РАЕВ Султан: СУЛТАН РАЕВДИН АНТИСТАНДАРТ ПОЭЗИЯСЫ

«РухЭш»: Белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раевдин аңгеме, повесть, романдарын окуган, пьесаларынын негизинде коюлган спектаклдерин көргөн адам анын көп жылдан бери купуя ыр жазып келгенин билбесе да керек. Чыгармачыл адам өзүнүн ойлоосу, көз карашы, ой-жүгүртүүсү, формасы, стандарты менен өзгөчөлөнүп турат. Көркөм сөздүн чеги жок.

Чындыгында азыркы оомал-төкмөл дүйнөдө көз караштардын багыты да өзгөрдү. Былтыр Султан Раевдин көптөн бери “өзү үчүн” жазып келген ыр топтому “Антистандарт” деген ат менен жарык көрдү. Китепти окуган адам да дүйнөгө болгон анти ойлордун чалкеш сезиминде калат. Адабият мисалында карасөз жазгандардын ыр жазганын, тескерисинче, ыр жазгандардын карасөзгө өтүп кеткенин окуп, билип жүрөбүз… “Антистандарт” ыр жыйнагы да ошондой татаал дүйнөнүн татаал поэзиясы…

Бүгүн биз Султан Раевдин “Антистандарт” китебинен алакандай ырларды окурманга сунуштаганы турабыз.

Китеп 2016-жылы “Турар” басмасынан жарык көргөн.

Асимметрия
Кыргыз,  к  ыргыз, кыргыз, кыргыз,
Кыргыз, кырг  ы  з, кыргыз, кыргыз,
Кыргыз,Кыргыз, кыр гыз, кыргыз,
Кыргыз, кыргыз, кыр гыз,кыргыз,
Кыргыз, кыргыз, кыргыз, к  ы  ргыз,
Кыргыз, кыргыз, кыргыз, кыргы з
…………………………………………………….. чылык
Койнуңа бир  кумалак кирип алган!..
2009ж.

* * *
Шаа дүйнө шаңы өчүп,
Шакалдар жортуп калган,
Чөө дүйнө апогейи,
Генийдин  карегине,
Шибеге малып алган,
Эргежел ойлоруна,
Энтигип кекиринет,
Ааламдын  кибероюн,
Кибиреп башкарам дейт,
Баштуулар баталгада,
Интеллект мээ тамырда,
Чучтугуп соолуп  калган,
Чөөлөрдүн согушунан,
Дөөлөрү  дөбө болуп,
Балбалдай  катып калган,
Чөө заман жилик талаш,
Көрпейил, ээлик талаш,
Арстан оозундагы,
Шилекей кургап калган,
Дүйнөнү өзгөртөм дейт,
Глобал күйүтүнө,
Өрттөнүп турса дагы,
Тырнактын кириндей,
Тыкыйган эсээр  журту,
Белгисиз меридианды,
Бетине кармап алып.
Безгектей безип кеткен,
Көкүрөк каккандары,
Көмөкөй жутуп алган,
Үнүндө  албуут тагы,
Катуурак чыгып турат
Былгыткан оосурагы.
Чок түшкөн төбөсүнө,
Чөөлөрү чокой мээлер,
Жолборсту жыгып алып,
Согумга соебуз дейт,
Жиликтеп жегиси бар.
Жинденген  чөө дүйнөдө,
Дөө Шаанын  шайы өчүп,
Аң салып акылдууга,
Чаң салып жакалууга,
Көй дүйнө көкүрөгү,
Инквиз чөөлөрүнүн,
Шатырак шакмарына,
Шүйшүңдөп  толуп алган,
Жалган сөз жалы кайнайт,
Жагжайта жыртып салган,
Туурунда  ушак сөзү,
Бастырбай ушап алган,
Акыл эс парасатка,
Ыйманга, ыйыктыкка,
Ал эмес Күн бетине,
Батегин  жайып салган…
2012ж.

Кара  квадрат

“Что же умирает?
Материя не умирает,следовательно,
умирает что-то другое.
Что же это другое?”

Казимир Малевич

Кара чекит. Кара так. Кылымдын каңырыгы.
Апокалипсис аттары азынайт туягы мээге кирип,
Туяк  мизи көздөн чыгып. Канап турат. Чырлуу чекит.
Чекиттин дүйнө ачкычы, кемпир ооз тиши сынган,
Аңыраят. Аалам жутуп алгандай. Мердиандар…
сызыгынан адашып, көз карайлайт…тунук өчкөн
Адамдын анатомиясы, жүрөктүн пропорциясы,
Көө заман  боегуна , интуитив кылым тулпар,
тушалып. Жер огунан атырылып кетчүдөй…
Зымырылат закымдардын Ээсиндей, акыл соруп,
Кубизм, футуризм, супрематизм… дүйнө фигня!..
Мээлерине күн өткөн. Күлтүгүндө сийдик сасыйт,
(Давид  — < Микель > Анджело – уродливость…)
Төгүлбөй. Туздуу мухит. Туз ургандай кутурат,
Койну кенен. Катып алса  баарыңды. Топон суудан,
Топук алып канчудай. Толкун турат ажыдаардын оозундай,
Аалам чапчып. Адам күнү бүткөндө. Куюн суунун  уюгуна,
айланып. Кумга айлантар, мезгилдердин элесин, эсеңгиреп,
этек жыртып, күн чубактап, көз жарыгы өчкөндөй. Кара
такка. Кара алкакка. Төрт дүйнөнүн чок ортосу от күйүп,
Апокалипсис жүрөктөгү кара так, бир бармактын,
Басканына арзыбай, дүйнө турат алы келбей эчнеме,
Квадрат ымыркайдын ырындай, бийлеп алган ээндикти,
Эче  кылым. Күл жашоо. Бир үйлөгөн күкүмүнө айланды,
Кара тактын ээн белгиси жүрөккө. Сайылгандай сыздатат.
Ойлор батпай рамкага  Атомдордой бөлүндү. Атамзаман.
Өзүн-өзү жакалап. Конфликте ойлор жашайт баш бербей,
Жагы тынбай сөзү менен азынап. Курттаган тил,
Ошо тилден  дүйнө түгөл башталып. Акыр заман,
сөзү менен бүтчүдөй. Адам Ева алмасынан уу тамып,
Жылан тагдыр. Жинди кылды адамды. Адам эмес,
Дүйнө турат акылынан адашып. Куу безээрге,
Кудай неге?..
Бейиш багын берди эле. Жашоодогу кара такты өчүрүп.
Дүйнө келет кара түстөн түңүлүп. Караан күнү илинсе,
да башына. От (куйруктуу)  безип  келет кара таш .>Акыр
заман. Чекитиндей сызылып. ^ Күтөт аалам(?) , өз өлүмүн,
күткөндөй. Оттуу таштан. Кара тактан. Жыртылгандай,
космос көз. Үзүлгөндөй  Вивалдинин кылдары меториттин,
отуна. Дүйнө тыным.# Улуу муза жаңырса. Адам тукум…
Идеализм. Футуризм. Инквиз натуралар. Натуурадай!..
Суперматтык дүйнөдө. (Мир как беспредметность!.. )
Эгесиндей өкчөлүп. Кыйырынан кыйраганды сезбестен,
(Мир – кипучий вулкан жизни,там нет места покою…)
Планетти кара кубат башкарып. Позитивдин энержиси өчтүбү?..
Дүйнө-аалам. Кара квадрат. Как мээленип чыкыйга. Аалам,
Адам. Адам Аалам 
өзүн –өзү жок кылып, жүрөктөргө,
матырылат ракет. Адам>< душман, душман>< адам,экӨӨ,
бирдей. Орноп  АЛды түбөлүк. Ким кимди? Кимди ким?
Соболдору Домоклдун кылычындай асылып. Кара суроо?
Кара квадарат. Казимир Малевич. Кайсы ойдон тарты эле?
Тээ кара алкактын артындагы Улуу сыр. Көздүн нурун,
тогуз кабат тешиген, туюк жарык, көз жаш сымал жылтырайт,
Короодогу көзү сымал козунун. Козу курман, канын чалып,
алчу эле. Курмандыкка башын уруп адамзат. Өз өкүмүн өзү,
турат. Аткарар…(Адам курман.) Табият да, ыйыктык да, Кудай да,
Бу Өкүмгө  тийешеси жок (!!!!!!!) бир  кыпын…
Адам(га) >< адам азуу салып турганда…Кара квадрат.
Сезанн  жарык, форма чанып, буюгат буусу чыгып,
Жарыктын Жан Одасы кыл учунда Күндөй ойнойт.
Боектун магмасында эрип турат, цельсия сезаннизм…
Футурист ой. Бүт түрүлөт. Боектор өңүдөн  өчтү…Кара так.
Жашоонун трактатын тытып ийди бейэстет терактылар,
Терроризм кан төгүзбө, импрессионизм боекту кор кылбачы,
Замандын түстөрүнө  заар жаадырып,
Каргыла,  ж а р ы к  барбы ары жакта, О, түпкүрдө?..
Түбү  тешик  дүйнөдө…
К а з (Э) и М И Р  МалевичичичичичичичичИЧ…….ИТ!..
Адамдын  канын соротАдам гана.Түбөлүк бит!..
2014-ж.

Ван Гог
Кеч кирди. Караңгы көкүрөк.
От түштү. Ийненин учундай… Кайдандыр  кутурган үн чыгат…
Чачырайт мээдеги кан тамыр…Кан басым эки жүз элүүдө…
Инсульт. Кан тамыр геноциди. Кайгынын Еврипиди.
Токтоду…кан жүрүшү…
Кып кызыл кочкул кан…анардын бир данындай. Өмүрүң…өлүмүң да…
Кабыгы ал анардын…
Күнгө күйүп бүрүшүп жатып калды…
Коррида испан жаны…кызылга толгон эмоция…
Кызылдай куурап барат…
Өмүр да өчкөн сымал түтүнү жок…
Буканын мүйзүндөгү  энергия,
абаны челип барат,
Жүрөктөр моторлордой,
Матадо́р кызыл жинди…
Кыпкызыл Ван Гог сымал…
алаканга салыпалган кызыл чокту…
Сүйүүсүн далилдейм деп,
Кулагын кырча тиштеп, жартысы жайнап калды…Ван Гогдун боегунда…Күн карама Күндүн нурун жутуп алып, Жүгүнөт жүк түшүрүп жибергендей…Күн шилтеми Ван Гогдун кыл учунда…
Дүйнөнүн боектору сүйлөп турат,
Психтин тили менен…
Психоз бийлеп алган бу ааламда… кеч кирди.
Күңгүрөнөт түн боегу Ван Гогду жутуп алган…
Жиниккен эмоция, жинигет кутурган айгырлардай…уйкашы жок ыр сабындай,
Монумент эстеликтей катыган потенция…
Дүйнөдө кыймыл жоктой,
Спермалар колбаларда… туудурган колбалдарды…
Эмоция… адамдын ЭГОсубу,
Жашоонун Эгеси ким?
Спиралбы жатындагы?..
Тирүүнү түрлөнткөн жашоонун мозаикасы,
Кылымдын хозейкеси…
кысыр калган саан уйдай,
Эмчеги чийбей калган,
Сүтүндө  белогу жок, кыл калем  боегу жок…
Белге күч бералбаган…Күүгүм кеч… Импотенттер уктап жатат…
Уругун  бу дүйнөнүн жутуп алган.
Ван Гогду айтпагыла,
жиндилиги сүйүүгө өктөм кылган…
Дүйнөдө өтүү гений,
жүрөгү болупитий,
Кылына кык конбогон…
Тезеги  гүл оронуп,
Так эле чыкыйына чыгып алган…
Ван Гогду айтпагыла,
Дүйнөнүн боегун көзүнөн сыгып алган…
2011-ж.

АбстрАКЦИЯ
Эртели -кеч,
Жыйырма төрт саат,
Жаагын жанып,
ТВнын баары,
Рекламалайт,
Какшанат, кебин жанат,
Дүйнөнүн катындарын каптагансып,
Топон суудай аккансып,
Этек кири
Менструация,
Кооз сүйлөп,
какап -чакайт,
Жергиликтүү Демосфендер,
Ыйман дейт,
Кой оозуна чөп албаган
молдокелер,
(Сексти
секталардай жаман көргөн!)

Адам дейт башкы байлык,
Оозанып декларация,
Конвенция,
Жылжытат,
Батыштык интервенция
Укук дейт,
Буга тийбегиле,
Тийбегиле!..
Бетине карап сийбегиле,
Сайпана да адам дейт,
Гейлер,
лесбияндар
укугу бар,
НПО баштык,
Цивил коомго тартылган,
Иллюстрация,
Сезимдер сенек,
Инплотан чиновниктер,
оозунан чаңы чыгып,
Какшытып саясатты,
Тилинин сөөгү сынган,
Импотент өздөрү да,
Сүйлөгөн сөздөрү да,
Эчтеке өспөй  калды,
…Изимине…
Изине да,
Саясат анонизм,
Кутурган,
кургак учук,
Куру чөп ооз арчтып,
Кургап  калган,
Саясат метастазын,
Мээсине үйүп  алган,
Жашоонун экстазын,
Унуткан  катыны да,
Үмүт үзүп,
Көнүп алган,
М а с т р у б а ц и я.

Кайтарыш керек,
Жутуп алган,
жеп алган,
Капиталды.
Кусур урат,
кусуп берсин деп турат,
Куссадагы,  кусканына карабай,
Иренжибей,
Иттигине  карматып,
кускандыда ичебиз ке,
деп турат…
Люстрация,

Тукумун кырабыз,
Туюк кылып салабыз,
баскан жолун,
кырка чаап балта менен,
кекиртегин сыгабыз.
Кертмегин да,
Аябайбыз, койбойбуз,
…быз,
быз,
быз…
пыс…көчүктү кыс!..
(Не сүйлөйсүң, ызылдап,
Көмөкөйдө көрүнүп,
Турса баары!..)

Коррупционер, и сени!
Кылыш керек кырка чаап,
К а с т р а ц и я
“Ты дурак!”
“Сам дурак!”
Кеттик го цевил коомдон
Ыраак…
ыраак!..
Жинди болуп бараткандай,
бу  жиниккен коом,
Пикассонун башы айланып,
Кылы сынып, боегу өңдөн азат,
Карасаң туш тарапта,
Чардайт азап!
Демосту бербегиле,
Көк бөрү тарткан элге,
Тегерек туштун баары;
Менуструация,
Иллюстрация,
Маструбация,
Люстрация,
Кастрация,

Бүтүндөй,
…Станыбыз (штаныбыз…)
Жашасын, АбстрАКЦИЯ!..
2006-ж.

Солярис
Күн
Диск<….>алтын табак
Айланат<….>ыр…
Робертино<…>  үн  Гимни
Осолемия!
Солемея…
Күн.
Трагик…
Кып-кызыл чок.
Асман  бети жыртылгандай. От келет куйруктуу…
Айланат мээ. Айланат жер. Думугат жүрөк. Чачылган саман жолу.
Жылдыздар кайкыпучат. Улуу топ оттуу күлүктөрдөй. Колунда
Зевстин  чычала жок.
Прометей каргыш урду.
От сүйгөн жүрөгүндө, кан качкан илебинде…
Солярис күн  табактуу күйүттүү күйүп турат.
Курмушу күйүк жыты  көөдөндө  өчүп барат.
Кудайлар  туу  бийикте, отунан тамызгыны уурдаган Прометей асылып куу аскада,
кансырап турат мына. Жарыкка жаны түтөп, жанынан сууруп алган Данконун даңкы дагы
куурайдай куурап калган.
От ташта, бу табакка Солярис Күн ааламы… куйкалап ойлорду да, кутуртуп ойгонду да,
сезимди кирдей сыгып, кемирип туруп алды. Көкүрөк кумдуу чөлдөй, сызылды күн
найзага. Күн сайылды мээ тамырга, чыңалып барат дүйнө. Куурагыр Күн табына алоолоп
турган чагым. Туурулган колдоруман Күн табак түшүп барат.
Өчөт дейт! Жарык дагы…
мөңгүнү тилиң менен жалайсың…
да бир күн…
Күндү Сен күрөк  менен дүйнөнүн очогуна  салып салдың…
Күйүттү өлүм эңсейт,  кыпкызыл чоктуу дүйнө чок болуп турат мына…
Адамды отко салып, адамды чоктон алып…
#Солярис…#
С\о\л\о\м\е\я
(<Оскар Уайльд.“«Это не безумие… здесь что-то с совестью».>)
Үн чыгат горизонттон…ӨЛбөчү,өрӨпкүбө, өКҮНбө,ӨКСҮбөчү!..
Дүйнөнүн өпкөсү да,  кагалбай капкаларын карайып ышка толуп турган чакта…
Аалам да, Адам да, не болот алда кайда?..
Акыркы< Күн> келет деген…
куйруктуу жалын мененнннннннннннннннн….
жалынба Теңирге да, Теңириң билет баарын…
дүйнөнүн мыйзамына жазылганды
Теңирда оңдой албайт…
Солярис Күн система………………………………….<!>
Табынан кайтып калды…(%)
Табынба, ($)
Таа түшөр (&…
о …| Дүйнө бүгүн…
оо…| Түтөп барат,
ооо…| Күн күйөөр,
олда, ай…(  Мезгил күтүп…)
2009-ж.