Акылман король жөнүндө уламыш

  • 07.09.2020
  • 3452

Бир жолу король жолдун так ортосуна чоң ташты алпарып таштатып, көрүнбөгөн жерге бир кызматкерин аңдытып койду. Жолдон ары-бери көп адамдар өтүп жатты. Бирок бир нече күнгө чейин ташка бирөө да тийген жок.

Бири таң калгансып карап өтсө, экинчиси дегеле байкамаксан. Анан бир күнү токойдон отун жыйнап, базарга алып барып сатып оокат кылып жүргөн адам өтүп баратып жолдун ортосунда жаткан чоң ташты көрдү. Өткөн элге тоскоол кылбай аны четке тоголотуп салууну чечти. Ал ойлогонун ишке ашырып, ташты аңга тоголотуп жибергенде, тоголонгон таштын ордунда алтын салынган кап жаткан экен. Каптын ичинде король: “Кимде ким, соопчулук кылып, бул ташты жолдон алып салса, аны сыйлык күтөт” деп жазып койгон экен.

Уламыштын мааниси: Кудай адам баласынын баскан жолунда ар кандай сыноолорду жиберип турат, бул дүйнөдө себепсиз эч нерсе болбойт. Сыноолордон туура жолун таап өткөндөрдү сөзсүз сыйлык күтөт.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз