Бай менен жакыр адам жөнүндө икая

  • 26.09.2020
  • 4079

Бай баратса базарда,
Күндөрдүн бир күнүндө,
Кызык ишти көрүптүр,
Айтайын ал иш жөнүндө.

Жалаң жакыр адамдар,
Тегеректеп алышып.
Акылмандын кебине
Муюп кулак салышып...

Сөзүн угуп бүткөн соң,
Карк болушуп кебине.
Колунан өөп чөгөлөп,
Ийилишет дегеле...

– Эгер болсоң акылдуу,
– дейт бай адам жакырга,
Албайт белең бир теңге
Айткан ар бир акылга.

Анда акылман мындай дейт:
Бай, кедейби баары бир.
Укса болду акылды,
Акча албаймын аны бил.

– Түшүнбөймүн сөзүңдү, –
деп таңкалат анда бай.
Оңолмоксуң акча алсаң,
Ишиң жүрүп шайма-шай.

– Алмашырсам акылды,
Акча менен тыйынга.
Сөздүн кетет мааниси,
Иштин качат шааниси,
Чыгалбайм мындай жыйынга.

– Элге берген акыл кеп,
Ошолбу сенин байлыгың?
– Туура, билим мен берген,
Кеңейтет эстин тардыгын!

Бай бул жоопко таң калып,
Ийиндерин куушурду.
Тыянак чыгар окуучум,
Окуган соң ушу ырды!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз