БАКЕЕВА Бурулкан: БУРУЛКАН БАКЕЕВА: ТЕНТИМИШТЕР

АҢГЕМЕ

Сен мени орустардын мүрзөсүнүн четинде эмнеге отурасың дейсиңби? Өүх! Бул жерде менин Якут тайгасына Жалалабатынан көп акча табам, машина алып үй салам, силерди багам деп ак тилеги, чоң үмүтү менен келип, акча таппай ажалын тапкан 21 жаштагы чырактай балам жатпайбы. Туруп алганың эмнеси, кел отуруп дем алып кетчи, сумкаң да оор экен. Мен да сага арманымды айтып буктан чыгып алайынчы. “Деревня” кыдырып товар сатып жүргөнүңү көрүп эле жүрөм.

Сен мени якут деп, мен сени бурят деп, кыргыз экенибизди билишкенче аңдышып жүрбөдүкпү айээ. Бу якутуң, бурятың, эвен, эвенки, тофалар, шор дегендери тили эле буруу болбосо быйпык мурун жалпак бет болушуп, кээси бизге окшошуп кетишет экен. Биз деле айылыбызда кийген далбыраган көйнөгүбүздү кийбей шым кийип ушуларга окшоп калдык, антпесек болбойт экен. Якутияга кайдан, качан келдиң, эмне иш кыласың дейсиңби? Өүүх! Арсланбаптын кызы болом. Базаркоргонго келин болуп түшкөм. Койчуман элек, колхоздун коюнун артынан жүрүп там деле салып койбопбуз. Заман өзгөрөрүн кайдан билдик, анан бир күнү эле короодогу койлорду бөлүштү. Өзүбүзгө аз эле кой тийди.

Мен бул короону сатып алдым деп, шыпылдаган бирөө келип, бизди үйдөн айдап чыкты. Кой артынан жүрүп кой эле болуп калыпбыз. Кой болбосок заман кай тарапка өзгөргөнүн билгендер пайдаланып, бизге окшоп оозун ачкан момундар түшүнгүчө кеч болуп калыптыр. Жашаган үйүбүз болбосо бизге тийген койу көр тиричилигибизге кетип көбөймөк турсун жеп түгөттүк. Эл катары жан башына 8 сотухтан жер алганбыз. Пахта гана эгесиңер дешкен. Жерди айдатканы уругуна, айдаганына, сепкенине кайдагы акча. Өзүн актабайт. Башка эгин кылайын десең уруксат беришпейт.

Беш жылга бирөөгө сатып ийип, төрт балабыз менен ушул жакка келдик. Алысыраак кайиним ушул жакта иштеп жүрүп, байып кетпедиби, акыбалыбызды көрүп бизди да ала келген. Жерибиздин акчасына жол акы төлөп, алты жан келгенбиз. Келгениңерге канча жыл болду дейсиңби? Эки жылга жакындап калды. Бир бай якуттун үйүндө малайбыз. Малай эмей эмнебиз? Күйөөм балдары менен 25 уйдун чөбүн салып, тайгада кайтарып, алдын тазалап, мен эки кызым менен уйларды саайбыз. Оо, жок, ошончо уйду колубуз менен кантип саамак элек, электр саагычы бир сааганда он уйду саайт, тез болот.

Өүүх, ушу кургур балам азыр келем деп кечке жуук чыгып кетип, түнү менен келбей калды. Санаага батып уктабай, эртеси түштө токойдо сөөгү табылбадыбы. Текшертпедиңерби дейсиңби? Оо кокуйгүн, биз бечаралардын сөзүн ким укмак эле. Өлөр балабыз өлдү, убара болгонубуз калат.

Биз кургурлардын таламын ким талашат эле. Боздоп, боздоп кала бербедикпи. Тим эле якут тайгасын жаңыртып күйүтүмө чыдабай бакыргым келет, жок бакыра албайм, дилимде удургуйт. Болду, болду дейм. Сен мага калган балдарга керексиң деп, атасы шордуу жер муштап алат. Ал бечараны деле түшүнүп атпайымбы, кой артынан жүрүп кой болуп калып көп нерсени убагында аңдабай калыпбыз.

Эки кыргыз бечара аял ушинтип якут тайгасында, мүрзө четинде таанышабыз деп ойлодук беле айээ. Деги кыргыз жүрбөгөн жер орус жеринде калбады го. Минтип темселеп тентип калышыбызга ким күнөөлү ыя? Тентимиш эмей эмнебиз дейсиңби? Ооба, курдаш, бизге окшогон кыргыз тентимиштер якут тайгасында толтура. Якокит деревнясына барып товар сатып келатасыңбы? Түзүк эле болуп атабы анан? Биздин Тамотей деревнясына да келип турсаң. Сага айтып бугум чыгып калбадыбы. Кой эми кетели дейсиңби, ооба кетели. Саан убагы да болуп калды курдаш. Ошуңа кетип калсаң кыргыз жерине, элине салам айта бар.

Кыргыздын бир бечара үй-бүлөсү якутка малай болушуна, сендейлердин деревня кыдырып, тентип соода кылышына ким күнөөлүү деп сурай тургандар бар бекен? Биле келчи курдаш. Бизге окшогон тентимиштер толтура дегениңе күйүп атпайымбы, уга турган, айай турган ким эле дейсиңби? Туура айтасың курдаш, ушинтип эле уулум кургур өлгөндөн бери дөөдүрөп калбадымбы.

Биздин үнүбүздү эч ким укпай, тайгадагы абалыбызды сурабасын билип туруп үмүттөнүп эле сүйлөп коём. Эми жакшы бар. Соодаң жүрүшсүн. Биздин Тамотейге да келип тур. Ошуңа барып калсаң Арсланбабынын жаңгак токойун сагынган, Базаркоргонунун пахта зарын сагынган, якут тайгасында малай болушуп кыргыз жери көздөн учкан, качан кетээрин билишпеген кыргыздын бир бечара үй-бүлөсүн, баласынын күйүтүнө чыдабай жинди боло жаздаган мен кургурду эстей жүр, курдаш.

Якутия, Алдан шаары.
2004 жыл.