Чечен эл жомогу: Жылан менен кедей

  • 18.04.2024
  • 4430

Падыша түшүндө бакчасына эчкилер кирип кеткенин көрүп, түшүн жорутмай болот. Бирок ак сарайдагы жан-жөкөрлөрүнүн эч кимиси буга акылы жетпейт. Түшүн туура жоруганга бир пуд алтын берерин элине жарыя айттырат. Бирок бир да киши жоруп бере албайт.  

Эч нерседен бейкапар жүргөн кедей бир күнү отундан келатса алдынан жылан чыгып адамча сүйлөйт:

- Жакырчылыктан жадасаң падышанын түшүн жоруп байыбайсыңбы?

- Жоруюн десем эле жорулуп калмак беле падышанын түшү. Ага да акыл керек, - дейт кедей.

- Мен бул түштүн аянын билем. Падышага барып айткын, жакында коңшу падыша кол салат, согушка даярдансын.

Кедей эгер түшү туура жорулуп, падыша алтын берсе теңин өзүнө берерин жыланга убадалап, дароо ак сарайга келип, жылан айткандай кылып падышанын түшүн жоруйт. Падыша буга ишенип, согушка жакшылап даярданат. Мындан улам баскынчыларды жеңип чыгып, кедейди чакыртып бир пуд алтын берет.

Кедей падышадан кайтып келатып жыланга кайрылып, убадасы боюнча алтындын теңин бермей болот, бирок ач көздүгү кармап дароо айныйт, жылан ийининен чыгып келгенде өлтүрө чаап алтынга жалгыз ээ болууну чечет. Бирок жыланды канча чакырса да ийининен чыкпайт. Кедей үйүнө кайтып келип жыргап-куунап жашап калат.

Бир күнү падыша түшүндө жан-жөкөрлөрү менен бирге бакчасына бир да жемиш калтырбай терип алганын көрөт. Кайрадан кедейди чакыртып жорутууну чечет. Эми кедейдин айласы кетет. Ал жүгүрүп жыланга келип, падышанын түшүн жоруп берүүсүн суранып, падыша эмне тартууласа ошонун баарын берүүнү убадалайт.

- Падышага бакчасына жемиш койбой терип жатканы элинин эч нерсесин калтырбай тоноп жатканы экенин түшүндүр. Минтип отурса арты жакшы болбойт, - дейт жылан.

Кедей падышанын алдына келип, түшүн жылан айткандай жоруйт. Падыша ойлонуп көрүп, кедейдин айтканы туура экенине көзү жетип, элин ашыкча эзгенин токтотуу чечимине келет. Кедейге дагы бир пуд алтын берип жөнөтөт. Бул жолу кедей жыланга кайрылбастан үйүнө түз келет.

Бир күнү падыша дагы түш көрөт, көргөндө да асман толо койдун куйругун көрөт. Кайрадан кедейди чакыртып жорутмай болот. Кедей болсо кайрадан жыланга күнү түшүп, бул жолу сөзсүз хандын тартуусунан бөлүшөрүн убадалайт.

- Падышанын асман толо куйрук көргөнү – берекенин белгиси. Элиң бейпилдик менен бардарчылыкта жыргап жашайт экен. Ушуну падышага айтып кой, - дейт жылан.

Бул жолу да кедейдин түш жоруганы падышанын купулуна толуп, дагы бир пуд алтын менен сыйлап узатат. Кедей түз эле жыланга келип чакырып турат. Бул жолу жылан да кармалбай чыга келет. Кедей ага ыраазылыгын билдирип, алтынды алдына коёт.

- Мага алтыныңдын кереги жок, мага адилеттик керек, - дейт жылан.

- Биринчи тартуу менен келгенимде сени өлтүрмөкчү болгом, бирок бул жаман оюмду билип чыкпай койгонсуң, эми жакшы ой менен келсем чыгып келдиң, булардын баарын кайдан билдиң? – деп сурайт таң калган кедей.

- Бул жөнөкөй эле. Биринчи келгениңде падышанын оюнда согуш турган, андыктан сен да мага жаман ой менен келгенсиң. Экинчисинде падышаңдын оюнда пайда табуу гана бар болчу, мындан улам сен дагы жалаң пайданы ойлоп, мага убадалаган алтынды бергиң келбей үйүңө түз өтүп кеткенсиң. Азыр болсо падышаңдын оюнда жакшы ойлор турат, ошон үчүн сен да мага алтынды бүт кармата салганы келдиң. Эгер падышанын оюнда жамандык болсо ал бардык букараларына өтөт, а эгер букаралардын ою оңолсо, падышанын да пейли кеңейет. Мен жыланмын, мага алтындын кереги жок, бейпилдик гана керек, - деп жылан ийинине кирип кетет. Кедей кемпайлыгын сезип кала берет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз