Түмөнбай Колдошов: Кирнечи (№121)

АҢГЕМЕ

Ал түнү уктай албады. Денеси ысып, ойдолоктоп, такыр таң атпай койгонунан сыртка чыгып, көчөдө басып жүрдү. Таң куланөөк тартканда короздор жарыша кыйкырып баштады. Кечеги тойдо күрөшкө түшүп, чоң байгени алып үйгө келгенден кийин алы кетип, ныксырап, шалдырай түштү. Кимдин көзү тийип кетти, кимдин назары өттү деп ойлонуп, такыр таппады. Акырын келип, арыктан бетин жууп жатып оозуна учук чыкканын байкады.

Сууда жаткан кичинекей ташты алып учукка тийгизди да, кайра аны ордуна оодарып койду. Ал буга чейин да учук чыкканда ушинтип суудагы үч ташты тийгизип оодарып койгондо эрте сакайып кеткен. Ошондон улам ушуга ишенип алган.

Тамакка табити тартпай, көңүлү бейтынч турганын көргөн атасы, тынчсыздана баштады. Уулунун түнү уктабай көчөдө таң атырганын да көргөн эле.

- Уулум, сага эмне болду? – деди атасы.

- Кичине ичтейим жок. Кускум келип, көңүлүм айланып жатат.

- Кел бери. Сага бирөө-жарымдын сугу кирген окшойт. Өзүм эле кирне басып коёюн. Кемпир, кагаз алып келчи.

Атасы бир четке отуруп, баласын жанына чакырды. Бир баракты бирдей үчкө бөлүп, тоголоктоп койду. Бүктөлгөн кагаздын бирин алып, “Биссимилда, менин колум эмес, Эшен атанын колу. Чык кирне, чык! Бу бечарада эмнең бар?! Чык, кирне, чык! Ата-энесин таңганга бар! Байлыгына манчыркаганга бар! Чык, кирне, чык! Ууруларга бар! Жемкорлорго бар! Чык, кирне, чык! Адырда жүргөн уйларга бар, букаларга бар! Чык, кирне, чык!” – атасы колундагы кагазын башынан баштап бутуна чейин сүртүп, улам “Чык, кирнесин” кайталап жатты. Атасынын шадылуу колдору сүртүлгөн сайын денесине жаккан бала улам эстегенде оозун алаканы менен жаап коёт. Башка кирнечилерге караганда атасы башкачараак айта баштады. Уйларга, ууруларга, өзү жаман көргөн адамдардын аттарын айтып кирди.

Айылда сук кирген, назар түшкөн, көз тийгендерге кирне баскан кирнечилер бар. Баары эле кирне баспайт. Алар келген адамды астейдил отургузуп алып, артына өтүп башын, желкесинен катуу кармалап, “Ээ, кирне катуу кириптир, муну тез кирнелебесек денеңе сиңип калат, оорлошот. О-ой, мына мен да эстеп баштадым” деп оозун чоң ачып, денесин силкийт. Анан камчы же бычак, күл же кагаз, туткуч же дагы бир буюм менен баштан-аяк: “Чык, кирне, чык! Менин колум эмес эпчи-домчулардын колу, Эшен атанын колу. Чык, кирне, чык! Мен кайттым, сен дагы кайт! Чык, кирне, чык! Сууктан болсоң чык! Назардан болсоң чык! Аштан болсоң чык! Чык, кирне, чык! Он эки кабыргадан чык! Омурткадан чык! Бу бечарада эмне акың бар? Чык, кирне, чык!”.

Айылда канча кирнечи болсо ар биринин айткан сөздөрү бар. Алардын айткандарын угуп калганы үчүн атасынын оюнан чыгарып айткандары күлкүлүү угулду. Кирнечилер кирне баскандан сырткары, жаагы шишип, тепме болгондорду да “Биссимилда!” деп маасысы менен эки-үч жолу тээп койсо бир күндө сакайып кетет. Ал эмес ыйлаак бөбөктөрдү да оозуна галошу менен ырымдап тийгизип койсо ыйлактыгы тып токтойт. Уктай албай чукуранып, улам уйкусу бузулган бөбөктөрдүн далысын лезвия менен тилет. Маңдайларын, кулагынын артын, кабыргаларын ысык зым менен тарсылдатып күйгүзүп да жиберишет. Мындай элдик ырымдарды эгиз төрөгөн, деңизде кемеге чыккан же бала кезинде катуу ооруп калган аялдар жасашат. Жаңы төрөлгөн наристелердин чачына жол түшүп кетсе да кайненеси менен келини ээрчишип келип “жолун буздуруп” кырктырат. Болбосо наристенин көзү кылый болуп калат деп кечиктирбей барышат. Атасы кирнелеп бүткөнчө ушуларды ойлоп, кирнечилерди көз алдынан өткөрдү.

Атасы кагазды басып бүткөндөн кийин анын оозуна жакын апкелди да “Тү-тү” деп кой деди. Анан бүктөлгөн үч кагазды очокко алып барып күйгүзүп жиберди. Күлдөн сөөмөйүнө алып келип, баласынын бешенесине, бетине сүртүп койду.

- Кичине жеңилдедиңби? – деди атасы кирнелегенине маашырланып.

- Ыы, – деди баласы башын ийкеп.

- Эми жакшы болуп кетесиң. Илгери кадимки Атай Огомбаевге да көз тийген экен. Бир концертте ырдап жатканда бирөөнүн көзү тийиптир. Элдин баары көзү бар адамдын чапанынын бир четин кесип, түтөтүп Атайга жыттатыптыр. Ошондон кийин үнү мурдагыдай болбой калган деген кеп бар. Ошого элдин назарынан этият болгон жакшы. Сен дагы кечеги ашта жакшы күрөштүң эле, бирөө-жарымдын сугу кирип, назары түшсө керек. Өзүңдү таза алып жүр, жаман жерлерге барбай, дос-душманды да айырмаласаң жакшы болмок. Ар кимди дос тутуп, ишене берген жакшы эмес. Жигитке өмүрүндө оомат үч эле жолу берилет. Ошону пайдалансаң пайдаландың, болбосо жок, – деди атасы уулуна карап.

Дасторкон четиндеги маекти угуп отургандар үн катышпады. Бала дагы өзүн жакшы сезгендей болуп, атасына жылмайды. Ал мындан ары да өзүңүз эле кирнелеп турасызбы деп айта албай, көзү менен билдиргиси келди. Аны түшүнгөн атасы да макул дегенсип башын ийкеп койду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз