САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ЫЙЫК СЕЗИМ

АҢГЕМЕ

Ыйык сезим – бул учуна көз жетпеген бийик чоку! Көз алдымда көк тиреген бийик аска турат. Ага карайм да кызыгам, кызыгам да ойлоном: бул дүйнөдө сени көрбөгөн, сага суктанбаган киши аз чыгар чындыгында. Анткени, сага чыгуу тилеги бар кишинин табиятына бүткөн ширин эңсөөлөрү менен жуурулган.

Адатта, кишилердин тунук сезимдери бийикке умтулуп, сени маара кылат. Жердин дал өзөгүнөн өнүп чыккансып, асман көгүнө багыт алган укмуштай залкар болсоң да, сенде байыркы адамдардын жылуу жүрөгүнүн жөнөкөй издери жатат…

Эки адам батпаган тар чыйыр белиңе ороло өөдөлөйт. Бул таалай чыйыры, бакыт чыйыры. Ар бир киши өз алдынча из калтырууга тийиш. Ал эми сага көтөрүлүп, сенин төбөңө таманын тийгизгендер кайгы, касирет, ыза, кордук, үрөй, коркунуч дегендерден мүлдө арылат. Түбөлүккө бейкуттук орноп, жоктуктун, жетишпестиктин кишени быт-чыт болгонсуйт. Андан ары тымызын сагынычтын, кубанычтын сезимдери ойгонуп, бүткөн бой балкыйт.

Дүйнөгө адам болуп жаралуунун сыймыгы тереңден баш көтөрөт.

О, сыйкырдуу аска! Сенде булутсуз асман көп. Күн нуру биринчи тийип, акыркы нурлары сени менен коштошот. Сенде күн нуру мол. Төбөңдө салкын жел жүрөт да, черлер жазылып, көңүлдөр жумшарат. Денеге жагымдуу кан тарап, таттуу чымыркануу пайда болот. Кишиге бүткөн марттыктын, эрдиктин, мээримдин, берилгендиктин жалыны алоолонот. Мына ошондо, убакыт токтоп, бүт дүйнө бир саам эс ала түшкөнсүйт…

Ыйык сезим – бул назик гүл!

Жаз күндөрү ачылган бул гүлдүн өмүр күчү жылдар боюнча созулат. Кишинин жан дүйнөсүн толкуткан назиктиктин, кооздуктун көңүлдү эргиткен жагымдуу жыттын соолбос булагы өңдөнөт. Көп сандаган кооз көпөлөктөр аны тегерене учат, алардын да кыпындай арманынын бир марасы ошол өңдөнөт.

Кырмызы баркут, кат-кабат желекчелер тепселген жашылдык арасынан бой көтөрөт. Адатта, анын шоола чачып турганын көрөсүз. Карап турсаңыз, өмүрдүн түбөлүк өчпөс шамы өңдүү бойго кубат, кыймылга медет. Ал кишилердин күүгүм тарткан көкүрөк боштугуна жайгашып, нур чачып турган кан кызыл гаухар ташты элестетет. Анын сыйкырына кабылгандар тиричилик түйшүгүн унутат. Караган сайын карагысы келет. Ошондо ал башка бардык кызыкчылыктан кечүүгө мажбурлайт. Анын жыты адам сезиминин эң тереңинде жетет.

Кишиде аны өмүр бою ыракаттануу тилеги өзүнөн-өзү пайда болот. Бирок ал назик, ары сезгич гүл. Сизден чыдамдуулукту, адал күтүмдүү талап кылат. Ал арам ой менен жылмайган киши алдында соолуй баштайт. Нурланып кулпунуусун токтотот!

Ыйык сезим – бул каардуу деңиз!

Чексиз кеткен каардуу деңиз өзүнчө көөлгүйт. Адам баласы кымбат баалаган шуру менен берметтин эсепсиз байлыгы мунун тереңине жашырынган дешет. Бирок андагы бермет менен шор суу миң сандаган адамдардын көз жашын түшүндүрүүгө тийиш…

Адамдар ага түшүнүүгө кумар. Анткени, адатта, ал мээримдүү деңиз. Ага тунук булактар, дартка дабаа арашан суулар адамдарды күлгүндөй тазартып, өмүргө деген сүйүүсүн тереңдетет. Анын каардануусунун себеби эмгиче ачылбаган сыр. Ал каарын алганда жээктерине ак көбүк бүркүп, түйүлө жыйрылып, жиндене баштайт. Түсү кара күрөң тартып бузулат. Үстүндө оор булуттардын кербени кыркалайт. Оор деңиз түп көтөрүлө козголуп, бир бел ашып ылдый кулаган, тоодой толкундар өркөчүн жөнөтөт. Үрөйдү учурган дүлөй күрүлдөк тереңден угулуп, жандан түңүлтөт. Бүт дүйнөнү жапырып, тебелеп өтчүдөй күүлөнөт, жээктерин тыткылайт. Туруштук бере албаган тоолор урап, жерлер жемирилип жаткансыйт. Ага кабылган адам чабал ойдон тез кутулат, камгактай учуп, тыянаксыз, үмүтсүз алдастайт. Ага жарык дүйнө менен коштошуу баарынан жеңил сезилет!

Табият күчүнүн улуу кожосу болсо да, адам баласын өзүн алсыз сезип, ченемсйз кайгыга батаар учуру ошондо пайда болот.

Ыйык сезим – бул сүйүү!