Армян эл жомогу: Күзгү

  • 01.09.2020
  • 2854

Тимур-Ленг көптөгөн өлкөлөрдү каратып,  Европага жетет.

Европадан ал биринчи жолу күзгүнү, андан түрү суук өзүн көрүп ыйлап жиберет. Түнү бою ыйлаган ал таң ата сооронуп, кимдир-бирөөнүн бышактап жатканын угат. Караса баш вазири болуп чыгат. Ар ким кой десе болбой ал кечке чейин ыйлаганда Тимур өзү андан ыйлоо себебин сурайт:

- Эй, болбодубу эми! Көзүң агып түшкүчө ыйлаганы калдың го. Айтчы деги, эмнеге ыйлап атасың?

- Кантип ыйлабайм, - деп жооп берет вазир. – Сен өзүңдүн түрү суук өңүңдү күзгүдөн бир гана ирет көрүп таң атканча ыйладың, а мен аны канчадан бери күн сайын көрүп келатам.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз