Нурадил Рыспаев: Дарексиз кат (№90)

  • 12.04.2020
  • 7812

Практикалык иш өткөн кезимдеги,
Завод болчу Токмоктун өзүндөгү.
“Сахары” жок болсо да ошол район
“Сахзавод” деп аталчу, эсиңдеби?..

Сендей таттуу ширелер өнчү мында,
Сендей жаштар иштешет делчү мында.
Айыл чарба жумушун өтөгөнгө
Жаңы студент болгондор келчү жылда.

Кезим эле 21 жашка жеткен...
Деген өңдүү: “Тандап ал, баштап четтен”!
Шылкылдаган “уйкулуу төрт автобус”,
Шыңкылдаган кыздарды таштап кеткен...

...Жалын чачкан көзүнүн карасынан,
Жазганбаган сүрдүү көз карашыман.
Оору тапкам “махабат” деп аталчу,
Ошондогу кыздардын арасынан...

...Көзүм качып көп көздөн, алаң-алаң,
Көп көздү эмес сени да карабагам...
“Мобу катты тээтиги кызга берип
коёсузбу”,- дегенге жарап араң.

Ошол эже сага жол ачкан күбөм,
Ошол эже жолго гүл чачкан, билем...
Кысып көзүн “макул” деп катты алганда,
Кылмыш кылган адамдай качкам күмөн...

Ошол түнү сөздөр жаап “сүйөм” деген,
Ой санаамда гүл өнүп түмөндөгөн...
Улуу акын жараткан поэмадай,
Уктабастан түш көргөм түгөнбөгөн!

Туюп жаттым, кыздардын дабыштарын,
Улам бирден катыма жабышканын...
Ашыгымдын жамалын... суктануудан,
“Андан бетер сулуулап” салышканын.

Калем малып жазам деп канга жетпей,
Как жүрөктөн чыккан кат дарман өрттөй...
Жүрөк тушум туйгандай болду... катым
Үбөлөнө түшкөнүн таңга жетпей...

Сездим кыздар талашып, “чокушканын”,
Сени көздөй көздөрдүн оту учканын...
Таңданышкан от көздөр айткан... таңда,
Таң атканча кайталап окушканын...

Кылмыш жазам бүткөнсүп чыгып таңда,
Кыз көп жакка көзүмдү кылгыртканда...
Бириндей бир түшкөмүн... мени көздөй,
Бир шок курбуң күлкүсүн ыргытканда.

Мээ жетпеген от сезим ээлеп мени,
“Неге жаздың” деген үн жөөлөп мени...
Кыт-кыт күлүп шыңк эткен тегеректе,
Кырк кыз болсо сексен көз мээлейт мени.

Көзү жаман көрүнүп карагандын,
Көкүрөктөн көнөктөп канаганмын...
Үмүт чексиз... суук көздөр жылысын деп,
Үч күн үйгө өзүмдү камаганмын.

Жооп келет деп кыялга бата бергем,
Жомок сүйүү ширесин тата бергем...
Жооп жазчудай ыр менен сен да мага,
Жолду карап, саат санап жата бергем.

Сүйүү мени чырмаган экен жипсиз...
...Үмүт бирок көлгө окшош экен түпсүз,
Жатып үч күн, акыркы мүнөтүндө,
“Жакпай калган экемин” дегем түптүз...

Кургатылган өрүктөй - данеги жок,
Куу сүйүүнүн көзүндөй - кареги жок.
Кабылгандан махабат капканына
Кат жазыпмын, жазылган дареги жок!..

...Окуу жылга коңгуроо кагылганча,
Ошол завод эшиги жабылганча...
Күдөр үзбөй... Кеттим эх... Сен да кеттиң,
Жообуң сууруп калганга алым канча?

Өктөм келип жанымды жара чапкым,
Өксүк менен Бишкекке бара жаттым...
Сүйүү жүктөп... Бутуман чыгарбастан -
Сүйрөй кеттим капканын махабаттын...

...Студенттик жылдарым жылдагыдай,
Улана албай, ордунан жылбагыдай!..
Жатаканаң айланып барган менен,
“Жарк” дей түшсөң жаратым ырбагыдай.

Сезген менен катарлаш жүргөнүңдү,
Сенден оолак кездим көп күндөрүмдү.
Аста жылт дей калчудай болуп... жообуң,
“Айланчыктап жанымда күндө жүрдү”...

...Кирип келген баш багып кийинки жай,
Билем, болчу дал отуз биринчи май...
Биртке басып кош бутум кайткан жолго,
Бир күн келди бүт дүйнөм бурулчудай...

Чеккеним бир фильтрсиз чылым эле...
Чегем дегем, сабактан чыгып эле,
“Шарр” этип тал ширеңкем күйгөн бойдон,
Шалга айлангам сопсонун туруп эле!

Козгогонум махабат уюткусун,
Шордуу башым, каяктан туюптурсуң!..
Тайпалашың Болдуну бекем кармап,
Так алдымда жол тороп туруптурсуң.

Бир башкача сезимдүү курагымда,
Бир башкача үн күткөн убагымда...
“Сиз келбеген соң өзүм келдим” дедиң
Жашайт азыр ошол үн кулагымда.

Ыргып колдон тамеким тартылбаган,
Ыңгайсыздан көздөрүм жалжылдаган...
Кат жазганда кыймылсыз шилтенген кол,
Катсам болбой чөнтөктөн калчылдаган...

Эленгенсип сүйүүнүн элегинде,
Эң бир сүйкүм гүл көрдүм тереңимде:
“Коштошууга келдим мен... Кара-Колго
Которулуп жатамын” дегениңде...

Тун махабат узартып нурдун учун,
Түрмөгүнөн таап чыгып сырдын учун.
Билдим чындап... олчойгон махабатты
Бир баракка батырган ырдын күчүн.

Калтырагын далайга койбойт колум,
Калем издеп дагы эле ойнойт колум...
Жан жыргалын дүйнөмө тартуу кылды,
Жаш сулуунун сүйүүсүн ойготконум...

...Кара-Колду картадан карап алып...
Калем менен колума барак алып,
Кат жазуунун алдында күзгү карап,
Баштачу элем чачымды тарап алып.

Ай өткөрбөй улам кат жаза бердим,
Кат келмек деп почтаны каза бердим.
Келбесе да... келер деп үмүт үзбөй,
Келе берчү күндө кат жаза бергим...

... Кара-Колуң айлантып музга көлдү,
Жай узатып, күз бүтүп, кыш да келди...
Күүнүн сырын жандырып... күттүрбөгөн...
Күтүлбөгөн бир кабар кышта келди!

- Уктуңузбу?
- Эмнени? - дедим шашып,
- Ма.....ны!
дегенде демим басып...
- Жол кырсыктан жайында жок болуптур...
Деди Болдуң, алаңдап көзүн катып...

Чектеп күндү жакшы кат күтүп өткөн,
Жетегине чыкпай күн бүтүп өктөм...
Өзүң эмес Болдудан “келди акыр кат”,
Өмүр бою дүйнөмдү титиреткен...

Жалыны жок сүйүүдөн күйүптүр ким,
Жазыгы жок башка азап үйүптүр ким?
Даңгыр жолун тапкансып махабаттын,
Дареги жок кат жазып жүрүптүрмүн...

...Мен жоктодум, каттарым жоктогон жок,
Жетпей калган каттарым жок болгон жок...
“26-катымды” жазуудамын,
Башталган кат Токмоктон, токтолгон жок!

Өмүр кушум сен жакка шашып барат,
Өксүп арман каттарын ташып барат.
Сен жок жакка жөнөткөн каттарымдан
Сен бар жакка жазганым ашып барат...

...Жаккам сага, башкага жакпай жүрөм,
Жаксам балын сүйүүнүн татпай жүрөм...
Марасы жок качанкы махабаттын,
Мага ачылган эшигин жаппай жүрөм...

...Гүл сунганга жетишпей калдым эле,
Гүл коём деп мүрзөңдү таппай жүрөм...
9-11-апрель, 2020.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз