БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРЕ БӨЛӨКБАЕВА: СҮРӨТЧҮ

АҢГЕМЕ

Кыялдын гана эмес, ар түркүн ой-санаанын да түйшүктөрүнө “баймын”. Бул түйшүктөр мени издейби же өзүм чогултуп үйүп аламбы? Акылым жетпейт. Оюм бириндейт. Дилим бөксөрөт. Мындай учурларым чегинен ашканда кийимдеримдин да оң-тетирисин баамдабай кийип алам. Азыркы абалымдай, чачтарыма да тарак жетпейт.

Угузба, угузба! Эч бир жандын кулагына мындай кабарды угузба! Таланты ташкындаган чоорчу жөнүндө коркунучтуу кабар уктум. Тирүү эле, бирок өлүмүнө камылга көрүп жатышыптыр.

Жашап жаткан адам баласынын жакындап калган өлүмү жөнүндө айтылган кабар – Ааламдагы эң жаман кабар. Эң жаман кабарды уктум. Ылайым эле наристе кезимдеги Нурландыкындай  болсо экен! Анда да жүзүм бозоруп, денем калтырап, аягы жакшылык менен бүттү эле. Ал мындай болгон: ойноочу жерибизге Нурлан келген жок. Башка балдар менен да көрүнбөйт. Чакырып келгени жөнөдүм. Аныкына баратканымда жолдон обочорок жерде топтошкон улуулар сүйлөшүп атышат. Арасындагы Молдо-Аке жанындагыларга:

– Тилден калыптыр. Дем алганы менен көзүн ачпай, эч нерсени сезбей  жатат. Ылайыкташтырып боз үй тиге бергиле, – деди.

– Кимдердин боз үйүн сурайбыз? – деп сурады бириси.

– Өздөрүнүкү да бар. Темирбектикин сурагыла. Ким эле? Узунчу, аныкын алгыла.

– Коюңузчу, ал узун кишиңиз боз үй түгүл бакчасында жаткан ташты да бербейт, – деп беркилер кужулдашты.

Мындан ары сөздөрү дагы уландыбы же токтодубу, белгисиз. Жарым жолдон кайра үйдү көздөй артка бурулдум. Кой сарайыбыздын артындагы далдоо жер гана мага азыр ыңгайлуудай. Чоң кишилер мени менен тең, кичинекей Нурлан жөнүндө айтып жатышкандай болду.  Өлүмдүн каардуу, заардуу экенин анчалык түшүнбөсөм да  балалык  сезимим тыбырчылай туйлап турду. Көзүм алаңдап, өңүм кубарып кетсе керек. Апам кокустан мени көрүп чочуп кетти.

– Эмне бозоруп биерде турасың? Бир балээнин ичинен чыккансың го… Анда ким урду? Чынын айт!

Жооп бербестен бышактадым. Ачуусу келди окшойт. Алаканындагы  “май токочу” менен далыма анча оорутпагандай чаап-чаап ийди.

– Жылан көрүп тилден калгансыйсың да, айтпайсыңбы?

Нурланга атасы: “Кыз менен ойносоң кыз болуп каласың”, – деп мени менен ойногонго тыюу салчу.  Мага апам: “Кыз бала эркек бала менен ойнобойт, көп ойносоң сен дагы  Нурландай бейбаш балага айланасың”, – дечү. Тыюу салышкандарына карайбызбы. Берки балдар кыздарга караганда экөөбүз “тил табышып ” ынтымактуу элек. Мен куурчактарым менен ойногум келсе ал дагы кошулуп ойночу. Ал чыбыкты ат кылып минип алса, мен дагы бир чыбыкка минип жөнөчүмүн.

Кечке жуук жолдо сүйлөшүп аткандар Нурландардын эшигинин алдына боз үй тигишти. Эртеси уйкудан турарым менен ошол жакты карадым. Ак халатчан дарыгерлер жай  баракат чыгып баратышыптыр. Алар кеткенден кийин боз үйдү чече башташты.

Апам мен ойгоно электе эле Нурландардыкына барып келген окшойт. Чачымды өрүп  атканда акырын гана минтип айтты.

– Элдин балдары ойнобогон оюнду таап ойнойсуңар. Колуңар сынып же көзүңөр сокур болуп калса эмне болот?! Нурлан го эр-жигит болот, ага жараша берет. Сен кызсың, сымбаттуу, алты саның бүтүн болуп чоңоюшуң керек. Нурлан тентек болгону үчүн, кече күнү чоң атасы басып баратып эле кулап кетиптир. Турбай жатып калганда дарыгерлер келип араңдан зорго сакайтты. Сен дагы тамдын, тал-дарактын башына чыгып ойногонуңду азайтпасаң мен да сенин чачыңды өрбөй, эркелетпей, сүйлөбөй, жыгылып жатып калам…

Ишенген жокмун! Ах, апалар деле көп нерсени аңдай алышпайт! Кече күнү так ошол тентек Нурлан үчүн алаңдап, кубарып-кумсарып бышактаганымды сезген да жок.

* * *

Ка-ап, Аруунун туулган күнүн куттуктап, карбаластай мастерскаясына жетип барбай эле, телефондон каалоо-тилегимди билдирип койбой… “Баатыр” деген одеколонду сатып алып жөнөгөм. Кар жаап атканда кызыл пальточон болуп чыктым эле. Ага ак пальточон болуп жетип бардым. Куттуктап келгендерин узатып коюп олтурган жерин ирээттегенге киришиптир. Анын жашаган тамы – мастерскаясы, мастерскаясы – тамы. Жашаган, иштеген жери чогуу дегеним. Өчпөс жаратмандыгы бар өнөрлүү жигит. Сүрөтчү. Жеке турмушун айтсам, карт бойдоктордун катарында. Жандаган кыздары көп, түбөлүк бирге жашаганга тандаганы жок.

Аруу үстүмөн пальтомду алып силккенде бир топ кар түштү. Одеколонумду сунуп куттуктадым.

– Балпылдап кар жаап жатат, ызгаар суукта зарыл беле сага куттукташ? –деди аяп.

– Мен куттуктап келбей калган да учурлар болот! – деп жибериптирмин.

– Балким… 19-январда такыр мени таппай калган да мезгил болот. Үшкүрсөңөр, бакырсаңар да табылбайм…

Саамга унчукпай муңая түштүк. Эртеби, кечпи Өмүрдүн аягындагы Өлүм деген нерсе ойго салат тура.

Мен ак сарайдын жертөлөсүндө иштесем, Аруу 5 кабат үйдүн жер төлөсүңдө. Таң калам, мастерскаясы үчүн сүрөтчүлөргө дайыма кычык-кучуктардан, имараттардын эң алдыларынан же эң үстүлөрүнөн (ачык асман алдынан) жай таап берип коюшат. Биздин жертөлөдө да бир сүрөтчү бар, чачын далысына, сакалын төшүнө чейин өстүрүп койгон. Коменданттан баарыбыз тартынып турабыз, ал тартынбайт. Ижара акысын айына төлөп коёт, бүттү. Жыргап жүрө берет, каалашынча, эркин.

Бийик, жапыс тамдардын ичине кирип жүргөнүм менен эки жагына кызыга карабаган адатым бар. Аруунукуна кирдим, өзгөрүлөм. Айнексиз, терезесиз мастерскаясынын босогосунан  төрүнө, түбүнөн төбөсүнө чейин көзүм менен сыдыра карай берем. Кенен эле бир бөлмө. Бир бурчуна 9-10 мык кагып койгон. Кийимдерин жууса ошерге илип кургатат. Чыгармачыл Аруунун иштеп, жашаган жери алаканыма салып эле көтөрүп жүргүм келген, керемет жер. Себеби, барган сайын мени өзүнө жалдыратып караткан бир картинасы бар. Босого жагында илинүү. Картинада: Күн кылкылдап кызарып батып бара жатат. Ташы, чөбү жок ээн талаа менен тээ алыста бириндеп, бери көздөй атасы, баласы, апасы басып келатышат. Жөнөкөй, жеңил кийинишкен. Апасы менен баласынын үстү жагы көз тайгылткан көп-көк асман. Атасы жагында андай эмес, ала-була булуттар. Жакшылап байкасак,  булуттар аркылуу чачын жазган татынакай аялзатынын элеси тартылган. Улам-улам карай берем. Апасына өзүмдү окшоштурам. Баласына тилегимдеги, Дээр уулумду. Атасына кимди окшоштурарымды билбейм. Бар бирөө. Бирок үстү жагындагы булут менен тартылган – чачын жазып коё берген сулуудан кызганам.

Туулган күнү болуп, достору менден мурун куттуктап кетсе да Аруунун жүзүндөгү жылдызы өчүңкү экен. Акылы бар жандын баары туулган күнүндө Апасын эстейт да. Аруу 4 жашка чыкканда апасы катуу оорудан каза болуптур. Топ кармап турганда эт-жүрөгү эрий, элжиреп карап турган көз ирмем гана элеси  эсинде сакталып калганын өзү айтып берген.

Аруунун кабагын бүркөө бойдон калтырып кетпейин дедим. Санаалаш, сырдаш дегендин жардамы анан качан керек! Күлкүлүү, кызыктуу окуяларды эбиреп-жебиреп баяндап кирдим. Арасына анча-мынча апыртмаларым да кошулуп кетти. Башталышында угар-укмаксан болуп көңүлсүз олтурду. Акыры, Аруунун салыңкы кабагы жазылды. Куттуктап берген одеколонду колуна алып, тегерете карап, моюн жагына себинип:

– “Баатыр” деген одеколон! Аталышы эле сүрдөтөт. Булчуңдары буркуйган спортсмендер үчүн го. Мага “Арык”, “Илмейген” деген одеколон куп жарашмак, – деди тамашалай.

– Сүрөтчүлөрдүн колдору ичке, илмейип турганы эле дурус. Алдагы ичке колдоруң менен Манас баатырыбызды  дал жаныбызда карап тургандай тарткансың, – деп капталда илинген  “Манас ата” деген картинасын суктана карадым. Ыраазылыгын билдире башын ийкегиледи. Тартынгансып барып оюндагысын айта салды.

– Куттуктап келгениңе чын жүрөктөн алкыш айтам. Одеколонуңа дагы алкыш! Себиндим.  Ачык эле айтайын, бирок одеколондун ордуна боёк алсаң ого бетер кубанмакмын. Негизи эле жазуучулар калем, сүрөтчүлөр боёк алганды жакшы көрүшөт…

– Сүйүктүүңө “Баатырды” себинип барсаң баатырлардын духу жаныңда болот. Өзүң да баатырлардын сүрөтүн көп тартасың. Макул, ырас эскерттиң. Эми туулган күнүңдө жалаң боёкторду берем. Азыр деле кеч эмес, акча бар, таштайм боёгуңа,  – дедим пальтомду карап, акча чөнтөгүндө дегенсип. Көбүнчө бош жүргөн чөнтөгүм айлык алган үчүн толо эле. “Керегине жарайт экенмин” деп сүйүндүм.

Аруу дубалга тизиле коюлган картиналарынын арасынынан жука кара карандаш менен кимдир бирөөнүн элеси түшүрүлгөн портретти алып келип көрсөттү, “иштеп аткан ишим” деп. Жаңы эле тартып баштаса да элеси тааныштай. Бетинин түзүлүшү, солго таралган чачы, кырдач мурду. Тааныдым, элибизге аттын кашкасындай таанымал – чоорчу. Талант (сүрөтчү) – талантты (чоорчуну) тартып аткан экен да!

– Ай-ий, бул атактуу адам! Сага өзү келиптирби? – дедим.

– Билем, атактуулугун. Туугандары бармактай сүрөтүн (3х4) таштап кетишти. Ошондон эле көчүрүп тартып атам.

– Жашы 80ге барып калса керек. Юбилейи белгиленет бекен?

– Юбилей болсо жакшы болмок. Айыккыс оорудан улам төшөктөн баш көтөрбөйт, катуу дешти. Тезирээк бүтүрүп бер деп алып келип беришкен. Бүгүн бейшембиби? Дем алышка чейин тездетишим керек. Камырабаган киши да, даңк-даражасы гүлдөп турганда чыгынып бир портретин тарттырып койбойбу. Айтор… Эмдигиче өзүм деле автопортретимди тарта элек экенмин. Туугандарынын айтымында бул адамдын өлүмү жакындаптыр. Сүрөтү эле калса керек. Көзү өткөндө илгенге даяр болсун деп керек-жарагын да бүт алперишкен. Эргүүм ашып-ташыганынан абстракция тартып жиберип коротуп койдум. Уятымды чыгарбайын деген го, чоорчу жашап жатат.  Аман болгону үчүн туугандары келе элек да. Эртең боёк сатып алсам колумдун учу менен эле портретин аягына чыгарып коём.

Муздун үстүндө жылаңайлак тургандай денемди майда титирөө анан тер басты. Анымды айтпай эле ордумдан туруп жөнөөгө камындым. Жаман абалга түшкөнүмдү Аруу байкады.

– Менде күнөө жок да, досум? – дейт абдан ыңгайсыздана.

– Сенде күнөө жок, досум! Менде дагы. Чоорчуда, туугандарында дагы. Табигаттан пайда болгон боёкторуңдун арасындагы күңүрт, кара  түстөр жашоо-турмушубузда да кездешерине кейип, кыйналып турам. Кете берейинчи…