, андыктан, Арабистан мейкининдеги уруулар аралык тынымсыз итарка тытыштардын, иудейлер, абиссиндер, курайшиттер, ж.б. д.у.с. араби-жөөтү семит калктардын кан кармаштарынын, Кудай күч сынаштарынын, пайгамбарлар тартыштарынын, алардын илиминин ичтей синтезделишинин ж.б. д.у.с. капыя ачык тарыхтын да, купуя рухий тарыхтын да Көк чындыгы аркылуу эленип-кылданып аа мүлдө тепчилип калганы ошол.
Демек, Куран, чыгаан дин аалымдары айтышкандай МЕЗГИЛ (демек, Кудаанын бир атрибуту) тарабынан – араб турмуш чындыгы аркылуу, араб тили аркылуу, араб тарыхынын рухий тарыхка айланган чындыгы аркылуу Алла Чындыгынын берилиши. Кайталайм, араб турмушунда, араб чындыгында, араб ич ара күрөшүндө, араб-жөөт сырт тирешинде, араб тилинде, акыры Асманга ачылган араб каналында… Араби Жолдо! Мында эч маселе жок. Маселе — Мукамбеттен кийинки элдин, башканы эмес, Алланын өзүн, Мукамбетти кошуп, араби тилди жошуп, дүйнөнү араби соодага айлантып жиберишкенинде, Пайгамбардын – Алланын Бирлигин, Баарылыгын ошол элдин салтында, наркында жеткир, тааныт деген гумандуу осуятын аттап, динди саясатка айландырышып Пайгамбардын идеясын сатып кетишкенинде. Аны ичтен жиреп беришкен энесин аткан улуттук маңкурттарда! Семит тек бир эле элдин (араб-жөөт) улуттук талашын Дүйнөлүк Тарыхка, классикалык исламды саясы исламга айлантып жиберишкенинде!
Биздин чыныгы дин илим менен (ислам эмес, жалпы эле теология) иши жок, болсо да жалаң араби ширгени башына көңтөрө жаап кийип алышкан көр молдокелер, өзүлөрү каалайбы, каалабайбы, ушунун бирөөсүнүн курмандыгы!
Ушул улутсуз-сабатсыз молдокелер таңды кеч эфир бетин бербей сайрашат, гезит бетинде бейтартип, жалаң сакалчан (муруту жок!) жайнашат. «Бут-бут!» деп буркурашат, «от-от!» деп озондошот (бутпарас, отпарастар дегени). Бирок араб билген, Мукамбет пайгамбар күрөшкөн 360 араби бут (идол) менен бу буддизмдин арасы асман менен жердей экенин билишпейт.
Арабдын буту — ошо бир урууну колдогон ташы-жышы, ити-кушу, болду, андан ашык эмес, ал эми Гаутама-Будданын Кудайы – аавалым субстанция – Нур (санскр: нирвана), өзү ошого кошулуп-жошулуп кеткен, же, Өзү! Ушуга анти-Будданын сансарасы (тиб: цхаң-чаң) – исламдагы жалган дүйнө. Мукамбет жалган дүйнө жазгырыктарынан сактаса, Будда Майа-Азгырыктан сактайт. Будданын чыныгы табиятын бир эле ийне көзүнөн таануу – Ааламга Нур жайылып калган Буддага жалгануу дегенди билдирет. Бул, исламдагы (т.а. суфизмдеги) Алланын Көзү, Сөзү, Өзү, Эси – бул Тирүү Ааламдын Капыя-Купуя бар жагында жазылып-жайылып калган Бирлигинен кабар айтат.
«Отко» келсек, байыркы шумерлердин (биздин!) пантеонунда эзелки От ээси – Тамыз (Думуз да делет) болгон. Бизде бул, алиге, «өчкөн отун тамызып», «от тамызгы» өңдүү күндөлүк түшүнүктөрдө жашайт, өчпөйт! Ушул, «Тамыз» – От Ээси, Чакмак деген түшүнүк (дагы бир айтылышы: «Таммыг», «г», «з» табыштары өтүшөт) оокат-тирликтин эң бир зарыл шарты катары арабдын бир уруусунда бутка (идолго) айланып кеткен. Бир Кудай-Алла чындыгы жарыяланып чыккан заманда бул Таммыг бир гана уруунун буту эмес, мүлдө алоолонгон Тозок Отунун (Таммыг – арабча тозок) символуна айланып чыккан.
Ушинтип араб ичиндеги Бир Кудай идеясына кайчы жанган локалдуу Отчулук, талкаланган Бутчулук (Чакмак!) кийин, бүткүл дүйнөлүк Отко каршы фанат күрөшкө айланды. Зороастризм талкаланды! Зардуштун окуусунун түбү деле Ааламдын негизи бирдиктүү От, Нурга барат. Бул Чындыкты түшүнгөн, бул карама-каршы эместикти эртелеп аңдаган Иран өлкөсүндө (исламдын кайнаган уюлунда – хомейничил!) зардушчулар азыр толук Конституциялык укуктуу жашашат. Ал эми биздин молдокелерибиз Улустун Улуу күнү – Ноорузга кара чабуул салган Күнгө кайрылсак, бул – жан жаратылыш түбүнөн жаңырган, Жер-Асман бир мөрткө тең салмакка келген, жаз төрөлгөн биринчи Улуу Күн! Теңирчилер бул күнү Жаңы Күнгө – Көктөгү Оттун Ээсине, ал аркылуу Аалам Эгеси Жараткандын өзүнө сыйынышат. Мунун да бутчул арабдын 360 – коломто күлала кудайына кылайып бир тиешеси жок. Ушундай бир, күндүзү жанган Көк Көзү – Отко (От-Ата!) улуу акаарат да, түндөсү жанган муздак От-Айды (Ай — Айал) туусуна тартып алган таазим! Дүйнөгө – ургаачы мамиле…
Мен буларды биздин кокуйкүн молдокелер, ашынган арабчыл фанаттар үчүн атайын жазып, айтып жатамын. Кудай-Алла жараткан Жердин келечеги кооптуу абалга келди бүгүн. Дале болсо дүйнөлүк бүтпөгөн чыр-чатактардын башкы себептеринин бири – динге барып такалууда, болгондо, миңдеген жылдар мурдагыдай еврей-араб динине, семит элине! Пайгамбарлар талашына (семиттен башка элдерде «пайгамбар» деген сөз-түшүнүктүн өзү жок)!
Бир кезде улуу Чыңгыз хан, теңирчил (!) Чыңгыз хан жана анын урпактары өзүнүн улуу империясынын чегинде бүткүл дүйнөлүк диндерди кырдыбычактарын кынына (же башка жерине!) тыгып тынчыткандай, Теңир-Алла-Эге-Христте Жараткандын Бирлигин моюндатып толеранттуу мамыры-жумуру жашаткандай, дале болсо көчмөн тукуму – казак Нурсултан Назарбай уулу бүгүн карт дүйнөнүн баштары кошулбас дин кочкорлорунун башын бир жерге кошуп, Бир Ынтымак жайын издеп, Астана тарыхый жыйындарын куруп келет. Айтса, Нуракеңдин өзү кайра эле ушу демилге – толерант саясаты үчүн фанат исламчы фундаменталисттер тарабынан өлкөсүндө кайра-кайра жардырууларды баштан кечирип, өзү андан жапа чегип да келет.
Жакындагы эле биздеги кейиштүү факт – Сириядан атайын даярдыктан өтүп келишкен кыргыз динчил фанаттарынын кыргыз жарандарын, кыргыз имарат-ишканаларын жардырууга бел байлашкан жанкечтилиги төбө чачты тик тургузат. Мындай аракет буга чейин да эчен болгон! Буга кошумча, жыйырма жылдан берки мамлекетибиздеги дин тайраң абал, дин исламды жамынып алып кыргыздын улуттук салтын, наркын, адебин, кийимин бузуп чалыштырып, улуттук адал тилин бузуп, «халалдаштырып», мазарларын мазакташып, акыры улуттун эң бийик-ыйык сыймыгы, теңирий сыйлыгы болгон Манаска тил тийгизишип, кайыптан айан алган манасчыларыбыздын өзүн болсо жин шайтан даарыгандар, ажына, «бул бизден эмес, ибилистен!» жарыялашып кирген баардык фронттон комплекстүү кара чабуулу акыры мыйзамдуу түрдө улуттук протестти пайда кылды.
Ата-Бабадан калган миңдеген кылымдык салттуу Жол – Теңирчиликтин кубаттуу урааны ойгонду. Интеллигенциянын бир элдик катмары Конституциялык укугу негизинде теңирчиликти дин катары каттатууга умтулушту, бирок натыйжасыз. Интеллигенциянын экинчи бир салмактуу аалым-маданий катмары Президентке Кайрылуу жолдошту, дале жоопсуз. Мындай кайрылуулар, арийне, коомчулукта түрлүү түкшүмөл ойлорду жаратты. Ал эми улуттук пьедестал-тактын абсолют талашсыз жападан жалгыз кожоюнуна айланып алышкан динчилдер жамааты, түшүнүктүү, жаалын агызды!
«Жападан жалгыз кожоюндун» өзүнүн исламий чарбасы ылдыбар чачылып (73 түрлүү агым – Кыргызстанда!), анын ар кыл террор, фундаментал, радикал агымдары тымызын ээн эркин жойлоп, акыры мамлекетибизде дин башкармалыгы өзү ээ боло албай калган кыжаалат кырдаал түзүлгөнүнө байланыштуу Кыргыз Мамлекетинин Башчысы А.Ш.Атамбаев маселени коопсуздук комитетинде кароого мажбур болгон жагдай бар.
Ушинтип кыргыздын улуттук жан дүйнөсүнө, салтына, наркына, кулкуна, тарыхына, тилине, дилине, зилине олуттуу кооп тууган заманда улуттук инстинкттин жан чыңырыгы катары чыккан теңирчилик, бул – улуттук аргасыз коргон катары болуп турат. Улуттун өз жериндеги, мекениндеги аргасыз коргону, Трагикомедия! Парадокс! Эмесе, бул бей-кыргыз улутчул арабчыларыбызды мынча түйшөлткөн теңирчилик дегенибиз эмине өзү?
Эң эле башында, көшөкөр молдокелерим көшөрүп мени айыптай бербеши үчүн аавалым айтып аларым бу: ооба, ислам эң жаш, эң акыркы дин, ооба, Мукамбет акыркы пайгамбар, ооба, Куран Мукамбет пайгамбарга түшүрүлдү. Ооба, мындан кийин жаңы дин да чыкпайт, жаңы пайгамбар да чыкпайт. Болдубу, ыраазысыңбы молдоке! Эмесе ушуну менен токто. Буга эч ким каршы чыккан эмес, бул «мен теңирчилмин» дегендердин баары эл менен кошо моюндаган чындык. Эгерде мындан кине издеп жатсаңыз, терең жаңылышасыз. Муну сүйлөштүк, түшүнүштүк. Бирок Сиз өзүнүз кенедей четин түшүнбөй туруп жер сабап каршыгып жаткан теңирчилик деген эмне экенин билесизби? Шегим бар. Анткени, сиз ойлонбойсуз, башыңызга араб ширгесин чүмкөп кийип алгансыз. Кыл жылбайсыз андан. Ошентсе да айтайын. Туттукпай угуңуз.
Эмесе Купуя Манас айанынын айтуунча, бул – Тэңирдин Бирлиги, Баарылыгы айаңдалган эң биринчи Теңрикут-Манас кубулуш. Бая Мейкинде да түпсүз, Мезгилде да чексиз Тэңирдин Бирлиги, Баарылыгы уйуган аавалым Биримдик – Тэңирдин Кутунда, Тэңрикут чындыгында Манас жиги, Манас тили, Манас нурунда МЕЙКИНДЕН жерге зирр агылып турат – үзүлгүс! Өткөн чак менен Келе чак жигин байлап, тирүү МЕЗГИЛДЕ жашалып турат – сүзүлгүс!
Демек, МАНАС дегенибиз, бул, аавалым маңызында, ТЭҢИРДИН Мейкиндеги Бирлиги, Мезгилдеги Баарылыгы Жерге агылган Тэңрикут, айан алынган аавалым Илим! Тэңирчилик Манассыз, Манас Тэңирчиликсиз түшүнүлбөйт, ачылбайт, ажырагыс!
Бул кубулуш дүйнө жүзүндө бир да бир илим, философиялар, диндер али жарала элек, түшүрүлө элек кезеңде Тэңирдин эрки менен Тэңрикут-Манас Илими-Окуусу болуп эң алгач түшүрүлгөн, Жерге, кайталайм, Манас Илими, Окуусу болуп! Демек, Манас, бул сиз чолок түшүнүп жүргөндөй баланчанчы кылымдын төлөнчөнчү жылында төрөлүп калган айрым бир баатыр эмес, ал оболу, ошол эң түпкү Жан Жараткандын Бирлиги – Баарылыгы тууралуу аавалым Окуу-Илим. Кут Билиг!
Дүйнө-Ааламдын бөлүнгүс бүтүндүгү, Мезгил-Мейкиндин ажырагыс чулулугу дал эле өзүндөй бүтүн, чулу, ажырагыс, акчайыт, тунук көкүрөккө гана аавалым сырын ачат, чачат, төгөт, төнөт… Бүтүлүү Дүйнө – Бүкүлү Көкүрөккө гана жалгашат. Чачылуу Аалам – Ачылуу Дилге гана нурбашат. Касиеттүү кыргыз, мүлдө түркий дүйнө, Алтай ааламы ээзелден көкүрөгү Көккө түптүз жалганып турган ошол көңкү улуу дүйнө болгон. Теңири Куту аркылуу! Манас Нуру чачылып, ачылып… Ачыгып!

Манасың жерге түшкөндө
Нур төгүлүп тоюунду, – деп айтылат бул тууралуу улуу манасчылардын аян баянында. Бул Кут-Нуру түбөлүк, дайым бар! Жандуу, тирүү, калк жылоо! Кайып Дүйнөдөн Жерди бакып, элди багып кайтарып турган тынымсыз. Заман зарылганда, калк сабылганда, Тэңрикуту Улуу Тэңирдин Эрки менен Жерге түшүрүлүп турган. Жер элинин күүгүм жолун Нурга чайып, акчайыт! Ак Жолго салып! Манас ошол Нур, ошол Кут-Тэңрикут! Ошондуктан Жер бетинин кайсы гана танабын алба, кай тарабына барба МАНАС деген ысымдын улуу жышына тушугасың.
Топонимияда: Манас тоо, Манас суу, Манас көл, Манас чөл, Манас калаа, Манас талаа, Манас, Манас, Манас…
Географияда: Алтайда, Кытайда, Тибетте, Индияда, Иракта, Сурияда, Анадолуда, Африкада, Америкада, Австралия, Океаниада…
Тарыхта: Шумерде, Аккадда, Мисирде, Европада, Индейде, Хэттейде, Этрусскиде, Гректе, Чында, Маачында…
Акыры дүйнөлүк руханий окууларда: Купуя Манаста, Дао дэ цзинде, Ригведада, Бхагавад Гитада, Дхаммападада, Библияда, Пополь Вухта…
Борбор Азиядан байыркы арийлер аркылуу кең Индостанга жайылган керемет Манас Илимин жергилик калк салттуу көз караштарына саал ыңгайлай кабылдап, аерде Бир Манас салаа-салаа мазмуундарында кеңип кеткен. Бирок башкы маңызы – Эки Чек-Четти бир Уңгуйулга уйуткан Бир Маңызы дайым калган. Ал эми Тэңчил ньяя вайшешиктердин окуусунда Манас Уйулдун санатталышы ушунчалык, ал – аавалым бөлүнгүс Субстанциянын дал өзү саналат!
Кыскасы, адамзат цивилизациясы аталган баардык мейкинде мерчемде, ичте тышта тебилип-мелжип жаткан – Манас… Бир эле аталыштын – ушул мазмуундук тереңдиги, ушул географиялык кенендиги, ушул тарыхый кэрэңдиги бул улуу маани-маңыздын «цивилизация», «маданият», «дин» деп аталган адаттагы калып-түшүнүктөргө сыйбай канча арыда жаткандыгынан кабар айтат. Түбөлүктүү Манас Илиминин, Окуусунун жалпы адамзаттык-космикалык масштабын көз алдыга тартат. Кийин-кийин келе, адамзат Кудайдан түшүрүлгөн аавалым чындыгынан адашканда, не текеберликке жанашканда, анын көзү көр-сокур; кулагы кэр-дүлөй; эси нес-бучук; сөзү мас-кычык тартканда, ошондо Бүтүлү Дүйнөгө бүкүлү киндиктешкен бая Адам Аңын зак чалган. Ал бөлчөктөлүп кеткен – ар кандай дүйнөтаанымдарга, ар кандай ишенимдерге, ар кандай диндерге, ар кандай философияларга, заманына жараша… Бая хадистерде айтылган: буга дейре адамзатка 240 миң пайгамбар жиберилди Бир Кудай илимин таратууга, бирок алар кийин, не, өзүлөрү Кан Жолдон кайып четке кетишти, не алышынча алган окуу илими көзү көр, кулагы кэр калган калкты кара саздан сууруп чыгууга алсыздык кылышты деген улуу будуң замандар ушул…
«Манас сүзүлөөр, сүзүлөөр, бирок үзүлбөс» дешкен улуу бабаларыбыз байыркыда. Ооба, Манас Илими соңку улаңгайыр замандары кең дүйнөнүн кай-кай жайларында сүзүлдү, сүзүлдү, бирок эгерим маңызы үзүлбөдү. Сүзүлүп, сүзүлүп барган жеринде ал жергилик калктын деңгээлине жараша ошол элдин кабылдашынча, макулдашынча мамырылашты, анын тилинде, дилинде, анын абазында, санаасында орун очоктоду, табигый жашады. Эсеби;
Кытайдын «дао» илиминде – далог, дал уг (дал огу, дал нугу);
Индустун Ману, «Ригведа» илиминде – Манас, Ырк Бтиг (Ыйык Китеп);
Будданын «Дхаммапада» илиминде – дхам, дэм;
Сопулардын Жол, Нур илиминде – Жол, Нур;
Еврейлердин Каббаласында – Шам, Маш (шам – светило; маш, мош, мэш – меш (печка), от маанисин алып кеткен кийин).
Арабдагы «Аллах» сөзүндө – ал-Ак, ал-Чын; Ул-луг, Улуг-Улуу (Всевышний, Всемогущий);
Байыркы Египет аңызында Мэнэс – Манас;
Байыркы грек аңызында Минос – Манас;
Байыркы майалардын Ометеотл – Ометеокутл жуп кудайлары атында – От-Кут;
Акыры, улуу Мухиттин чачылган аралдарында (Океания) – Тин, Син; Тиңирау, Синилау – аталып кеткен маани-угумдардын мүлдө угунда-тегинде улуу Манас ысымы, телегей Тэңрикут чындыгы бир үзүлбөй-сүзүлбөй кут уйуп жатыры зыл, кебелбей! Аавалым илим, байыркы чындык…
Бул улуу илим, зыл чындык ошол күндөн ушул күн дүйнөдө бир гана элдин көкүрөгүндө көөнөрбөй тирүү-жандуу ЖАШАЛЫП келет буркулдап, айтылып келет күрпүлдөп – Манас элинде, Кыргыз аталган! Анткени, аавалым Манас илими түшүрүлгөн көңкү көчмөн Түркү Алтай Эли, анын ичинде Манас кубулушун оозмо-ооз, дилме-дил сактаган Ордо Кыргыз эли гана ошол күндөн ушул күн Тэңирдин аавалым чындыгы – «Бүтүлүү Аалам — Бүкүлү Көкүрөк» мыйзамында жашап келет айрылбай, Аалам Огунан киндиги эч ажырабай. Адам Ата заманынан бери! «Адам» демекчи, арий чындыгында эң башкы, биринчи Кишинин ысымы өзү – Ману, Манас. Айкөлдүктүн биринчи үлгүсү.
…Калк кандайдыр зарылганда, сабылганда, эңсесин дэңсе кескенде, мукурап муктаж болгондо, ошондо Элдин улуу арман-тилегине жооп — Кайыптан Манаснур түшүрүлгөн, жышаандуу балага салынган. Касиеттүү бул учур манасчылардын керемет тилинде мындайча санатталат:

Баланын чекеси Жерге жеткени
Ошондо,
Көктөн Кудайдын Нуру чачылып,
Жерде Зилзала жүрүп кеткени!

Бала туулуп, жерлик манасмиссиясын өтөп болгон соң, кези келгенде ал кайрадан өзүнө – Кайып Дүйнөсүнө кайтарылып алынган.
Бул, Манастын тарыхый Киши, Айкөл деңгээли. Кабыланың Манас как ушу, молдоке! Баатыр Манас… Сиз бая, Манасты адеп эле бусурман кыла албай:

Карап турсаң ушуну
Сууга салды бутуну, – деп Манастан бар тапкан даарат саптарыңыздын, жаки, Манас Мекеге ажыга барып кайткан деген домбул доводдоруңуздун чыныгы Манаска эч тиешеси жок, бири да суу кечпейт. Мунун баары кийинки жолдон кошулган арабий жолбун саптар. Анткени, о заманда ислам тургай андан аркы христиан дининин да жыты жок эле. Манастын экинчи, уңгу окуялары кытайдын жазма так тарыхында Цинь Шихуанди, өз аты Ин Сэн, Ин Жэн – Эсенкан, Каканчын (Хакан Чин) заманы деп аталган кезеңге кетет жана ал б.з.ч. III кылымдан берээгин камтыйт. Демек, сиз баатыр, киши Манас катары түшүнгөн мазмуун, бул, Манас деген улуу кубулуштун үчүнчү деңгээли. Молдокеге белгилүү, сопу илими төрт деңгээлдүү: шариат, тарикат, маарипат, Акыйкат. Дал эле ушул сыңары Манас Илими төрт деңгээлдүү:
Биринчи, Мезгил Мейкиндин жигиндеги Эс, Теңирдин Жерге түшүрүлгөн Куту, Тэңрикут;
Экинчи, бүткүл дүйнөлүк Биринчи Киши – Ман, Ману (индус); Асман-Жер арасын байлап турган Кош Ажыдаар – Ман (кытай);
Үчүнчү, Тарыхый Манас – өзүнө чейинки тепкичтерин өнө боюнда уйутуп калган Айкөл! Руху Кайып Дүйнөдөн жөнөтүлгөн. Жер Миссиясы өтөлгөнү соң кайра өзүнө кайтарылып алынган.
Төртүнчү – манасчылар. Манасчылык тандалган гана кишилерге табийгы ыроолонот; кайыптык жолдо: түш аркылуу, түшү өңү жуурулушуп кеткен ЖҮЛ мизинде (бу, илимде – «жан-дэн синхрону» делет), Кайып Эрлердин айткыз-жылоосу, кайткыс буйругу аркылуу, д.у.с. Түгөндү десең, жок, улам күчөп-түтөп чыгып турган түптүү манасчылар аркылуу МАНАСТЫН түбөлүктүү тэңирий миссиясы бүтпөй уланып турат – Түбөлүктөн Түбөлүккө!…
Ушинтип Жер түбөлүк бакылат, Эл түбөлүк багылат – Манас Кайыбы аркылуу. Манас Кайыбын жандаган баарлык Бакай, Кошой, Семетей баштаган атакайып; Чыйырды, Каныкей, Сайкал, Айчүрөк, баштаган энекайып Эл Жылоосу аркылуу!
«Адам» демекчи, дагы; алиге семит тектүү деп айтылып келаткан ушул бир сөздүн карабашында өзү уйуп кыргыздын Тэң Тэңирий чындыгы жатыры. Же ал өзү, ичинде, бир уңгулуу эки угумдун жуурумунда уйуган (айтса, аабалкылык маңызга ээ биринчи сөздөрдүн баары бир уңгудан турат):
ат, от-ата;
ам, ум-умай.

Эрбашат жана Үрбашаттын аавалым биримдиги:

Он сегиз миң ааламды
Бир жараткан эмеспи,
Эң биринчи дүйнөгө
Нур жараткан эмеспи,
Эркек менен Аялды
Жуп жараткан эмеспи,
Эч жеринде кеми жок
Куп жараткан эмеспи ээй… — делген ээзелки Теңирий Чындык, бул!

Ал эми муну арабдын соңку супсун аңызы: «Адам деген Жердин кыртышы, турпак дегенди (мейли, бейиштики эле болсун!) билдирет; Адам Ата канча-анча бир жылдар бою жалгыз жашап, акыры зеригип болгондо (демек, ден кумары ойгонгондо!) Аллах анын сол кабыргасынан тилип алып Обо Энебизди жаратты», — деп жобурайт. Ушул бир жобурдун өзү эле Мукамбетке эң алгаачы түшүрүлгөн: «Ал Адам баласын уйуган кандан жараткан» (96с. 2а.) деген Куран чындыгына кайчы үндөп калганын да кайрылып капарына илип койбойт. Бүтүлүү Ааламдын Бүкүлү Чындыгы кай калктын айтымында кашкайып ачык турганына, калыс – эми Молдоке өзү эле болсун…
Адам Атадан кийин уланган дагы бир уңгулуу чындык – семит эл (араб-жөөтү) аңыздарында дагы мындайча жаңырыктайт. Диндин да, пайгамбардын да, «акыркылыгына» чачынан тырмагына чейин чылк сугарылган арабчыл молдоке үчүн бул айрыкча зарыл, ошон үчүн бул икаяны эринбей саал жайыраак сүйлөйлү.
Оо Адам Атадан соң канча замандар өтүп, соңу Нук дооруна жетип, о замандагы адам тукумдарына да өз пейили-ыманына жараша Нук Атадан да түбөлүктүү Бата Жолун-Ата Жолун алуучу кезең келди. Анын жайы мындай болду.
20. Нук дыйканчылык кыла баштады жана жерге жүзүмдүк отургузду.
21. Жана ал шарап ичип мас болду да өз чатырында жылаңач жатты.
22. Жана Ханаандын атасы Хам өз атасынын жылаңач жатканын көрдү да, сыртка чыгып эки бир тууганына айтты.
23. Сим менен Йафет болсо, кийим кечегин алышып, өз ийиндерине салып, арты менен барып, атасынын жылаңач денесин жабышты, алардын жүздөрү тескери карап турган, андыктан алар атасынын абийирин көрүшкөн жок.
24. Нук ичкен шараптан соолугуп турду да кенже уулу абийрин көрүп койгонун билди;
25. Жана айтты: Ханаанга каргыш! Өз ага-инилеринин алдында кулдун кулу болсун.
26. Анан мындай деди: Симдин Кудай Эгесине алкыш; Ханаан анын кулу болсун.
27. Кудай Йафетке кенендик берсин (да распространит Бог Йафета); жана ал Симдин чатырларына көчүп кирсин; Ханаан болсо анын кулу болсун.
28. Жана Нук топон суудан кийин үч жүз элүү жыл жашады.
(«Эски Осуят» 9-бап, Э.Турсуновдун котормосу.)

Бул – семит эл аңызы, Библиядан дүйнө элине таралган, анын ичинде соңку арабдарга. Акыйкатта, еврей-араб элдеринин эң байыркы делген бар аңыздары, анын ичинде Топон Суу окуясы байыркы шумер аңыздарынан жылжып келет. Ал эми Шумердин өз теги Азия тереңине кетет. Демек, мында эң байыркы делген аңыздар шумерлерден байыркы семиттерге жана алар аркылуу калган дүйнө элдерине эле таралбастан, ага чейин эле башка элдерде да (мисалы, ушул эле өз түпкү мекени – Азияда) таралып жатышы да толук мүмкүн эле. Айталы, байыркы түркү – огуз элдеринде бул аңыздын саал өзгөртүлө айтылган, бирок эң түпкү шумер тил символизмин таң каларлыктай өзүндө дал чагылтып турган дагы бир түрү бар экени кызык. Эмесе, ушуга келели.

Ошентип оор уйкудан ойгонгондон кийин болуп өткөндүн баарын керээтинде туйуп, билип, көрүп койгон Нук Ата соңунда уулдарын өзүнө чакырды, айтты:

— Эй Сам, сен менин ачык абийиримди көрүп уялып сыртка чыктың, ыйманыңа керээзим – мен сага Асман падышачылыгын бердим.

— Эй Кам, сен менин ачык абийримди зоок кылып эрмектеп карап турдуң, ыйманыңа керээзим – өмүр бою Сам, Жаппастын аягында тебеленип кызматында калдың.

— Эй Жаппас, сен менин ачык абийримди карабай туруп жаптың, Атага чын уулдук кызматың кылдың, соңку керээзим – мен сага Асман–Жер экөөнүн падышачылыгын бирдей бердим, — деди.

Ошентип ошол күндөн Сам балдары семиттер Асман падышачылыгын алып пайгамбарлык жолду тутушту. Пайгамбарлардын жалаң араб-жөөтү элдеринен чыкмагы ошо.

Кам балдары, нээтинен таап – Сам, Жаппастын бут алды кызматында турмагы ошо.

Ал эми Жаппастын тукуму, Азия мейкининдеги улуу көчмөндөрдүн ээлигине – Асмандын да, Жердин да падышачылыгы бирдей тегиз калмагы ошол. Огуз санжырасы ушундай айтат.

Араб-жөөтү тилинин теги байыркы аккадыктарга кетет. Аккад тили, сөз уңгуларынын түбү – шумерге житет. Шумер тили – байыркы Манас тилине тэктешет. Эмесе, өйдөкү аңыздын өзөгүн как жарытып берүүгө жарамдуу эртеги шумерлердин улуу мурасы тиллиг (клинопись) жазуунун өзүнө кайрылалы.

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ