САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ТУРМУШ ТАРАЗАСЫНЫН ГРАММЫ

АҢГЕМЕ

Күндө эртең менен мекеме алдынан өрүк саткан абышканы кездештирүүчү элем. Анын анжыр жалбырагы менен жабылып, жаш маянын жыты буркураган себетинде кыпкызыл же сапсары болуп эзилип бышкан, сүйрү өрүктөр жашырынып жатуучу. Кишилер жакындаганда абышканын кууш көздөрү ойноктоп, кардарга чоң урмат билдиргенсийт. «Деген менен, бул чал куу болсо керек!» деген ой пайда болду менде.

Бир күнү кызматташ досум экөөбүз атайын өрүк жеш үчүн мекеменин алдына чыктык. Өрүкчү чал кездешпеген соң көчөнүн аркы жагында өрүк сатып жүргөн баланы чакырып алдык. Болтойгон жаш бала, өрүк салган себетин алдыбызга коёру менен эле досум ишке киришти:

– Бала, өрүктөрдүн сонундарын себеттин түбүнө жашырыпсың. Бирок аның байкалып турат, – деп себеттин түбүнө колун сойлотуп жиберип, кирпик какканча бир өрүктү оозуна салып ийди. – Канчадан саттың.

– Ондон берээрсиң…

– Он тыйынга жетиден саттым, атам ошондой сат деген, — деди бала.

Баланын жооштугу менен себет ичинен чоң-чоң өрүктөрдү тандап алып бериши, алуучулардын арзыбаган напси убарачылыгынан оолак болууга чакыргансыйт.

– Бала, – деди менин кызматташым экинчи өрүктү озуна салып жатып, – ондон эле бер, мен азыр көп алчу баштанып турам…

Анын оозундагы өрүгү бултулдап жамажайынан баш багат.

– Мына он сегизди алдым, тогуздан болду, бара гой, айланайын. Тиги көчөдө өрүк алам дегендер көп, – деп жыйырма тыйын карматты да, кызматташым маа көзүн кысып койду. «Баланы алдады», – деп ойлодум мен.

Бала унчукпай себетин жаап ары басты.

Биз өрүктү жеп отурганда кызматташым мындай деди:

— Камбылыраак болбосоң алдатып коёсуң. Сүйлөө керек, өрүкчү оозуңду караганда колуңду себеттин түбүнө сойлот. Ал эми өрүкчү колуна караганда оозуңа өрүктөн таштап турушуң керек!

Ал ушинтип айтып боло бергенде өрүкчү абышка эшеги менен ары жактан чыга түштү да, көнүмүш адаты менен кыйкырып жиберди:

– Өрүк, өрү-үк!

– Чалдын өрүгү жакшы болучу эле, – дедим мен. Кызматташым өрүкчү чалга жакындай берди.

– Кел, балам, нары, жоош, нары бышык көрүнөсүң. Алды менен бирди жеп көр, сага кантип жаман өрүк сатайын, – деди да абышка досумдун колуна карматпастан аны оозуна тиштетип койду… – Кана, бир сомго санайынбы?

– Элүү тыйындык алайын, – деди досум куурай чайнаган уйча ээгин көтөрүп.

– Мына, өрүктү жегендер жейт, мындай өрүктү тандап берем да. Асили жыгачы жакшы өрүк болучу, жай, жоолугуңду, таңдайыңа дагы муну салып кой, – абышка бошой элек оозуна дагы бир өрүктү кептеп койду да заматта эле элүү тыйындык өрүктү жоолукка санап үлгүрдү.

– Кем санап койбоңуз? – деди кызматташым өрүктөн оозу араң эле бошоп.

– Шаар балдарысыңар, балам, төрт-беш өрүк кошуп тойгуза албайбыз. Мына туура кырк болду, мына бу эзилип бышкан «жаныбарды» таңдайыңа салып кой, – абышка өз эсебибизге өткөн өрүктөн дагы бирди досумдун оозуна салды. Акчасын бердик да, жоолукту көтөрүп ары бастык. Өрүкчү эшегин айдап жолуна түштү.

Чал кеткенден кийин өрүктү санасак, жегени кошулуп отуздай чыкты. Мен унчукпасам да, кызматташым кысылып, сөз айта албай калды.

Албетте, төрт-беш өрүктө эмне туруптур, өтө бир арзыбаган эле нерсе. Бирок эр азамат: «Кишиники кишиде калбайт!» деген ата-бабабыздын сөзүн ойлоно жүрсө, өзүнө кир жуктурбайт эмеспи.