ЖАПИЕВ Жылкычы: ЖЫЛКЫЧЫ ЖАПИЕВ: КАЛПТАР

Балдар адабияты

Таштан тарамыш кестим,
Кумдан аркан эштим.
Китти минип, мухитте сүздүм,
Акула менен жарышка түштүм.
Секирип Айга жеттим,
Айдан Марска аттап кеттим.
Марстан селкинчек тептим,
Асманга эгин септим.
Түшүмү мыкты болду,
Жылдыздардагы кампам толду.

* * *
Ысык-Көлгө кайырмак салдым,
Алтын балык кармап алдым.
Адамча сүйлөп: – Коё бер, – деди,
– Аткарамын кааласаң нени?
Балыкты кайра сууга салдым,
Үч күн өтүп, көл жээкке бардым.
Кечке күттүм, келбеди балык,
Кеттим үйгө алданып калып.

* * *
Кийизди жерге кийре кактым,
Аюуну көтөрүп чаптым.
Музга ширеңке чактым.
Ашкабактын ичинен
Ат башындай алтын таптым.
Күрөшкөндө пилди жеңген
Кумурскага орден тактым.

* * *
Азоо көпөлөктү минип алдым,
Көкөлөп учуп, тилин билип алдым.
Көк гүлдүү көйнөгүмдү алмашып,
Эки кооз канатын кийип алдым.
Чычкандарга токтобой өтүп,
Чымчыктардын тоюна бардым.
Чиркей менен чүкө атышып,
Муйтуп кетип, утулуп калдым.

* * *
Тоодо токой өрттөндү,
Ошол өрттү ким көрдү?
Алты чака суу алып,
Аюу келди майпаңдап.
Эки чака суу менен
Элик келди тайтаңдап.
Жарты тамчы суусу жок,
Күкүк жүрдү кайпаңдап.
Аары келди ызылдап,
Чычкан жүрөт тызылдап.
Сууну ташып тынымсыз,
Суур чарчаптыр кышылдап.
Бөрү менен кашкулак,
Чоң челекти колдошуп,
Баары жүрдү токойду
Өрттөн сактап, коргошуп.
Мен да чуркап келгенмин,
Кудук казып бергенмин.

* * *
Мышыкка тамга үйрөттүм,
Күчүгүмдү сүйлөттүм.
Кызыл, жашыл шарларды,
Балыктарга үйлөттүм.

* * *
Миндим Күндүн желесин,
Аштым Айдын белесин.
Ай бетине толтура
Тарттым Жердин элесин.
Айдагылар сурады:
– Кайра качан келесиң?

* * *
Желмогуздан качып экөөбүз тең,
Төштүк менен жер түбүнө түшкөнмүн мен.
Кожожашка сур эчкини кармап бергем,
Жаңыл Мырзага жолборсту байлап бергем.
Алты арстанды үстөгү деп айдап келгем.

* * *
Келгиле, балдар, келгиле,
Бир кызыкты көргүлө:
Улак менен карышкыр
Чана сүйрөп алыптыр.
Муз аянтка конькичен
Музоо, аюу барыптыр.
Бий жарышта бардыгын
Кирпи утуп салыптыр.
Жалгыз коньки байланып,
Төө жыгылып калыптыр.

* * *
Көп балыктар токойдо
Терип жүрөт бүлдүркөн.
Мышык минип корозду,
Көргөндөрдөрдү күлдүргөн.

Эки короо бөрүнү
Эчки жүрөт кайтарып.
Эликтер кууйт мергенди,
Эминесин айталык!

Кол ойнотуп, күү чертет
Тыйын чычкан комузда.
Чимирилет ийиктей
Бийге түшүп коңуз да.

Ат баратат теминип,
Минип алып адамды,
Үлүл чагат тынбастан,
Шакылдатып бадамды.

Пилдер конуп бутакка,
Кубулжута сайрашты.
Көп эшектер дөңгөчтү
Арабадай айдашты.

Күкүк басат жумуртка,
Козголбостон ордунан.
Түшүмбү же өңүмбү?
Түшүнө албай олтурам…

* * *
Кой койчуларды кайтарып жүрөт,
Иттер сайрап, торгойлор үрөт.
Турна жип ийрип,
Чычкан тор түйөт.
Көл алоолоп күйөт,
Куйругу жок түлкүнү көрүп,
Кумурска карс-карс күлөт.