Жазуучу Жылкычы Жапиев: Багы ачылбаган кол жазмам

Мен бул макаланы жазмак эмесмин, жакынкы күндөрдүн биринде көптөн бери көрүшө элек, өзүм сыйлаган калемдешим Кубатбек Жусубалиевге көчөдөн жолугуп калдым. Ал-жай сурашкандан кийин чыгармачылык жөнүндө сөз болуп калды. Анан мен Исхак Раззаков жөнүндөгү романымды чыгара албай  жүргөнүмдү, быйыл жазга жуук президент Сооронбай Жээнбековго ал кол жазмамды жарыкка чыгарууга жардам сурап, өтүнүч кат жазганымды айтып бердим.

Себеби, президенттин жардыгы менен быйыл Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө указы жарыяланып, юбилейлик комиссия түзүү сунушталган. Ошого таянып, президентке өтүнүч жолдогонумду, апрель айынын башында ошол өтүнүчүм боюнча мени Акүйгө чакырышып, президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев кабыл алганын, аны менен сүйлөшүп, юбилейлик комиссия түзүлгөндө сизге өзүбүз кабар беребиз, комиссия менен иштешесиз дегенин, бирок ушул кезге чейин эч бир кабар болбогонун айтсам, Куке мени жоошута билегимен кармап: «Ал жакта сенин таанышың болбогондон кийин газетега макала жазгын, сага бөлөк кеңеш бере албайм, камбагал» – деди. Макала  ошондон улам жазылып калды. Мага мурда мындай акыл келбептир, күтүп жүрө бергем.

Бул кол жазмамдын электрондук варианты даяр болгонунан бери бир топ мезгил өттү. Мындан бир топ жыл мурда аталган чыгармамдын айрым бөлүмүн «Жаңы ордо» газетасынын баш редактору Бекен Назаралиев иним окурмандарга тааныштыруу иретинде сандан-санга баскан. Ошондо мага гезит окурмандардын бир тобу ыраазылыгын билдирип, ийгилик каалашканы бар. Бирок китеп чыгарууга менин чама-чаркым жеткен жок. Бир-эки басмакана, басма менен сүйлөшүп көрсөм, эң эле арзан баалаганда бир нече миң сом болорун айтышты. Андай сумма пенсия менен жан баккан менде кайдан болсун!

Мен бул чыгарманы жазуу үч уктасам түшүмө кирбеген жорук болучу. Убагында «Учкун» акционердик коомунда иштеп калгандыктан Исхак Раззаковдун замандаштарынын ал жөнүндөгү эскерүүлөрүн («Улуу инсан») жарыкка чыгарууда редакторлук милдет мага жүктөлүп, «Республикалык Исхак Раззаков фондунун» башкармасынын төрагасы Абсамат Масалиев менен бир топ мезгил иштештик. Мурдараак Абсамат Масалиевичтин «Советтик доордон үзүндүлөр» аттуу өзүнүн мемуарын редакциялоодо таанышып калганбыз.

Ал кезде Абсамат Масалиевич республикабыздын Жогорку Кеңешинин депутаты болучу. Ортодон бир топ мезгил өтүп, ал киши мени депутаттык кабинетине чакырып, мага Исхак  Раззаков жөнүндө китеп жазуумду өтүндү. Мен ойлонуп көрүп, акырында макул болдум. Чынында улуу адамдын өтүнүчүнөн баш тартуудан уялдым, шагын сындыруу осолдук деп чечтим. Ошо менен материалдарды топтоп, жазууга кириштим. Жарыкка чыгаруу жана калем акыңды фонддон каржылайбыз деп айтты. Ал ортодо Абсамат Масалиевич дүйнөдөн кайтып кетти. (Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.) Фонддун төрагылыгына ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Жураев (ысмы эсимде жок) деген келди. Фонддун төрагасынын орунбасары Жалил Муркамалов мени ээрчитип барып, аны менен тааныштырып, китеп туурасында айтты. Бирок Жураев мага көчөдө жүргөн селсаяктай мамиле жасап, Исхак Раззаков жөнүндө китеп чыгарбасын кесе айтты.

Ал Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев жөнүндө ар бири 50 беттен турган жыйнак чыгарамын деди. (Андай жыйнак чыктыбы, жокпу, билбейт экенмин.) Менин үмүтүм суу сепкендей өчтү да, терс бурулуп басып кеттим. Ыза болдум. Мындай мамиле мага психологиялык жактан катуу таасир этип, ошол бойдон бир нече убакытка чейин жазылып жаткан чыгарманы уланта албай койдум.

Бирок көптөгөн материалдарды топтоп алып, аны орто жолго таштап койгонум мага тынчтык бербей, чыгынып олтуруп, аягына чыктым. Кийин фонддун төрагалары бир нече ирет алмашты. Мен алардан китепти жарыкка чыгаруу туурасында суранганым жок, себеби, Исхак Раззаковду эскерүү даталарында фонддун ончакты мүчөлөрүнөн каражат чогултушуп, жыйын өткөрүшүп, куран окутушуп, эстелигине гүл коюп жүрүштү. Мен да ал кезде ошол фонддун мүчөсү болуп, жогорудагыдай иш-чараларга катышып калгам. Фонддун каражаты жөнүндө эч түшүнүгүм жок, мен ага кызыкпагам.

Кийин китептин баш сөзү жазылып, даяр болгондо фонддун жетекчилигине кайрылсам ал: «Биз чыгаралы, сизге китеп беребиз» десе болобу. Мага өзүмдүн жазган китебимди өзүм алмак белем деген ой кетти. Жок дегенде келишим түзүп, китепти сатып, тиешелүү эмгегиңди төлөп берели десе да бир жөн болмок эле. Бул сөз мага өтө катуу таасир этти, ошондон кийин фонд менен байланышымды таптакыр үздүм. Бардыгы түшүнүктүү болду... Бул чыгармамды жазып жатканда бир калемдешиме (кийин көзү өтүп кетти, жаткан жери жайлуу болсун) китепти аталган фонд каржылайт десем, ал: «Абсамат Масалиевич тирүү турганда эч маселе болмок эмес, эми өзүңө түйшүк илип алган турбайсыңбы» дегени бар.

Үйгө кетип баратып, көз алдыма маркум Абсамат Масалиевичтин элеси тартылып, ошондогу маектешүүнү эстедим. Кап, ошондо эле баш тартып, көңүлдөнбөй койсом болмок экен деп өзүмө нааразы болдум. Кайра ал кишинин өзү жок болсо да өтүнүчүн аткарганымды бел тутуп, арбагы аздыр-көптүр ыраазы болсун деп койдум ичимен.

Менин эч кимге таарынычым жок, эч кимге док урунуп көргөн эмесмин, мындан кийин да док урунбайм, док урунуу, сурануу менин табиятыма туура келбейт. Менин ар-намысым алардан бийик турат деп ойлойм. Болгону өлкө президентинин аппаратынын кайдыгерлик мамилесин билдиргим келди. Же бар, же жок деп коюштары керек эле. Андай жооп болгондо бул макаланы жазмак эмесмин. Себеби, азыркы тополоң-тос «Кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты» убагында китеп чыгаруу эмес, мамлекеттүүлүктү колдон чыгарып жибербөө маселеси турат. Ал эми Исхак Раззаковичтин туулган күнү 24-октябрь. Раматылыктын 110 жылдык мааракеси биздеги коогалаңга тушташ келип калганын карабайсыңарбы...

Акын, белгилүү архитектор ыраматылык Аскар Исаевдин (обону Кыргыз эл артисти Сардарбек Жумалиевдики) ...«Кимге айтып арманымды, кимге барып өтүнөм» деген ыр саптары аргасыздан эске түшөт экен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз