Вьетнам эл жомогу: Сүйлөгөн бутак

  • 06.01.2024
  • 4280

Бирөө жолоочулап кетип баратып чоң дарактын түбүнө өргүйт. Жакшылап уйку кандыра эс алып, сапарын улантмакчы болуп караса эле капчыгы жок. Каражатсыз калган жаны кантээрин билбей аргасы кеткенде кудайга үнү жетчүдөй өкүрүп-бакырып ыйлап кирет. Уккандар чуркап келип себебин сурашат. Жолоочу кайгырган себебин айтып, кайрадан өңгүрөп коё берет. Жергиликтүүлөр өздөрүн күнөөлүү сезип ууруну издей башташат. Арасынан бири муну сотко жеткирет. Ал атайын келип жолоочуну суракка алып, окуянын чоо-жайын билет.

- Жатарыңда айланада эч ким жок беле? – сурайт сот.

- Дарактан башка эч ким жок болчу,- жооп берет жолоочу.

- Анда дарак алган турбайбы! Даракты суракка алып баргыла,- буюрат сот.

- Таксыр, даракты кантип алып бармак элек? – деп кол жайышат уккандар.

- Даракты алып бара албасаңар бир чоң бутагын кесип артымдан келгиле! – деп буюрат да жөнөп кетет сот.

Ал тигилер бутакты кыйып келгиче кызматчыларына короого терең чуңкур казууну буюрат. Чуңкур даяр болгондо ага сакчыны отургузуп, үстүн байкалбагандай кылып жаптырат да, кызматчысына сырттан бутакты алып кирип, так эле чуңкурдун үстүнө коюуну буюрат. Сурак башталат. Жансыз нерсе менен сүйлөшмөкчү болгон сотту көргөндөрдүн күлкүсү келет,  ага акылдан айныгандай карашат.

- Акчаны сен алдың беле? – дейт сот өкүм түрдө.

- Жок, мен алган эмесмин, - дейт чуңкурдагы сакчы үйрөткөнү боюнча.

 - Албасаң анда ким алды эле, айткын! – сот үнүн көтөрөт.

- Ким алганын билем. Кыштактын элин чогултуп келсеңиз көрсөтүп берем, - дейт сакчы.

Сот бутактын сүйлөгөнүнө таң кала жака кармагандарга кыштактын элин чогултууну буюрат. Бир заматта эл ичине сүйлөгөн бутак пайда болгону, ал жолоочунун акчасын уурдаган немени көрсөтүп бергени жатканы жөнүндө кабар желдей тарап, жолоочунун капчыгын уурдаган кесепке да жетет. Уурунун арты кууш дегендей коркуп кеткен ал кылмышты өз эрки менен мойнуна алса күнөөсү жеңилдерин ойлоп, сот алдына келип, акчаны кайрып берип, кечирим сурайт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз