Эки ууру жөнүндө уламыш

  • 03.12.2023
  • 4132

Бул окуя алыскы тоо коюнундагы малдуу айылдардын биринде болгон экен. Эки адам иш табалбай кыйналышат. Бир күнү экөө кеңешип уурулук менен оокат кылууну чечишти. Анан алар кой уурдай башташты. Адегенде бирди, экини, үчтү...

Мал ээлери чогулуп кеңеш курушту. Ууруну кармаш үчүн түнкүсүн күзөтчүлөрдү дайындашып, сактык чараларын көрүштү. Алардын аракети текке кеткен жок, бир күнү уурулар колго түштү. Фермерлер аларга жазалоонун өзгөчө ыкмасын колдонмой болушту. Койлорго белги баскан темирди кызарта ысытып экөөнүн чекесине “У” тамгасын басышты. Эми кайда барса да алардын ууру экенин ар бир жан билмек.

Бири бул аймактан журт которуп көчүп кетти. А экинчиси маселени башкача чечти. Ал кичинекей ашкана ачып, кары адамдар менен жаш балдарга жардам бере баштады. Көп-көп кайрымдуулук иштерин жасады. Акырындап анын мурда жасаган жаман иши унутулуп, ал элдин урмат-сыйына татыды.

Бир жолу айылга чоочун адам конокко келди. Ал ашкананын кожоюнунун чекесиндеги тамганы көрүп, ал белгинин эмне себептен пайда болгонуна кызыкты, карыядан “Бул эмне болгон эн тамга?” – деп сурады.

Ал эмне деп жооп берди дебейсиңерби? Карыя мындай жооп берди: “Бул эски окуя, бирок ушул тамга мени жакшы жолго түшүп, адам болушума чоң себеп болду. Бул мен үчүн жиберилген жакшы белги эле.”

Эгерде чындап эле өзгөрүлгүңүз келсе, анда айланаңардагы адамдардын сиз жөнүндө айткандарына көңүл бөлбөгүлө. Эскинин эшигин бекем жаап, кетирген кемчиликтен сабак алгыла. Баардыгын кайрадан баштагыла, жакшы жактарыңызды көбөйтүп, өнүгүп-өсүүгө умтулгула жана сөзсүз өнүгүп өскүлө.

Бул бир жол менен баратып, кийин эки башка кеткен эки адам жөнүндөгү икая. Анын бири абалдан чыгуунун эң жөнөкөй жолун тандады. Ал айылдан көчө качты. Ал жашоосун өзгөрткөн жок, кандай болсо ошондой калтырды. Ал жаңы барган жеринен деле көнгөн ишин кылбайт деп айтууга болбойт! Экинчи адам айылда калып, өзүнүн жаманаттысын жакшы иштерди жасоо аркылуу тазалап жууду. Ал узак жана татаал жолду басып өтүп, өз максатына жете алды.

Өзгөрүү бул – узак жол, бирок анын мөмөлөрү менен берген сабагы кала берет, аны өзүңүздүн айланаңыздан эле көрө аласыз, эгерде чындап өзгөрүштү кааласаңыз, анда өзгөрө аласыз.

Айланаңды өзгөртүүдөн мурда, өзүңдүн жакшы жактарыңды көбөйтүп өстүрүүгө далалат кыл. Көп көйгөй өзүбүздүн татыксыз жүрүш-турушубуздан чыгарын унутпайлык.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз