Махабат Алымбекова: Актриса

  • 15.04.2020
  • 8024

АҢГЕМЕ

Кеч күз эле, сыртта бир аз суук. Анын үстүнө күн да батып кетти көрүнөт. Терезесин кенен ачып салып, анын эскилиги жеткен жыгач рамасына сүйөнүп, короодо чуру-чуу түшүп ойноп жаткан бала-чакага назарын салып турду. Акыркы күндөрү бул көрүнүш жашоосунда адатка айланып барат. Анан эмне! Адатка айланбаганда...

Шуу үшкүрүнө, терезеден артка кетенчиктей берип, ой-сезимине баш ийе бербеген бир сезимге жетеленип, күзгүнүн алдына барып калганын байкады. Күзгүсү – кооз, бышык, анан калса чоң күзгү. Ушул эскирбей койду такыр, четтериндеги алтын түстүү, оймо-чиймелүү алкагы күнү бүгүнкүсүндөй жалтырайт да турат!.. Өзүнчө эле шаан-шөкөттүү! Өзүнчө эле менменсийт тобо... Кудум ушул үйдүн ханышасындай болуп... Таажысын кийип алып, үй ичиндеги болгон-бүткөн нерсенин баарына өз бийлигин жүргүзүп отурган немедей койкоёт да, жаркырайт!  Аял... Жөн гана күзгүнүн маңдайында көпкө турду, манжалары өзүнөн-өзү көз астындагы кат-кат бырыштарын аяр да, аяй да сылап, өз жүзүнө өзү мелтирей тигилди. Ушул тапта күзгү аны карап мыйыгынан жылмайгансыды аялга. Дагы эле менменсинген түрү!..

А кайсы бир учурда өзү менменсий тиктечү ушул күзгүнү. Текебердене тиктечү! Мыйыгынан жылмайып, ойкуштап он түрлүү өзгөрүп, ойноктоп карачу күзгүгө. А күзгүсү жаш аялдын жаштык деминен, чиренген сулуулугунан уялансып, басынгансып унчукпай гана мелтиречү...

Түркүн-түстүү бет боёкторунун уусуна жедеп ууланып бүткөн, эми боёкту кабыл алууга деле шайманы келбей калган бырыштуу кунарсыз жүзүнө, купкуу эриндерине кейий тиктеп турду ушул тапта. Эми буга боёк сүртүүнү деле кажети жок болчу... Капысынан келген бир ой мээсин чарпып өттү да, өзү да таң калды ушундай окшоштукка. Учурунда өзүнө аёосуз кызмат өтөгөн экен мобу азыр керектен чыккансыган кунарсыз жүзү. Оо ал кезде...

Өзү да агы ак, кызылы кызыл болуп чырайына чыгып турган учуру да... Өзүнүн чырайы аз келгенсип үстүнөн жабылган боёкту айт! Театрдагы эле грим канча! Боёк жабылган сайын сулуулугу дагы арта түшүп суктанган, таңданган көздөргө менменсий, оолжуй карачу тура!.. Кудум азыр муну күзгүсү менменсий тигилгенсип. Маңдайга бүткөн ушул сулуулугу, аны менен кошо келген атак-даңкы тагдырындагы болгон кем-кетигин толуктап, билгизбей турчу экен да көрсө...

“Жоок... тескерисинче  болуп жүрбөсүн” деди  күзгүдөгү өзү”... Сендеги чети кетиле элек кемтиксиз бакытты дал ошол сулуулугуң менен атак-даңкың жок кылган болуп жүрбөсүн... А сен ошондо насилиң аял экенин сезбей, өз турпатыңдан аялзаттын эмес сулуулуктун гана кейпин көрчүсүң да! Сага мүмкүндүк деле беришкен жок да өз ичиңде аял жашаганын сезүүгө! Анткендин ордуна баары сенин сулуулугуңа суктанышып, талантыңа таазим этишкен. Анан баары бир ооздон “искусство үчүн гана жаралган керемет” деп аташкан сени... Эсиңдеби?! Чындыгында туура айтылган татыктуу сөз болчу, бирок ал өз саатынын гана туура сөздөрү болгон... А сен, ансыз да келберсиген жаның бир ирмем да ойлонбой туруп аял экениңди унутуп, “искусство”,  “керемет”, ”сулуулук” деген гана сөздөрдү эстеп калдың да, ошол жерден сапарыңа чекит коюп, бактылуу жашадың... Жалгыздык деген нерсе менен таанышууга да мүмкүндүк болгон жок да ээ сенде?

Аял күзгүдөн терс бурулуп кетти. Аягына чейин чыдап угуу мүмкүн эместей... “Анткен менен өз кезегинде бактылуу жашагам!!!”- деп ыйламсырады аргасы куруп. Ушул күзгү жаркырап бөлмөсүнүн бир капшытын ээлеп алганы аз келгенсип, кыбыр эткендин баарын, жада калса ойлогон оюн да башкара бергени өтүп кетти! Ээ,  күзгү болбосо жерге кирсинчи... Кичине эшикке басып сейилдеп келсе не болот?... Ырас эле!  Шашып кийим алмаштыра баштады, заматта даяр болуп, өзүн бир карап коюу учүн күзгүнүн маңдайына келип калганын байкабаптыр. “Бырс” күлгөнсүдү күзгү мунун түрүнө, “кейпиң кантет, сен каякка, өзүңчө эле графинядай койкоңдоп... хи-хи-хи...” ... Чын. Күзгүнүн оюна макул болду ушул ирет, тим эле бир образга кирчүдөй болуп, азем кол чатыры, саркеч ийин жапкычы, стилдүү, кооз шляпасы... Чын эле ушул түрү менен каякка бармакчы?... Сахна болсо го...

... Сагынды сахнасын! Чыныгы жашоосун ошол жерде, кайсыдыр каармандардын образында гана жашаптыр... Өзүн жашай элек экен көрсө бул турмушта, али өз образын жарата элек экен! А мынабул турмуш болсо такыр эле сахнага окшошпойт тура! Кайда барсаң мамайдын көрүнө окшоп, бири-бири менен иши жок, кыжы-кыйма, тартышкан, түртүшкөн эл! Сулуулугуңду, улуулугуңду, талантыңды, идеяларынды уруп ойнобогон көпчүлүктүн шары... Сенин бар же жогуңду да байкашпайт керек болсо! Буларды оңой менен таң калтыра да албайсың, сенин театрда ойногон ролдоруң, трагедия менен комедияларың бул турмуш аттуу чоң сахнанын алдында суу кечпейт ошондо? Кызык... эми дал ушундай шартта өз жашоосун жашап, али турмушта ойнолуп көрө элек өзүнүн образын жаратышы керек экен! А өзүнүн кандай каарман экени азырынча өзүнө да белгисиз эле.

... Ошондон көп өтпөй тойго чакыруу  алды, курбусу эле, алтымыш жылдыгын ресторанда белгилемей болуп, көп киши чакырышыптыр. Аял баргысы деле келбеди, бирок аягында ошол  шоркелдей  курбусун чын дилинен аяп бара турган болду. Аяганынын да жөнү бар, бечара курбусу бул билгенден жакшылыктуу деле күн көргөн жок, канча ирет күйөөсүнүн кордугуна кабылып, качып келбеди, арыз-муңун айтып муңайбады!.. Аны аяп, ичинен ошонукундай тагдырга туш келип калбаганына миң жолу шүгүр келтирчү, ар качан колунан келген жардамын аячу эмес. Эми минтип ошол шоркелдей тойго чакырып атса кантип барбайт... Өмүрүндө бир ирет жакшылык көрүп атса деп койду оюнда.

Той деген той, ар түркүн адамдан баш айланат, кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндер! Алгач  муну көрүшкөндө өзгөчө урмат-сый менен тосуп алышты, кантсе да бир учурдун белгилүү, атагы калайыкка тегиз жеткен, сулуу актрисасы эмес беле! Көпчүлүктүн ичинде мунун таланты менен сулуулугуна таазим этип, чогуу сүрөткө түшчүлөр да арбын экен. Не деген менен дымагы бийиктеп калды... Аха... Турмуш сахнасыбы! Анда да ийгилик жаратып көрөлүчү кана деди ички сезими толкуй түшүп...

Бирок чыныгы спектакль андан кийин башталды. Тойдун башталышы жубайлардын ушуга чейин чогуу жашаган кырк жылга чамалуу жашоосундагы өрнөктүүлүгүн, ынтымак-ырашкерлигин, үлгүлүү ата-эне экендиктерин даңазалаган слайд-шоу менен ачылды, слайдда тээ жаш чактан берки сакталып келген не бир сонун сүрөттөр, азыркы күндөгү сүрөт, видеолор камтылыптыр... Уул-кыздары, келиндери, күйөө балдары, өңчөй аппак кийинген неберелери!!! Айтор өзүнө бир ажайып элестер! Суктанаарлык. Курбусу турду күлүп-жайнап, күйөөсүнүн жетегинде  бажырайып, ооба... Ооба, мунун чын эле бактылуу экендигине ишенбей коюуга мүмкун эмес эле!!! Кечээги эле жылдарда, күндөрдө өзү аяп, шоркелдей элестетип жүргөн курбусу азыр көз көрүнөө анын баарын танып коё алды. Анын бактылуу экендигине ишенбей коюу эч мүмкүн болбоду!!!

Ушул жерде, ушул саатта турмуштун чоң сахнасындагы эң башкы ролду эч кимге бербей, кечээги курбусу, кечээги байкуш курбусу ойноп атты. Болгондо да дүйнөдөгү эң бактылуу жубайдын, эненин жана аялдын образын жаратты. Ишенимдүү, шексиз, суктанарлык аткарды өз ролун. Тойго келип, аны карап турган эл эле эмес, өзү да ишенди, чын эле өмүр бою бактылуу жубай болгонуна...

Тойго чогулган көпчүлүк улам бири чыгып, курбусунун ардактуу жана күйүмдүү эне, алаканга салынып бапестелген асыл жубай экендигин, мындай үй-бүлөдөн келечектин жаштары таалим алса болорун, турмушта мына ушундай үй-бүлөлөр гана чыныгы сыйга татыктуу экендигин кайталай беришти... Улам-улам кулагына жаңырыктаган түшүнүктөрдөн жан-дүйнөсү тарып, кичирейгенден кичирейип баратты театр сахнасынын актрисасы...

Көрсө тиги, бүгүнкү күндүн, мындан аркы күндөрдүн бактылуу жана башкы ролун ээлеп алган курбусу турмуш сахнасына жаштыгын арнап койгон экен, кудум бул театр сахнасына жаштыгын, бүткүл жашоосун арнап койгондой... Арийне... Кайсы сахна болбосун, өзүндөгү жакшы ролду жаштык менен сулуулукка арнагысы келери айдан ачык экен го! Аттиң, турмуш сахнасынан кечиккен экен! Анткен менен, курбусу  мыкты ойнойт экен өз сахнасында... Экөө тең актриса, көрүүчүлөрү гана эки башкача... Ушу тапта башы катып ойлонуп отурду, кайсы сахна жашоосунда маанилүүрөк орунду ээлемек деп...

Той болсо ортодон ары ооп калды.  Баягыдай каалоо-тилектер деле айтылбай, эми берегилердин  сахнасында тынымсыз  музыканын дүңкүлдөгү менен  шарап чөйчөктөрүнүн  шыңгыры, күлкүнүн шыңгыры, эки-үчтөн бөлүнүп алып эбедейи эзиле сыйлашуулар башталды.  Ортодо болсо, кудай  бетин салбасын... Укмуш эле бий болуп атты!!! Бир-эки аябай кызымтал немелер аялды  бийге тартып да көрүштү.  Жападан жалгыз калып калган  өзүн кайда  батыраарын билбей,  ансыз да ыңгайсыз отурган аялга азыр ортого чыгып алып бийлөө турсун, өз ордунда жөн эле отуруу да кыйын боло баштаган.  Ичинен корунуп турду, соксоюп жалгыз калганына, атаңдын көрү дүнүйө ай! Ушул жерде да билинип атканын кара эч кимиси жоктугунун!!!Чын эле булардын арасында өзү ушунчалык байкушпу эмне!?Кайда жанагы башкы ролдогу неме? Айланасына аргасыз көз чаптырып койду, эч ким менин ушу абалымды байкап аткан жокпу дегенсип.  Муну менен чогуу бир дасторконго отурушкан  тигинин аяштары болсо бийдин кызуусунда!Анан өзүн-өзү жооткото бир аз шарап уурттамыш этти.  Дал ушул учурда  кудай  жалгап  бүгүнку күндүн күнөөкөрү  болуп аткан  курбусу  келе жаткан  эле  муну көздөй тамылжып  алып;

- Каныштай, кандай, жакшы эле отурасыңбы? Кечир ээ алтыным, элден бошой албай сага көңүл  бура албай  калыпмын...  - Курбусу  сыймыктана карап койду  тойдо дуулап аткан көпчүлүктү. 

- Кел, олтур бир аз.  Мен тойдун аягына  чейин отурбай эле кете турган болуп калдым...    Бир аз жанымда бол, анан мени узатып кой макулбу... 

- Не, бирдеме болдубу? Бирөө жарым жиниңе тийип койгон окшойт, оюңа  албачы, бул эми той да!Тойдо боло берет го эми, -жалжылдай карады кечирим сурагансып...  бечара!Анткен менен  баягы  эле  курбусу, жароокер, жумшак.  Үстүндөгү көйнөгүн кара! Жылтыр-жултур,   салтанаттуу көйнөккө мобунун жалтаңдаган жапакеч жүзү дегеле коошпой  калган экен! Кудум, бир канча жыл бою сарайда жаткан балатыны бутактары күбүлүп калганына карабай алып чыгып  майрамга карата кооздоп койгонсуп... 

- Дүнүйөң  жерге кирсинчи!..  Ага бир чарпылып, буга бир чарпылып жүрүп кантип убакыт өткөнүн да байкабай калат экенсиң  адам байкуш...  Кел андан көрө  ууртап отур...  -курбусу оор күрсүнуп алып,  чөйчөктөргө шарап  жаңыртты.  -Ушинтип жашоо өтө берет экен да...  Бир карасаң эле уул-кызың чоңоюп, анан тез эле небере күтө баштайт экенсиң!Жок дегенде кудайдын  ушунусуна шүгүр деп калдым эми.  Бала-бакыра аман-эсен, эл арасында жакшынакай ордун таап кетишти...  Эми тилегеним эле ушулардын бактысы...  Башка эмне кеп менде!Башка кандай кеп болмок эле... 

...  Кызуулугунан бир аз эреркеп кеткен курбусунун көзүнө жаш айлана түштү!Ооба, тээ жаштык жылдарынан баштап ички сырын, кайгы-кубанычын тең бөлүшө келген курбусу ушу азыр да ички толгонуусун бир кайрып алды.  Карегине айлана түшкөн көз жаштын сырын экөө гана биле алышмак, сезе алышмак!!! Аял курбусун чын дилинен жакшы көрүп турду, ал буга эч качан калп айткан эмес, бүгүн да ошентти!Кандай болгон күндо да анын бактысын кубаттаган бир жакшы сөз таап сүйлөшү керек эле, азыр ушу тойдогу жан адамга билгизбес ички монологун буга гана буулуга айтып турган курбусуна. 

- Антпегин!Карачы, кандай жакшынакай неберелериң бар!Кыздарыңды карачы, экөө тең жаркылдаган сонун кыздар болушуптур!Уулуң болсо  керилген келишимдуу мырзага айланыптыр!Сенде эмне арман болмок эле!

Курбусу  көз жашын эч кимге билгизбөөгө аракеттенип, акырын гана ыйлап отурду...  Ушул турушунда ал бактылуу да, бактысыз да эле!

*     *     *

Бир топ кызымтал болуп калганына карабай тойдон жакшы маанай  менен келди үйүнө! Кире бериштен өтүп баратып адатынча күзгүдөгү өзүнө бир ирет көз чаптырып койду,  көздөрү күлмүңдөп, сулуу тартып турган экен  тээ илгеркидей.  ”Азыр...  -деди-азыр келем.  ” Бул ирет күзгүсүнө жалгыз келбеди.  Моюнуна жылтылдаган күмүш чынжырча тагынып келди.  Капкайдагы буюмдарынын тээ түпкүрүндө катылып жаткан моюнга тагылчу ичке чынжырчасын атайылап эле издеп таап чыкты!

“Жарашпайт.  .  ”-деди күзгү.  ”Карачы, моюнуң азыр баягыдай мөлтүр эмес!”

“Ишиң болбосун!Жарашпаса да мага кымбат бул буюм! Бардык буюмдарымдан  кымбат!...  ” Мелтирей каяша айтты күзгүсүнө, жылтылдаган  чынжырчадан көзүн тарта албай.   “Хм.  .  Кымбат деп...  Кымбат деп жүрүп кымбат өмүрүңдү  коколой баш калтырдың!!! Эмне таптын айтчы!? Эмне таптың!? “ - “Сүйүү  тапкам.  Бир өмүргө  татый турган керемет сүйүү  тапкам...  Өмүр бою сүйдүм! Кусалыктан куурагыча  сүйдүм!Ыйлап да, жыргап да сүйдүм!”Аял жашка чайылып мөлтүлдөй түшкөн өзүнүн көздөрүнө тигилип турду  күзгүдөн.  Көздөрү  сулуу эле ушул тапта...  оох...  качантан бери ушинтип төгүлүп ыйлай элек экен!Сымаптай тунук көз жашы жылуу анан жагымдуу, колдору абайлай келип күмүш чынжырчаны сылап алды.    “...  акыркы эстелиги ушул болгон, ушуну апкелген күнү биз аябай сырдашканбыз, достошконбуз...  анан ал кеткен!Өз турмушуна кеткен...  А мен ага ак жол тилегем...  Бирок өзүмдү  андан бөлөк эч кимге ыраа көрө алган жокмун андан кийин...”

Ооба, ошол акыл-эске толуп, жаштыгы жайнап турган кезде укмуш бир сүйүү кездешкен тагдырында.  Шуулдаган шамалдай, алоолоп күйгөн оттой, сезими өз чегинен ашып-ташып төгүлгөн, келберсиген акын жигит эле сүйгөнү!Аны сүйбөй коюу эч мүмкүн эмес болчу!Аны ким бирөөгө алмаштыруу да эч мүмкүн эмес болчу!Ал да сүйгон муну!Эч кимде жок сүйүү менен сүйгөн!Анын сүйүүсүндөй күчтүү сүйүүнү ага чейин да, андан кийин да жашоосунда кездештире албасын ошондо эле сезген!!!

 “Өкүнбөйсүңбү?”күзгү шектене тиктеди аялды.  -“Эмнеге өкүнүшүм керек?” –“Мм...  мисалы  коколой  баш экениңечи...  Куу баш экениңе.  .  Жалаң  театр анан сүйүү  деп жүрүп аягында соксоюп  куурап баратканыңачы...  ”

- Былжыраба!-алгач чын эле аялдын үнү  шыбырай  чыгып, өз үнүнөн өзү чочуп кетти, бирок кайра шердене түштү да катуурак чыгарды үнүн;

- Сен бар го!Мупмуздак бирдемесиң!!!Сени ошон үчүн күзгү дейт да...  А мен...  -аял ушул жерден кадимки театр сахнасында жүргөндөй элестетти өзүн, анан ого бетер күчөп ойноду.  -А мен...  мен  муздак эмесмин сендей!! Мен  бүт өмүрүмдү өзүм сүйгөн театрга арнадым, сүйдүм театрды  чындап!А жүрөгүмдө өмүр бою сүйүү жашады!!!Ысык, кусалуу, таттуу сүйүү...  Мен  аны бирөөгө алмаштырганга күчүм жеткен жок...  Сен билип туруп  билгин келбей атабы? Муздаксың.  Сени ошон үчүн күзгү дейт! А мага өзүмдүн бакытым гана бакыт экени сезилет!Анткени менин бакытым мезгилдин күчү менен келген кадимки бакыттарга окшобойт!Менин бакытым жараткан насип эткен чыныгы бакыт!..  Жарк! эткен чыныгы бакыт!!!

 -“ Эгер андай болсо кана бакытыңдын аягы!, , Күзгү көкмелтейлене суроо  узатты, экөө буга чейин мынчалык ачыкка чыгып бет келише элек болчу!

- Мына  аягы!!!Мына!-аял өзүн кармана албай алтын-күмуштөрү сакталчу таш сыяктанган оор кутучаны күзгүго карай шилтеп калды...  -Ооба, бүлө күтүп  тамыр жая албадым! Бирок  мен бактылуумун баарыбир!Эмнеге  билесиңби? Мен күткөн тагдырдагы улуу сүйүүнүн куну ошого  барабар болду!!!...  Ошого барабар болду!!!Аны сендей шоркелдейлер туймак  беле!-деп алып эми  өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлады, оо көп мезгил өттү эле минтип  ыйлабай калганына... 

...  Күзгү талкаланып, быркырап жерде чачылып жатты. 

Эртеси кеч ойгонгон аял шыпыргысын алып келип, эч нерсе болбогонсуп  полдо чачылган күзгүнун сыныктарын тазалады.  Анан өз ордунда бүтүн бойдон турган күзгүнүн алкагын эмне кылаарын билбей бир аз ойлонду, кооз,  кымбат эле...  Таштандыга бергиси келбеди.  Аягында бир чечимге келип, тээ жаштык жылдарындагы сүрөттөрү катылган альбомун таап чыкты да, өзүнө жаккан сүрөттөр менен алкактын ичин толтура баштады.  Оо, анда не деген керемет учурлар бар эле!!!Сахна...  Театрдагы ийгиликтери...  Акын жигиттин  ыр окуп аткан кези!Анан бактылуу, жапжаш өзү!Өзүн курчап кол тамга алып  аткан көпчүлүк!!!

Комментарий калтырыңыз