Абийрбек Абыкаев: Түш

  • 13.06.2023
  • 6557

АҢГЕМЕ

Кээде кызык түш көрөсүң. Аян түш. Бүгүн мен дал ошондой түш көрдүм.

Бир топтон бери адат болуп калган (оору десем да жарашат) интернетке кирип алып, анын учу-кыйыры жок мейкиндигинде көзүм кызарганча кыдырып, көз жайнаткан кожогаттуу талаага туш келип, улам биринен бири жакшы көрүнгөн мөмөлөргө жутунган адамдай, өзүмө керектүү нерселерди таштап кете албай жүргөм. Түн бир оокум, үй-бүлөм кызуу уйкуда. Сырттан анда-мында иттердин үргөнү, түн ортосунда уйкусунан чочуп ойгонуп, таңдын атканын уктап калып өткөзүп жибергендей шашып, чочуп кыйкырган короздун кыйкырыгы, эртең-бүрсүгүндөн кар алып келүүгө камынып бараткан чыгыштан соккон Тору-Айгырдын арылдаган шамалынын үзүл-кезил, бирде аркырап, бирде калдыр-күлдүр болуп, кермеге жайылуу тоңгон кирди ары-бери желпилдетип чыккан үндөрү угулат.

Талыган көчүгүм кыймылдаган сайын кыйчылдап, эскилиги жетип өзүмдөй болуп карылыкка баш коюп, үстүндөгү каптаган кара чүпүрөгү ар кай жеринен тешиле баштаган айланма олтургучумда, олтурган жеримде эле көзүм илинип көшүлүп уктап кетиптирмин. Анан ашып кетсе он беш мүнөттүк ошол куш уйкуда менин бүт өмүрүмдүн урунттуу жерлерин каймана белгилер менен билдиргенсиген сырдуу түш көрдүм. Кызыгы, ойгоно электе эле ал түшүмдүн жандырмагын бирөө кулагыма шыбырап жаткансып жоруй баштадым.

Классташтарым менен шаардын кафелеринин биринен боло жүрчү тажатма көп тойдун биринен тараптырбыз. Мен эмнегедир айылга кетпей белгилүү куудул Күмөндөрдүн үйүндө болуп калдым. Кеч болуп калгандыктан дароо эле жатканы камындык. Күмөндөр мага залында диванга салынган төшөктү көргөзүп чыгып кетти. Жаңы эле көзүм илинип баратканда ал бир буюмун койгон жеринен таба албай, аялына кыркыраган үнү менен болушунча бакырып урушуп кирди. Чатак күчөп, аялы ыйлап, сыртка чыгып кетти. Күмөндөр бул уккан жокпу дегенсип, мен жаткан бөлмөгө баш багып, жарыкты жандырды. Мен уктамыш болуп көзүмдү жумдум. Алардын урушканына күбө болгонума уялып жаттым. Булар деле урушат  турбайбы, эртең аялыма барып айтайын, мен Күмөндөргө караганда сага сүйлөбөйт экенмин дейин деп ичимден кыйынсынып койдум.

Көзүм жаңы илинип баратканда бир жигит келип ойготту. Арыкчырай келген кара тору жигит экен. Тааныбайм. “Сени эжең чакырып кел деп жиберди, жездең бир жакка кетиптир, түштүк жактагы чоң кудагыйыңар келатыптыр, ошону тосуп келсин деди”, – дейт тиги жигит.

Дивандын үстүндө салынган төшөк үстүндө жука спорт шымчан жаткан экенмин, уйкумду ачалбай бир топко далдырап олтурдум (өңүмдө деле тизем ооругандыктан жайдыр-кыштыр гамашты чечпей быкшып жүрө берем). Тиги жигит шаштырып, бат кийин деп бир шымды колума карматты. Киейин деп шымды алсам, багалектери узундай, анын үстүнө ар кайсы жери чаң болуп кирдеп калыптыр. Бул менин шымым эмес ко деп бүшүркөсөм, тээ мурда кийип жүргөн өзүмдүн эле шымым. Кийсем чак болуп калды. Кийинип алып үчүнчү кабаттан ылдый түштүк. Баратып эле тиги жигит экөөбүз бир базарга кирип кеттик. Кыйма-чийме эл. Арыгы да, торугу да жүрөт, орусу да, кыргызы да бар. Тыкыйып кийингени да жүрөт, жүдөгөнү да бар. Бир жерде үймөлөктөшкөн эл бир нерсени жарданып карап турушат. Эмне экени эсимде жок.

Биз да барып карап калдык. Аңкайып. Менин классташтарымдын көбү ошол жерде жүрүптүр. Нукем келишкен жээрде ат минип алган. Чабандын уулу эмеспи, тыкыйып атка мингени тың. Ал тоо койнунда салынган үйүнө барарын айтып, мени кошо жүр деп жатыптыр. Бокем адаттагыдай эле машинеси менен жүргөнсүйт. Кабагы ачык, бир жакка шашылгандай түрү бар. Колунда жаңы сатып алган араа, балтасы жүргөнсүйт. Дагы бир курулуш баштап алгандай. Алар менен учурашып, сүйлөшө кеттим. Бир убакта баягы жигит мага башында нокто-жүгөнү жок, жайдак, арык тору атты жип менен мойнун байлап жетелеп келип мага карматты, бир аздан кийин аны көп элдин ичинен таппай калдым. Атты жетелеп тиги жигитти издей баштадым. Же атын билбейм, жок дегенде телефонун жазып албай дейм ичимден.

Мээси болсо мени жанагы экөөбүз жүргөн жерлерден издээр деп базардын товарга жык-жыйма катарлары менен ат жетелеп бараттым. Мен бараткан тарап улам өйдөлөп, Ош базарынын жанындагы жаңы салынган “Берекет” сыяктуу эки кабат имаратка тепкич менен өйдөлөп чыга баштадым. Бир колумда эски камчы, экинчи колумда бир кесим бөлкөнү улам оозума салып күйшөп коём. Камчыны жерге түшүрүп кайра алдым. Нандан атка да берип койсом ылдам басат эле деп ойлодум...

Бир кезде эжемде тиги жигиттин номуру болсо керек, ага чалып кайда турганымды айтсам – табышып алабыз да деген ой келип, ал оюма сүйүнүп, телефонумду алгыча ойгонуп кеттим. Анан эле уйку-соо ортосунда ал түшүмдү жоруй баштадым.

Кичинекей бала кезимден эле комуз черткен киши көрсөм этектеп ээрчип алчумун. Тамга тааный элек болсом да атам сатып берген патефондун табактарын өңүнөн жазбай таанып, Атай, Мыскал, Мусанын ырларын жаңылбай табар элем. Кийин радио чыгып, андан берилген ыр-күүлөрдү, жомокторду жата калып укчумун. Жаңы чыккан ырды эки-үч угуп жаттап алар элем. Аттиң, ошол кездеги эс тутумум азыр болгондо эмне! 4-классты аяктаганда гезиттен окуп алып шаардагы музыкалык мектеп-интернатка барып окуюн деп делбеленсем, үйдүн жалгыз эркеги болгондуктан жанынан чыгаргандан коркуп апам ыраматылык жибербей койгон.

Эже карындашым болгонуна карабай апам “жалгызым” деп ыйлай бермей адаты бар болчу. Бүгүнкү күндөгүдөй бир туугандар жер талашып, үй талашып, казактын илгери өткөн бир акыны айткандай “өлүп калчу тай үчүн, ээн калар сай үчүн”эрегишип, чатакташып биринин үйүнө бири кирмек тургай, саламдашпай калар заман келерин билсе; байкуш апам ыйламак тургай кубанмактыр.

Эмнеси болсо да ата-эненин, айрыкча апанын балага деген сүйүүсү башка турбайбы, анан ошол ысык сүйүүсү кээде баласынын келечегине балта чабарын түшүнүүсүнө жолтоо болот окшобойбу. Мектепти аяктагандан кийин да эже-жездем болбой жатып экономика факультетине өткөзүп салышкан. Апамдын мага деген сүйүүсүнө эже-жездем кошумча себеп болуп, турмуш жолум мен ойлогондон да карама-каршы жакка бурулган болучу...

Түшүмдөгү Күмөндөрдүкүнө бир түнөтпөй эжемдин чакыртып кеткенин ошол учур деп жорудум. Күмөндөр театрдын, дегеле искусствонун символу эмеспи. Ал эми мен тааныбай калган, мага бир кездеги шымымды колума берип, багуусу начар арык атты ноктосуз жетелетип, адаштырып кеткен арык жигит – бир кездерде көздөгөн максатына жетпей калган өзүм окшодум.

Товарга жык-жыйма толгон базар – тегерегимде өтүп жаткан миң түркүн кызыгы, миң түркүн азабы бар жалган дүйнөнүн өзү эмеспи. Алтымышка барганда колума калем алып, бир нерселерди чиймелеп жаза баштадым. Тиги жигит бергенде узун келчүдөй бүшүркөп тааныбай жатып кийген шым – акыры, бир кезде барбай калган жолго түшкөнүм болсо керек. Арык, ноктосу башка салынбаган тору ат – атайын билим албай өксүп калган талантым, колумдагы эски камчы – ошол кудай берген бир аз жөндөмдү күндөп-түндөп өстүрө албаган жалкоолуум окшоду!

Бир кесим нан жеп баратканым – жаш улгайып, маңдайыма жазылган ырыскым азайып барган сайын бүтүп баратканы болсо керек. Базар аралап, тиги жигитти издегеним – дале болсо өзүмдү таба албай издеп жүргөнүм, калган эчкиникиндей жашымды изденүү менен өткөрсөм деген тилегим сыяктуу. 

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз