О`ШАКИР: УШУЛ КАРТИНАДАГЫ АБАЛГА КЕПТЕЛДИК

  • 18.03.2020
  • 10138

«Деградация» — Айып Алакуновдун кыл калеминен жаралган картина.

Береги көрүнүштөн бүгүнкү Кыргызстаныбыздын деградациялык акыбалга кептелгенин көрдүм. Бийликтеги кризис, коомдогу регрессти таамай чагылдырган көркөм туюнтма. Ар мезгилдин өз баатыры, өз акыны, өз каарманы болуп келгендей эле өз сүрөтчүсү чыкмагы бар—ов… Бул картина капысынан көзүмө урунуп калды.

Ийиндеш жүргөн иним бар. Атбашылык. Ачылып сүйлөбөгөн жигит. Апырылбайт, сапырылбайт. Сыртынан эмоциясы билинбейт, ичинде кайнап турат. Тек анысын кыл калем учу менен гана туюнтат. Айып Алакуновду азырынча өз чөйрөсү гана жакшы тааныйт. Элибиз болсо пайгамбарын да тааныгысы жок – өзү менен өзү. Көр тирлик, көр оокаты менен. Көркөм баалуулук менен иши жок.

Күнүмдүк тирлигине сүрөт, театр искусствосунун, адабият, маданиятыңдын кереги жок. Илим-билимдин да анча мааниси жоктой. Той-топур, салтанаттан калбаса болду. Мечиттен калбаса болду. Беш маал намазына жыгылганына көңүлү топук. Рухий жакырчылык басканына кайыл. Себеби, көркөм искусство, көркөм адабиятка тиши өтпөйт. Чайнап берер да кишиси жок. Театровед, искусствовед, музыковед, сынчы-адабиятчылары жогунан эл азыр массалык оюн-зоокко гана кумар. Жеңил-желпи ырчы-чоорчуларга алакан кызый кол чабат, жер тепкилеп коштойт. Көкбөрү же эрежесиз мушташта чемпион болгондор “улутчул” сезими удургугандардын сүймөнчүктүү сыймыгы. Ушундай заман!

Ал эми интеллектуалдуу өрнөгү, акыл жөндөмү, чыгармачылык потенциалы менен ийгилик жараткандардын аты-жытын да тааныбайт. Айып Алакуновго окшогон орошон таланттар караламан калк үчүн катардагы эле кулпендедей бирөө. Ага караганда чала молдо, чаласабат илимпоз, чаласабат саясатчы, чобур таланттардын кадыры, аброю бийиктеп туру.

Мен бул жигиттин чебер кыл калемгер экенин береги көркөм дасмиясынан көрөр замат тил-ооздон калып отуруп калдым. Алдымда шахмат тактасы тартылган картинада саналуу фигура гана түшүрүлгөнү менен, картинанын тили ой-санаамды капкайдагы кең горизонталга алып барып, кайра апкелет. Шахмат тактасын карайм, тактадан ары жактагы мейкиндикке кадалам. Эй, тобо! Искусство тили дудуктай үн катпаганы менен эмнени гана туюнтпайт адамга. Мына энди, сүрөткө кара да, каалагандай чечмелей бер…

Кептин баары такта сыртындагы мейкиндикке түшүрүлгөн шахмат талаасында жатат. Шахмат – турмуш, турмуш – шахмат, – бул айтпаса да түшүнүктүү. Тек, шахматтык эрежени, принципти бузган ишаратты туюнткан сүрөткер эмнени айткысы келет? Королдун бурчка камалган, шах болор кырдаалга кептелгенин көргөндө – элдин кысымында калган А.Акаев менен К.Бакиев бийлигинин тарыйкасы тартылат көз алдыга.

Эң кызыгы – бурчка камалган королдун сыртка чыгып кетер жолу бар: жашыл доллар көпүрө болуп! Ал көпүрө кайра эле шахмат талаасына алып өтөр жол! Көрсө оюн шахматтык тактанын алкагында эле эмес тура. Сыртта – мейкиндикте да оюн талаасы кең экен. Оюн дале уланчудай түрү бар. Ал жолго салчу көпүрө – жашыл доллар. Акчанын күчү менен мат болбой аман калса да болорун чечмелейт сүрөттүн тили.

Бу жерде бир эле А.Акаев менен К.Бакиевдин тагдырын көрүүгө болбойт. Өлкө казынасын каалаганча тоногон коррупционерлердин канчасы жашыл доллардын күчү менен оюн салып сыртта жүрөт?! Канчалаган кадрлар, саясий карт бөрүлөр оюн талаасынан жыдыса деле, шахматтык тактанын сыртында оюн улантып келаткан жокпу бүгүн?!

Кадрлык кризиске кептелген кыргыз бийлигинде канчалаган аткаминер жарамсыздыгынан королго окшоп бурчка камалып, кызматынан четтетилсе деле, алар үчүн жашыл доллардан көпүрө бар ар дайым. Саясий олимптен кетпейт, себеби шахматтык тактанын сыртында деле оюндарын уланта берчү Кыргызстандын саясий элитасын көрүүгө болот!

Бул сүрөттүн дагы бир көркөм туюнтмасына келсек: утушка толук ээ боло турган ак фигуралардын королу жок тактада. Шахматтык эрежеде сөзсүз эки король болууга тийиш. Бирок сүрөтчү муну шахматтын шартын, эрежесин билбегенден улам ак фигураларды королу жок тартты дейсизби? Жок, андай эмес, азиз окурман! Кептин баары – эл тарапта караламан букарага баш-көз болор, тоодой таяныч сезилген лидердин жоктугу! Көсөмү жок эл – өзү менен өзү.

Эң күчтүү оюнчусу ферзь бар, бирок ак фигуралар мына-мына утушка ээ болчудай көрүнгөнү менен, алардын королу жок! Кара фигуралардын королун кысып, бурчка камаган ак пешка турганы менен, ал баары бир король боло албайт. Парадокс так ушунда! Нонсенс! Актар уткан күндө да, каралар үчүн башка да оюн талаасы турат ары жакта – жайылган мейкиндикте… Ал мейкиндикке өткөрүп кетер көпүрө – жашыл доллардан жол жатат төшөлүп! Йе, заманың түшкүр, калайык калк, мына сенин шахмат талаасында көрсөтүлгөн шор тагдырың!

Дагы кызыгы – шахматтык тактаны кандайынан санаба, сөзсүз сегиз клетка болууга тийиш эле. Эмнеге бул сүрөткө жети гана клетка түшүрүлгөн деген мыйзамдуу суроо туулушу ыктымал. Биз бүгүн сөздүн толук маанисине шайма-шай келер мамлекеттик дөөлөт кура алдыкпы? Жок! Кайра-кайра жок! Кыргызстандын мамлекет деген эле аталышы, символдук эмблемасы болгону менен, мамлекеттик түзүмдүн өзү дал ушул бүтүн эмес, толук эмес шахматтык тактадан эмне айырмасы бар?!

Бизде оюн эрежесин бузгандарды кой, ошол оюнду улай турган шахматтык тактанын өзүндө мандем жаткан үчүн бул сүрөттүн аталышын автор “Деградация” атаганы – тамырыңды зыркыратат, замандаш! Биз улут катары, мамлекет катары деградацияга кабылганыбыздын символу бул!

“Азаттык”

Комментарий калтырыңыз