Дүйшөн Жапаровдун кош саптарынан

  • 13.10.2020
  • 3350

*     *     *

Базарда түртөм араба,
Басынтып мени караба.

*     *     *

Көлдүк болбой
Элдик бол.

*     *     *

Бир досум кетти "бийлик" деп,
Бир досум кетти бийиктеп.

*     *     *

Бирөө үчүн акын өлдү, адам өлдү,
Бирөө үчүн бир аракеч арам өлдү.

*     *     *

Кайтарып уюн уйгурдун,
Каражат таап үй курдум.

*     *     *

Көгөргөн көлүм көгөргөн,
Көлдүктөр чөгүп көп өлгөн.

*     *     *

Мен мейиз, сен семичке,
Мен ичкен жерде сен ичпе.

*     *     *

Бейжай экен катының,
Бербейсиңби катыгын.

*     *     *

Эжесин күткөн сиңди бар,
Эр таппай калган жинди бар.

*     *     *

Саргая күткөн жаз келди,
Сатып ич эми шапкеңди.

*     *     *

Бирөө акча тапса ичик алат,
Бирөө акча тапса ичип алат.

*     *     *

Чыгынып жайлоо суурун ал,
Чымындай жанын сууруп ал.

*     *     *

Мунуң бар болсо аның болот,
Унуң бар болсо наның болот.

*     *     *

Жетишсиз жашообузга жээним кейийт,
Жээнимди карап туруп зээним кейийт.

*     *     *

Дилден сыр чыгат,
Динден чыр чыгат.

*     *     *

Ичкен чайы Цейлондон,
Ич көйнөгү "нейлондон".

*     *     *

Эжекем сатып металлды,
Эки кило эт алды.

*     *     *

Кайкалап жүрүп мент болуп,
Калгың бардыр мерт болуп.

*     *     *

Артынан түшсөң сооданын
Айрасың жаагын моданын.

*     *     *

Береке учту бөлкөдөн,
Беш өрдөк учту өлкөдөн.

*     *     *

Абдан көп бизде кенбайлык,
Андан көп бизде кемпайлык.

*     *     *

Катындан койсоң тамада,
Кашыңа коёт памада.

*     *     *

Таштагам деп миңи айтат.
Баштагам деп ким айтат?

*     *     *

Талыбай кылсаң аракет,
Табылат дайым арак, эт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз