Толук Бек Байзак: Сүйүлбөйт тереңдиктер

  • 01.06.2020
  • 13126

ӨМҮР

Кызыктуу бир түш белем өмүр деген,
Чалкыган сүйүү менен, көңүл менен.
Мухиттей жакын болуп, закым болуп,
Мөлтүрөп карегимден төгүлбөгөн.

Бул өмүр бир берилген карыз белем,
Кызытып кан кайнаткан жарыш белем.
Милдети бу кудайдын азап белем,
Жалтактап жолоочудай жашап келем.

Кээде өмүр куу тагдырдын союлундай,
Кээде өмүр сулуулардын коюнундай,
Бул өмүр эң бир жакшы түшүмө окшош,
Бул дүйнө ким бирөөнүн оюнундай.

Мекендин мейкининде толгоно албай,
Жоголгон жолборс сымал комдоно албай,
Тасмадай өмүр өтүп көз алдыман
Жатамын чала уйкудан ойгоно албай.

Издеткен эркиндикти жеңилбеген,
Көксөткөн кереметти көрүнбөгөн,
Жылт эткен ачуу, таттуу күндөрү бар,
Көз ирмем бир түш окшойт өмүр деген.

БИЛБЕЙ КАЛДЫМ БУ КӨКТӨМДҮН ӨТКӨНҮН...

Билбей калдым бу көктөмдүн өткөнүн,
Өткүн сымал өтө берди буркурап.
Эске салып чиркин жаштык көктөмүн,
Олтурамын ойлор менен ыр курап.

Канча жаздар кайткыс болду түбөлүк,
Кан жолдордо канчалаган жаңылыш.
Жоготуулар кайратыма сүйөнүп,
Көзүмдө жаш, көкүрүктө сагыныч.

Өтөт өмүр, өткүн болуп өтөмүн,
Мезгил – мерез, мен да мерез, багынбас.
Бу дүйнөнүн кандай абалда экенин
Көрсөттү окшойт ушул тумоо, ушул жаз.

Кайран өмүр, ой кырыңда дуулдап,
Келет чиркин бир кайрылып көктөгүм...
Алпурушуп жашоо менен, ой менен,
Билбей турам ушул жаздын өткөнүн.

СЫРЫБЫЗ БИРГЕ, СУЛУУ КЫЗ

Сырыбыз бирге, ырыбыз,
Сүйүүнүн тийген нурубуз,
Чачышып отту жүрөктөн
Кылчактап турдуң сулуу кыз.

Ырыма өзүң себепсиң,
Кудайдан  келген белексиң,
Башкасын билбейм, башкасын,
Абадай мага керексиң.

Маңкайып турсаң маралдай,
Аңкайып жүрөм баралбай,
Жалынга түштүм алыста,
Атылбай калган жанардай.

Сырыбыз бирге, ырыбыз,
Сүйүүнүн чачкан нурубуз.
Ырларым барат чабуулга,
Капканы аччы, сулуу кыз!

ТЕРЕҢ ДАЙРАЛАР ДАБЫШСЫЗ ЖАЙ АГЫШАТ...

Терең  дайраларды  сүйөмүн,
терең  дайраларды.
Жайбаракат агышкан,
жай агышкан,
жан дүйнөгө бейпилдик
тартуулашкан.
Аларды карап туруунун өзү,
Кандай ырахат алыстан.

Терең  адамдарды  сүйөмүн,
терең адамдарды.
Жайбаракат жашашкан,
жай жашашкан.
Жаратышкан,  изденишкен,
баладай кудуңдашкан.
Алмаздай тереңдерде казылбастан,
Берметтей тереңдерде
жымыңдашкан.

Коркутат  көк  иримдер.
Сүйүлбөйт тереңдиктер.
Дабышсыз жай агышат,
дайралар  алыстарга.
Толкундар шоокумдары, ырыңдын
шыбырагы,
угулар ансыз деле уккусу келген жанга.

Карагай,  арча кайың  күзгүдөй
каранышкан,
терең, терең  дайралар бар
дабышсыз жай агышкан.

Комментарий калтырыңыз