Ырысбай Абдыраимов: Уурдап, тоногондор жөнүндө тамсил

  • 26.08.2020
  • 3391

Доңуз өктөө кылганда
“Ууру  кайда-ан?”- дешет.
Туш-тараптан жемкорлук күчөп,
эч ким эч кимге бербей эсеп -
жемекейлер жайнаган кезек.
 Сөзүбүзгө бар мындай себеп:
“Жандуулар билбейт, укпайт” – дегенби,
же карылыктын камын жегенби,
дөбөгө уруш-талаш менен жеткен
токой башчы Доңуз,
тыштан келген азык-түлүк,
чөп-чар, эт майды... кымырып-кымтып,
үңкүрүнө шилей берди...
Мөөнөт бүтүп, кызматтан түшөөрүндө
“Менин байлыгым ченемсиз” – деп,
төшүн кагып, көөдөн керди.
Жалгыз өзү кең токойду менчиктеп,
үйү жоктор жерге жетпей,
талаада калды.
Аны көргөн орун басар,
токойчо башчылары
кең жак жиберген насыя,  чачыланы,
бөрк алдынан түгөл кеп “бышырып”,
бөлкөнтайды жең ичинен ашыра алды.
“Буга кетти, ага кетти” - деген шылтоо даяр...
Өз баасынан жүз эсе көбөйтүшүп,
кагаздарын толтуруп, жаза салды.
Ошентип, ар кимиси
дат баспаган жакут, күмүш, алтындарды,
таңгак-таңгак көгүш акчаларды
араба менен ташып алды.
Уурдап-тоноп, ар дөңгө катып алды.
“Кой” дээр кожо жоктугунан
Доңуз тукуму, тизгиндеш, кызматташы,
тегиз эле миллионер, бай аталды.
Алар курсагын араң баккан
ойлогон жок, жаныбарды...
Доңуз орун басарына “ишенем” деди.
Анан... ыктыяры менен кызматтан кетти.
Орун басар ууруларды билип жүргөн.
Жай жаныбардын энчисин кайтармакка,
кол-бутуна уурулардын салды кишен.
Муну уккан Доңуз ачууланды.
Кызматка койгондугун милдет кылып
ичи тарып,
кай жерлигин эми сүрүштүрүп,
“Адаштым” деп как башын койгулады...
Түс үйрүп, оозунда кеби белен.
Кеп айтты, бөлөк тил менен:
- Мен болбосом, сен ким элең?
Такка жетелеп чыкканымда
Салмагың болгону үч кил эле...
Сени семирткен жана элирткен
Такка жеткирткен, мына – Мен!!!
Эсиңе салам, билбесең!
Менин тамырлаш, канат-бутагымда
алалбаган кегиң барбы?
Тез бошот!
Мен ишенген,
мен таптаган жаныбарларды!...

♦     ♦     ♦

Бизде ушундай болот:
Көзүн май баскан чоңдор -
элди жонот,
ак иштегенди тосот.
“Табакташ-танапташ,
тамырлаш кызматташым камалбасын” – деп
ууру-кески, пулдууну коргойт.

УУРУНУН АНАБАШЫ

Карышкырга түгөл тааныш: төрт түлүктүү короо,
уюп жаткан жер - алтын, жакут, бермет, күмүш...
Булуң-буйтка, өз жери, канаттуулар да сансыз...
Тоо-токойдо, адырда, чөл-аңызда, кайсы жайда,
кандай байлык, жем, эт, катылганын түгөл билет.
Бирок эч кимге искетпей желди
жең ичинен сатып жүрөт.
Кеч иримде, караңгы түндө
жортуп-жойлоп, койлорду жара берди.
Тымызын үйүр, бодолорду
байлыгы мол, коо-тоолорду 
чет жерликке арзанга баалап,
“пулдап” жеди.
Парасына ашыгын алып, андан түшкөн олжолорду,
үстөк пайыз көп төлөгөн чет жактарга которуп,
чөлкөмүндө миллиардер болду...
Көзү, бирок байлыкка эч тойбоду.
Үңкүрүн ал темир менен торлоду.
Аны көргөн Түлкү, Чөө, Доңузу
тим карап турбай, өз журтуна
чеңгел салууну болжоду:
Тоо-токойдун алтынын,
жан-жаныбардын кызарган этин
жутуп, оокат-ашты бүт уурдап, сапырып
коктудагыларга  ырыскы  калтырбай түк,
калышты наалатка:
- Бу башчылар - ач көз, сук,
суу тумшук!”
Кашабаңдын жоругун жөкөрлөрү билип турду.
Бирок жагалданып, кошомат кылып,
каш кайтара албай, көз алдында оозун жаап жүрдү.
Антпесе билишет да, анын эки чайнап бир жутаарын.
Ороодо  чиритип, тукумун курутарын.
Көк жал кымыйы-ып, билип турат баарын.
Бирок кара күчкө
кеңешмеде койду, мындай маселе:
- Уурулук бизде, мынчалык, күчөп кеткен эмнеге?..
Жемкорлуктун анабашы өзү экенин
жакшы билет!
Бирок анткорлукка салып,
аны бөтөнгө шылтап жүрөт.
Карапайым коён,
берерге парасы жок,
жетинбей жүрсө, бир көөмүт үйгө,
элдин жарымы  четте жүрсө,
Кашабаңдын аны менен иши жок.
Кең адырды бүт ээлеп,
Хан сарай курган өзүнө.

♦♦♦

Башчың болсо, өзү ууру!
Жан-жөкөрү карап турчубу?
Жарды өлкөдө ким жыргайт:
Билет баары ушуну!..

КУУ ТҮЛКҮ

Түлкү амал тапты:
Талаага башчы болуп,
ыксырап, күнөстө оонап жаткан
Карышкырга кынала жатты...
Анын жүнүн сылап-сыйпап,
мойнунан жыттап, чаңын күбүп,
магдыратып, башына башын катты.
Карышкырдын күлүктүгүн мактап,
кең талааны жойлогонун жактап,
ийин-жалынан таптап, күчү жагынан
Көк жалдыгына теңди тапкан жок.
- Билесиңби, бирок?-- деди кайдагыны козгоп:
- Келечекти ойлобосок, Аюу экөөбүздү жарат,
же соёт...
Анын ою - сени жоготмок!
Ойду-тоону жүргөнү менен жойлоп,
бир күнү ордуңду алып коёт.
Тактыңды тартып алганы
Арстанга жүрөт сөз ташып,
сенин былыктыгыңды ачып.
Сага баш ийгиси келбей,
өзүн башчы сезип,
ошон үчүн бизден четтеп качып,
ай-талааны каалагандай кезип.
Сени тоотпогону, көзгө илбегени эмнеси?..
Сен андан кыйынсың го,
койбойсуңбу жилигин чагып, тумшугун эзип...

Ушинтип, жалгандан Кашабага суу бүрктү.
Калпка ууланган  Карышкыр ордунан леп турду.
Ызырынып, тишин шакылдатып,  жерди тытып,
Аюу тарапка жүткүндү:
- Көрсөтөм ага, ким экенин күчтүү!..
Эки чайнап, бир жутуп
ага окшогон майпарды,
алдыман чыккыс кыламын.
Эсине деги келтирип,
жол талашпасын, жыгамын!  

Алда кайдан таап Аюуну
азуусу менен бир тийди.
Экөө куушуп, алышып,
түшүп кетти күбүргө...
Куу Түлкү болсо сүйүндү:
- Аңкоонун жеттим түбүнө.
Эми талааны өзүм башкарам.
Көрүнүп Арстан көзүнө!

♦     ♦     ♦

Ичи кара куу түлкүлөр
Ак пейил, куру дардаң, аңкоолорду
амалы менен жыгат.
Билиндирбей бир үңкүргө тыгат. 

КОРОЗ

Короз таажы, канат жүнүн сылап-сыйпап,
ороктой куйругун күнүгө тарап,
денесине чаң жугузбай
кадим мырзадай жүрөт.
Эси-дарты таңдан кечке
көңүл ачып, шапар тээп,
күүгө келген Тоокту издеп,
короолорду  кыдырмай...
Чыга калып, бак-бутакка
кааласа чак түштө да
ырдап жыргап, кыйкырмай...
Билгени  ушу – балапандарынан
мекияндан тартууну бекитип берип,
көөнү түшкөн ургаачы тоокту тегеренип,
эртең андан  жөжө чыгарын ойлобой,
баса калат.
А мекияны жылына күрп болуп,
жумуртканы үч-төрт ачып, жөжөлөрүн  жайнатат...
Короздо ой жок, өзү жараткан
балапандар эмне жеп,
эмне менен тамактанат?
Кышында же келечекте
калбас бекен үшүп?
Эмне кийип, эмне ичип,
кайсы өнөрдү үйрөнүп,
кандай билим алып, кантип жашап...
кай жерге жетет күүлөнүп?
Тагдыры кандай, не деген ишке барат?..
Аларга кам көрүүнүн баарын
мекияндын мойнуна койгон илип!
Мекиян тытынып, түйшүк басып,
Корозго тийгенден бери
жөжөлөрүн тоок кылмакка,
өөдө-төмөн чуркайт.
“Оору-сыркоо, сагызган,
айры куйрукка  жем болбосун” - деп,
канаты менен калкалайт.
Көз ирмем, мүнөт тынбай көң дөбөгө барат.
Жерден сөөлжан табат.
Алда кайдан курт-кумурсканы да илип чыгат...
Ээси чачкан данды же нанды
өзү жебей балдарына атайт.
Жөжөлөрү тойгончо... эне да ал -
оокатка тумшугун салбай же талашпай,
мээримин төгү-үп, бир четте-е карап турат...
А корозго баары бир. Курсагы тойсо,
күн өтсө болду:
Кур өткөн убакытка кайгырбай,
түгөнбөйт такыр оюну.
Жаз-жай бою эртеңкиге камданбай,
түнөгүндө чалкала-ап жатып алат.

♦     ♦     ♦

Бул жердеги сөз -
Короздой аталар бар:
Балдары менен иши жок.
Өзүнөн башканы ойлобогон эч.
Алардын “душманы” –
жалаң гана курсагы...

ДҮМҮР

Бөлүштүрүлгөндө кызмат
Корукчу болду, Балта.
Балтанын мизи кетилген,
ал өстүрмөк түгүл,
кырка берип токойду
айлантты чөлгө ээн.
Токойчунун буйругу менен
мык какканга адис
жыгачка чоң болду, Балка.
Мык ордуна көрдүбү ал, жыгачты,
согуп турду жанча.
Балкадан сокку жеген
жыгач,
жарабады  шынаага.
Күрөктөн өткөн курчу жок!
Бирок анын ордуна
Айрыны жиберишти жер казганга.
Бычак сүрүлүп четке,
Араа дайындалды туураганы этке.
Бир жерде
Дөңгөч келди бийликке.
Ордунан такыр жылбаган
иштете албаган башты
чоң кызматка коюшту, Ташты.
Мээ  алынбай эске
Оо, төмөндө калды.
Дагы бир жерге чоң кылышты дүмүрдү.
Аны билгендер
Башчылардан биротоло түңүлдү.

Азыркы заманда
кызматка чалагайым тандалат.
Иштин көзүн билбеген көңдөй,
түрткөндө иш аткарат.
Кызматка  мындай эр тандалса,
башталган иш бүтпөйт.
Канча кылсаң да далбаса,
Дүмүр нени билет да,
нени түшүнөт?..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз