НУРАЛЫ КАПАРОВДУН «БОРГУЛ» ПОВЕСТИ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ

  • 29.03.2024
  • 4450

Адатта күчтүү чыгарма окуганда ким болбосун ошол чыгарманын ичине сүңгүп кирип,  каармандары менен кошо жашап калат адам,  алар ызаланса кошо ызаланып, күлсө кошо күлүп,  эгерим көрбөгөн, билбеген чыгарманын каармандары жаны бирге жакыныңа же жок эле дегенде өң таанышыңа айланат.

Көптөн бери тили көөнө кыргызча кудум чоң атам-энемдей, атам-арамдай илгерки карыялар сүйлөгөндөй кулактын кужурун кандырган жаңы чыгарма окубаганга, Нуралы агайдын “Боргул” повестин окуп чыгып,  ырахатка баттым.  Окурмандарга Нуралы агайдын “Досума кат” деген китебин окуу буюрсун дээр элем.  Бирок… Ай, таң аай… болгону 500 нуска менен чыгыптыр.   Китепке повесть, аңгеме, эскерүүлөр, поэма жана ырлар топтому кирген.  Кайсынысын окусаң да чериң жазылып, арылап окуган сайын калемгерге сый-урматың артат.

Мен чыгармалардын ичинен “Боргул” повести жөнүндө айткым келди.  Анткени мындан жүз элүү жыл мурдагы тарыхый доорду, ошо кездеги кыргыздын жашоосун, тилин,  дилин, духун, рухун мынчалык таамай келиштире сүрөттөп жазган автор чанда.  Анда эмесе Боргулдун тагдырына,  заманына бир үңүлүп келели…

Адегенде эле чыгарманы окуп баштаганда бейтаныш жигит менен чал, оң тарабы Узун-Агач,  ортосу Чоң-Кемин, сол тарабы Ысык-Көл менен чектешкен үч кошкон жерде жолугуусу сүрөттөлөт.  Экөө алгач дээрлик сүйлөшөйт.   Бейтааныштар эмнени сүйлөшмөк? Айрыкча кыргыз ушундайбыз.  Ары жак, бери жагын айландыра карап туруп эле, ишаарасынан, кыймыл-аракетинен бейтааныштын ким экенин жаземдебей аныктап койгон жагыбыз бар.

“Алдында кер кашка айгырдын омуроосунда да,  соорусунда да жүнүн тескери айланткан эски да, жаңы да ак көбүк тердин изи жок.  Бери дегенде эле бул жерди беш-алты күндөн бери байралып жүргөн кебетеси бар бул карыянын.” Ана эмесе. Азыр ааламдашып баратабыз деп, англча, орусча түш жоруган кыргыз турмак, калаалап кетип, “шаардык” болуп кеткен кыргыздар деле “жүнүн тескери айланткан эски, жаңы тердин изинен” жылкынын канча жол жүргөнүн билебизби? Каяктан… Андан ары учурашып, жигит ортого этти кесип коёт,  карыянын “этти мүлжүңдөбөй кырча тиштеп чайнаганынан “тиши бүтүн экен” деп жигит ичинен ыраазы болуп күбүрөйт”.  Карыянын чаначтан көзү өткөнүн көрүп,  “торсойгон чаначтын оозун дыкаттап кайырып, кош колдоп коомай көтөрүп карыяга сунду эле,  калдайган бүркүт камоодо калган коёнду алгандай, шадылуу колу менен шап илип алып, жеңил-желпи так көтөрүп, чаначтын кайырымын эрдине такап, кылк-кылк жута баштады.”,  “Карыя киндик бою серке чаначтын оозунан кымыз төгүлбөгүдөй кылып өр баштантып жерге койгондо, ортолоп бошогон чаначтын тең жарымы балбырап жерге сулады.  ”

Мынакей, башканы коюп эле жогоруда карыянын эт жегенен али күүлү-күчтүү экенин кыйытып айтып, торсойгон чанач менен бошогон чаначты жазуучу кандай чебер сүрөттөгөнүн караңыз! Бул мисалдарды азыр чанда жолукчу көөнө тилге суктанып атып бердим.  ”Бахх! чиркиндики!” деп, кымыз ичип чаңкоосу канган карыядай, чыгармадагы ар бир сүйлөмдү түгөтө шимире “ичип”,   кана “жеп” окугуң келет адам! Баштан-аяк чыгарманын тили,  акырындап заманбап кыргыз тилине орун берип,  унутулуп, пайдалануудан сүрүлүп бараткан көөнө тилде жазылганы-чыгарманын бир баалуулугу.

Күндөн-күнгө өзгөрүп, бузулуп, азайып, кемип бараткан сөз корубузду оңдоп, түзөп,  толуктаганга Нуралы агайдын чыгармалары миңдин бири! Эмне үчүн? Боргул атанын тагдырына бир үңүлгөн киши айтканымы макул көрөт менимче.  Баш каарманды «ата» деп атырым, жашынын улуулугунан эмес.  Адатта бизде чеки сүйлөбөй, кыйды иш кылбаган оң каармандарды улук көрсөтүп,  идеалдаштырат эмеспи.  Эң туура.  А бирок Боргул атадай акылы алатоо, кекселиги кебез кескен, алганы алгырдай, шумкардай шукшурулган, болгону тайкы тагдыры томолой жетимдикке иниси экөөнү эртелеп таштап койсо, туугандын колунда “куу тумшук жетим” көрсөтүп, ошонун айынан ууру болуп чыкса ал күнөөлүбү?..   Сюжетти алымдын жетишинче айтып өтөйүн.

Нуралы КАПАРОВ: Боргул

… Жүз элүү жыл мурда Боргулдун тагдыры аны он бир жашында уурулукка түрттү.  А кезде жылкы тийип жан багуу кадыресе көрүнүш эле.  Айылындагы атактуу Майкулак жылкы тийип, эл багар эрен коңшу казактын кырк жылкысын айдап келип, тээ төргө жашырып коюп, өзү шегин билгизбей үйүндө жаткан эле. Артынан кууп келген казактар догурайын десе Майкулак үйүндө май чайнап жатат, а киши жарым жыл болсо да жатып, анан качан куугунчунун изи сууганда айылдагы элге айдап келген жылкыларын бөлүп берчү экен.  Мына ошентип куугунчу казактан корунуп үй камагында жатканда, төрөлгөндө энесинин ичинен акылы-эси төп төрөлүп түшкөн, борбую ката элек, болгону он бир жашар Боргул төргө жетип, кырк жылкыны айдап, Чүйдөн Боом аркылуу айдап жүрүп отуруп, жолдон жолугуп, «жалгыз кайда жөнөдүң, балам?» деп шек санаган чоң адамдарга” атам артыман келатат” деп корккон түр көрсөтүп ыйлактап отуруп, Караколдун кан базарына барып,  балаң түшкүр баарын сатып, пулдап алып кайра Сары-Өзөн Чүйүнө кайтат.  Кайтып келип,  тогуз жашар иниси Эргулду ээрчитип, мал айдап Анжиянга барып пулдап, ал жактан кант-чай,  кездеме, мата апкелип Токмоктун базарында сатып, сооданын кумарына кирип күркүрөп байып чыгат.

Жылдар өтүп,  Боргулдун булчуңдары буркуюп, эр азаматка айланат да, шайтан ичине киргенде бар байлыгына алымсынбай, балаң түшкүр байлыкка ансайын азгырыла баштайт.  Тез баюунун жолу-уурулук деп чечип, Анжиянга бир боору Эргулду ээрчитип кетип, үч жыл чамасында ага-ини кайнаган кан базардын аки-чүкүсүнөн өйдө билген,  алчы-таасын жеген ууру болуп чыга келишет.  Ошондо Боргул жыйырмадан эми ашкан кер мурут кези эле. Анжияндын базарындагы капчыктуунун капчыгын кагып, соодагердин акчасын уурдап,  кайра ошо бекер акчага соода оокатын сатып алып, Чүйгө буюм-тайым апкеп сатып, Чүйдөн Анжиянга мал алып барып сатып, ансайын ага-ини оожалып чыгат.

Мына ошентип оңой оокатка көнгөн Боргулдун эми арааны ачылып, алтынга кызыга баштайт.  Жаштыгы  жанып, күчү ташып турган ага-иниге “а-бу” деп акыл айтаар же ата жок, эсине келтирип эпке салчу же эне жок, эми Боргул Анжияндын чок ортосунда күнү-түнү кайтарууда турган казына үйгө кирүүнүн айла-амалын табат.  Тапканы ушу: казына үйдүн дубалына жакын өскөн бак менен жармашып барып, казына үйдүн морусунан арыкчырай Эргулду түшүрмөк болот.  Боргулдун ойлогону оң келип, күн-айларды аралатып, эки жолу Эргул морудан кыл аркан менен белин байлап түшүп, Боргул тартып алып, ага-ини куржундун эки көзүн алтын-күмүшкө толтуруп,  Чүйгө барып, байдын байына айланышат.  Бирок кызыл дилденин кызыгына кирип, алтындын азгырыгына алдырган ага-ини Анжиянга келип, үчүнчү жолу казынага кол салышат.

Анжияндын казынасын эки жолу алдырганга сакчылары эми өтө сак болчу,  дал Эргул морудан түшкөндө айгай башталып, Эргулду ылдыйдан бутунан жылдырбай кармап калышат,  Боргул тартса болбойт.  Опаасыз дүйнөнүн ойго келбеген ойрону ошондо башталат, ов!..

Моруда тыгылып, эки жагынан тарткылаган денеси жанчылган Эргул байкелеп: “Байке, кач! Өзүң кач! Бирибиз аман калалы! Башымды кес да, эл-жерге алып кет!” деп жалынып жиберет.  Ичинен кан өткөн Боргул, өзү ээрчитип жүрүп эрезеге жеткирген, энесинен калган тумардай, атасынын алкоосундай мурдуна жыт кылып жүргөн,  жатындаш жалгыз Эргулунун башын кесип алганга мажбур болот, ов!.. Ушу  жерине келгенде башкалар кантет билбейм,  мага жер астын-үстүн түшүп,  каңырыгым түтөп, олтурган жеримде тегеренип кеттим, “төхх…  атаа!” дүйнөң түшкүрдүкү деп…

Ошентип, эптеп Анжияндан качып чыккан Боргул эл-жерине келип, эң жакын туугандарына айтып, Эргулдун башына улап куурчак дене жасатып, жаназасын окутуп, кепиндеп жерге берет. Айтпаганда эмне кылмак эле? Инисинин өлгөнүн жашырса “иниң кайда?” дебейби эл, дүнүйө үчүн өлтүрүп койдубу деп шек санап, башын көрсөтүп чынын айтпаса “денеси кайда?” дебейби.  А бирок жаманатты жерде жатмак беле, ушак-айың Чүй бооруна желдей тарап, Боргулдун кан-жанын уулап бир, Эргулдун денесинен улам, ээрчишкен агасы деп билип калдыбы деген санаа эки жейт Боргулду.

Качан гана казынаны дагы башка бирөөлөр уурдаганын угуп, казына үй канордого жакын Коконго көчкөнүн угуп, бир жыл өткөндө көнгөн Анжиянга мал алпара баштайт.  Анжияндын “казынасын ким эки жолу алды?” деген көркоолордун тузагынан качып, илинбей, артынан аңдыган көркоонун бирин тындым кылат.  Анан ошо көркоонун акыркы керээзин аткарып, жерге берип,  жаназа окутуп, кан базардагы элге садага таратып, акысына көркоонун  айтып кеткен дүнүйөсүн казып таап, Чүйгө жүз төөгө, жүз атка жүктөп келет.

Эргулдун ашы деп, элдин баарын жыйып,  дүңгүрөтүп өткөрүп,  өзүнүн бар тапкан колдогу байлыгын,  жүз төө, жүз атка жүктөп келген дүнүйөгө кошо таратып, “уурулукту таштадым!” деп элден бата алып, жөн-жай оокат кылганга өтөт.   А бирок эл деген эл, Боргулдан алган кызыл дүнүйө калбай калганда, ай-жылдар өткөн кезде кара жарма ичип, эл катары оокат кылганга өткөн Боргулдун аркасынан:  “Баягы Боргулбу? Алтын деп жүрүп айдай инисинин башын алган канкорбу?!” деген жаманатты сөз ээрчип, жанын койбой уулап бүткөндө, бул жаманаттысы жуулбай турганына көзү жеткен Боргул изин жашырып, элден четтеп,  көнгөн адаты менен анда-санда жылкы тийип, ээн жашоого өтөт.

Акырындап, Боргулдун аты имиштери менен кошо жомокко айлана баштайт.   Аты жомокко айланган жетимишке таяп калган Боргулду жазуучу окуянын башында жигитке кезиктирип, айтып өтөт.  Ал жигит экөө казактын жылкысына түз барбай, чалдын (Боргул) акылы менен ашуу ашып барганы, мөңгүдөн ылдый алдындагы айгырларын кантип сойлотуп ийип, өздөрү аркасынан сойлоп сыйгаланып түшкөнү белден…

Куугунчуларды чал өзү жазгырып,  казактын семиз жылкылары түтөктө жүрбөй калганы,  чалдын акылы менен таяк сап канжарды жигит соорусуна матырып, каны атып чыгып,  жеңилдеген жылкы жаныбарың андан ары оюн салып кеткени… Баарынан да акырында чал кечигип келбей болжошкон жерге, кыжаалат болгон жигит бир карап келип, сулк уктап калганда…  Боргул чал жылкынын баарын айдап кетет, жигитти кур жалак калтырып.  Жигит туруп карап кубалап табайын десе из жок, кар жаап жылас кылган.  Боргул чалдын кыйкымдыгына колунан алдырган жигиттен бешбетер жиниң келип, “ийри таяк түз болбойт тура!..” дегениң менен кексе чалдын жайчылыгына таң бересиң…

Жылкыга тийди дегенди ушу убакка дейре мынчалык жетер жерине жеткизе айтканды эми окушум.  Окуп атып, “төхх, атаа!” дегенге алың жетет, адам, жазуучунун калеминин күчүнө ыраазы болуп… Муну окуш гана керек.  Көчмөн кыргыздын кылымдар бою жан багар эсебинин бири дал ушу жылкыга тийүү болгон.  Жылкыгы тийип, эр-азаматтар элин асыраган.  Дал ушул кыргыздын көчмөн жашоосунун бир өңүтүн чебер ачып берген жазуучуга ырахмат…

“Боргул” повестинин кыскача мазмуну жогорудагыдай.  Он тогузунча кылымдын орто ченинен өткөн мезгилге алып барып келген калемгерге, ар бир сөздү асем таштай кубултуп, бири-бирине кынаптап койгон калемдин кудуретине таң бересиң адам. Бул чыгарманын баалуулугу эмнеде деген суроо туулат эмеспи. Баалуулугу ушунда: биринчиден жадыбыздан чыгып, тилибизден сүрүлүп бараткан көөнө сөздөр менен жазуучу куюлуштура төккөнүндө. Төгүлгөндө да илгерки манасчылар менен төкмөлөр төгүп аткандай, кыргыз экениңди дилиңе куюп, тилиңе салып, кан-жаныңы жанып өткөнүндө, ов! Экинчиси, Боргулдун тагдыр таржымалын агынан жарыла төгүлүп айтып отуруп эле,  жазуучу бүтүндөй бир доорду чебер сүрөттөп койгон. Башкача айтканда, ошо кездеги кыргыздын чарбасы, турмушу, оокаты түгөлү менен берилет.

Илгерки түндүк, түштүк кыргыздардын алака мамилеси үзгүлтүксүз болгонун Боргулдун Анжиянга ат тезегин кургатпай ары-бери тынбай каттаганынан, иниси экөө үч жылдай Анжиянда жашап, жергиликтүү элдин тилин суудай үйрөнүп, жан бакканы эле канча нерсени каңкуулап, акыры келип эле “алатоолук бир кыргызбыз” дегенди эске салып коюптур жазуучу.  Анжиянда канча кыргыз калып кетти,  кеңештин чекчейген чеги бөлүп койгондо?..  Андан да эгемен кезден ирегелеш эки элди бөлүп-жарган да чыкпадыбы.  Мына ошо кан базарда аңдыган көркоодон элдин агымы калкалап аман калгандагы сөздөр: Эл деген эл.  Элден айланса болот.  Элди бетине кармап, элдин калдайган караанына жамынып… аман чыкты.  Элди алдаганга болбойт (…) Эртеңки күнү Боргул Анжияндын бака-шака түшүп кайнаган базарына кирип келгенде эл бетине түкүрбөй, кучак жайып тосуп алгыдай болушу керек” дейт.

Каражанын калкалап,  “эртең садага берем эл-журт!” деп сүйлөп атып, алчактаган карагерин минип качып кутулган Боргул, “чү” деп Чүйгө жол алса болмок.  Жок, Боргул качпайт.   Тобокелге салып, артынан келген көркоону өлтүрүп, эртеси канбазарга кайтып келип,  көркоону көмөт Эргулун эстеп эчкирип…

Элге берген убадасын да аткарат садага таркатып.  Бул эмне деген тереңдик.  Элге берген бирооз сөзүнө туруш үчүн өмүрүн тобокелге салганын окуганда айласыз “эр Боргул” дегиң келет.  Боргул ким? Боргул болгону кендирин кескен жетимдик менен жокчулуктан тубаса дээрин тескериге буруп алган ууру-кески.  А бирок Чүйдөгү өз эли болобу,  тагдыр ташы өкчөп алып барып койгон Анжияндын эли болобу, бардык жерде элден чыкпайт,  акыры айласы куруганда гана жаманатты сөзгө уугуп,  кайра элге кайрылбас болуп кеткиче… Бир ооз сөзүнүн өтөөсүнө чыгайын деп, “элден айлансам” деген эр болсо Боргулча болор, Боргулдай боло албаса жел ооз жексур болор…

Боргулдун образында адамдын карама-каршылыктуу жагы өтө кылдат ачылган.   Бирөөлөрдүн тапканын какшатып алган ууру-кески, тапканын талаага чачпай байыгандын жолун тапкан талтөөндөй бала, айгак сөздөн арылайын деп, жүз төө, жүз атка жүктөлгөн жүгүн байлыгы менен агайын, туугандарына таркатып жиберген көлдөй кенен жигит, элден безип кетсе да кайратынан жанбаган, жетимиш жашында жылкы тийип бүлөсүн баккан чал.

Бул образда ким жатат? Жашоону ичип-жеп билген, тагдырдын башка салганына моюп койбой, барын ичине жутуп,  сыртынан сыр бербеген  кишинин сырттаны жатат.   Ата-энесинен эрте ажырап, эркелеткен эч кимиси жок эс тартып, ал аз келгенсип,  өз жанынан артык көргөни бир боорунун башын кесип,  канын шүүшүндөтүп, алтын салам деген баштыкка Эргулунун алтын башын салып качканы, ал арманы менен ичинен сызып жашаганы, элдин уу сөзү кан-жанын сансыз ийнедей сайып батканын көтөрүп,  жашоосун улантканы, кайраты, сабыры, эрки жанда жок күчтүү адам Боргул.

Бул чыгарманын идеялык тарбиялык мазмунун айтканга сөз аздык кылар, “ууру жарыбайт” дегенден баштап, “колуң менен кылганды мойнуң менен тарт” деген улук сөз ушул Боргулдун тагдырына бап келип туру.   Бирөөнүн акысын жеген акыры келип оңдурбай турганына керт башы менен жооп берген Боргул жана Боргулдун инисинин кейиштүү тагдыры шумдук мисал…

Акырында айтаар бир эле каалоом бар,  Нуралы Капаров агайдын көркөм чыгармаларын: “Боргул”, ”Кардагы из”, “Тузик” ж.б.  чогултуп, бир китеп кылып көп нускада чыгарып, окурман журтуна кеңири жайылтыш керек.  Бул учурдун талабы…

Рахат АМАНОВА
23. 02. 2020

Комментарий калтырыңыз