АКБАРОВ Атантай: АТАНТАЙ АКБАРТЕГИН: СУУ ОРДУНА КҮЛКҮҢ СУРАЙМ ӨЛӨРДӨ

АРГЫМАК
Ажалдан нечен куткарып,
Бешик да болгон сынаакы,
Аргымак бизде – кыргызда
Кичи – Ата Мекен сыяктуу.

Көк чапчып, жаны октолуп,
Комуздай үнү шаңгырап,
Өң түгүл мени түштө да,
Азгырат ошол аргымак.

Келет да окуранып ал,
Ийниме жалы төгүлө,
Колумду жыттайт жаныбар,
Кадалып көзү көзүмө.

Тизгинди каксам шарт анан,
Титирей түшүп аргымак,
Турнадай тизип мезгилди,
Туяктан ала салдырат.

Көгүчкөн болуп күлүктүн
Көкүлү көккө талпынат.
Ээрден жулуп кетчүдөй,
Этектен шамал тарткылайт.

Утурлай чуркап узун жол,
Шилтенет буттар кылычтай,
Түйүлүп күлүк муштумдай,
Түзөлөт кайра сызгычтай.

Тизгинге колум карышат,
Тирүүмдө канбас бул көксөө.
Мен өлсөм, менин баламда
дүбүртү калып жүрөктө,
азгыра берет аргымак!!!..

ЖАЗ
Кемигенсип эмнегедир бир мүчөм,
Келгин куштар кайтып жатса кыйылам.
Кыш бою анан издейм жаздын обонун
Кыштап калган таранчынын ырынан.

Алыс кеткен ашыгымдай сагынткан
Жаз кыялы кыялыма бап келет.
Менин сүйүүм кулпурганда жаз келет,
Жаздар мага жалаң бакыт апкелет.

Өз нугуна батпай калган дайрадай
толкуп-ташам Жаз-Падыша бар үчүн,
Жазда кыздар пери болуп алышат,
А жигиттер өңдөнүшөт жаңы күн.

Адамдарды мээрим менен өпкүлөп,
Сан гүлдөргө куюп өткөн “атырдан”,
Жаз жамгыры жаңы муундун жаны окшойт,
талааларга, калааларга шашылган.

Жаз маалында келгем ушул дүйнөгө,
Ошондонбу, жазды сүйөм, билбеймин…
Жаз бою мен жапжаш, сулуу мажнунмун,
Жаз маалында өлбөсүмдү билемин!..

КАРА МЫШЫК
Ийик ийрип, үргүлөп меш алдында
маркум энем олтурчу карааны ысык.
Жаны өңдөнүп бүгүн ал энекемдин
от боюнда үргүлөйт кара мышык.

… Бала кезде мен сени кара мышык
ойлочуумун: “капкара балекет…” деп,
Кыркырата ташка алып куудум канча,
Жетпей калсам:”Эртең да бар эсеп…” деп.

Ок учурсаң, а түндө көздөрүңдөн,
Бычак болуп жолумду кесип өтүп,
Бир каргаша алдымда турган өңдүү,
Кайтуучумун аркага сесим өчүп.

… Бүгүн болсо балдарым эркелетип:
“Куйругуңду жылан кыл өзүң туруп,
май беремин, акыңа сүт берем…” дейт
Мышык болсо магдырайт көзүн жумуп.

үй бүлөмдүн мүчөсү көрүп мен да,
Ойлойм бала чагымдын осол күнүн.
Кара мышык сыртыңда караң сенин,
Карасы ичте адамдан корком бүгүн.

ТАЛАНТ
Талант – деген таза тутуп ыйманың,
Тайып кетсең… так секирип турганың.

Калк кысталса, өз мүдөөңдү калтырып…
Кайгы чалса, басып кетүү каткырып.

Талкалоого күнүмдүктүн кишенин,
Талант – деген ал өзүңө ишенүүң.

Жүз грамм да ичпей кээде мас болуу,
Жүз улгайса, жүрөк чиркин жаш болуу.

Анык талант – антисаткын, антиууру!
Ата-Журт деп окко айланып атылуу!..

Жалган чебин кайпактабай түз жаруу –
Жаратканга ортомчусуз түз баруу.

Чөнтөгүңө салып толгон генийди,
Чөгөлөбөй… чексиздикке керилүү.

Талант болуу – багуу сүйүү дарагын,
Тактыны өппөй, элди колдо, карагым!..

САГЫНЫЧТАН САРГАРЫШКАН ЖҮРӨКТӨР
Сагынычтан саргайышкан эриндер
Тийишсе эле кетер окшоп өрттөнүп,
Мен да сенин карегиңде кайыгып,
Менин дагы карегимде сен чөгүп,
Кол кармашсак, жан бириге калышкан,
Сөз жетпести көздөр айтып салышкан,
Жүрөгүбүз сүйүү гимнин кагышкан,
Арзуу түндөр да кетет ээ жарыктан!…

Эки жүрөк бир нотада кагышса,
Эч кандай күч ажыратпас араны!..
Суу ордуна күлкүң сурайм өлөрдө,
Сен күлбөгөн күнү дүйнө караңгы.
Кое бербей көздөр көздү сүйүшүп,
Колдор сүйүү трансына киришип,
Эрктен танып, турса эриндер күйүшүп…
Кудай алсын, Кудай алсын Ажалды!!!..

ЖҮРӨГҮМДӨ ТУУГАН-ЖЕР…
Адам жанын аңтарсаң,
Аздектелип турган жер…
Ар адамга эң кымбат –
Аты жакшы Тууган Жер.

Өмүрүңдү сунган жер,
Жүрөккө кан куйган жер…
Ар күн туулган күн мага,
Аман турса Тууган — Жер.

Жууп салат суулары,
Жүрсөм дилим кир басып,
Жүрөгүмдө Тууган Жер
жүргөнү да бир бакыт!..

Көздөшпөсөң, тууган жер,
Көңүл соолуп, кичирди.
Сагындым ар кишиңди,
Кишиң түгүл итиңди.

Токтоп кичи жүрөгүм,
Топо болсо гүл өңүм,
Туйлап турган түбөлүк
Тууган Жер – Чоң жүрөгүм.

БАМБУК
Өз-өзүнчө дароо өспөйт бамбуктар,
Шашылышпайт шамалга бой кергенге.
Бек кармашкан кол өңдөнүп эң алгач
тамырларын сүңгүтүшөт тереңге.

Жер алдында тамырлары алардын
айкалышып, тордой болуп чырмашат.
Бир максаттуу улут окшоп бамбуктар,
Биримдиктин улуу ырын ырдашат.

Тамырлары жетилгенде тарсайып,
Асманга аткан фонтандардай зуулдап,
Ар күн сайын бир кулачтан өсөт да,
Токой болуп толкуп чыгат шуулдап.

Көралбастык, саткындык жок аларда,
Оо алардын жол-мыйзамы башкараак.
«Өзүм гана өссөм» деген ой болбойт,
Алар такыр бирин-бири таштабайт.

Тамыры да, тагдыры бир бамбуктар,
Биримдиктин символу окшоп турушар.
Адам туруп өсүмдүктөн бир өрнөк
алса болот өсөм деген улуттар.

ЖЫЛДЫЗДАР
Таң каласың, асман толо жылдыздар
кенен батып, жарык чачып турушат.
А Жердечи? Эки «жылдыз» жанашса,
Батыша албай ичи тарып, урушат.

Чыкпай туруп көралбастык сазынан,
Алар бекер бийикке кол созушат.
Бир-биринен жалган даңкты корушат,
«Жылдыз» деген оору менен оорушат.

Жалгыз жылдыз болсом деген ой менен,
Бирин-бири ушактап, бут тосушат.
Айкөлдүк не? Асылдык не? Кол шилтеп,
Калп жылдыздар наамдарды тоорушат.

Бир тепкич да көтөрө албай адамды,
Чыгармасы чыйрыктырат санааңды.
Жарым карыш дагы жарык чача албайт,
Калп жылдыздар көкүрөгү караңгы.

А асмандын жылдыздары башка го!..
Алар такыр жалган даңктын кулу эмес.
Караңгыны жарык кылып кашкайып,
Башкаларга төгүп келет нур элеп.

Өзүмчүлдүк сапаттары жок үчүн
Нак жылдыздар жүзү жарык, татына.
Түбөлүктүн мыйзамдарын карманган
үчүн алар жооп берет атына.

ТЕСКЕРИ ӨМҮР
Мен алсызмын, алым жетпейт ажалга,
Музоосу өлгөн бодо болуп өкүрөм.
Кимдир бирөө каза тапса, ошону
Мен өлтүрүп алган өңдүү өкүнөм.

Кызык сезим болот кээде ар кимде,
Андай ойду Сиз да ойлоорсуз кай бирде.
Адам чиркин алгач өлүп көрсө да,
Кайгы, түйшүк тык токтосо ал күндө.

Тирилүүнүн кайра аргасы табылып,
Андан кийин болуп көрсө карылык.
Адам чиркин карылыкка бой бербей,
Жашарууга турса күндө кам уруп.

Кайран жаштык келип анан буралып,
Ак сүйүүгө турсак жанды сугарып.
«Өлдү!» дешип өкүрүшпөй эч кимге,
«Жашарды!» деп турса баары кубанып.

Кайкып сүзүп бак-таалайдын көлүндө,
Калсак бүт ээ тирүүлүктө-өмүрдө…
Менин антип ойлогонум себеби,
Адамзатты кыйбайм такыр өлүмгө!