БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ЖОМОКТОЙМУН, ДҮЙНӨМ ЖОМОК ДАГЫ ЭЛЕ…

Жомок

«Сиз да кичинекейиңизде жомок укчу белеңиз?» — дейт кичинекей кыз Айпери

Топчу сымал, жүрөгүмө кадалган
Жомогум көп, айтып берем өзүңө.
Сендей кезим,
Сендей бир кыз божурап,
Мени кайра, жомок кылчу өзүмө.

* * *
Жомоктоймун…
Дүйнөм жомок — дагы эле…
Дагы деле жомокторду угамын.
Жомок сымал, жаралгансыйм жашоого
Жомок болуп…
Анан бир күн узаймын.
13-август. 1999-жыл.

Кезек

«Таңдын атмагы бир тозок болсо, кайра кечтин кирмеги дагы бир тозок болуп калды…» — деди зээни кейип бир карыя

Бир сулуунун жыттагыча алкымын,
Көз ирмемде таң аткандыр
Бир кезде…

Даа бир сулуу эркелесе элжиреп,
Сөз айтканча кеч киргендир
Бир кезде…
30-октябрь. 2002-жыл.

Саатым

Чырылдап, чыркырап мени ойготтуң

Агарган таңда ушундай,
Дайыма жалгыз ойгоном,
Саатым!

* * *
Бир жарык жанат,
Караңгы түндө…
Бир караан жашайт
Жүрөктө…
5-февраль. 2002-жыл.

Майрам

Куттуктоолордон толкунданып турганым менен…

Рахмат, баарыңарга!
Жакшы сөз кандай белек!?
Анткен менен…
Күз эле…
Аял эле…
Карданган көздөрүнөн
Жаратым айыга элек…

Бул көзүм, билбейсиздер…
Көп санаа тагынганын,
Көбүнөн көңүл калып,
Көптөрдү сагынганын…
8-Март. 2000-жыл.

Балалык

Асманда кооз чымчык учуп жүргөн. Тигил чымчыктын эки канатына эки колум окшошуп турбайбы, мен дагы колдорумду каккыласам учат болушум керек деген, өзүмдөй кичинекей оюм менен эч кимге көрүнбөй, Абдыкайым атанын эски үйүнүн бийик дубалын көздөй чуркадым. Тырмалап дубалдын кырына чыктым да, чымчыкты туурап колдорумду каккылап көктү карай секирдим. Эсиме келсем, мурдумдан кан куюлуп, топуракка аралашып жерде жатыпмын…

Көктө гана сызгым келген анда мен,
Паренделер, силер менен жарыша.

Көк көпөлөк, жетпей калгам артыңдан,
Күндөн бийик, учуп кеттиң алыска.

Балаңардай туюлчу эле булуттар,
Мен ойногон тай атамдын ак сакалы.

Окшоштургам, бетиңдеги караанга, Ай,
Эки чака суу көтөргөн апамды.
15-июль. 1999-жыл.

Коён

Мен жокто союлуп калыптыр

Туулдуң эле жазда,
Өмүрүң төрт ай экен.
Тор темир үйүң эле,
Калыптыр ичи бошоп…
Чыныдагы сууң ичилбей,
Тоголонуп жатат сабизиң…

* * *
Боз коён, сенин
Казанда бышты этиң,
Баккан элем,
Кантип жейм?

Сулуулук менен ишенич
Айланбайт тамакка,
Азапка гана, азапка…
10-июль. 1997-жыл.

Ак

Даражасы-даңкы бийиктердин кызматына караганда, кийим-кече, чач-кирпигинен бери ундун кыпындары каптаган, жонуна ун ташып, көтөрүп иштеген жигиттин кызматын мен бүгүн жогору бааладым…

Ундай ак болбосом да…
Бүт аалам дилин кошуп,
Жуурулгандай болдум жанында,
Ундай аппак…

Ак… Ак… Ак… Ак…
Ыйыктын баары аппак,
Тазалар дагы аппак…

Экөөбүздү:
Ак-босого тосуп алып,
Ак-сүтүн берген эне
Ак-жоолук салса мага.
Жайылса
Ак-дасторкон,
Ак-нанга толуп үстү.
Ак-пейил жандар келип,
Ак-тилек айтып жатса.
Ак-сакал ата баштап,
Ак-бата берсе бизге.
Ак-сүйүү бекем болуп,
Ак-нике ажырабай.
Төрөлүп наристелер,
Бөлөсөк ак-бешикке!

Ак… Ак… Ак… Ак…
Айланып барам, Акка…
23-апрель. 2002-жыл.