Армян эл жомогу: Пахлаванын даамы

  • 29.09.2020
  • 3305

- Кайсы тамак эң даамдуу?

Бул бериле жүргөн суроого ар ким бере жүргөн жообун айтып, мактаган тамагын эмне үчүн жакшы көрүп жээрин айтып, далилдегенге аракет кылып жатышты.

- Жок, туугандар, - сөзгө Сако аралашты. – Эң даамдуу тамак бул пахлава!

- Сен аны каяктан билесиң? - сурады Кери Торос.

- Эгер билбесем айтпайт болчумун да, - ишенимдүү түрдө жооп берди Сако.

- Пахлава дегенди бизде жасашпайт ко... Деги өзүң жедиң беле? - күмөндөндү Магдесанц Арут.

- Жеген эмесмин, бирок билем! – өзүнүкү туура чыгарына ишенген Сако сыймыктуу жооп берди.

- Жебеген болсоң пахлаванын даамдуу экенин кайдан билесиң? – таң калган Кери Торос мыскылдуу жылмайды.

- Эх силер! – таарынычтуу жооп берди Сако. – Мен пахлаваны жебесем да даамдуулугун көргөм. Былтыр Карстын базарына барганымда элдин пахлавага узун кезекке турганын көргөм. Ал тургай алар пахлаванын аябай таттуу экенин айтышкан.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз