Кытай Макалы: Алсыз Адам – Кыялкеч

  • 20.10.2023
  • 20504

ерең суудагы кыймылсыз ажыдаар сөзсүз крабга жем болот.

♦ ♦ ♦

Дүйнөдө идеалдуу эки адам бар: биринчиси – өлгөн адам, экинчиси – али төрөлө элек.

♦ ♦ ♦

Ким күчтүү болсо, анын эрки бар. Алсыз болсо – ал кыялкеч.

♦ ♦ ♦

Бардыгы бир эле чокуну көрүшөт. Бирок ага чыккандан кийин ар кимиси айланага ар кандай карайт.

♦ ♦ ♦

Мүмкүн башыңарга келген кайгыны келтирбей коё албасыңар, бирок ал башыңарды уялап алышына жол бербегиле.

♦ ♦ ♦

Тоо томкоргусу келген киши, адегенде кичинекей таштарды оодаруудан баштайт.

♦ ♦ ♦

Эң ишенимдүү кулпу – бул бекитпей койсо боло турган кулпу.

♦ ♦ ♦

Иш баштаган оңой, аны ийгиликтүү аякташ кыйын.

♦ ♦ ♦

Дарак канчалык чоң болсо да, жалбырагы түшпөй койбойт.

♦ ♦ ♦

Үй-бүлө куруу – кулпуланган үй сыяктуу: сырттагылар киргиси келет, ичиндегилер сыртка чыккысы келет.

♦ ♦ ♦

Караңгы деп тилдеп олтура бербей, шам жакканга аракет кыл.

♦ ♦ ♦

Газетадагы калп – чычкандын корголу сыяктуу, аны шорпого түшсө байкабай калуу мүмкүн эмес.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Комментарий калтырыңыз