ҮМҮТ КУЛТАЕВА: ТОКТОСУН САМУДИНОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТРИГОНОМЕТРИЯСЫ

(биринчи макала)

Макаланын аталышын анын ички мазмуну талап кыларын алдын ала айтууга туура келет. Анткени жандуу-жансыз жаратылыштын ички байланыштары бу дүйнөнүн кынтыксыз бүтүндүгүн (системасын) жаратканы белгилүү го. Ушул мыйзам ченем биз сөз кылчу таланттуу калемгер Токтосун Самудиновдун чыгармачылыгына да таандык.

Ал адегенде адабий коомчулукка лирик акын катары таанылган, кийинчерээк калемдештерине жазган арноолору пародиянын деңгээлине көтөрүлүп, кыргыз адабиятындагы “пародиянын падышасы”1 аталса, өмүрүнүн 35 жашынан тарта жарым кылымга тете убакыт “Байчечекей” журналын перзентиндей бапестеп, кыйын кезеңде аман сактап, балдар жазуучусу катары өз мектебин түзүүгө жетишти.

Адатта, мындай чыгармачылыгы ар тараптуу калемгерге баа берүүдө анын бир же эки жанрдагы чеберчилиги баса белгиленип, чыгармачылыгынын башка жактары анын далдаасында калат. Айталы, А.Осмонов – акын жана котормочу, Т.Касымбеков – тарыхый романист, Б.Жакиев – драматург дейбиз. Ал эми Т.Самудиновдун чыгармачылыгына келгенде мындай салтты колдонууга болбойт. Анткени анын чыгармачылыгынын үч тарабы өз ара бири-бири менен байланышта жана багыныңкы абалда тургандыктан, ага тригонометриянын ички табияты аркылуу мамиле жасаганыбыз оң.

Тригонометрия – грек тилинде τρίγωνον, которгондо «тригонон» – үч бурчтук жана μετρέω, которгондо «метрезис» – өлчөйм) – үч бурчтуктардын жактары менен бурчтарынын ортосундагы бири-бири менен болгон багыныңкы байланыштарды изилдөөчү математикалык илим. ХVIII кылымдан бери математикалык анализде, физикада, химияда, техникада, фонетикада колдонулуп келген тригонометриянын функцияларын адабиятта да колдонууга мезгил жеткендигин сыртынан жөпжөнөкөй, бирок ички руханий табылгалары жаратмандыктын “татаал формулаларынан” турган Токтосун Самудиновдун чыгармачылыгынын эволюциясы далилдей алат. Анткени эгерде тригонометриянын бир салаасы “үч бурчтуктун жактары менен бурчтарынын арасындагы катышты үйрөтүүчү” прикладдык илим болсо, Т.Самудиновдун чыгармачылыгы да үч тараптуу көркөм-эстетикалык өнөрдүн бирин бири шарттаган гармониясын түзөт:

  1. Т.Самудинов – лирик акын.
  2. Т.Самудинов – пародист жана юморист.
  3. Т.Самудинов – балдар акыны жана балдар поэзиясында жеке “Самудиновдук мектепти” негиздеген калемгер.

Т.Самудиновдун акындык чеберчилиги

(өмүр баяндык ырлардан философиялык лирикага)

Акындын балдар адабиятындагы ийгилиги дароо эле асмандан түшкөндөй жарала койгон жок. Т.Самудиновдун балдар ырлары «басыгын» жай баштап, 1971-жылы жарык көргөн «Тоолор гана көрүшпөйт» жыйнагынан анын балдар адабиятындагы «мектебине» чейинки сапары узак жана түйшүктүү болгонун түшүнгөн түшүнөтАнткени университетти бүткөн, 23 жашынан, алгачкы эмгек жолун Чернышевский (азыр К.Баялинов атындагы) атындагы китепкананын редакция бөлүмүндө редактор, андан кийин республикалык телерадиокомитетинин редактору болуп иштөөдөн баштаган калемгер, олтурганда ээрге түз олтуруп, сөздүн кунун баалоого башынан каныккан. Анын ырлары сабаттуу жазылат жана анын “Өзүм жөнүндө” ырынан байкалгандай, ал өзүнө-өзү сын көз менен карай билген, интелектуалдык деңгээли жогору калемгер:

Көп ирет жаңылыштык кетет менден,
Көп ирет адашамын чыйырыман.
Өзүмө өз колуман камчы тийип,
Намысым күлүп турат мыйыгынан.

Тагдырдын мага берген озуйпасы:
Деңиздей толкун издейм үй ичинен.
Сөздөрдү сылап билем соорусунан
Сөздөрдү кармап көрөм мүйүзүнөн!

Улуу сөз алдындагы жоопкерчиликти сезүү, сөз менен иштөө – Самудиновдун жеке стихиясы, өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы. Бул биринчи фактор болсо, экинчиден ал 50-жылдардын экинчи жарымынан Алыкулдун баркы билинип, балдар адабиятында А.Кыдыровдун бала пейил ырларынан башталган ички мазмундук жаңыланууну 60-жылдардын башында Т.Кожомбердиевдин «Көлчүктөгү айы» коштоп келаткан кичинекейлердин “кыймылдагы эстетикасынын” сапаттык өнүгүү деңгээлинин “күрөө тамырын” кармай билген. Үчүнчүдөн, 40-жылдары согуштун алды-артында туулуп, балалыгы согуштун апаат күндөрүнө туш келген бир муун калемгер (Ч.Айтматов баштаган К.Акматов, М.Гапаров, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов ж.б.) балалык менен эрте коштошуп, адамдык улуу турмушка да эрте аралашып, жамандык менен жакшылыкты бала кезинен ылгап калгандыктан,  алар  адабиятка башкача даярдык менен келишти. Аны акын “1941-жылы туулган курбалдаштарыма” аттуу ырында ачык айтат:

Болбойт эле “бала” деп аталышка,
Ак-караны тааныдык биз эртелеп.
Кан майдандан кайтпаган Ата-Журтка
Атабызды ойлосок, ич өрттөнөт.

Ойдо турду: “буудайды орушалы…”
Ойдо турду колкабыш ар бир ишке.
Балалыкка жаңылды согуш огу,
Ал жараты түбөлүк калды бизде.

Көптү үйрөндүк келгендей кылым басып,
Тилек жашайт: бейкапар өссүн бөбөк.
Ойноп жатса балдарың чурулдашып,
Алар менен кошо ойноп кеткиң келет.

Ошол “балалыкка жаңылган согуш огу” калемгерди бала дүйнөсүнө кызыктырып, ага аяр баам салдырып, анын “түбөлүккө айыкпаган жараты” түбөлүк издентти белем, акын балдар адабиятындагы жаңы табылгаларына али чекит коё элек.

Балалыктын бактысына тойбой калган бул муун курбалдаш гана эмес, тагдырлаш болгондуктан (аталары согушка кеткен, энелери эрте көз жумган же башка турмуш куруп кеткен), ата-энеге болгон кусалык аларды жан-дүйнөнүн катарсисине мезгилсиз дуушар кылды. Натыйжада булардын чыгармалары олуттуу да, маанилүү да, жаркын да.

Атага болгон кусалыктан Т.Самудинов да кур эмес. Атасы согушка кеткенде курсакта калган уулдун аң-сезиминде өмүр бою ата темасы армандуу аздек менен ырдалып келет (атайын ыр түрмөктөрү бар). Ушунун өзү акынды ырдын формасы эмес, анын ички мазмуну жөнүндө ойлонууга жетелеген. Бул анын атасынын атынан сүйлөгөн “Акыркы сөз” (согуш  курманы − атамдын монологу) аттуу ырынан  ачык байкалат:

Ата журтум, мени узаттың майданга,
Ак-карага өзүң калыс боло көр.
Согуш деген кан күйгөн жер кырылыш,
Кайтуу, кайтпас буйрук иши – тобокел.

Дал ошондой кагылыштын биринде,
Алааматта тирүү жандан түңүлткөн.
Жарагымды тагып барып жан бердим,
Бейитиме достор башын ийишкен.

Жүрөгүмө уючу эле көп максат,
Үлгүрбөдүм, умтулдумбу кечирээк?
Анткен менен эң акыркы бир сөзүм:
Ок жаңылган аркам эмес көкүрөк…[1]

Псков шаарына жакын жерде окко төшүн тосуп, баатырларча курман болгон атасы жөнүндөгү акындын монологун окурман каңырыгы түтөбөй окуй албайт. Ырды окуганда бир жагынан мекен үчүн айыпсыз кырчын өмүрү кыйылган жаш жигит көзгө элестесе, экинчиден, атага болгон баланын сагынычы, кусалыгы, арманы-сыймыгы аралашкан дил оорусу  көңүлдү тепчип өтөт.

Акындык чыгармачылыктын салттуу жолун улап, Т.Самудинов алгачкы ырларын лирикалык маанайда, өмүр баяндык мазмунда жазды. Алгачкы ырларынан курбалдаш калемгерлерден көп деле аша тапкан табылгалары байкалбайт. Кадимки сезим ырларында балалыкка кайрылуу, мекенге болгон жылуу сезимди ырга кошуу бар:

Бешигим – Беш-Көөрүгүм
Талаага күнүң батат
Кулунуң акын чалыш
Сага арнап ырын жазат –

деп келип, ал күндөрүн таенесиз элестете албайт:

Анакей эки караан
Калышты көлгө жетип,
Таенемдин капталында
Баратам эрбең этип[2].

Бирок, таенеге болгон мээрим жана таененин балага болгон мээрими кийинки жыйнагында көптүн арасындагы ырлардан айырмаланат:

Карысаң да пейилиң,
Жаш жааган кардай таза эле.
Дүйнөдө ар бир балага
Өзүңдөй болсун ата-эне.

Ата-энесинин ролун аткарган таенесине болгон дал ушул куттай көлкүгөн ыраазычылыгы Т.Самудиновдун балдар акыны катары сүрөткерлик чеберчилигинин башаты сыяктанат. Анткени көркөм жалпылоо бир үйдүн алкагынан чыгып, бүтүндөй (дүйнөдө ар бир балага) балалык куракта ата-эненин мээрими канчалык маанилүү экени кыйыр жана кылдат берилген.

Мекен темасы Т.Самудиновдун көркөм интерпретациясында куру декларативдүү жалынуу, сүйүү сөздөрүнөн оолак. Ата-Журттун ыйыктыгын анын алдындагы жеке адамдык алсыздык аркылуу туюндурат. Натыйжада “генийликтин белгиси − жөнөкөйлүк” (Белинский) сыяктуу, адамдык алсыздык аркылуу мекендин баркы-баасы кол жеткис, ой жеткис бийиктикке көтөрүлө түшөт:

Күзгү токой чер дагы
Жалын болуп албырат.
Туулган жердин мен дагы,
Бутагында жалбырак.

Жөнөкөйлүк акындын ыр жазуудагы күчтүү куралы. Т.Самудиновдун поэзиядагы чеберчилиги жөнөкөй сөздөрдү олуттуу мааниге кызмат жасата билгенинде. Айталы, ал мекен темасындагы ырларында салтанаттуу ода сөздөрдү колдонбойт, тек гана анын улуулугун сезүүнүн үлгүсүн берет, Ата-Журтка кызмат кылуунун жоопкерчилиги аркылуу аны даңктоону жактырат. Бул маселеде анын өзүнүн жеке көз карашы, позициясы бар.

Сүрөтүн толук тартууга,
Сөз жетпейт экен кантели?
Мекенди сүйүү жетишсиз,
Сүйгөндөй болсун ал сени.

Ырдын мазмунунда кулпуланып турган контексттик маани – адам мекенди эмес, мекендин адамды сүйүшү оңой нерсеби? Албетте, кыйын… Ага бир адамдын өмүрү жетиши да, жетпеши да мүмкүн. А бирок, ырдын мааниси дээринде бар адамдын намысына камчы чабуу мүмкүндүгүнө ээ.

Акындын “Тоолор гана көрүшпөйт” (1971) ырлар жыйнагында өзүн-өзү издеген этапта турса, кийинки “Салам кат” (1974), “Ат чабыш” (1976), «Мээр чөп» (1979), “Алтын сырга” (1981), “Жашынмак” (1984), “Бешик ыры”  (1986), “Кол чатыр” (1989), “Чаң баспасын сөздөрдү” (1991), “Сүзөнөөк ырлар же 101 пародия” (1998), «Тандамал» (2003), «Ар бакчадан бирден гүл» (2012), чыгармаларынын эки томдугун түзгөн “Чаң баспасын сөздөрду”, “Айтылбай турган сөз эле” (2016) жыйнактарын карап чыккан окурман анын улам сапаттан сапатка көтөрүлүп, жөнөкөй сезим ырлары философиялык ойлордун масштабына көтөрүлгөнүн байкай алат.

Жогоруда көрүнүп тургандай, Т.Самудинов жыл сайын жыйнак чыгарчулардан эмес. Ал поэзия деген аруу дүйнөгө жоопкерчилик менен караган калемгер. Ошондуктан да ал 2003-жылы чыгарган “Талдамал” жыйнагынын алгачкы барагын акын Андрей Вознесенскийдин:

Обязанность стиха
быть органом стыда −

деген сөзү менен ачты. Бул бекеринен эмес. Уят, адеп маселеси Т.Самудиновдун чыгармачылыгынын негизги нравалык кредосу. Ошондуктан ал ырында гана эмес берген интервьюларында да “Жигиттер! Жигиттикти сыйлагыла, Аялды гүл менен да урбагыла” — деген чакырык таштап келет. Дал ушул касиет анын балдар адабиятындагы чыгармачылыгын көрктөндүргөн анын негизги руханий “булагы” дегенге негиз бар. Анткени балдарга арналган ар бир сөздүн маанисинде тарбия болууга тийиш экенин калемгер жон териси менен сезип турат. Ошол эле учурда акындын ички адеби көркөм сөз искусствосунда өз принцибин ачык аныктоого негиз болгону анын “Мен дайым” аттуу ырынан ачык көрүнөт:

Кол созбойм, колум жетпес бийиктерге,
Теңелбейм, буудандарга, күлүктөргө.
Учсам деп көктү карап талпынбаймын,
Буттарым турат дайым тийип жерге.

Эзелтен айыбы жок эч жеринде,
Алоолоп жанып турган көк теңирде.
Ааламдын күнүн жазбай, нурду жазам
Ойногон сулуулардын көздөрүндө.

Акын 30 жашында эле өзүн токтоо кармап, айрым акындардай көбүрүп-жабырып эргиген жок. Жан шерик лирикасы менен ичтен сырдашып, кандай темада жазса да, анын ырларынан топуктуу, ойлуу, санаалуу маанай менен жоопкерчиликти сезүүнүн ички добушу угулуп турат. Айрыкча калемгердин мекен алдындагы милдет-парызды сезүү адеби тарбиялык касиетке ээ:

Кубатым кумурскабы, чегирткеби?
Биле албайм. Бирок, күтөт көп иш мени.
Максаттын бели жатат көк мелжиген
Бийик үч, кыялымдын көгүчкөнү!

Аркалап көтөрбөсөм мекен жүгүн,
Ким үчүн кашык кармар эсендигим.
Милдетим бал уйкумдан чочутпаса,
Ал менин байкуштугум, бечелдигим.

Отуз жаш… Келиптирмин баралыма,
Ойлосом кар да жаайт кабагыма,
Түшөйүн бир жагына таразанын,
Не салам а экинчи табагына?

Таразанын экинчи табагына салчу рух казынанын оор салмагын Т.Самудинов кум ичинен алтын издегендей издеди. Изденүү аны түпсүз ойго салып, лирикалык ырлары улам барган сайын философиялык мазмунга умтулуп олтурду. Ал жеке сезим, пенделик тиричиликтен эрте оолактап, адам жана табият байланышын бийиктен тиктеп, ал байланыштарды жашоо, өмүр, максат, тилек түшүнүктөрү менен синтездөө чеберчилигине жетишти. Ошондо да анын ырлары адамды мазмундуу жашоого чакырууну унутта калтырган жок.

Бир күндүк жаратылыш көрүнүшү – аткан таң менен баткан күндү сыланган жаш сулуу менен муңайган карыга салыштыруунун ички кубаты бүтүндөй өмүрдү камтып, ырда көркөм чагылган дүйнө байланыштарынын бир эле мезгилде гармониялуу да, карама-каршылыктуу да диалектикасы окурманды ойго салат:

Таңда дүйнө сулууга окшойт сыланган,
Күн батарда карыга окшойт муңайган.
Өткөн өмүр, өткөн күндүн белгиси –
Ар бир үйдөн жылт деп күйөт чырагдан.

Тирүүлүктүн эзелки бир шарты да –
Күздө кайтат турна менен каркыра.
Жазда кайра учуп келет кубантып,
Күндөр гана кайрылышпайт артына.

Оңой айтпа: Таң атат да, кеч кирет,
Бир иш бүтпөй күндө бекер өттү, − деп.
Бекер өткөн күндөр болбойт эч качан,
Алар менен кошо кетет көп тилек.

Атаганат, ушундай ойго канык лириканын эстетикалык наркын сезген окурман болсо, аны элге жеткирип барк-баасын түшүндүргөн идеологиялык механизм болсо, азыркы муун мындан таза, мындан адептүү, мындан мазмундуу, мындан маданияттуу жашап, коом таза болор беле деген санаалуу маанай жаралат. Тилекке каршы, акындын философиялык акыл-туюмга карк болгон не бир сонун табылгалары өз баасын албай келет.

Акындын төрт гана саптан турган лирикалары бар. Муну менен ал жаш калемгерлерге көркөм-эстетикалык табылга узун сөздө эмес, “таланттын сиңдиси – кыскалыкта” экенин эскерткендей. Ал лирикаларында өзгөчө формаларды деле издебейт. Аны дайыма чыгарманын мааниси, нравалык салмагы кызыктырат. Ал эмес өтө олуттуу ойлорун салттуу 7-8 муун менен берет. Бирок андан чыгарманын нарк-насили төмөндөбөйт. Буга “Парадокс” аттуу төмөнкү ыры далил боло алат:

Өкүн, мейли өкүнбө,
Өмүрүңө кеч кирет.
ТөрӨЛҮҮнүн өзүндө
“Өлүү” деген сөз жүрөт.

Өмүр-өлүм жөнүндө кимдер жазбаган. Анткени менен жашоонун эки полюсун, анын ортосундагы не бир укмуш татаал ойлордун гаммасын жогорудагыдай кыска төрт сапка сыйдыруу чеберчиликтин үлгүсү эмеспи. Ушундай эле төрт гана саптан турган “Күзгү санаа” аттуу ырын караңыз:

Күзгү суук – алды жак,
Сен жашыл жаз алыссың.
Учкан сары жалбырак –
Күнгө жазган арыз-муң.

Акын жаратылышты мыйзамын сүрөттөп жатабы же адам өмүрүнүн күзүн айтып жатабы? Суроого окурман ойлонуп жооп берүүгө тийиш. Анткени бул төрт сап олуттуу орошон ойлордун саркындысы.

Акындын ушул багытта жазылган айрым ойлору кадимки макал-ылакапка айлануу мүмкүндүгө ээ. Бул пикирге анын “Эгер…” аттуу төрт сабы далил боло алат:

Көзсүздүн көзсүздүгү эч нерсе эмес,
Жаныңда – көздүү болсо…
Эссиздин эссиздиги эч нерсе эмес,
Жаныңда – эстүү болсо…

Акындагы мындай ойчулдук анын чыгармачылык тригонометриясындагы “үч бурчтуктун калган эки жагынын” ортосундагы байланыштын ички сырын шарттап турат. Ал тууралуу кийинки макалада сөз кылалы.

1 Караңыз: Бакиров К. Пародиялардын падышасы. // Эркин Тоо, 2008, № 73, 3-октябрь. – 20-б.

[1] Самудинов Т.Атамды көргөн өлбөсүн поэмасынан / Китепте: Мээр чөп. Ф,.!979. -139-б.

[2] Самудинов Т.  /

Комментарий калтырыңыз