РЫСБАЕВ Сулайман: СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ: АКЫРКЫ МАРАЛ

АҢГЕМЕ

Марал ак жайдын бир күнүндө эркек кер музоочук тууду. Бул анын чексиз сүйүнүчү, кубанычы эле. Ал ушуну гана күткөн, тилеген. Көздөрүнөн ысык жаш тегеренип, жүнү кургаары менен так секирип ойноп кеткен улагын карап, артынан кызганычтуу ээрчип эмчектерин ажайып ууз сүт тээп чыгат. Өзүн бактылуу энедей сезет. Анын үстүнө, эми бул жерде саны азайып туш келди сай-сайлап кеткен маралдардын тукуму да көбөймөк… Бул — өмүрдүн уланышы. Кер музоочук эртең эле өз атасы он айры бугудай толукшуп чыга келет. Анан эмки жылы дагы да кошулат арасына. Ошентип бу Кызыл-Көлгө бугу-марал тукумдары акырындык менен тарай баштайт…

Маралдын чыныгы турмушу эми башталды. Ошону менен, бу эки ыйык жаныбардын окуясы да башталды…

Кызыл-Көлдүн аркы өйүзүн Кан-Ачуу дешет. Аты да, заты да жомоктогудай. Ал жерде эмнелер гана жашабайт. Көбүнчө, ал жердин түнт, эзели адам туягы баспаган токойлорун жырткычтар гана мекендейт. Жакшына-Тоодон ооп келген бир үйүр маралдын көбү жапайы жырткычтардын жеми болуп, калганы тарап-тарап адашып кетишкен. Бир марал гана өткөн күздө ортодогу дайрадан аман-эсен сүзүп өтүп, ушу Кызыл-Көлгө келип жашынган…

Эх, чиркин, өз мекени Жакшына-Тоо кандай гана керемет жер эле. Оюн салар тектирлери, чаңкаганда суусунун кандырар курбу-курбудагы таш-булактары… Баары тээ алыста, бу дүйнөнүн аркы четинде калгандай болду. Эми ага жетүү качан. О, туулуп-өскөн жери, бирге чоңойгон курбу-курдаштары кайда калды десең! Балким, ал жерлерге кайра кайрылып баруудан калгандыр…

…Күз айы күркүрөп кирип келди. Эки марал Кызыл-Көлдү байыр алып, анын түнт, бирок тынч бадалдарынын арасын мекендеп, куулуп келсе да бир тууган жериндей болуп бараткан…

Күндөрдүн бири эле.

«Ба-а-а!.. Ба-а-а!.. Баа-аа!.. Баа-аа!..»

«Ой, бул маралдын музоочугунун үнү эмеспи?! Ооба, маралдын музоочугунун үнү! Мына, дагы… дагы… Жакын эле жерден… Бул баягы сай-сайлап адашып кеткен маралдардан белем… Биякка издешип келишкен го…»

«Ба-а-а-а!.. Баа-аа!..»

«Адашып таппай жүрүшкөн тура. О, тебишип ойногон теңтуштар десе!.. Силерсиз жалгыздыкта өткөргөн өмүр курусун! Кайдасыңар! Мына азыр, биз мындабыз! Алыстап кетпей күтө тургула! О, куушуп ойногон курбулар, десе!..»

Экөө бадал арасынан баркырап коё беришти. Марал эненин көздөрү жайнап, үн чыккан тарапка түйүлүп астыда баратты. Алар чоң Үй арчага туш келгенде экөө эки бөлүнүп чуркады. Арыта кыркалекей тизилген карагаттар бар эле.

Эне марал безип бараткан:

— Тарс… чуу!..

— Ма-а-а-а!..

Жакын эле жерден ок атылып, улагынын жанталашып маараганы кулагына жаңырып, марал ордунда селейип катты да калды. Андан удаа кобур-собур адам үндөрү угулду. Марал башы айлангөчөк атып жерге жыгылып түшө жаздап эсине келди да, алды-артына карабай безип кетти… Баягы Жакшына-Тоодогудай, бир үйүр марал бугулары менен өмүрүнө бүлүк түшүп, коркунуч башка келгенде, туулган жерди таштап кетип баратып көз-жашка топурак чыланган күндөр дагы бир ирет элестеп кетти.

Канча жерге барганы белгисиз, бир кезде бутун тарталбай бүк түштү. Чарчаганынан катуу уктап кетиптир, бир кезде баягы ок кулагына кайрадан угулгансып, чочуп ойгонду. Жанында шам өрүктөй мүйүзү койкойгон балбыл көз кер музоочугу жогун ойлоп, ичи от болуп, көздөрүнөн мөлт-мөлт жаш куюлуп, башын көтөрө албай сулк жатты. Ошо калыбында үч күн, үч түн турбай, бир тал чөп кыркпай, тиги ылдыйда көөлгүп жаткан Кызыл-Көлгө түшүп барып чаңкоосун да кандырбай жата берди.

Бу дүйнөдөн аша кечти, бүтүндөй өзүн курчаган гүлдүү токой да жек көрүмчү сезилип турду ага. Ооба, эне баласын жоктоп, зарын ичинен нечен ирет кайрып жатты. Ал эң акыркы үмүтүнөн ажырады. Бу көрөкчө, өлгөн артык! Желини таш болуп чатына батпай кыйнады.

Марал жан көзүнө көрүнүүдөн да коркпой, Кызыл-Көлгө түшүп барып, күзгүдөй тунук бетинен өзүнүн жалгыз элесин карап турду. Мындан аз эле мурда бу элес экөө эле го… Экөө жанашып да, жарашып да турчу. Эми ал жок, экинчи андай элес кайталанбайт…

Ушу азаптуу жашоодон көрөкчө көлгө өз боюн таштап өлсө жеңил болмок…

Марал сууну улам жиреп бара берди. Кара курт чөптөй чырмалышкан балыр аны туткундап, алга да, артка да жылдырбай калды. Бир кезде өлүм элестеди көздөрү тунарып, ансыз да ал үч күндөн бери өзөк жалгабай ачка эле.

Суу аны өзүнөн өзү эле тереңге тартып баратты. Көк ирим Кызыл-Көл өзүнүн мээримдүү тынч көөлгүгөн көрүнүшү менен маралды суктантып, көкүрөгүн кысып, леп тартып бараткан бейкам мелмилдеген көл үстүнүн миң түркүн кооз нурлары мунарыктап, өзү өлүмгө баш коюп баратканын сезе албай калды. Өлүм да ушинтип азгырат тура. Анын алсыз буттары жерге тийбей, өзү эле тыбырчылап, алдыга жылып баратканын сезген жок…

* * *

Ушу тараптан маралдардын дайынын билип калган жакын жердеги айылдык мергенчи, музоосун атып алышкан соң, арадан төрт күн кечирип, кайта келген. Бул ирет ал жалгыз келбей он төрт-он бешке барып калган уулун ээрчитип алган.  Уулу тирикарак, атасы аны отунган же мергенчиликке барса дайыма ээрчитип алган. Өзүмдөй көзгө атар тайманбас мергенчи болсо деп тилек кыла турган.  Адырдан кекилик-чил, ткокойдон коен-түлкү аттырып, көнүктүрүп да койгон эле.

Атасы карылыкка жакындап, карек нурлары баягыдай эмес. Мылтыгынын машасын басарында көзү жашылданып, жаза атып алганын сезип-туюп жүрөт. Андайда баласынан үмүт кылып, «сенин көзүӊ курч эмеспи, сен тозотто отур, куучулукту алайын» — деп каруусу азайса дагы, кадууну кадуу дебей, ойду-тоону карабай, далай жерди чарчабай басып, кийик кууп уулунун алдына апкеле турган…

Алар үстүңкү черден эч нерсе таппаган соӊ, шырп алдырбай акырын келишти да, көл тарапка түшүп барышты. Анан  калың бадал арасынан жайлуу орун алышып, чымылдак тартканын улантышты. Адегенде, уулу чымылдак тартып, атасы мылтыгын даярдап, оңтойлуу жерге жатты.

«Ба-а-а!.. Ба-а-а!..»

Баркыраган чымылдак үнү кудум маралдын музоосунун маараганынан бетер токойду жаңыртып кирди. Бир аз болгон жок, шалбаа чөптү шатыратып, көзүнө чейин суу болгон марал жакын эле кирип келди. Өзүнө карай сунулган мылтыкты байкаган жок, оттой жанган каректери балбылдап ушул тараптан безеленип музоосунун үнүн издеп маңкая тура калды.

— Тарс!..

Ок чыкты. Шашып калган мергенчи жаза атып алды. Кайрадан ок салганча, марал кача берди.

Жүрөгү жарылып кете жаздап, октон жалккан ыйык эне мурдагыдай эле безип жөнөгөн:

«Ба-а-а-а.. Ба-а-а-алап», «музоосунун үнү» кайрадан артынан кууп жетти. Өз кулагына өзү ишенбей, башын арт жакка буруп токтоло калды да, аянычтуу чыккан «музоосунун үнү» тарапка марал эне шашып кайра кайрылды.

Бул ирет атасы уулуна «чымылдакты мен тартайын, балам, жаза атсаӊ, сага  чала!» деди да, кайрадан марал келер жакты карап бөгүп жатты. Чымылдак үнүн безеленте баштаганда, баягыдан башка жактан капыр-тапыр кирип келди марал. Анын чуркаганы да башкача эле, көздөрү жаш чайып, жалжылдап чыгыптыр.

Марал эне баланын маӊдайына маӊкая туруп калды. Таноолору коргошун куюлган мылтыктын кош ооздорунан бешбетер буу бүркөт. Өткөндөгү кичинекей бечера муузоочугун дайынын таппай издеп келип, ажал оозуна тике караган эне бет маӊдайында өзүнө карата мылтык кезеп турган балага таптакыр башкача көрүндү. Төбөсүндө үч айры кооз мүйүздөрү шамдай койгоюп, көздөрүнөн от чачат. Жапжашыл арчалуу токой бетинде ак буурул төшү менен сарала соорусу  өзүнчө бир керемет кооздукту алдына тартып, ок чыгарып атып өлтүрүүгө адам колун баргызбай турду… Бала ушундай керемет кооздук менен капыстан бетме-бет келип, арбалып, мылтыгынын машаасын баса албай буйдалып калды…

Атасы уулум качан ок чыгарат деп күтүп жатып, жаны чыга кыйгырды:

— Аа-ат!

Бала колу титиреп, мылтыкты сыга кармап шыкаалаган боюнча тура берди…Ата албады…Баласы үчүн мыкаачы  ажалга тике караган энеге ок чыгара албады.

Алдынан баласынын эмес, каардуу адам үнүн алдынан уккан марал артка жалт кайрылды. Октой учуп бадал аралап кирип кетти.

Экинчи ирет алдына келген олжону качырышты. Чымылдакчы атасы ачуусу шакардай кайнап, уулун жиниккен күчү менен жерине жеткире сөктү да, колунан мылтыкты жулуп алды.

— Ме, тарт чымылдакты!.. Атаңды гана, сенин!.. У, айбан жалдырама!  Колуӊа тийип калгыр!.. Тарт бачым, алыс кете электе!..

Чаӊ аралаш чампаланган жүзүн жеӊи менен сүртүнүп да койбой, көздөрү марал келчү тараптан өтүп кетти. Уулу чымылдакты оңдуу тарталбады. Кулунчактын куурайына бекем таңылган кара кыйгактын үнү марал музоосунун үнүнө түк окшобой, какап-чакап каргылданып калды. Ажал чакырып жаткансыган колундагы чымылдакты атасынын жининен  коркконунан гана кармап тургансыды. Тартпай эле ушул азыр бырын-чырынын чыгара сындырып, ыргытып жибергиси келди.

— Келе бери, олок!.. У, сенин чымылдак тартканыңды!.. Ооба, мен сага бир кесим эт берет экемин!.. Апкел чымылдакты!.. — Жаны көзүнө көрүнө, ачуусу келип киркиреди атасы. — Ушу азыр, маралдан мурда сени атып таштайынбы, ыя!?

Чымылдакты оозуна тиштээр замат жанталашып үйлөп да, кароолунан көзү өтүп жата кетти.

«Баа-аа-аа! Баа-аа-аа!.

Колунда- кош ооз мылтык, оозунда- чымылдак…

мергенчи атасы балага ушунчалык таш боор жана мыкаачы көрүнүп кетти.

Ушул азыр атасын дагы бир ирет «жаза атып алса экен!» — деп тиленип жатты.

«ушул азыр марал эне келбей койсо экен!»-деп каалап жатты.

«келбечи, марал эне!»

«келбечи!»

«көз көргүс, алыс жакка кетип калчы!»

«сени бул жакта балаӊ эмес, ажал күтүп жатат! Ажал…» — деп ичинен миң ирет кайталап жатты…

«баа, баа, баа!»-атасы дагы эле болсо баркырата чымылдак тартып жатты…

Бала атасына катуу таарынды…буга чейин ага кантип мылтык атканды үйрөткөнүн эстеп,  мынчалык жакындан эмес, алыс аралыктан үч ирет кийик атканын эстеп,  ошонусуна бушайман болуп, «эми экинчи ирет кийик эмес,  чымчык да атпайм…»- деп ичинен сүйлөнүп жатты.

Бир ирет алыстан бир чоң текени даана атып жыкканда атасы барбалаңдап сүйүнүп: «жарайсың, уулум, сенден мыкты мергенчи чыгат!»- деп мактабады беле. Ошондо уулу атасынан мактоо сөз угуп, аябай шерденген эле… азыр ал үчүн өзүнөн өзү уялып жатты…

Музоосунун карааны көзүнөн учуп, желинин сүт тээп чыккан ыйык эне үнүн угуп, анын кайда экенин билалбай, бир туңгуюкка кабылган музоосун бошотуп алмакка, бирок баятан берки окуяга түк түшүнө албай, эми акыркы жолу бир ирет бел байлап, ысык жаш көзүнөн  ылдый куюлуп, жаактарын жууп, «музоосунун үнү» желин сүтүн кайрадан диркиретип, жанагы тарапты көздөй алып-учуп кирип барды. Октун каңырсыган  жыты мурдун жарып кетти! Ошондо гана чукул эле жерден өзүнө карап  сунулган мылтыкты жана адамды  көрдү!.. Ошо адамдын көзү баягы өткөн жылкы күздөгү Кан-Ашууда жан шерик акыркы бугусунан айырган жырткыч илбирстин көзүнө окшош эле…

— Таа-аарс!..

— Мааа!..

Маралга ок жаңылды. Ал бир ирет так түйүлө секирди да, көйкөлгөн гүл арасына кулап, мүрт кетти… Чиркин жан, көкүрөктөн учуп кетти көрүнбөгөн нур болуп…

Марал эненин эт жүрөгүн сыгып, эне эмчегин эзген алдамчы  чымылдак үнү басылды. Ысык жаш дагы эле жумулбай ачык бойдон калган маралдын көздөрүнөн сызылып агып, сулк жатты..

Ыйык сүйүү гана калды жансыз көкүрөктө…

*  *  *

…Маңыроо ыйык жаныбар ай! Мынчалык баласаак  болбосоң эмне!..

…Бул ушул чөлкөмдөгү акыркы марал болчу…