Абдыкерим Муратов: Жайчылар

  • 27.03.2024
  • 5020

АҢГЕМЕ

Көрүстөндүн эшигине салынган темир кулпулар тоңуп калыптыр, экөө үйүнөн ала чыккан күкүрттөрдүн экиден-үчтөн талын бирден алмак-салмак күйгүзүп атып, музун араң эритип, ошондо да чилденин суугун сиңирип алган темирлердин калиттерин эптеп бурап, кычыратып атып зорго ачты.

Кар бир түндө тизеден жаап салыптыр. Мындайда багымдат намазга келгендер да көрүнбөйт. Ай конор жайына кыялай түшүп барат. Жылдыздар жоголуп, жер эми жарый баштады. Атамзамандагыдай жыгач эшиктер ысыкта кыйчылдап ачылар эле, бул жолу кар тиреп калыптыр, экөөлөп жыгач күрөктөрү менен дарбаза эшиктин жан жагын күрөп ачып ийип, жалгыз адам баса турган жолок чыгарып, көрүстөндүн кире беришиндеги гувала менен урулган чакан ожуро жакка жол ачмак болду.

Экөөнүн бири – жашыраагы Эген, улуураагы – Камил. Ушул жерде жай казгыч болуп иштейт. Ар ким ар кандай атайт: бирөөлөр «мүрзөчү» десе, бирөөлөр «жайчы», бирөөлөр «жай казгыч» дешет, теңтуштары түз эле «гөркоолор» деп ийишет. Өздөрү болсо «маркумдарга там салып иштейбиз» деп коюшат, теңтуштары жинине тийе берсе, «карап тур, сенин гөрүңдү бутуңду суна албай тургандай казып салбасамбы» деп тамашалап коюшат.

Булар негизи үчөө болчу, үчөө эле, кечээ эле.

*       *       *

Камил жакшы уктай албай, ары оонап-бери оонап чабалактай берди, бир убакта аялы: «Ойдолоктобой, уктабайсызбы эми, эртең дагы иш чыгып калса, жайдын ичинде уктап каласыз» деп койду. Бүгүн түнү – ушундай берекелүү аппак кар жаап атканда ким өлмөк эле деп ойлоду Камил ичинен.

*       *       *

Ошентип атканда эле түн жарымда – жылдыз текши көрүнгөн кезде эшиктен бирөө үн салып калды. Чыкса, Миталдин кичик уулу, «Атам жаман болуп атат, акамдар сизди келсин дешти» деп эле жөнөй берди. Камил ичкериге кирип, паттайи калишчан, постунун жатканда кийчү жегдесинин үстүнөн жалаң кийип «кудайлап» кирип келсе, Митал акасы созулган бойдон кетип атыптыр. Буту-колун, ээктерин таңып, ыйманын эстеткенче керээз-муразын да айтууга келбей, бир «гы-ырк, гы-ырк» этти да, оозунан көк чымынын учуруп, балдарын ызылдатып кете берди.

*       *       *

Кыздарына, уулдарына не кылышты, кимге кабар беришти айтып, «мен эми жайдын камын көрөйүн» деп Эгенге келип, экөөнүн иш баштап атканы да ушундан.

*       *       *

Бул жер чакан шаар болгону менен салт-санаасы, адамдарынын пейил-куйу куду эле элеттиктердей. Негизи айыл эле болчу. Бир жылдары Москвадан тынбай орустар келип атып, кен табышып, анан бир балекет кен каза баштап, кенчилер топ-тобу менен көчүп келип атып, төрт кабат үйлөр түшүп эле эки жылда шаар болуп кетти. Анан эски мүрзөдөн башка дагы эки мүрзө пайда болду: бирине «кладбище» деп келгиндер коюлчу болду, экинчисине мусурмандар коюла баштады. Шаар дүркүрөп өскөн сайын көрүстөндөр толуп, урандан уулангандар андан бетер көбөйүп, жер үстүндөгүлөрдөн жер астындагылар арбындап кетип атканда «жылан да чакпай, жылкы да теппей» эле союз дегендери бузулуп, уран калдыктарын таштап, келгиндер туш келди кете баштады. Аларды ээрчип, завод, фабрика да токтогон соң жумушсуз калган жергиликтүүлөр да азайгандан азая берди.

Адегенде жай казууга сооп болот деп элдин баары жабалактап чыгып, жайчыларга деп колу-коңшулар ысык тамактарын алып келип, бир адамдын жатар жайы тез эле бүтүп калчу. Бара-бара жабалактагандардын аягы суюлуп, молдо «бул жолу бул көчө, эмкиде тиги көчө чыксын» деп милдеттүү кылып койду, ага да болбой «бул жолу паланчанчы жылы мектепти бүтүргөндөр, эмкиде алардан кийин бүткөндөр чыксын» деп нообатташтырып салды. Ал дале болбоду. Адамдар аякка, буякка кетип калат экен, ооруп калат экен, иштегени чет жактарга чыгып кетет экен. Кээде жай даяр болбой, өлүк ээлери өздөрү казган кездер болду. Анан кеңешип отуруп, бир кишилерди табалы, аларга акыны өлүк чыккан үй төлөп берсин деп, эч кимди ыната албай акыры ушул Миталды бир жыл иштеп бер деп эптеп көндүрүшкөн.

*       *       *

Митал көрүстөнгө аяк аттаары менен көчүк басып, маркумдарга арнап куран окуп, жай казуу үчүн жерге биринчи күрөк матырганда да «биссимилдасын» айтып, кабырга маркумду коюп, эл кеткенде да ошол жерде жүрчү. Молдолор да, эл да аны жакшы көрүп, жакшы жайчы тапканына сүйүнүп жүрүшчү. Бирок бир адамдын жайын бир Митал өзү эптей албайт, өлүк чыккан жерден эки-үч баланы жардамга жөнөтүп жүрдү. Алар эптеп келет да, эптеп кетет, эчендерин маркумдар жайында телефон сүйлөшкөнү үчүн Митал өзү кууп ийди.

Бир жолу эки жигит келген, бизди жардамчы кылып алыңыз, иш жок, балдарды бага албай калдык дешкен ыйламсырап. Болуптур деген Митал, иш болсо кабар берем деген. Иш болду. Москвада иштеп жүргөн жаш жигитти такырбаштар өлтүрүп кетиптир. Сөөк келбей атыптыр. Жайды даярдай бериш керек да, аны эмне Москага – Кызыл Аянтка коюп коймок беле. Тигил экөөнү чакырып кабыр казууну баштап ийди. Адам бою казылганда Митал сөөк келди бекен деп кабар алганы, маркумдун үйүнө кеткен. Берки экөө казып аткан. Кайра жайга келсе сыртка топурак чыкпайт, эмне бүтүп койдубу, же бир жакка кетип калдыбы деп акырын жакындаса, гөрдүн ичинен үн чыгат, «Давай, ушинтип эле иш болуп турсун» деп бири айтса, экинчиси «Гөр казып жүрө берели» дейт. Анан стакандардын кагышкан үнү чыкканда казылган гөрдүн четинде турган Митал экөөнү тең кесек менен уруп, кууп чыкты...

*       *       *

Кийин Камил кошулду. Биринчи аялы төрөттөн өлүп мүңкүрөп күндө анын мүрзөсүнө келип жүргөн кези экен, кабырдын топурактарын кармалайт, бир нерселерди айтып сүйлөшкөн болот. Митал качан көрсө ушул жерде жүргөнү – жүргөн. Бара-бара Миталга каралашып, экөө мал-ал кирип кетпесин деп көрүстөндүн бузулган тосмолорун оңдоп чыгат, жайында адам басар жолдун чөбүн орот, келгендер туруп калбасын деп көрүстөн четиндеги теректерди кыйып, кырдырып келип, ар бирине алты-жетиден адам отура турган отургучтарды жасап чыгышты. Экөө бири-бирине эрмек болуп оңуп эле калды.

*       *       *

Жылдар өтө берди. Бир жыл иштеп бер деп аксакалдар араң көндүргөн Митал да аялынын кабырына келип жүрүп, бара-бара ал мүрзө да эсинен чыгып, экинчи катын алып алган Миталдын шериги Камил да мүрзөнү караган, жай казган ишин таштап кете албай калды. Экөө тең үйүнө же базар-учарга барса да шаар четиндеги көрүстөн көзүнө ысык көрүнө берет. Анан калса бул жердин абасы таза, салкын, андан ары адырлар, андан тоо кетет, келген адамдын кушу ачылып, ырабдайы көтөрүлөт. Ожурого чөөгүн, ташкесе коюп койгон, суусаса чөп чай демдеп кобурашып отуруп, бир аз күн көрүшпөй калган сагынычтарын жазып да алат.

*       *       *

Бир күнү бир топ жигиттер келип, көрүстөндү абатташтырабыз, арабдар келип мечит салат деп, жолдорду асфальтташтырып, молдого жана жай казып, көрүстөндү карап турганга деп төрт кишиге айлык чегерип берди. «Ушул мүрзөлөрдү ушулар сатып алыптыр» дегендер да чыкты. Ошондо жай казган экөөнө үчүнчү болуп Эген кошулган.

*       *       *

Эген менен Камил калың карды улам жиреп куйрук улаш күрөп, ожурого жакындай берди...

Экөөнүн тең отуз эки мүчөсү сыздап, көкүрөктөрүн ызалык тээп, бирине бири караса эле өкүрүп ыйлап ийе тургандай жер тиктеп, ичтеринен көчкү жылгандай бир күч булкунуп, ал күчүн аппак кардан чыгарып, жумшак карды алыс-алыс ыргытат...

*       *       *

Кетмен, күрөк, чоку, лом, чувала, кам кыш, отургучтарды койгонго деп ушул ожурону Митал менен Камил салган. Жайдын аптабында жан адамдан жардам сурабай, экөөлөп сайдан челектеп суу алып келип, ылай кылып, гувала тоголоктоп, алары тоорсуй менен дубалын тикелеп, тегеректеги теректерден кыйып келип, элден бирден-экиден шыйпыр сурап жүрүп бүтүрүп койгон экен кийин кетмен-күрөктөн, жин чырак, ташпанар, идиш-аяктан бери коюп, ысыкта көлөкөлөгөндөр, суукта үшүгөндөр отуруп оңуп калышты.

*       *       *

Эгендин буларга кошулганы да кызык. Атасы жабылып калган шахтынын бир тешигин таап алып көмүр казып чыккан «апачилер» менен чогуу иштеп калган. Эски шахтёр да, көмүр казуунун, жер астында өткөөлдө жүрүүнүн сырларын жакшы билет деп аны шерик кылгандар көп эле. Бир күнү тирөөчтөр кулап, төртөө шахтанын ичинде калып, он чактысы качып чыгат. Куткаруучулар келип төрт-беш күн казып да тиги төртөөнө жетпейт.

Эгендин атасынын жайын да каза бергиле дешет туугандары, молдолор, аксакалдар кеңешип туруп. Ошондо анын атасынын жайын Митал менен Камил казууга киришет. Жай казылып атканда куткаруучулар атасын эси ооп жаткан жерден аман алып чыгат, көрсө ар-ар жерде сырттан аба кирчү көзөнөктөр болот экен, ошолордун бирин таап, ошонун түбүнө кулаптыр. Эген атасынын аман табылганына, ооруканага алып кеткенине сүйүнүп, жай казууну токтоткула деп барса, жайчылар анын кабырын бүтөйүн деп калган экен, «кел, бүтүшүп ий» деген ошондо Митал бешенесиндеги терин, көзүндөгү жашын аарчып, «бул там сенин атаңа буйруган эмес экен, төрт жыл төшөк тартып жаткан өз абамдын өлгөнүн азыр эле угузушту, мен барайын, сен Камил менен аягына чейин бүтүрүшүп кой» дебеспи.

Ошондон кийин Эген да жайчы болуп кетти.

Үйлөнө элек жигиттин жай казып жүргөнү көпчүлүккө өөн учурады. Атасы колдоп чыкты. Апасы тим койду.

*       *       *

Эген бир күнү дүкөнгө кире калса, классташтары отуруптур, ала-күү болуп, кеп жебей, сөз талашып калган экен. Умар деген мамаданиси шире кайып экен, аны көрө коюп эле: «Гөркоо келди, кел, гөркоо, бирди алып келип биз менен арак ич» деди. Ал десе, ал дейт, бул десе бул дейт. Эгендин арак ичпегенин, эч кимге арак да алып бербегенин беркилер билет эле. Умарды кой десе да болбойт, «Сен гөркоо, мен өлгөндө гөрүмдү кең каз, ээ!» деп каткырып-каткырып коёт.

Бир ай өттүбү, өтпөдүбү – жайчылар Умардын жайын казышты. Ыраматылыктын керээзи деп Эген гөрүн кең койду...

*       *       *

Эгендин корккону эле – казып аткан жерден чыгып калуучу жылан. «Жай казып атканда гөрүнөн жылан чыгыптыр», «Сөөгүн жылан аралап кетиптир» дегендей сөздөрдү бала кезинен уга берип биржөлү коркок болуп бүтүптүр. Адегенде жай казганда ичине түшпөй жүрдү, казанагына болсо Миталды гана киргизишет, Эген ошол жакта жай көчүп ичинде калып кала тургансып корко берет.

Бир жолу дагы коркуп калган жайы бар. Супа саадакта таңды тоо жакка сүрүп баратып, көрүстөнгө кирсе эле чүргөөдөгү баланын үнүндөй, бир жаныбарлардын ызылдагындай үндөр, адамдын бакырыгындай кыйкырыктар чыгып эле бараткан ордунда селт этип токтой калды. Буттары эпке келбей, денеси калтырап артына бурулду. Тээ ылдыйда Митал акаси келатат. «Кариет» деди ичинен. «Эмне турасың, баштай бербейт белең» деди Митал жакын келип. Экөө кетмен-күрөгүн алып көрүстөндөрдү аралай баштаганда эле жанагы үндөр дагы чыкты. «Кысталык, гөркоолор дагы келген экен» деди Митал ачуусун кабагына түйүп. «Жүр, - деди Митал колуна күрөгүн бекемдеп кармап Эгенге карап, - чөөлөр келиптир». Беш-алты чөө бир гөрдү тегеректеп ырылдап тигилерге айбат кылат. Экөө күрөктөрү менен чапканы жакындашса, кичине ары жылат да кайра эле гөргө келип алат. Кудай жалгап ушул убакта буларга Камил да кошулду. Ал да бир жагынан чапкылап отуруп, чөөлөрдү араң кубалап чыкты. Гөркоо чөөлөр армандуу калгандай артына кылчак-кылчак карап кыр ашып кетти...

Ошондон кийин эрте менен мүрзөгө келгенде үчөө жолдон жолугуп, чогуу келчү болду...

*       *       *

Жайчылардын да жанын койбогондор, жумушун талашкандар, кылган иштерин көрө албагандар чыкты.

Кимдир-бирөөнүн өлгөнүн угары менен адамдар көз көрсөткөнгө, туугандары болсо отун-суусуна каралашканга сөөк чыккан үйгө карай жөнөшсө, булар болсо жайын кечиктирип койбойлу деп тоо жактагы мүрзөгө карай жөнөшөт.

Мына ошондой күндөрдүн биринде – тагыраагы бирөөнүн жаназасынын алдында эски актив – азыр имамдыкты талашып жүргөн сөксөөлдөй коржойгон киши «жайлар жаман казылып, суу кирип кетип атат» деп кеп баштады эле, башкасы мүрзөлөр жактан чөөлөрдүн ызылдагы чыгып, алар гөркоолук кылып атат деди. Буга да жайчыларды күнөөлөштү.

Бир жолу жаш эле жигит бир туугандары менен Казакстанга иштегени кеткен экен, ошол жактан эки иниси авариядан каза болуптур, аларды да бул жерге коюп кетет, болбой эле атасы түшүнө кире бериптир, «мен гөрүмдө туруп калдым, кайра казып жаткырып койгула» дей бериптир. Имамды, бир-эки тууганын ээрчитип келди. Анан ырымдарын кылып гөрдү кайра ачышса, чын эле сөөктүн баш жагы өйдөлөп калыптыр, кайра оңдоп жаткырып коюшту.

Дагы бир жолу ушундай болуп гөрдү ачышса өлгөн аял кепинин оозуна салып ийгенби, кепин оозуна барып калыптыр, «кепинин жеп жатат» деп анын да кепинин этияттап оозунан чыгарып алышты...

*       *       *

Бир марта жай казган жерден эле Камил «мен иштебейм деп», «мен кетем деп» чыкты. Митал жини келип «кетсең – кет» деди да, кетирип ийди. Кете берди да, эртеси эле кайтып келди. Келди да неге кеткенин айтып берди. Көрсө аялы «силерди эл гөр саткыч деп атат, жай саздап коюп, шаардан башка жактагыларга кымбат сатып ийет деп атышат» дептир. «Тапкан акчаң кана» дептир.

Анын жөнү мындай болгон. Бир жолу молдо атактуу бизнесмендердин бирин шаар четинде атып кетиптир, сөөгү ошол жакта жатат экен, жайын саздай бергиле деп келген. Жай каза башташкан. Анан эле «өлүк жоголуп кетиптир» деп чыгарышты. Көрсө, бир арык бар экен, бир жагы шаарга, бир жагы районго карайт экен. Шаардын милициялары барып, өлүктү район жакка ыргытып коюптур, райондун милициялары келип, өлүктү шаарга караган жакка ыргытып коюптур, «өлүк кимдики» деп милициялар эки жаат болуп турганча эки күн өтүптүр. Анан моргдо жатып, эки күн экспертизадан өтүп, баш-аягы беш күн болуп кетет. Ал арада шаардын башка жагынан өлүк чыгып, жанагы жайга ошол коюлуп кетет. Ошондо бизнесменди да тез коюу керек болуп, жайы бир күн кармалып калат...

Анан ушул сөз чыгат.

Үчөө кайрадан бири-бирин түшүнүшүп ишке киришкен.

*       *       *

Камил менен Эген майда-чүйдө коюлган ожурого да келип жетти. Ожуронун дарчасин ачып эле экөө тең жашып кетти. Бир бурча Миталдын кесектери турат. Ар бир адамды жайга коюп келгенден кийин Митал гуваладан бир муштай сындырып алып бурчка коё берчү. Ошол муштай кесектерди бул жерге коюуну качан баштаганын бул экөө билбейт, мурда эле бар экен, Миталдын ал кылыгына таң кала карап гана коюшчу. Бурчта кесек кыйла эле үйүлүп кеткен. Ошону көргөндө экөө тең ичинен миң буралып, жүрөктөрү мыжыгып отура калды.

Акыры кечээ эле бешим кеч Митал бул экөөнү тең бир-бирден көкүрөккө кысып, «гарывагыла», «бардам болгула», «эртең далы таптап көрүшкөнчө аман тургула» деп кеткен. Караң эми, ал кармаган күрөктөр турат, кетмендер турат, ал салган ожуро турат, ал үйгөн кесектер турат... Көкүрөк кысышкан экөө турат...

*       *       *

Бирөө-жарым жай казгандарга деп тамак алып келсе, экөө Миталды аксакал дешип, «төргө  өтүң» деп турушчу, көрсө, «төргө өтүң» дегени «гөргө өтүң» дегендери турбайбы.

*       *       *

Мына эми бир шеригинин гөрүн кең казып, «кабырыңа нур төгүлсүн» деп экөө караңгы жерден чыкты...

*       *       *

Сөөк көтөрүп келе жаткан топ адам көрүндү...

*       *       *

«Абдимитал атам кандай киши эле» деди балдарынын бири үч марта кайталап сурап. «Жакшы эле», «Жакшы эле», «Жакшы эле» дешти топурак салганы келгендер. Бул киши жайын казган ушул жердеги бүтүндөй кабырлардан да маркумдардын үнү угулгансыды: «Жакшы эле», «Жакшы эле», «Жакшы эле»...

*       *       *

Балдар мүрзөдөн келип, ожурого кетмен-күрөктөрдү, отургучтарды коюп бүткөн соң Камил гуваладан муштай бир кесек сындырып алды да, Митал акаси үйүп кеткен үймөктөрдүн эң чокусуна абайлап коюп койду...

2020-жыл, январь

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз