РОЗА АЙТМАТОВА: ОН ТОМГО БАТПАГАН ЧЫНДЫК

  • 29.03.2024
  • 10963

Чыгыштын акылмандары айткандай, бу дүйнөдө үч нерсени: күндү, айды жана чындыкты жашырууга болбойт.

Бул сөздүн чын экенине мен 1991-жылы Чоң-Таш айылынын жанындагы бөксө тоолордун биринде буга чейин белгисиз болгон мүрзө табылып, ал ХХ кылымдын 30-жылдарындагы сталиндик репрессиялардын жазыксыз курмандыктарынын жалпы боордоштук мүрзөсү  экени тастыкталганда ынандым. Бул чындык 53 жылдан кийин билинди. Ал кезде биз – Төрөкул Айтматовдун балдары,  атабыздын сөөгү кайда көмүлгөнүн эми таппай калдык ко деп буга баш ийип калган болчубуз.

Азыр ойлосом, биринчи жолу ошол кездеги өлкөбүздүн башкы чекисти – генерал Жумабек Асанкуловдун кабинетине чакырылып барганым менин эсимде абдан жакшы калыптыр (элдин баарын чакырганда мен чет өлкөдө болуп келбей калганмын, ошон үчүн мен кийин чакырылдым).

Генералдын ички телефон аркылуу чакырган кызматкери эскирип, саргайып калган калың папканы алып келип анын колуна берди. Асанкулов папканы кармалап, барактап, кээ бир кагаздарына токтолуп, анан  мага карата  мындай деди:

— Сиз уксаңыз керек,  биз жакында Чоң-Таштын бөксө тоолорунун биринде30-жылдарга тиешелүү жалпы көрүстөндө казуу жүргүзүп, анда репрессиялардын курмандыктары көмүлгөндүгүн тастыктадык. Ал көрүстөндө сиздин атаңыздын да сөөгү бар экени далилденди. Анын айыптоо корутундусу жазылган кагазы табылды…

— Кантип!? 53 жылда кагаз чирибептирби? Ошондой да болот бекен? — деп таң калдым.

— Болот экен. Кудай колдоп… жалпысынан төрт кишинин айыптоо кагаздары  табылды. Ошонун аркасы менен көргө көмүлгөн адамдардын баарынын тизмеси жазылган протоколду таптык. Ал эми бул болсо 1937-жылы сиздин атаңызга карата ачылган тергөө иши. Карап көрүнүз, — деп папканы мага сунду.

Мен аны алганда эмне болуп кеткенимди билбейм, эки алаканыма чок тийгендей болуп кетти… Анан ачып карай баштадым: биринчи эле атамдын анкетасы көзүмө урунду, өз колу менен толтурган экен. Адегенде Чыңгыз акенин жазганы экен дедим, колдору ушунчалык окшош экен. Ичимен “адамдын жазуу манералары (тамгаларды жазуу формалары)  да ген менен берилет окшойт”, — деп ойлоп койдум.

Атамдын аскер билети салынган конверт бар экен. “Атаңыздын аскер билетин эстеликке  алсаңыз болот”, — деди Асанкулов, өзүнүн генералдарга гана таандык коңур үнү менен. Муну мен башкы чекисттин мага карата көрсөткөн кең пейилдүүлүгү катары кабыл алдым. Бул билетти атам колуна көп эле жолу кармаган болуш керек деп ойлодум, а мен биринчи жолу атамдын буюмун колума кармадым (мен атамдан беш айлык, ымыркай кезимде айрылып калганмын да). Көзүмөн куюлган жашты токтото албайм, эч нерсе көрүнбөй калды… Анан өзүмдү колго алып, кайда отурганымды эске салып, бир аз тынчыдым окшойт.

Андан ары сурак протоколдорун көрдүм. Протоколдун ар бир бетинин төмөн жагында атамдын колу коюлган деп түшүндүрүштү. Ал колдор көк сыя менен, каруусуз коюлганы байкалып турду, анан алар мен азыр эле коргөн атамдын анкетасынын аягында коюлган колуна окшош эмес эле.

— Эмне үчүн? — деп сурадым. Анда Жумабек Асанкулович мага мындай деп жооп берди:

— Мүмкүн,  сурак учурундагы катуу кыйноодон кийин абалы адекваттуу болбой калган чыгар. Ал кезде аларды уруп-согуп катуу кыйноого алышкан да. Же өзү кол койууга жарабай калса, башка бирөөгө кол койдурушкан чыгар. Анткени тергөөчүлөргө сурак протоколдорунун жазуу формасын  (оформить этүү эрежелерин) сактоо керек эле.

Ошол замат апамдын айтып бергендери эсиме түштү. Ал Фрунзе шаарында жашаган курдаштарынан – репрессияга тушуккандардын аялдарынан (биз Таласта жашадык) уккандары (алар ишенимдүү булактардан угуп бири бирине жашыруун сыр кылып айтып беришчү экен) боюнча:

— Биздин күйөөлөр сурак учурунда абдан катуу кыйноолорго кабылышат экен. Аларды карцерде бир нече күндөп кармашып, анан кыштын суугунда  жылаңач эшикке чыгарып үшүтүшөт экен. Катуу үшүгөндөн кийин, аларды шылдың кылып, “Ийи, үшүдүңбү? Жүр эми ысытабыз сени”, — деп кызарып ысыган мештин үстүнө кыйнап отургузушат. Мындай кептер муруңку эл агартуу наркому Акун Мыктыбековдун эскерүүлөрү менен да далилденет. Ал ошол мезгилде ежовдук НКВДсынын адам чыдагыс кыйноолорунан өтүп, кокусунан аман калган киши болчу. Мыктыбековдун эскерүүлөрү боюнча “… Түрмөдө саясый күнөө коюлуп камалгандарга өтө катаал мамиле жасашчу. Буту-колдорун эшикке кыпчытып, сөөктөрүн майдалап талкалап, майып кылышчу. Сурак протоколдорунун  ар бир бетинин төмөн жагына кол койдуруш үчүн алардын бир гана оң колунун эки бармагын – сөөмөйү менен чоң бармагын калтырышчу. Өтө эле “бекемдерин” кызарып ысып турган контромарка мешине баштарын тыгып кыйнаганда, бардыгы коюлган  күнөөнүн баарын мойнуна алышчу. Жок партиялардын мүчөсүмүн, Түркия, Ирандын тыңчысымын, Пантюркизм, Панисламизм агымдарынын катышуучусумун жана башка дагы толуп жаткан, НКВДнын тергөөчүлөрү ойлоп чыгарган кылмыштардын баарын моюндарына  алышкан…”

37-38-жылдарда Кыргызстанда репрессияга тушуккандардын дээрлик баарына, анын ичинде менин атама да, Социал-Туран партиясынын (СТП) мүчөсү болуп, анын ишмердүүлүгүнө катышкан деген күнөө коюлган. Ал партиянын максаты Кыргызстанды СССРден бөлүп алып, башка капиталисттик мамлекеттердин  протекторатына өтүү имиш. Мындай айыптоо трафареттүү болгон, ал  тергөө иштердин дээрлик баарында бар болчу. Чынында мындай партия Кыргызстанда болгон эмес, бул НКВДчылардын оюнан чыгарылган миф болгон.

Мифти чындык катары көрсөтүш үчүн НКВДчылар бул партиянын тармакталган структурасын жана катардагы курамы бар экенин аныкташкан жана бул партиянын  мүчөлөрү бардык партиялык жана мамлекеттик мекемелерге орношуп кирип алышканын айтышкан. НКВДчылар Москвага берген билдирүүлөрүндө эл душмандары — СТП мүчөлөрү, троцкийчилер, бухаринчилер ж.б.у.с. НКВДга, бардык наркоматтарга, юстиция, эл агартуу, саламаттык сактоо мекемелерине, деги бардык уюмдарга орношуп кирип алышкан. Бардык контрреволюциялык жетекчилер  катары өлкөнүн биринчи жетекчилери көрсөтүлгөн.

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстанда мындай партия болгон эмес, бул НКВДчылардын ойюнан чыгарылган уюм эле. Ошентип 20-жылдардан баштап, айрыкча 30-жылдарда   Совет бийлигине чыны менен ишенип, аны колдоп, Кыргызстанда Совет бийлигин орноткон кишилерге “Эл душманы” деген ат коюлуп, аларга карата куугунтуктоо башталды.

1938-жылдын 5-ноябрында менин атам Төрөкул Айтматов, мекенибиздин башка лидерлери менен бирге эң жогорку жазага тартылган… Ошол кайгылуу окуянын жазыксыз 137 курмандыктарын атып өлтүрүшүп, Чоң-Таш жакка алып барып жашыруун көмүп коюшкан, ал эми үйбүлөлөрүнө 10 жылга сүргүнгө айдалды, кат жазышуу укугунан ажыратылган деп айтышкан. Мына ошентип, УКМКга атамдын №4418 делосу менен таанышыш үчүн келген күнү мен  ушундай чындыкты билдим.

Бир күнү (Ата-Бейит ачылгандан кийин) Чолпон Токчороевна Жолдошева (кыргыз элинин сыймыктуу окумуштуу кызы, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, эл агартуу министри (1935-ж) Токчоро Жолдошевдин кызы) менен бир иш-чарада жолугуп калдык. Экөөбүз катар отуруп калыптырбыз, аны-муну  сөз кылып, анан сөздөн сөз чыгып аталарыбыз жөнүндө сүйлөшүп кеттик. Анан Чолпон эже терең үшкүрүп алып мага мындай деди:

— Сен, силердин үйбүлө бактылуусуңар.

— Кандайча бактылуубуз? — дедим мен.

— Силер атаңардын сөөгү жаткан жерин таптыңар. А биз… А биз болсо атабыздын мүрзөсү кайда экенин билбейбиз. Айлабыз кеткенде апабыздын бийитине атабызга да символикалык  эстелик орноттук, —  деди эже көзүнө жаш ала.

— Эже! Бул жагынан Сизди түшүнөм. Биз чын эле бактылуубуз.

— Атамдын кайсы жылы атылганын,  кайсы статья менен кесилгенин, анын сөөктөрү кайда көмүлгөнүн ушу күнгө чейин билбейм.  Мен эми бул сырды билбей жүрүп өтүп кетем го… — деди эже.

Чын эле ошондой болду. Чолпон эже  2016-жылы дүйнө салып кетти. Ал эми биз бүгүн (27.02.20) 10 томдук болуп чыккан “Кыргызстандагы саясый репрессиянын курмандыктары (1920–1953- жж.)” аттуу китепти колубузга алып отурабыз. Бул 10 томдук белгилүү коомдук ишмер, УКМКнын запастагы полковниги Болот Жумашевич Абдрахманов тарабынан иштелип, түзүлүп, жарыкка чыгарылган.

Ата Бейиттеги тарыхый сырды ачкан Бүбүйра Кыдыралиева

Коомчулукка белгилүү болгондой Болот Жумашевич 1991-ж. УКМК жетекчилигин Чоң-Таштагы казууларды жүргүзүү зарыл экендигине ынандырып, анан ошол казууларды өзү жетектеген. Ал кезде УКМКнын жаш капитаны Болот Абдрахманов жана Бүбүйра эже (137 адамдын боордоштук мүрзөсүнүн ордун билген адам), менен бирдикте чыныгы баатырдык жасашты. Эми ошондон дээрлик 30 жыл өткөн соң Болот Жумашевич дагы бир абдан маанилүү, чоң иш жасап отурат. 1920-жылдан 1953-жылга чейинки мезгилде Кыргызстанда сталиндик репрессияга тушуккан адамдардын тизмесин түзүп, 10 томдук китеп кылып чыгарды.

Бул эскерме китепте 20 миң адам жөнүндөгү маалымат берилген: аты-жөнү, улуту, жашаган жери, камакка алынган датасы жана себеби, реабилитация датасы. Бул эмгек оңойго турган жок. Анткени тизмелердин саны көп, тергөө иштери чаташкан,  бирөөгө бир өкүм чыгарып, аны кандайдыр  белгилүү мөөнөткө соттоп, анан кайра  аны өзгөртүп ошол эле кишиге башка өкүм чыгарылган учурлар көп болгон. Мисалы, А.Сыдыковду адегенде 1933-жылы Сибирге 10 жылга сүргүнгө айдап, анан 1937-жылы кайра чакыртып алып өлүм жазасын беришкен. 10 томдук эскерме китепте 20 миң адамдын фамилиясы келтирилет. 20 миң деп айтыш оңой, бирок булардын ар биринин үй-бүлөсү, бала-чакасы, жакын адамдары болгон. Ар биринин артында “эл душманынын үй-бүлөсү” деген трагедия турган.

УКМКнын запастагы полковниги Болот Жумашевич Абдрахманов.

Бир күнү Болот Жумашевич мага баягы китеп жарыкка чыкты, 20 миң адамдын тизмеси 10 том болду, эми презентациясына келиңиз деп телефон чалды. Мен ошол замат  атамдын иниси Рыскулбек бар бекен, деги эч жерден ал жөнүндө маалымат алалбадык дедим. Азыр көрөйүн деди да беш минуттан кийин кайра чалды, бар экен: Айтматов Рыскулбек 1912-ж, Шекер айылы, антисоветтик иш аркеттери үчүн 10 жылга кесилди деди. Рыскулбек акем педагогикалык техникумда окуп жүргөн студент экен. Биз Москвадан Шекерге көчүп келгенден кийин аны окуудан чыгарып,  ал айылга келип  биз менен жашап жүргөн.

Абдан боорукер, ак көңүл бала эле, үйлөнө элек… Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн эскерүүлөрүндө “Рыскулбек аке түндө мени жанына алып жатар эле, бир күнү чочуп ойгонуп кетсем, үйдө формачан кишилер жүрөт, Рыскулбек аке кийинип жатыптыр, мага карап: “Сен коркпо, мен кайра келем” — деди, анан анын колун байлап, атка миңгизип, Маймак станциясын көздөй алып кетишти…”, — деп жазат. Азыр эсептесем, ошол түндөн бүгүнкү күнгө чейин 82 жыл өтүптүр. Мына бул эскерме китептин жардамы менен 82 жылдан кийин мен Рыскулбек акем жөнүндө маалымат алдым. Мага окшогон, Чолпон эжеге окшоп арманда жүргөндөр эми ушул китептен аталары жөнүндө маалымат ала алат деп ойлойм…

Дагы бир нерсе эсиме түшүп жатат. Биз Москвадан Шекерге көчүп келгенде кирерге үй жок болчу. Атабыздын Алымкул деген аталаш агасы, бизди өзүнүн бир бөлмө жана далиси бар үйүнө (ал кезде кыргыздар көчмөн турмуштан отурукташууга жаңы гана адаптация болуп жаткан мезгили эле)  киргизип, өзүнүн үй-бүлөсүн боз үйгө чыгарган. Ал үчүн бир айдан кийин ал да камалып, кабарсыз калды. Жусуп Абдрахмановдун, Эркинбек Эсенамановдун, Шоруковдун үйбүлөлөрү менен кийин биз Таластан көчүп келгенден кийин апам катышып турчу эле. Алардын айткандары боюнча күйөөлөрү камалгандан кийин квартираларынан чыгарып, барарга үй жок, подвалдарда, сарайларда жашоого мажбур болушкан. Көрсө, ушундай бийик деңгээлдеги кызматтарда иштеп жүрүп, биринин  да өзүнө деп салган үйү айылда да, шаарда да жок экен.  Аларда деги эле жеке менчик, байлык болбоптур. Биринин да тергөө ишинде уурдоо, коррупция, кызмат ордун пайдалануу деген статьялар боюнча айыптоолор жок.

Кыргызстан ХХ кылымдын баш ченинде падышалык Россиянын эң четки, эң артта калган колониясы болуп, эл чарбасы бүлгүнгө түшүп, анын үстүнө  16-жылдагы “Үркүндүн” кесепеттери кошулуп, оор абалга тушуккан  мезгили болчу. Дал ошо кезде 1917-жылдагы Октябрь  революциясы биздин эл үчүн мындай кыйынчылыктан  чыгуунун бир жолу эле.  Бул мезгил жөнүндө 2003-жылы кыргыздын белгилүү жазуучусу Ашым Жакыпбеков  макалаларынын биринде мындай деп жазат: “… Эгер Ленин менен Октябрь болбосо кыргыздарды ошол эле ак падышанын улуу империясы, колонизаторлор биротоло тукум курут кылары бышык болчу. Жер, суубуздан айрыларыбыз аз келгенсип, ушу бүгүнкү күнгө  кыргыз боору бүтүн, башы аман жетер беле, жокпу – күмөн.  Ленин менен Октябрь кыргызга эркиндик бергенин, мамлекеттүүлүктү түзгөнгө мүмкүнчүлүк бергенин кантип танабыз, ошол кезде биздин эл үчүн эң прогрессивдүү социалисттик жолго салганын кантип баалабай коё алабыз.

Ырас, кийинчерек заман катаалданды, социалисттик демократия тоталитаризм менен алмашты…”

Чынын айтканда, Жакыпбеков жазгандай, Совет бийлигинин учурунда кыргыз элинин абалы көп жакшы жагына өзгөрдү: мамлекеттүүлүктү кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүшү, эл чарбасынын жөнгө салынып, өнөр жай жана айыл чарбасынын өнүгүшү, саламаттыкты сактоо, билим алуу системаларынын түзүлүшү жана өнүгүшү, элдин жашоосунун бийик деңгээлге жетиши. Бирок ошону менен бирге ал учурда биздин өлкөнүн тарыхында эң бир татаал, карама каршылыктуу мезгил да болгон: мамлекеттик башкаруу системасынын тоталитардык режимге түшүп, саясый репрессияларды массалык түрдө жүргүзгөнү.

Репрессия курмандыгына ак жеринен кабылган Төрөкул Айтматовдун кызы, «Чеч-Дөбө» кеңешинин «Улут үлгүсү» наамынын лауреаты Роза Айтматова.

ХХ кылымдын 30-жылдарында Кыргызстандын башына келген жетекчилерге – таланттуу, жаш лидерлердин  плеядасына  абдан оор, татаал шарттарда иштөөгө туура келди. Бирок алар совет бийлигин орнотуп, чачкын жашаган кыргыздарды бириктирип, адегенде Кара Кыргыз автономия облусун жаратып, андан соң Кыргыз автономиялуу Республикасын түзүп, анан СССР курамындагы Кыргыз Республикасын тургузууга жетишишти. Бул албетте, биздин азыркы эгемендүүлүгүбүзгө жетүүгө негиз болду. Азыркы жыргал заманда жашап жаткан жаштарыбыз үчүн булардын жашоосу үлгү болууга тийиш.

Манас кинотеатрында өткөн “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920–1953-жж.)” аттуу китептин презентациясынын учурунда мага китеп жөнүндөгү оюмду айтыш үчүн сөз берилип калды. Мен болсо, өткөн-кеткенди эскерип, бул 10 томдукка байланыштуу жогоруда айтылган нерселерди ойлоп, толкундап сүйлөгөн сөзүмдө эң негизгиси: эскерме китепти жарыкка чыгарууга күч жумшаган авторго  жана Чолпон эже айткандай, “бизди бактылуу кылгандарга” алкыш айтпай калыптырмын. Эми ушул макала аркылуу мен терең сыйлаган Болот Жумашевич Абдрахмановго жана Бүбүйра эжеге сөөктөрү Ата-Бейитте жаткан 137 адамдын урпактарынын атынан терең ыраазычылыгымды билдирем жана бакубатчылык каалайм!

Комментарий калтырыңыз