Поляк эл жомогу: Эмне үчүн коён эт жебейт

Илгери түлкүлөр эт жечү эмес экен. Алар кадимки малдай чөп оттоп, мөмө терип жан багыптыр.  Бир жолу түлкүгө бөрү жолугуп мындай дейт:

- Байкасам түкө, жашооң жакшы деле эмес экен. Жалаң чөп менен жүрүп сууктап кетипсиң, илмийип арыктапсың. Мага шакирт бол, тамактын чүйгүнүн жегенди үйрөтөйүн, идирегиң бар болсо бат эле жүнүң жылтырап семиресиң.

Кашабаңдын сөзү азгырыктуу болгондуктан түлкү аний дебейт. Ошентип карышкырды ээрчийт. Көп узабай шалбаада оттоп турган атты көрүшөт.

- Мына биздин тамагыбыз, - дейт бөрү.

- Кантип ушул зор жаныбар бизге тамак болсун? - таң калат түлкү.

- Азыр көрөсүң, - өңүп жөнөгөн карышкыр атка жакын жердеги бадалга келгенде түлкүдөн сурайт: - Мени карасаң, көзүм күйдүбү?

- Күйдү, тимеле чоктой кызарды, - дейт түлкү.

- Жүнүм үрпөйдүбү?

- Үрпөйдү! Тимеле жүрөк түшкүдөй тик турду.

- Дагы кара! Куйругум чамгарактадыбы?

- Чамгарактады!

- Андай болсо алга! – деп айгай салган карышкыр эки секирип атка жетип, кардын эңшерип түшөт. Карышкырдай болуп аттын ысык этине тиш салган түлкү жаңы тамакка бат эле көнүп, жактырып да калат. Эртеси курсактары ачканда карышкыр уйду жарат, андан кийин экөөлөп койду жешет. Ушундан кийин карышкыр түлкү аңчылыкты үйрөндү деп чечет. Түкөң да буга макул болуп, өз алдынча жөнөйт. Баратып бак кемирип отурган коёнго жолугат.

- Коён курдаш чөп оттоп, мөмө терип кор болдуң. Андан көрө менчилеп эт жегенди үйрөнсөң жыргайт элең. Кел, мен сени аңчылыкка үйрөтөйүн, - дейт түлкү.

- Мейли, - макул болот коён. Экөө ээрчишип жөнөйт. Баратып шалбаада оттоп турган атты көрүшөт.

 - Мына биздин тамагыбыз, - дейт түлкү.

- Ушул чоң жаныбарды кантип жейбиз? - коркуп кетет коён.

- Жегенди азыр көрсөтөм, - өңүп жөнөгөн түлкү атка жакын келгенде коёндон сурайт: - Мени карасаң, көзүм күйдүбү?

- Күйдү, тимеле чоктой кызарды, - дейт коён.

- Жүнүм үрпөйдүбү?

- Үрпөйдү! Тимеле жүрөк түшкүдөй тик турду.

- Дагы кара! Куйругум чамгарактадыбы?

- Чамгарактады!

- Андай болсо алга! – айгай салган түлкү эки секирип, атка жетип тиш салганда ал кайрыла калып кош аяктап башка тепкенде, түлкүнүн мээси чачырап кетет. Муну көрүп жүрөгү түшкөн коён көзгө илешпей безип жөнөйт.

Ошол окуядан кийин түлкүлөр алы жеткенине гана асылчу болуптур, мындан улам коёндор ага жем боло баштаптыр.


Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз