* * *
“Клоундарды көргүлө!” деген цирктин жарнамасы болбогондо депутатыкка талапкерлер менен болчу жолугушууга эч ким келмек эмес.
* * *
Шайлоо участкасына келген чал өзүнчө күңкүлдөйт:
- Кандай жакшы! О Кудайым, кандай жакшы...
Угуп калган бирөө сурайт:
- Атакеси, эмне жакшы?
- Ушул партиялардын ичинен бирөөсүнө гана добуш бергеним кандай жакшы!
* * *
Шайлоого барыш үчүн бизге шайлоонун чынчылдыгына же талапкердин чынчылдыгына ишенүүгө туура келет.
* * *
- Паспортумдагы сүрөттөн уялчу элем талапкерлердин шайлоо алдындагы кебетелерин көргөндө жоошуй түштүм.
- Сеники да эч нерсе эмес турбайбы. Мен карыздарымдан улам көчөгө баса албай калдым эле, талапкерлерди уккандан кийин ээн-эркин салып-уруп жүрчү болдум.
* * *
- Шайлоого бардыңбы?
- Бардым.
- Кимди шайладың?
- Кыялды эч кимге айтпоо керек!
* * *
Эгер шайлоо алдындагы талапкерлердин дебаты учурунда телевизордун үнүн басып, Высоцкийдин “Вань, смотри какие клоуны!” деген ырын коюп койсо дебаттар чындыкка жакын жана мындан да кызыктуу болмок.
* * *
- Кыргызстанда кайрадан шайлоо...
– А кимди шайлап жатасыңар?
– Жогорку Кеңештин депутаттарын.
– Кимдер талапкер?
– Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары.
– Деги мунуңар кимдерге керек?
– Жогорку Кеңештин мурунку жана кийинки депутаттарына.
* * *
– Урматтуу партиялаштарым, менин силерге эки жаңылыгым бар. Бирөө жакшы, экинчиси жаман. Кайсынысынан баштайын?
– Жакшысынан.
- Биз шайлоодо биринчи орунду алдык!
- Ур-ра!.. Жаман жаңылыгыңды айтчы.
- Бизге эч ким добуш бербептир.
* * *
- Аткарам Бүткөрөмович! Качан убадаларыңызды аткарып баштайсыз?
- Мага ушундай суроо бергидей силер кимсиңер?
- Сиздин талапкер кездеги шайлоочуларыңыз.
- Кайдагы талапкер, кайдагы шайлоочу?
- Шайлоо алдындагычы.
- Азыр шайлоо жок, демек талапкер да, шайлоочу да жок. Андыктан эч кандай убада да жок. Гудбай!
* * *
- Эмне үчүн бийлик партиясынын лидери шайлоо жыйынтыгын укканда ыйлап жиберди?
- Кулагы ооруп кетиптир.
-Бул жерде кулактын эмне тиешеси бар?
- Сени эле бирөө бийик жерге чыгарыш үчүн кулагыңдан чойсунчу...
* * *
– Жогорку Кеңешке бул жолку өтпөй калууңузду эмне менен түшүндүрөсүз?
– Мен неменин курмандыгы болдум...
– Эмненин курмандыгы?!
– Добуштардын туура саналышынын... Неңди!!!
* * *
- Шайлоодо утуп чыгыш үчүн эмне кылуу керек?
Боршайкомдон жооп:
- Шайлоого катышуу боюнча арыз бериш керек, шайлоо алдындагы штабды түзүш керек, кол топтош керек.
– Ушуну менен бүтөбү?
- Жок, бул катышыш үчүн гана, ал эми шайлоодо утуш үчүн “Биримдик” партиясы менен шайлоого баруу керек.
* * *
- Бул “Макалё-сакалёлор» дагы беш жыл депутат болгону калыштыбы?
– Отурбай калышты го, анткени эмдиги жылы кыямат кайым болот экен.
– Өөх! Жок дегенде ошондой болсунчу!..
* * *
– Мен түнү бою уктабай чыкчу болдум.
- Санаалуусуң го кургурум...
- Каяктагы санаа! Күндүзү көп уктагандыкы...
- Табышмактантпай Жогорку Кеңештин депутатымын деп эле дароо айтпайсыңбы!
* * *
Шайлоодо кандай аракеттенгениң анча деле маанилүү эмес, баарынан маанилүүсү санакты кандай жүргүзгөнүң.
* * *
Депутаттыкка талапкерге суроо:
– Саясатчы криминалдык түзүмдөрүнөн түшкөн кирешесинен казынага салык төлөшү керекпи?
– Албетте төлөйт! Эгер ал өзүн чынчыл адам деп эсептесе.
* * *
Айым көчөдө кетип баратып чуңкурга түшүп жыгылат. Өйдө болуусуна өтүп бараткан мырза жардамдашат.
– Рахмат жигит, сизге ыраазычылыгымды дагы кантип билдирсем экен? - дейт бутун оорутуп алган айым.
– Мен “Жегеним Кыргызстан” партиясынан шайлоого бараткан талапкермин, эгер сизге кыйынчылык жаратпаса добушуңузду бизге бериңиз?
– Кечиресиз, мен бутумду оорутпай башымдан оорукчан болсом суранычыңызды аткармак эле!!!
* * *
Депутат психиатрга кайрылат:
– Доктор, менин сүйлөгөнүм башка, ойлогонум башка, жасаганым бөлөк болчу болду, жардам бериңизчи.
– Камтама болбоңуз, бул айтканыңыз сиздин толук нормалдуу элдик депутат экениңиздин далили.
* * *
Эгер сиз акчасын алыш үчүн адамдарга калп айтсаңыз – бул алдамчылык. Эгер сиз добушун алыш үчүн адамдарды алдасаңыз – бул саясат.
* * *
Эгер саясатчылар элге болгон сүйүүсүн билдирип киришсе, демек жакында шайлоо.
* * *
Эгер сиз добушуңузду уурдаткыңыз келбесе “Биримдикке” добуш бериңиз.
* * *
Депутатыкка талапкер өзүнүн катаал балалыгын шайлоочуларга айтып берип атат:
– Мен абдан жакыр үй-бүлөдө чоңойгом. Ал тургай күндүн кулагы да бизде ак кара болчу!..
* * *
Депутатыкка талапкерлер дебатка чыгар алдында кеңешип атышат:
- Кыйынчылыктарды жойорубузду каалашыбызча айта берели, эң негизгиси... аларды кимдер жаратып жатканы оозубуздан чыкпасын.
* * *
Эркек гезитти окчун коюп аялына сүйлөнөт:
– Талапкерлердин тең-жарымынын эле колунан эч нерсе келгидей эмес!
– Бирок жарымы деле жетиштүү да...
–Алардын болсо колунан баардыгы келчүдөй!!!
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ