Кыялбек Урманбетов: Шер эле...

  • 14.07.2020
  • 12051

Б


олот ким? Көзү – жарык шам,

олжолсуз өзү арстан.

оря деп сыйлап Высоцкий,

окалды далай кагышкан.

О


куунун асты – Бауман,

луттуу дешет баарынан.

шого өзү тапшырып,

куган Москва шаарынан.

Л


аврды күтпөй эч кимден,

акапка тете кеп сүргөн.

игасын түзүп “Көкбөрү”,

идери Боке деп билген.

О


ш, Нарын, Чүй деп бөлбөстөн,

йчулдук жагын көргөзгөн.

т болот кыргыз мекенге,

бщий дом десе көнбөстөн.

Т


еңирден элге бак тилеп,

емирдей бекем, так жүрөт.

урушу сүрдүү болсо да,

урмушта жоомарт, ак жүрөк.


 

Ш


арынан чыгып тирликтин,

аанисин сезген бирдиктин.

айланат Боке дегенде

акыйы кармайт бийликтин.

 

Э


л дегенде наар албас

ренге болгун таламдаш.

гемен бири жетинин,

неден кайра жаралбас.

 

Р


егрессти эртең жойчудай,

еформа жасап койчудай.

ахматын элдин чогултуп,

оманга жазсам болчудай!.. -

деп акро ыр арнаган экем 2005-жылы, Боке Таластан депутаттыкка ат салышканда. О, ал кезде талапкерлер ортосундагы таймаш оголе курч өтчү. Дүңүнөн шайланчу партия жок, өз күчүнө ишенген инсан гана жаагын жанып, тили менен буудай куурушу керек эле. Азыркыдай ЖоКеде былтыйып отурган “балыктар” жолой алчу эмес. Шайлоочулар дагы эртеңки депутаттын баш терисин байкап, өз тагдырын кимдин колуна берип жатканын таразалап, татыктуу деп табылганын тандап алганга мүмкүнчүлүгү да, шарты да бар эле. Эл ишенимине ээ болгусу келгендер камчыга сап болгудай касиети бар экенин тастыктап, баш-казандагы болгон-бүткөн акыл-эсин алдыга тартып, көпчүлүктүн сынына коё турган. Ошондо бир көрбөдүмбү Бокенин кудуретин!

Биз сүрөө салган бир орунга 7 киши талпынды. Жетинин ичиндеги бир Кыдыры, албетте, Болот Шерниязов болчу. Анткени атпай журттун таламын талашып, көзгө илинип, көкжалдыгы билинип калган. Бийликтин колдогон билимпоз кожосу – Алтай Бөрүбаев. Чырылдаган таймаш чынында ушул эки инсандын ортосунда өттү. Калган бешөө өз бактысын сынап, кызыл тилин өргө чапкандай.

Ар бир талапкер өз-өзүнчө эл менен жолугушуп, ой-максаттарын ортого салып, байма-бай баарлашып жатты. Мындайда кычыкка тийген кырчаңгы сөздөр да айтылат эмеспи. Бир курдай чокчо сакал абышка чокчоңдоп:

– Өй, Болот, сен канча жолу депутат болосуң, ыя? Биздин деле аттуу-баштуу балдар бар, ошолорго жол бербейсиңби! – деп омуроолоду. Кыязы, А.Бөрүбаевдин жактоочусу болсо керек. 

Кайран Бокең маселени кабыргасынан коюп:

– Эмесе мындай, аксакал. Жыл сайын менин үй-бүлөм “көкбөрүгө”, өнөр адамдарына жана да ар түркүн иш-чараларга үч миллион сом жумшайт. Эгерде сиз эл үчүн бир миллион сомун сарптаган адамды тапсаңыз, ошого мен ордумду бошотуп берейин, – деди эле, чокчо сакал абышка чокуга чапкандай жер карап, желкесин кашыды.

– Сен ошончо акчаны кайдан табасың? Кыргызстанда көзгө көрүнгөн деле бизнесиң жоктой, – деп дагы бирөө демиткиси келди.

– Борбор шаарда бизнесим болгон, беш жүздөй адам иштечү, – деди Боке ишенимдүү. – Бирок анда чындыкты бетке айталбай, бийликтин сөзүн сүйлөп, мааниси жок өкмөт болсо да, мактап-жактап калат экенсиң. Антпесең, кайра-кайра текшерүүчүлөрүн жиберип, кысмакка алып кыкынтып, айлаңды алты кетирет. Андыктан менин бизнесим азыр Казакстан жана Россияда!..

Жөндүү айтылган сөзгө не дейсиң, ыргылжыңдар ынанып, биз тарапка оогон окшоду. Ошентип четинен кыдырып жүрүп, Кара-Ой айылына кезек жеткенде катуу ойлонуп калдык.

– Боке, бул – Алтай Бөрүбаевдин өнүп-өскөн айылы. Өз уулун колдоп, бизди сөз сүйлөтпөй, көк итти көп ит талагандай кылат. Маанайды түшүрбөй, башка жакка баралы, – деп өтүнгөндөр болду.

– Аттиң, Байдыке тирүү болгондо башкача болбойт беле!.. – деп өкүнгөндөр да болду.

– Баарын тегиз кыдырып келатып, бул айылдан чочугандай аттап өтсөк, эл эмне дейт? Чегирткеден корккон эгин экпейт. Барабыз! – деди Боке көктүгүнөн кайтпай.

Бардык. Биз ойлогондой эле чоң-кичинеси чогулуп, ташбараңга алчудан бетер кыртышы сүйбөй, “кана, сүйлөп көргүлөчү” дегендей кырданып турушту кең көчөгө батпай.

– Депутат деген беш жылдык, аны сиздерге окшогон бир аймактын эли шайлайт. Ал эми кудай тарабынан шайланган акын миң жылдык. Кыргыздын кымбат акыны Байдылда Сарногоевдин айылына келген соң, анын арбагына таазим кылып, куран окуп, бата тартпасак айып болор! – деп Боке кыска-нуска сүйлөп, атайын  машинесине сала келген молдону ортого чыгарды.

Кыраатына келтире куран окулганда камчысын бүктөй кармап, бөйрөгүн таяна кырданып тургандар тизе бүккөнгө аргасыз болду. “Оомийин!” деп бата тартылган соң:

– Курандан кийин кургак сөздү айтпайлы. Бар болуңуздар! – деп Боке аттанып кетти.

Мындай болорун кара-ойлуктар тургай, биз деле күткөн эмеспиз. Чогулган эл эмне болуп кеткенин түшүнбөй, делдейген боюнча калды. Алардан бешбетер биз аң-таң кала баш чайкап, Бокенин туюк жерден жол тапкан даанышмандыгына ыраазы болуп, жылмайып да бараттык...

Жети талапкер тең бир учурда эл алдына чыгып, кезектешип бири-бирин сындаганы, “акыйнек” айтышып ар кимиси өз абалын чыңдаганы өзүнчө бир чеберчилик. Эстен кетпей, эмгиче оюмда жүргөнү ошондондур. Айтсам, А.Бөрүбаев Акүйдүн кишиси экенин жашырбай, бийликке таянып:

– Айланайын туугандар, өкмөттөн 70 уйду атайын силер үчүн бөлдүрүп келдим. Шайлоо бүткөндөн кийин ынтымакташып, өзүңөрчө бөлүшүп алгыла! – деп көз көрүнөө элди паралап жатты.

Сөз кезегин алган Боке кара кулак шердей күрүлдөп:

– Мына, Индия Кыргызстанга 100 уйду белек кылса, анын 70ин бөлдүрүп келгенин жалпыга жар салып, ар бир айылга сунуштап жатат. 40 миңден ашык шайлоочуга 70 уй кантип бөлүнөрүн айтпай эле коёлу. Эгер мен өкмөттөн эмес, өз чөнтөгүмдөн акча чыгарып, ошол уйлар кысыр калбасын деп 70 бука сатып келип, элге таратсам эмне болот!? Анда эле Акүйдүн чырагына май тамып, “элди паралап жатат” деп айыптап, мени ур-токмокко алышат, туурабы? – дегенде эл арасы күлкүгө “дуу” жарылып, айрымдары кол чапкылап да жиберди.

Учурунда айтпасаң, сөз атасы өлөт демекчи, Бокенин кандан-бектен кайра тартпаган ушундай берендиги бар эле...

Дагы бир талапкер Зоотбек Кудайбергенов өзүн өзгөчө тааныштырып:

– Бул жерде мыйзамды менден жакшы билген жан жок. Канча жыл прокурор болуп иштеп, мол тажырыйба топтодум. Кадимки Азимбек Бекназаровду, мына, мен камакка алып, мен соттогом! – деп ар бир жолугушууда баса белгилеп турду. Кыязы, элди бир “селт” эттирип, эсте калгысы келди көрүнөт.

Кезеги келгенде Боке аны эсине келтирип:

– Зоотбек мырза, мыйзамды мыкты билем дедиң. Эмесе, мындагы элге ачык жооп берчи? Азимбек Бекназаров азыр кайра акталып чыкты. Демек, сен күнөөсү жок адамды соттогон турбайсыңбы! Ал үчүн эмнеге өзүң жоопко тартылбай жүрөсүң?!. – деп прокурорду “селт” эттирди.

Бокенин чукугандай сөз тапкан дараметине суктанып, бир чети бозала болгон атаандаштарына боор ооруп, аяп да кетет экенсиң...

Шайлоону кызыткан шайтан оюну болбой койчубу. Жолугууну уюштурган өкмөт адамы ар бир талапкерди жарданган элге жалпы жонунан учкай тааныштырат да, анан эле А.Бөрүбаевге келгенде эргип кетип:

– Илим дүйнөсүндө изденүүдөн талбай, албан-албан ийгиликтерди жаратып, атагы Ала-Тоодон ашкан илимпоз. Атүгүл, асмандагы бир жылдызга Алтай Бөрүбаевдин аты коюлган. Бул – кыргыз эли үчүн эмне деген сыймык!.. – деп жер айрылта мактаганын айт.

Беш-алты жолкусунда Боке аны таназар албады. Акырында түтпөй кетти көрүнөт, кайсы бир жыйында омоктуу ой-максатын айтып келип:

– Акчаң болсо, асмандагы жылдызды да сатып алып, атыңды койдурсаң болот. Бирок элге жарыгы тийбеген жылдыздын зарылдыгы барбы? А көрөк, үйүңдү жарык кылган лампочка артык эмеспи! – деп көкөлөгөн жылдызды жерге түшүргөнү элдин кыбасын кандырган...

Анткен менен Алтай акенин аброю бир топ эле бийик экен. Тагдыр чечер күн да келип, “тараза ташы ким тарапка оойт” деп ар бир айылдан түшкөн добушту кайта-кайта эсептеп, чый-пыйыбыз чыкканы бир тең, чымырканып күткөнүбүз бир тең болду.

Бирде Боке бийикке чыгып, бирде Алтай тарап алдыга озуп, итжыгылыш күч алганын кантесиң. 31 айыл жана Талас шаарынын жыйынтыгы чыкканда биз 20дан ашык добушка кем болуп, анын үстүнө Алтай жактагылар шампан атып, жеңишин майрамдай баштаганын укканда ындыныбыз өчө түштү.

– Санак бүтөлек, сабыр кылгыла. Эми менин айылым калды, ошону күтөлү! – деп штаб башчысы Чоюнбаев Ормош чорт кесе сүйлөп, үзүлүп бараткан үмүттү бүлбүлдөтүп кайра жандырып койду.

Акыры Таластын Конезаводунун жыйынтыгы да келди. Дем чыгарбай санасак, ашыкча 189 добуш менен жеңишке жетиппиз. Көрсө, Ормош аке өз айылына кадырын салып, ишти бышыктап койгон тура. “Азаматсың, жигиттин гүлү!” деп кучак жайып, аны куттуктап ийгенимди бир билем. Шапкени көккө ыргытып, кандай гана кубанганыбызды айтпай эле коёлу!..

Ошентип жети талапкердин бир Кыдыры эл депутаты болгон. Аз да болсо анда биздин салымыбыз бар экенине барбаңдап, чечен десең – жалаң фактылар менен сүйлөгөн чечен, көсөм десең – алысты көрө билген көсөм шер жигитке таламдаш болгонго сыймыктанып, башты бийик көтөрүп, жаркын жүз менен жүрдүк. Ооба, Бокенин ой-чабыты чексиз эле, эл уулу катары көпчүлүктүн көңүлүнө уюганы да шексиз. Угушумча, жакшылыкка ыроолоп, жаңы төрөлгөн ымыркайына Шерболот деп ысым койгондор арбыптыр. Ошондон уламбы же арнап жазган акро ырым себеп болдубу, айтор кийин Болот Шерниязов – Болот Шер атыкканы куп жарашып, затына аты бап келе түшкөндөй сезилди. Ылайым анын ысымын алып жүргөн балдар эр жеткенде биздин Бокедей бийик ойлоп, терең акыл тапкан чыныгы Эл уулу болсо экен!..

Өмүрү өрнөк улуу инсан жөнүндө эскермени минтип 2005-жылдагы шайлоодон баштаганым бекеринен эмес. Алдыда жаңы шайлоо башбагып калбадыбы. 44 партия катталып, шымалана шайлоого аттанып чыгат деген эмне тамтык!? “Чо-ойт, эркечим, баштагын!” дегендей, көзгө басар көзүрү алга сүрөп, акчанын күчү менен мандатка, мансапка жетип алган сүрмө топтун майнабы аз болорун көрдүк ко. Бирин-экин билерманы бар дебесең, ооз ачпаган, кнопка баскыч балыгы көп. Бу дүйнөдө партиялык шайлоону өз күчүнө ишене албаган капчыгы калыңдар ойлоп тапса керек. Ага караганда жогоркудай жекече шайлоодо ар бир талапкер элдин торко элегинен өтүп, татыктуу деп шайланган депутат алда канча таасирдүү, жемиштүү да экенин кантип танасың. Аттиң десең!..

Адеп жакындан таанышканым жадымда. “Саясаттан башы чыкпай калган элге маданият, адабият деген улуу дүйнө бар экенин туюнтуш үчүн Болот Шерниязов жаңы журнал ачканга белсенди. Келип калгын!” деп дүрмөттүү акын Шайлообек Дүйшөев чакырса, кантип барбай коёсуң. Эне тилдин эпчиси, элик тондун топчусу болчулар чогулуптур. Ошентип 2004-жылы сагыздай жабышкан саясаттан качып, жаңы маданий журналын ачып, малдүйнөгө байланбай, жандүйнөнү гүлазык кылып, мезгилге акыл-эсин тонотпогон, “мен” деген касиетин жоготпогон жети киши иштеп калдык: Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшөев, Түгөлбай Казаков, Кубанычбек Турманбетов, Аскер Сакыбаева, Болот Шер жана мен – Кыялбек. Абалтан кыргыздар ат сойгонго, анан ат койгонго кыйын эмеспи, журналга “ЖетиМен” деп Шакенин койгон аты жалпыга балдай жакты.

Баарыбызды топтоп, башыбызды кошкон Болот – акын журтун артыкча баалап, сөз атасын өз атасындай сыйлаган инсан экен. Бир күнү ал өзү конушубузду өрлүктөп келип, узакка баарлаштык. Билимине таң бердим: эл айткандай “биттин ичегисине кан куюп”, билбеген нерсеси жок. Физика, математика, тарых, санжыра, философия, айтор кайсы багытта болбосун, сууда сүзгөн балыктай өзүн эркин сезип, айткан сөзү далилдүү. Атүгүл мен окубаган дүйнөлүк акын-жазуучулардан кеп козгоп, келмемди ооздон түшүрдү. “Депутаттар саясаттан башканы сүйлөбөйт, билбейт дагы” деп жаңылып жүрүпмүн.

– Эгер дзотко төшүңдү тосуш керек болуп калса, Чолпонбайдын эрдигин кайталайт белең? – деп сурап калды капыстан.

Эртеден бери эс-акылымды чайкап, жандүйнөмдү байкап жатканын сездим. “Боке өз командасына оңой менен ар кимди кошпойт” деп эскерткен эле Шаке. Бирок ыйманымды жеп калп айталбадым:

– Жок, жан кыйганга даяр эмесмин. Чолпонбай болуш ар бир эр жүрөк азаматтын колунан келет. Ал эми каалаган адамдын баары эле Байрон же Байдылда боло албайт да. Мен элге берчү нерсемди али жазып бүтө элекмин.

– Акын же илимпоз болуш милдет эмес, бирок өз элиңдин атуулу болушуң парыз! – деп Боке баса белгиледи. – Ата Мекен үчүн зарыл болсо, мен жүрөгүмдү окко тосуп бермекмин. Жумуру баштын мойнунда акыры бир өлүм бар. Жөн эле көптүн бириндей жашап өткөнчө, эсте каларлык эрдик жасап, урпактарың сыймыктанып жүргүдөй атың калтырганга не жетсин!

Анын бул айтканы курулай сөз эмес экендиги тике караган сүрдүү көздөрүнөн окулуп турду. Мен өзүмдү айыптуу сезип, өзүмчүл сезимимди ооздуктай албаганыма ыңгайсыз абалда калдым...

Ай сайын Бокенин демилгеси менен базардан не бир түркүн жер-жемиш, тамак-аш алып, көптөн бери үйүндө ооруп жаткан элдик акын Байдылда Сарногоев аксакалга барып, ал-акыбалын сурап, көңүлүн улап келебиз. Андан сырткары Болот Шер “ЖетиМен” кайрымдуулук фондусунун атынан атайын чегерилген стипендияны тапшырат. “Депутат деген ушундай болсо, атаганат!” – деп көкүрөккө жылуу сезим жылоолоду. Көп өтпөй Байдыке дүйнө салганда кошок да жаздык. Аны бейиши болгур Элмирбек Иманалиев ийине келтире кошту. Көзү жоктун сөзү жок кылбай, Бокенин “ЖетиМен” фондусу Байдылда Сарногоев атындагы эларалык сыйлыкты (100 миң сом өлчөмүндө) уюштуруп, акындын элеси түшүрүлгөн алтын медалды казак элинин үлкөн акыны Улукбек Эсдаулетовго да тапшырдык...

Экөөбүз бир куракта (1959-ж.) болсок да, “Боке”, “Кыке” деп сый жүрдүк. Бирок чекишип кетип, бекишкен учурлар да болду. “Кызыл тилим – менин душманым” демекчи, кайсы бир кара баскан күнү катуу кызып алып, Шакенин көзүнчө Бокеге асылып, оозума ак ит кирип, көк ит чыгыптыр. Мага теңелбей сабырдуулугун сактап, үйүмө жылуу-жумшак жеткирип койгонун айтпайсыңбы. Эртеси кечирим сурап барсам, мени далыман таптап: “Эчтеке эмес, Кыке, мен бир нерсени түшүндүм: экинчи акындар менен абайлап жүрүш керек экен”, – деп борс-борс күлгөн. Кийин бир майрамда бизди сайрандатып жатып:

– Эсиңдеби, Кыке, мен сага эки бөлмөлүү квартира убада кылгам. Ал 20 миң доллар турат. Өгүнү жиниме тийгениңде өзүмдү араң кармап, казиного бардым да, ачуум менен 15 миң долларыңды уттуруп салыпмын. Калганы мына, өзүңөн көр! – деп колума 5 миң долларды карматып койду. Ишене албай делдейип, таң калганымды танбайм. Улуу инсандар кек сактабай, ушундай кең пейил келет тура!..

Дагы бир окуябыз өзүнчө кызык. Болот Шер бир уулун Чыңгыз атаптыр. “Айтматовдой кыргыздын атын чыгарган инсан болсун” деген аруу тилекти көздөгөн го кыязы. Ошол уулу кытай жеринде окуп, кытай тилин үйрөнүп, кытай кызына үйлөндү. “Кыргыз!” деп кыйкырган Боке кантсин, ак сүйүүнүн алдында алсыз болуп, “Ала-Тоо” тойканасына миңге чукул коногун чакырып, үйлөнүү үлпөтүн күркүрөтө берди. Той башында өзү, алган жары кыскача ак тилегин айтып, анан кытай кудасы (угушумча: байманалуу чиновник экен) чай кайнам убакыт “чайна” тилинде эки жашты куттуктап, соңунда өз аялын өзгөчө баса белгилеп, жер айрылта мактады. Балким, жанындагы тилмечи анын ар бир сөзүн бизге которуп тургандан улам өтө узак сүйлөгөндөй сезилгендир.

Кызыл тилин жанган тамаданы эске албаганда үйлөнүү үлпөтү жалаң ыр-бий менен уланды. Мен атайын ыр арнап барган элем. Бирок Боке сылык гана өтүнүп: “Эч кимге сөз берилбейт, атүгүл тиги премьер-министр Жоомарт Оторбаев сүйлөгөн жок. Сен деле, Кыке, жөн эле майрамдап, көңүл ачып кетчи...” деп жылмайды. “Мен сүйлөбөйм, ырымды окуйм. Азыркы тойдо аткарылып жаткан чыгармалар мурда деле ырдалып жүргөн, эртең да ырдала берет. Менин атайын жазган ырым бүгүнкү күнгө гана ылайык!..” деп көгөрдүм. Кыскасы, мага жол тийген жок, кызып алган жаным асыл жарымды алдым да, таарынган боюнча Таласка эмес, өз үйүмө кетип калдым.

Кийин жолукканда Болот Шер башын чайкап, мени жайкап: “Кытайлар азилди көп аңдай бербейт, баарын түз кабыл алат. Кызын алганыбыз аз келгенсип, кымбат жерди сурасак, кудабыз менен кужулдап, чоң чыр чыкпайбы. Оюбуз туура болсо да, тоюбуз саясий жаңжалга айланмак. А көрөк, ал ырды гезитке же китебиңе жарыялай бер...” деп атпайбы. Беш манжадай беш куплеттен турган ошол ыр:


Эргитип жанды уул-кызы,
Эки элдин жанып жылдызы,
Жомоктой сулуу жар тапкан –
Болоттой Шердин Чыңгызы.
 

Акылдын айдап кайыгын,
Алыска кетип дайының,
Кой бакпай, Чыңгыз, ой баккын,
Конфуций болсо кайының!
 

Жарашат, Чыңгыз, ойлонсоң,
Жандүйнөң толкуп толгонсоң:
Балыгын карма жакшы ырдын,
Кайының Ли Бо болгон соң!
 

Кытайдын Улуу сепили
Кылымдап чептей бекиди.
Ынтымак болсун ошондой,
Ыргалып алдей бешиги...
 

Майрамдап, Боке, турабыз,
Март бекен деги кудаңыз?
Үлпүлдөк кыздын себине
Үзөңгү-Куушту сураңыз!..

Азыр ойлосом, Боке көрөгөчтүк кылыптыр. Тамашадан улам талаш чыкса, кантет элек?..

“Айкөл атабыздын туулган жерин көргүлө!” деп он чакты өнөр адамын каржылап, Алтай аймагын кыдыртып келгени да өзүнчө бир жомок. Аны Шаке “Алтайдын ошол поезди” деп Бокеге арнаган китебинде төкпөй-чачпай жакшы баяндаган.

Ушул жылдын март айында менин да “Бир тал чач” деген жыйнагым жарык көрдү. “Бул китеп – ар-намыска Ала-Тоону туу кылган, кыргызым деп кылыч болуп суурулган Болот ШЕРге менин ызаатым” деп атайын арналган. Аны Бокенин көзү барында колуна бергеним абийир болуптур. Ооба, үчүнчү жолу инсульт алганын угуп, Түгөлбай Казаков экөөбүз ал-акыбалын сураганы барганбыз. Жарыктык Боке ошондо да Кыргызстандын азыркы абалына кейип, элибиздин эртеңки тагдырына кабыргасы кайышкан. Өтө эле өлкөгө күйүп-жана берип, жүрөгү түтпөй кетти го деп ойлойм.

Турмушта ак сүйлөп, түз жүрүп, айткан убадасын аткарып, тамак үчүн жашабай, жашоо үчүн тамак ичип, жаштарга өрнөк болгудай өмүр сүрдү. Айрыкча Жогорку Кеңештеги депутаттар эл өкүлү кандай болуш керектигин биздин Болот Шерден үлгү алса деген аруу тилек!

Эсил кайран бир боорум... Түмөн адам түтөгөн боюнча өкүрүп келсе да, от жүрөгү өчтү деп айтууга ооз барбайт. Эгер “өнөр өлбөйт” деген чын болсо, анда Боке өзү колдогон өнөр адамдарынын чыгармаларында жашай берет. Биз жер муштап жетимсиреп калсак да, ар убак көктөгү Жетиген жылдызын көргөн сайын “ЖетиМен” эске түшүп, Болот Шердин жаркын элеси көз алдыга тартылат. Андыктан эскермени Бокеге арнаган китебимдеги “ЖетиМен” ыры менен жакшы маанайда аяктагым келди. (Жол кырсыгынан Кубанычбек Турманбетов өтүп кетип, анын ордуна Алым Токтомушев мүчө болгон эле.) Чынында жети инсандын ар бирин көөнөрбөс күндөргө көз кылып, узун сабак сөз кылып жар салсак жарашчудай. Бирок ага кагаз түтпөйт. Бири кыдыр 7 кишини 7 саптан турган 7 куплет акро ырга араң сыйдырып, көңүл токтогон учурун гана учкай көгөндөдүм.


 

Ж


ебедей сөз как маңдайга атылган,
емкор жанды көзгө чукуп катырган.
емиши бар жалаң ырдан жаштарга,
елбиреп да ак сүйүүгө чакырган.

елек болуп барат-ай,
етик акын Анатай
ем жебеген Ак Үйдөгү акырдан.

Э


зилип жан ортосунда жалындын,
ки жылдап сабын издеп жаңы ырдын,
с-акылын классика ээлеген,
энбаш уулу болсо дагы айылдын.

х, гезитте макала
ң мыкты деп атала,
н тамгадай аты калды Алымдын.

 

Т


арых болуп агып өткөн ай-жылы,
амшандырган обондордо байлыгы.
алантына жуурган таза сүйүүнү,
аразалап кубанычты, кайгыны.

үкөң жашайт сан кылым:
ыңшачы жаз жамгырын,
амчыларда сабалаган кайрыгы.

 

И


чи алтын ырды кайдан дат басат,
йлеп акын жакшы жазат, ак жашап.
здеп окуп, “саптары деп Шакенин”
директүү жаштар эртең жатташат.

ликтеп ыр кырманын,
лип алып бир данын,
лимпоздор докторлугун жакташат.

 

М


екеге да өскөн жерин бербеген
екенчил жан көкжал Болот Шер деген.
анастын бир чоросундай сезилет,
аңкурттарың асылса да жеңбеген.

ыйзамга жан киргизип,
ыктылыгын билгизип,
ен дебестен, эл дегени эл деген.

 

Э


р  жигитти  ажары  жалт  каратат,
чен  жүрөк  алса  керек  жаракат.
ркек  мүнөз  Аскер  аты  акталып,
риккенде  бильярд  ойноп, шар  атат.

л-журтунан  бата  алып,
рке  кызы  аталып,
ргип  күлсө – ал  өзүнчө  саясат.

 

Н


аар татып гүлдөрүнөн макалдын,
аам көксөбөй, артын тилеп сапардын,
ар көтөргүс жүк артынып жүрөккө,
асыятын актасам дейм атамдын.

ан жок мага ырымдай,
амазга да жыгылбай,
амыс үчүн Кыргыз деген ат алдым!

 


Кыялбек КЫРГЫЗ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз