БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: БЕЛЕН

АҢГЕМЕ

Белен аттуу чүрпөнүн жарык дүйнөгө келишин белгиледик. Белендин анда 1 айлык болуп курсакта калганын атакеси баш болуп, бирөөбүз да билбептирбиз.

Атакеси токой чарбасында иштейт. Февраль айынын башталышында каада көрсөтөйүн дегениби? Сыягы, башка айымга алаксыган… “Мени кызганбайсың” деген шылтоо менен чыр баштап анан бир-эки сыйра кийимин колтуктап, кабагын карыш салып келинчегинин алдына келет:

– Кеттим… Токойдо жашап-иштейм, –  деп күңк-мыңк сүйлөнүп жөнөөгө камынат.

– Токоюңдун каеринде? Дайын-дарегиңди айтып кетпейсиңби… – дейт анысы да тоотпогонсуп.

– Аякта көчө болмок беле! Дайын дарегим – Токой! – деп күрсүлдөп чыгып кетет.

Жубайы да өчөшүп артынан “издөө” салбайт.

Айлантып алты ай өткөрүп атакеси кече эртең менен “каркырадай кайтып келиптир”. Арып-ачып келсе үйү бек. Кыздары го белгилүү, мектепте. Аялы кайда? Коңшуларынан сурайт. Сүйлөшүп алышкансып жалаң эле кожойкелери чыгышып оозу-мурдун бүлкүлдөтүшүп оңгулуктуу жооп беришпейт. Жакында эле той өткөргөн үйдөгү жаш келин гана үлбүрөп, колу менен жаңсап төрөт үйү жакты көргөзгөнгө араң жарайт.

Төрөт үйүнүн дүпүйгөн багынын арасында көптөн бери көрө элек достору, коңшулары (кожоюндары гана), дагы башка бейтааныштар үймөктөшүп турган жеринен тигини жазылышып, чачырай тосуп алышат:

– Охо-хоо! Токойчу! Бешик боо бек болсун!

– Салкын абанын эркеси!

– Кыйынсың кыдыргыч…

– Бу сен астрологсуң го? Кайсыл күнү аялың төрөп, канча күндөн кийин, саат канчаларда аялыңды чыгарарын билген! – дешип бажылдашып, бажакташып “токойдон узакка келбей койгон” мырзаны көкүрөктөрүнө сыга бирден кучакташат.

– Түшүнбөдүм… Менин аялым минеге төрөйт? – жана эле жайдаңдап келаткан “токойчу” жүзүн өзгөртүп, обу жок тамашалашып жатат дегенсип, аларга жактырбаган түр көрсөтүп четке жылып, бөйрөгүн таянып туруп калат.

– Эй, сен эмне бу жерге келдиң анда? Дөөдүрөбөчү! Сенин аялың төрөбөгөндө менин аялым төрөптүрбү? – деп көзүн алайтат, мурда классташ, кийин курсташ, азыр кошуна болуп жашаган эң жакыны.

– Токтоткулачы! – деп бакырат, эки жакка басып. – Мен токойдо 6 ай жүрдүм, иш деп! Кетип жатканда аялымдын боюнда 3 ай болуш керек эле да, анда… Эчтемкеси билинчү эмес. Токсикозу да. Анан кандайча? – деп нымшыган чекесин аарчыйт.

Ак халатын, чечип жанындагы мөмөсү бышып турган малинанын үстүнө коюп койгон, колуна шарап куюлган чөйчөк кармап турган төрөт үйүнүн башкы дарыгери кызара туталанып, мушташууга даяр турган кыймыл-аракет көргөзүп, айлананы жаңыртат :

– Сен, эй! Уяты жок десе… Алжактан Кудай ура турган немеге айланып келгенсиңби?! Бала сөзсүз эле тогуз айлык болуп төрөлүш керекпи!? Аялыңдын боюнда бир айлык учурунда калыптыр. Сен деген алты ай жоголдуң… Ошондо жети айбы? Балаң жети айлык болуп төрөлдү. Текшердик, ден-соолугу чыйрак, кадимки тогуз айлык баладай. Кайра жалынып, көзүбүздү карагандын ордуна керсеңдеп бизди кекетесиң, келесоо десе… Мендей акушерлерге да убал жок! Гипократтын анты урсун, эгер сөзүмө турбасам! Үйүмө алып кетип калам балаңды, сен бала кылбасаң мен бала кылып алам! Уулум жок эле…

– Уул? Уулбу? Уул бекен? Кечиргиле, сөзүмдү кайра алдым… Жанале уул дебейсиңерби… Айланайындар, жаңылсам кечиргиле! Түшүмбү же өңүмбү? Апам уктубу? – деп “токойчу” акылдан адашкансып ойду-тоону сүйлөп карбаластап кирет. Эсине келе калып шап дарыгердин моюнуна асылып өпкүлөп, анан тигил коңшуларын, жолдошторунун бирин калтырбайт. Аягында актана баштайт.

Токойчу  эле эми “маскарапозго айланып кетпесин” деген тымызын ойго бирдей чуулганып алышкансып беркилердин ачуу, жиндери заматта таркап кетет.

Шарап мелтиреп толгон чөйчөктү колуна карматышат. “Төрөлүү майрамы” эми күчүнө киргенсип уланат. “Токойчу” уулун көрбөй жатып эле чөнтөгүнөн тутамдап акча сууруп чыгып, куттуу кабар айткандарга бөйпөлөктөп сүйүнчү, көрүндүк таратат. Анысы аз болгонсуп төрөт үйүнүн “чоң атасы” аталган башкы дарыгерге тирүү карышкыр, өтө жакын кошунасына тирүү аюу, калгандарына түлкү, аркар-кулжаларды токойдон жетелеп келип берээрин жарыялайт. Жарыясын бышыктайт, “сөз эле дебегиле, бирден жетелеп келип карматам, эгер айтканыма турбасам…” деп карганып да жиберет. Уул жана уул аркылуу “Баалуу байлыктарга” ээ болушканы үчүн топтошкон мырзалар чөйчөктөрдү бошотушат.

Дагы бир сыйра шараптан толтуруп куюп чыккан досу өзү сөз алат:

– Тилибизди ук эми. Келбесең эмне кылат элек? Эмне кылып алат элек? Келинчегиңди өксүтпөйлү, сени жоктотпойлу деп… Жоро-жолдошторуң минтип чогулдук, чыгарып кетиш үчүн. Ушунча болду, азыр эле, биротоло уулуңдун ысымын коёбуз. Эгер макул болбосоң карышкыр, түлкү, аюуларыңды албайбыз, дос! – деп жанындагыларга карайт, силер да коштогула дегенсип.

– Маселенин маңызы туура…

– Кетем десең кетип, келем десең келип… Чыныгы эркиндик сенде болду. Азыр эркиндик бербейби-ииз…

– Карт жигит болуп кырк бешке чыкканда уулду болсоң, бирок сенден мурун уулуңдун мурдун биз өпсөк… Анан ысымын биз койбогондо ким коёт? Акыбыз аттын башындай! – дешет.

Бат эле мас болуп калган атаке терисине батпай:

– Каалашыңарча, каалашыңарча… Жаны аман болсо болду. Керек болсо онуңар он ысым таап метрикасына жаздырып койгула. Уруксат бербедимби, жан биргелерим! – деп жаш баладай так секирип токтобойт.

– Атасы келген күнү төрөлдү, Келдибек коёлу, – дейт бирөөсү.

– Согуштан келиптирби, келсе досубуз токойдон келди да. Элибиздин асыл уулдарынан болсун, Асыл деп коёбуз.

– Таптым, таптым! Энесинин этегинен түшөр менен атасын баш кылып, башкы врачты төш кылып, аяш аталарын ушул куттуу жерге чакырып алды, Чакырчак коёбуз, – дешип ар кимиси бөбөктүн ысымын койгонго аракеттенишет.

– Тамашаны токтотолу, туугандар, ысым коюлуп жатат, – дейт салабаттуу тартып, “тирүү карышкырлуу” башкы дарыгер.

– Жарайт, жарайт, тартипти сактайлы.

– Жигитти көп күнөөлөбөйлү. Жашыл тоолорду “мекендеп” келди, ал жакка кетпесе уулу төрөлгөнчө чыдабай, чыдамы кетмек. Ырас эле кылыптыр. Эми жаркырап-жайнап жаныбызда. Анысын аңдабай менин аялым туталанат, өзүнүн күйөөсү башка бирөөгө кетип калгансып. А дейбизби, бу дейбизби… Буга чейин эч нерсе сезбесе, досубуз. Жүрсө, арча-кайыңдын арасында. Келсе эле көксөгөн уулу белен. Ошон үчүн ысымы Белен болсун! Илимий  жактан алганда да бул ысымда ийгиликтердин, жакшылыктардын баары жолунда даяр турсун, белен турсун деген тилек жашырылган. Колдойсуңар деген ойдомун. – Турган турпаты менен аксөөк кошунасынын ушул сунушу баарына жагат. Илимге байланыштырып жибербедиби.

– Зап кана таптың да!

– Белен – атасы менен биздин эле уул эмес, элдин уулу болсун!

– Ма-ма… Макулмун секеттерим! Макулмун, айланайындар! – Белендин атакеси эки колун өйдө көтөрүп, көзүн жумуп, буттарын тыбыратып астейдил тегерене баштайт: – Мага музыка! Музыка гана жетишпей турат! Кайда азыр музыка!? Эми бийлеш гана керек! Вальс, танго, твист, полька, ча-ча-ча…

– Музыкага кечинде бийлейбиз, досум… – деп күлмүңдөйт, жанындагылардын бири.

Аңгыча эле, бөбөктү аярлай көтөргөн ак халатчан айым, аны колтуктап алган алсыз келинчеги жандарына акырын басып келип, катарлай туруп калышат. Өзүнүн денесинин ичинде “жаңырган музыкага” эле тегеренип бийлеп жаткан, татына бөбөктүн атакесине тигил айым назик үн менен кайрылат:

– Токтоңуз токтоңуз эми, уулуңуз менен көрүшүп алыңыз… Бешик бооңуз бек болсун! – деп наристени аярлай алаканына сунат.

Ороо-чулгоодогу “биринчи тукум улоочусу”  абадан эле пайда болуп калгансып, келинчегинин жүзүнө бир бурулуп карап коюу да оюна келбей, кубанычы койнуна батпай “жаштык-мастыктагы” атаке уулун бооруна кыса кучактаган бойдон олтура калып, тура калып аймалап өпкүлөп баштайт. Анан бүкчүйүп бир колун шымынын алдыңкы чөнтөгүнө салат, тигил айымга кыргыз салтын жасап колуна бирдеме карматайын деп. Бирок уулун көрө элек жатып эле “көрүндүк”, “сүйүнчү” деп  болгон акчасын жанында тегеректеп турган жоро-жолдошторуна таратып берип койгон, ысымы да коюлуп калган. Белен аттуу чүрпөнүн атакесинин чөнтөгүнөн бырышкан бет аарчысынан башка эч нерсе чыкпайт.