БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ТАШ

ЭССЕ

Үстүнөн өтүп баратып алдындагы аккан сууну дайыма эңкейип карап коём. Суу экөөбүздө кандайдыр бир жакындык бар, “окшошпуз”. Мелмилдейбиз, шарылдайбыз, ылайланабыз, тунабыз…

Араба-машиналардын дөңгөлөктөрүнө, эки-төрт буттуулардын тамандарына тебелетпей алдындагы “мага окшош сууну” калкалаган көпүрө. Бу өйүз менен тиги өйүздү эле бириктирбестен, мурунку дүйнө менен азыркы дүйнөнүн ортосун да байланыштыргансыган көрүнүшкө ээ. Эзелкидей эскирген. Куруп-салып кеткен аталарыбыздын маңдай терин урмат кылгандар чыккандыр, өз замандарында. Ал эми, астын “бели” менен аярлап, үстүнө “боорун” тоскон, эзелки көпүрөнүн эмгегин баалап, үнсүз даңктагансып, жанында кара таш жашачу эле.  Бир четинде же бир учунда десем болот. Калдайып, көпүрөгө караан, кайтаруучу болгонсуп. Ким бирөөлөргө көркүн бузгандай көрүнгөнбү? Башка маселеден уламбы? Таш азыр ордунан козголгон. Томолонуп кулаган бойдон томсоруп сайда жатат. Майда-майда туугандарын баса жыгылып.

Буга кимдер күнөөлүү? Жолду оңдоо тармагында иштегендер же эл өтүүчү көпүрөнү да менчиктеп алган бир “менчик-мен” чыккан. Килейген тракторду (бульдозер) дүрүлдөтүп айдап ичинде бирөө келди. Жандаган жеңил машина менен эки мурутчан киши келди. Алар жерге түшүп узуну мурутун, кыскасы белин кармалап карап турушту. Дүр-дүр этип үнүн баспаган трактор темир мурдунун күчүнө, аны башкарган айдоочу колунун кыймылына таянып заматта эле жанагы ташты сайды көздөй ала  салдырып жиберишти. Өзөктү өйүткөн бул көрүнүшкө күбө болуу да маңдайыма жазылыптыр! Байкуш таш, көпүрөбүзгө күнү-түнү эрмек болуп, көркүнө көрк кошуп гана турчу эле.

Кайсыл бир эл, балдарына бир  жолу карматып ойнотуш үчүн жердеген жеринен бармактай да таш таба алышпайт имиш деп уккам.

Азыр мен жер бетиндеги чоң, кичине таш аттууларга да таазим этип турам. Жанагинтип күчкө салып эле ийбесек… Таштар тегерегинде өскөн ийнедей ичке чөптүн, курулган курулуштун же казылган ийиндин жанынан жарым карыш да жылып кетишпейт. Буларда кетип калуу, жанындагысын алмаштыруу, таштап кетүү деген жок. Улуу Жаратуучубуз ташты жасап атып кайра өзү таңданган болуш керек, “туулбай жатып” туруктуулугуна, бекемдигине. “Баары бир пайдаланбайсың” деп ошон үчүн учуп кетүүчү канатын, жайылып кетүүчү тамырын, басып кетүүчү бутун жасабай тим койгондур.

Мени менен кошо сизди да кейишке салган, көпүрө жанындагы таш ошентип төбөсүндөй көрүнгөн, шоңшойгон жагы менен сайга сайылып түштү. Сайда эмес, кырда, көпүрөнүн жанында жашоону каалагандыр. Адам балдарына көпүрөнүн жанында салам айткансып тосуп алып, калдайган карааны менен карап узатып. Түртүлдү таш…

Сырдашым да (сырдашым – жигит) бир жолу түртүлгөн, кол менен түртүлгөн. Аным акылдуу, бирок дагы эле айласыз момун.  Дилине кир жолобойт. Автокырсыкка кабылгандан бери таяк менен басат. Бир жолу алты саны аман таанышы ачуусун андан чыгарып, тоголото түртүп жиберген. Ортого түшө калып, сырдашымды калкалап жыгылтпай алып калууга жараган эмесмин. Боз-ала чаң болуп жатканда тургузганым кеч эле. Сырдашымды жарым жан кылган автокырсыкты, тигил чоң муштумдууну деле айыптай албайм. Кырсык билинбей келип, ачуу да оңой менен токтобойт эмеспи.

Менин колумдан эмнеге эч нерсе келбейт? Жок дегенде, тоголонуп, жыгылып бараткандарды да сактай албайм. Качан керекке жарайм?

Оймо-сайма болгон ойлорум менен болсо баарын кыйратам: ачкаларды тойгузам. Жыгылгандарды тургузам. Сынгандарды бүтөйм. Ажырагандарды бириктирем. Капалардын капасын жазам. Кызык…