Азамат Омош: Айыл четинде (№115)

  • 18.05.2020
  • 5068

АҢГЕМЕ

1

Ошко түн ортосунда келип кондук. Траптан түшкөндө эле жанатан жылуу жерде отургангабы – кеч күздүн туман аралашкан салкын, нымдуу абасы бетке урду. Бах! Тулку-боюмду өзүм түшүнбөгөн бир сезим ээлеп, колдорум титирегендей сезилди өзүмө. Көкүрөктү кере дем алып, эрксизден асманды карадым. Суюк тумандан жылдыздар деле көрүнбөдү. Мекенге келип конгондогу романтикамды эми эле келип токтогон перрондук автобуска топурап жөнөгөн сапарлаштарым бузду. Жөөлөгөн көпчүлүккө аралашып, автобуска чыктым. Түз бассаң үч жүз таппай[1] чыкчу чек ара-көзөмөл пунктуна автобус бизди төрт айланып жеткирди. Баарыбыз шашыла түштүк да, ачык турган эшиктен кенен залга шыкалдык.

– Аялдарды, аялдарды өткөргүлө! – деди жаш жигит. Бирок аны уккан деле жан жоктой. Баары эле алдыга жүткүнөт.

– Сим карта! Билайн, Мегаком, Ошка!

– Рубль алабыз! Рубль алабыз!

Кызык, биз али шарттуу түрдө чек арадан өтө элекпиз, а бул соодагерлер каяктан чыкты дедим жаман арымда. Аскер бушлат кийген 30 жаштар чамасындагы жигит котолоп турган баарыбызды бир сыйра сынагансып карап турду да, өктөм үн менен:

– Тажик, өзбек паспорту барлар барбы? – деди орусча.

– Мен, – деди бирөө топтун арасынан.

– Паспортуңарды бергиле!

Күбүр-шыбыр күчөп, элүүдөй адам паспортторун топтоп беришти жанагы жигитке.

– Жүргүлө! – деди.

– Булар кайда жөнөдү? – дедим жанымдагыдан.

– Пулун алып, "безөчүрүт" өткөрөт да.

Адам азайганына кубангандай, көпчүлүк бул көрүнүшкө көңүл деле бурбады.

2

Сумкемди алып, сыртка чыкканда эле жулунган таксисттер ороп алды.

 – Жалал-Абад!

 – Баткен!

 – Кызыл-Кыя!

Алардын эч бирине жооп бербей, жөөлөп-түртүп алдыга жөнөй бердим. Эки көзүм күтүп тургандарда. Инимди издеп жаттым.

– Ата!

Уулумдун вотсаптан бир күндө жүз сүйлөшкөн тааныш үнү кулагыма шак деди. Тигине, канатын жайып уясына конгону келаткан чабалакейдей болуп уулум чуркап келатыптыр!..

3

Уйкудан ойгонгонумда күн чоң шашке болуп калыптыр. Бети-башымды жууп, тамактанып, айыл этегиндеги Жапар абаныкына жөнөдүм уулумду жетелеп. Жапар абанын көзү өтүп кеткенине эки жыл ашты. Көз көрсөтүп, куран окуп койбосом болбос. Балдары мени менен теңтуш болгон үчүн, балалыгым алардын короосунда өттү. Алардын короосунан ары ылдыйыш болчу. Ошон үчүн бекен, илгери бала кезде Жапар абанын үйү биздин айылдын чегиндей туюлчу. Биздин айылды жат адамдардан коргоп турган сепилдей сезилчү. А биз мадыра баштар ылдыйыштан чуркап түшүп, тегиз жерде кечке оюндун сазайын берчүбүз. Ошол тегиздеги жалгыз долоно биздин паттабыздай[2] эле кызмат кылчу.

Жапар абанын үйүнөн чыгып, айыл этегиндеги балалыктын алтын доору калган жалгыз түп долоно жакка баргым келди да, алардын короосун айланып өтө берип, тык токтодум. Бир кездеги ээн талаа жок. Катар үйлөр түшүптүр. Биздин паттабызды да кыйып салышыптыр.

– Бул үйлөр кимдики? – Уулуман сурадым.

 – Беш кошкондордуку. – Чоң атамдай сүйлөгөн уулума ормоё тиктедим. Чал-кемпирдин колунда чоңойсо чоң ата болот да деп койдум ичимден.

– Жерди ким берди буларга? – Уулум ийнин куушурду. Ошондо гана эки-үч жылдай мурун атамдын айыл жери коңшу айыл өкмөткө өтүп кеткенин айтып кейигенин эстедим. Ошондо атам ырысы жоктор жерди сатып ийди деп кейиген эле. Анда элес албаган элем, эми көзүм менен көрүп, ичимен кан өтүп кеткендей болду.

4

Кечки тамакты ичип, үйдөгүлөр менен сүйлөшүп отурганбыз. Маанайым жок. Айылдан кеткениме да беш жылдан өтүптүр. Үй салып, үй бүтүрөм деп жүрүп, беш жылдан бери эми келдим. Айыл этегиндеги жаңы чек тамагыма кадалган сөөктөй болуп, белгисиз бир ыза ичимден муунтуп жатты. Москвага кетер жылы айыл өкмөткө барганмын жер сурап. Ошондо ошол жерден чек бербей койгон. Эмне имиш, айыл чарба багытындагы жер имиш. Трансформацияга улуксат жок имиш. Хе! Айла кеткенде алты айыл ар жактагы Кара-Дөбө жактан чек сатып алганмын.

Биз аны-муну сүйлөшүп отурганыбызда жаңылыктардан Баткендеги чек арада ок атышуу болгонун, тажик тарап ок атканын айтып калды.

– Ушу бечараларга кыйын болду, – деди атам.

– Ажеп болуптур! – дедим баятан берки ызамды чыгарып, – Куп болуптур! Жер ээн болсо доңуз төбөңө чыгат! Алардын балдарын бирөө айылын таштап Чүйгө көчүп кет дептирби? Чүйдөн калганы темселеп Россиялап жүрөт!

– Кой, балам, мына сен деле...

– Ооба, ата, мына мен, менин теңтуштарым, баарыбыз чилдей тарадык. Астыбыз Москвадан, артыбыз Бишкек, Оштон үй алдык. Айылда кимдер калды? Эртең силердин көзүңөр өтсө ким калат? Ата конуш деген кайда калат? Мен го мына турган Кара-Дөбөгө кетипмин. А бул небереңиз кайда кетет? Андан да алыска кетеби?..

5

Эртеси таң атпай Макендикине бардым. Макен – айылыбыздагы тракторист. АБЗ тракторун минет.

– Э, баатыр! Кел, кел!

– Ассалоому алейкум!

– Валейкум ассалоом! Качан келдиң?

– Кечээ келдим эле.

– И, иш кандай?

– Секин-секин.

– Үйгө кир.

Бир куюмдан чай ичип, ага келген жөнүмдү айттым.

– Майли да, үкам! Өзү дагы бүгүн оодук[3] эле. "Рассийский рубилден" берсең эле болду да.

Жарым сааттан кийин Макен экөөбүз айыл четиндеги "Бител-Дөбөдө" болдук.

Ишти эми баштайлы дегенде, көк "Матиз" келип токтоду паска. Андан Жер тыңшаар Маамыттан уккандай болуп, жулунган бойдон айыл башы Карим аке түштү.

– Ким уруксат берди силерге?!

Салам-аликсиз эле бакырып калды.

– Кимден уруксат сурашым керек экен?! – мен да омуроолоп жооп бердим.

– Эмне кыласың бул жерди сүрдүрүп?!

 – Үй салам! Уулума үй салып берем!

– Сен бала, эмне, пулуң көбөйүп калдыбы?! Кана, сүрдүрүп эле көрчү, сени менен өлбөгөн гана жерде калбасам!

– Эмне кыласыз?!

– Каматам!

– Колуңуздан келгенин кылыңыз! Айылдын жерлерин оң-солду сатканыңызды билбейт дейсизби?! Же элдин баарын келесоо ойлойсуңбу?! Же эмне, сурачулар чыкпайт дедиңер беле?!

– Эй, бала! Эй, бала! Сен!.. Закүнчүл болбоң. – Мукактанып мага сөөмөй кезеди Карим.

– Керек болсо сени түрмөдө чиритем! А бул жерге уруксатты болсо, тиги алкымы чоң өкмөтүңүн оозуна сом солоп болсо да алып алам, уктуңбу?! Эми бул жерден жогол! – деп бакырдым.

Макен болсо бир мени, бир Каримди тиктейт. Чөнтөгүмдөн беш миңдиктен экини алып чыктым да, колуна карматтым.

– Башта!

Тарылдаган кубаттуу ЧТЗ бульдозёрунун үнү тынч жаткан айылды чочутуп, "Бител-Дөбөнүн" үстү боз ала чаңга буланып жатып калды...

[1] Таппай – кадам.

[2] Патта – ордо.

[3] Оодук – отдых, эс алуу.

 

Комментарий калтырыңыз