Култаева: Афина жана аялмээр

(Экинчи макала)

Менин сүйүктүү, жанбирге, байкуш наристем, азыр сага бара албайм, ошондуктан жазып жатам. Кечээги жоругум үчүн чексиз кайгыдамын жана ичим күйүп турат. ...Мен азаптуу түн өткөрдүм, эзилген ызалуу чала уйкуда жан-дүйнөмдүн тереңинен жагымсыз жана оор бир сезим ойгонду... Менимче, жыныстык мамиледе биздин тажрыйбабыз ар башка жана ага биз ар башка мамиле жасайбыз. Бул мени абдан чочутат.

Сендеги жыныстык сезим уйкуда, сен жыныссыз жандайсың, уйкудагы ошол сезимиңди ойгото албай каламбы деген ой келгенде мени жан чыгарчу коркунуч каптайт.

Андай болсо дос бойдон калсак кандай болот?!

...Сен абдан таза адамсың, балким жашырын жыныстык психологияны түшүнбөйсүң.

...А жыныстык популярдуулук жашоонун негизги мыйзамы, балким дүйнөнүн негизи.

...Мен өзүмө ушунчалык жакын аялды өзүмдү канааттандыруунун куралы катары карай албайм...

...Менимче, адамдын денеси гана эмес, анын жекече рухунун да жынысы бар...

Бердяев Н. Болочок аялым Лидия Раппка кат

Дүйнөлүк маданиятта аялзат феномени татаал кубулуш катары Жер менен Асман байланышын камсыздоочу ааламдык күч катары таанылганы белгилүү го. Чыгыш акындары даңктаган күн менен ай жалтанган аялзат табияты (“Уялгандай ай, күн экөө паранжаны жамынды, \ Көрүшкөндө жүзүңдөгү эки кызыл жалынды” – Рудаки, К.Басылбековдун котормосунда), Батыш философиясындагы “вечная женственность” түшүнүгү, биздин улуттук маданиятта талапка ылайык талдана элек. Ал эмес “женственность” түшүнүгү эне тилге жарытылуу которулбаптыр. “Аялдар поэзиясы” деп айгай салганыбыз менен анын поэзиясынан мурда өзүнүн табиятын иликтөөгө алган мактанарлык эмгекти табуу кыйын.

Биз айрым сөз баккан калемгерлер менен кеңешип, аялга таандык өзгөчө бул касиеттин (женственность) татаал маңызын эске алуу менен аны – аялмээр деген түшүнүк аркылуу беребиз. Кыргыз тилинде “мээр” деген сөз уңгусу күйүмдүү, боорукер, жароокер, кайрымдуу, сүйкүмдүү, жылуу, ак пейил ж.б. адам сапаттарын мүнөздөөчү сөздөргө негиз болот. Мээри түшүү – жакшы көрүү, берилүү; мээр чөп – адамга күч-кубат берүүчү жомоктогу чөп[1] ж.б.

Аялмээр – аялзатынын биологиялык (жыныстык), психологиялык, социалдык, философиялык аспектиде талдоого муктаж өзгөчө сапаттарынын жыйындысы. Албетте, бул сапат аял аттуунун баарына эле таандык эмес.

Аялмээр – аялзатына энелик туюм менен бирге табияттан берилүүчү шыбага. Андан айрым аялдардын кур калышы (эркек мүнөз, мерез, орой, кара күчтүн ээси болгон ж.б. аялдар) табыгый эмес, социалдык зомбулукка кабылуудан же цивилизациянын таасиринен келип чыккан жасалмалуулук.

Дүйнөлүк маданиятта аярмээр адамдын жашоо гармониясын камсыз кылуучу феномен катары таанылган. Ал эмес философ жана экзисционалист Н.Бердяев Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Англия, Франция, Германияда эркек духу улутту ойготсо, Россияда аялмээр улуттук мүнөздүн башатында[2] экендигин далилдеп, илимий чөйрөгө дагы бир сенсациялуу пикир жараткан. Ошондуктан “Родина-Мать” түшүнүгү орус стихиянын негизин түзөт. Айрыкча, аялдын жыныстык жашырын сырларына мамиле жасоо маданияты эркектердин дээрлик көпчүлүгүндө жетишпейт. Жагып калган аялзатына кандай болбосун жетип, аны уйпалай калуу – эркек эгоизми аялдын жан-дүйнөсүн жабыркатып, натыйжада аялдын да, эркектин да жашоо гармониясы талкаланган учурлар аз эмес.

Чыгаан философ Н.Бердяевдин айтканын карабайсызбы, жогоруда биз келтирген пикирди аялды өтө жакшы көргөнү үчүн, анын алдындагы жоопкерчиликти сезгени үчүн айтып жатпайбы... Кептин баары эркектин аял рухунун жынысын түшүнбөгөндөн келип чыгат окшобойбу. Убагында улуу сезимди үй-бүлөлүк турмуш менен кирдетпөөнү өтүнүп, атактуу балерина Бүбүсара Ч. Айтматовдун баш кошуу сунушунан баш тартканын ким билбейт.   

Аялмээр феномени улуттук аң-сезимдеги фундаменталдуу түшүнүк, аны оной-олтоң чечмелөөгө да, ага ат үстүнөн мамиле жасоого да болбойт. Илимий адабияттарда аялмээр аялзатынын мүнөзүндө ички жана сырткы формасы менен көрүнүшү белгиленет. Сыртынан сулуу, назик, келбеттүү, жагымдуу аялзатынын ички руханий дүйнөсүндө уяттуулук, аруулук, асылзаадалык, күйүмдүүлүк, боорукерлик, жароокерлик, жапакечтик, кайрымдуулук, жылуулук, ак пейилдик, камкордук, энелик, жаратмандык, жумшактык, сырдуулук, кечиримдүүлүк, кусадарлык, багынуучулук, жашырын кубаттуулук жана кайрат, ийменүү, сыпайылык болбосо, андагы аялмээр толук эмес.

Ушул көз караштан алып караганда, акындан жаралган асылзаада акын – Афинага аялмээрдин өзгөчө көрүнүшү таандык экенин байкоого болот. Эгер адамга берилген ысым анын жан-дүйнөсүнө, тагдырына таасир этүүсү ырас болсо, ага тагдыр буйруган ысымдын салмагы да оор. Афина – акылмандыктын мифологиялык кудайы, эр жигиттин коргоочусу, адилеттиктин символу. Бекеринен байыркы философиянын мекени Греция бул ысым менен мамлекетинин борборун атап, кылымдарды карыта аздектеп келбеген чыгар. Канткенде да келбет-чырайы келишкен, кербез мүнөз, аялдык намысы бийик Афинага ханышалык сапаттардын айрым белгилери таандык экенин түшүнүү да оңой эмес. Ушул сапаттар Афинага аялдын аялдык табиятына сүңгүп кирүүгө, аялмээрин сезим “микроскобу” менен кароого шарт түздү:

Жөө эмес, бүгүн жамгыр шайдоот эмес,
Жаап жатат санаа минип, санаа минип.
Кербез жан теңине албай айыңдарды,
Дос тутпай жанындагы айымдарды,
Жашайт ээ тагдыр-багы ырга сиңип...

Көңүлүм туман дагы, жаркын дагы,
Ким бирөө эгер менден жүз үйрүсө -
Ал менин бийигимден тартынганы (астын сызган – К.Ү).
Гүлдөрүм жапырылбайт башын катып,
Чоочутса чагылгандын чартылдагы.

Термелем... жаанга чыктап бүрүм-гүлүм,
Түңүлүп канчанчы ирет күбүлгөнүм?
Тирүүлүк, бетиңден мен өчкөн жокмун,
Жүрөгүм канап турса улам курчуп,
Ал менин ошончо ирет тирилгеним...

Аялдын эр адамдан болгон негизги айырмачылыгы анын табият менен үндөштүгү, анын үнүн тыңшоо жөндөмү, сыртынан билинбеген, ички жан-дүйнөсүнүн серпилгичтиги. Анткени табият менен аялга жараткан берген жаратмандык касиет алардын табыгый байланышын түзөт. “Гүлүн жаанга чыктап термелүү” селкинчек тебүү эмес, бул аялдын жашырын ички сезим күүлөрү. Эгер эр адам бардык кылык-жоругун сырткы жүрүм-туруму менен демонстрацияласа, аялзат ичтен түтөп, ичтен курчуйт.

Мындай руханий феноменди Афина табияттын “санаа минген” жамгыры менен параллель коюп, аялдагы сабырдуулук, көтөрүмдүүлүктүн сырын аялдын “бийиктиги” менен ченеген. “Жүрөк канаган сайын улам курчуткан да, өлүп кайра тирилткен” да аялмээрдин кубаты. Анткени аялмээр руханий мүмкүндүктөн дүрмөт алат. Руханий дүйнөсү жарды аялга аялмээр кубат бере албайт. Ошондуктан Афина үй-бүлө түйшүгү басмырлаган сайын ичтен серпилүүгө кудрети жеткендиктен, руханий импульс анын ырларына сапаттык өнүгүү берди.

Айнектей өң бута болуп ушакка,
Же үзүлүп түшпөй көктө термелет.
А мен – менмин! Моюбас да ноюбас,
Дүйнө, мени ушул бойдон термеп өт.

Шыбырасам шыбырыман күбүлгөн,
Сапырылган, жапырылган сүйүүлөр.
Баарыңарды аруу бойдон аттадым,
Каяшаны айталбайсың бириңер (курсив - биздики).

Мына аруулуктун касиети. Өзүн таза сактаган аялдын жүзү жарык, сөзү өтүмдүү. Эгер аярмээрдеги негизги сапаттардын бири аруулук болсо, ал аялдын сүйүүгө жасаган мамилесинен көрүнөт. Афина өзү айткандай, бул дүйнөдөн –“сүйүп дагы, сүйүлүп да” өтүүгө татыктуу жана жөндөмдүү жан. Тээ мындан 2,5 кылым илгери эле немистин даңазалуу философу Гегель белгилегендей: «...сүйүүгө берилгендик аял мүнөзүдөгү эң сонун сапат, аялдын сүйүү үчүн өзүнөн кечүү жөндөмү эң жогорку чекитине жеткенде, руханий жана реалдуу турмушундагы бүт жашоосун ушул сезимге тереңдетип топтойт»[3].

Аруу аялдын аруулугу сүйүүгө жеңил баа карабай, бул улуу сезимдин наркын көтөрө билгендигинде. Афинадай аялдар чыныгы өзүнүн баркын билген эркекке гана ачылат, баркын баалай албаганга, сүйүү менен убактылуу ойногусу келген “кумарпозго” “кечил” болуп жабылат:

Келет балким эки-үч саатка унуткуӊ,
Тагдырыӊды ажырагыс сөөгүӊдөн?
Баса, бул күз кечилкана, мен кечил,
Буулугарсыӊ, мени таппай өзүмдөн.

Күлүп, күйүп, чын пейилден ак тиктеп,
Олтурасыӊ, өзүӊ менен кармашып.
Биздин көздөр айтып турат айныбай,
Кечил менен кумарпоздун арбашын.

Баш тарткан соӊ сендей азыткылардан,
Безгек тийген эс-мас дүйнө бейтааныш.
Мен бир сүрөт музейиңе тагылган,
Болотнайда мисирейген ак каныш... (курсив - биздики)

Тексттен көрүнүп тургандай, аялмээр жок жерде жылуулук жок, демек, аял-эркек мамилеси жок. “Аялмээр болбосо жашоо кургак абстракция, ташбоор. Аял өзүнүн аялдык милдети менен эркек жасай албаган улуу ачылыштарды жасайт. Жашоонун айрым сырлары бир гана аялга ачылат... Мейли, аялдар математика менен логикадан артта болсун, анткени менен аларда математика менен логикадан жогору турган акылмандык жашынган”[4].

Аялмээр татыктуу эркекке гана ачыла турган сырдуу кулпу. Аны ачууга эр адамдан аяр мамиле керек экени А.Бакированын төмөнкү ырында кылдат сүрөттөлгөн:

Мага өзүмдү жомоктойсуӊ тыя албай,
Кемелине келип турган деӊизим.
Дегениӊ да азабымдан куткарат,
“Сен жердеги жан эмессиӊ” мен үчүн.

Кызматкерлер ызаат менен ийилип,
Шампан ташып, шаӊ да ташып кеч кирди.
Сагыныпмын мен сендеги өзүмдү,
Мен сендеги тагдырымды, мезгилди...

Эмнелерди көрдүӊ мага келгенче?
Мен тааныдым, кырк бакыттын жамалын.
Бакыт бүгүн – менин назым аялдык,
Бакыт бүгүн – сенин сыйкыр ааламыӊ...

Аялдын аялмээр аркылуу ачуучу “ачылыштары” менталдык мүнөзгө ээ. Кыргыздын элдик философиясы “ургаачынын чырагы кырк” дейт. Аял түйшүгүнүн чексиздигин жакшы түшүнгөн даанышман эл ага таандык ыйык касиеттерди эске алуу менен тирүүчүлүктүн наркын өлчөөнүн бир ыйык чен-өлчөмү 40 саны менен туюндурган. Кыргыз тарыхында улуттук элитанын кырк жигит, кырк кыз күтүү салтынын калыптанышы өзүн телегейи тегиз сезүүнүн чен-өлчөмү. Ал эми Афинанын “кырк бакыттын жамалын” таанышы “аялдын жыныстык рухунун” (Н.Бердяев) канааттанышы – ырахат сезиминин эң жогорку бийиктиги, аялдын жан-дүйнө кубанычынын деңиздей чалкышы, анын аялдык бактысынын мелт-калт чайпалып, тирүүлүктө тарткан “азабынан” куткарышы. Ал аялмээрин толук сезген үчүн “кызматкерлер шампанга кошо шаң ташып” жаткандай. Ушундай сезим гана аялдын жаратмандык касиетине кубат берип, анын “жашынып жаткан даанышмандыгын” руханий ачылыш ачууга даярдайт:

Келди анан келбээрсиген кер кабылан,
Калтаарып сүйдүм жаалын, мээрин, өңүн.
Кайсы аял уккан болсо жашады дейм,
Дүйнөнүн мен уккандай дүңгүрөгүн!

Ыйлаймын сүйүнүчтөн, эрээркеп да…
Чоочунга ичим ысып достой сүйлөйм.
Өлүмдүн бар-жогуна көңүл бурбайм,
Өлбөстүн жолдорунда оттой бийлейм.

Демек, өзүнүн наркын, аялдын баркын билген эр адам ургаачынын рухунун тилин таап, анын аялмээрин ойготот. Мындай эркекке аял тарабынан “кемелине келип турган деӊизим”, “келбээрсиген кер кабылан” деген баанын берилиши – эр адамдын кадыр-баркын бийиктикке оболотуп жиберген. Эрки күчтүү, наркы бийик эркектин аялды “согушсуз” багынтышы ырдын “калтаарып сүйдүм жаалын, мээрин, өңүн” сабында өз кульминациялык чекитин мелжийт. Мындай көрүнүш биз биринчи макалада койгон: эмнеге коомдо аялдык табиятын жоготкон аялдар көбөйүп барат да, ошол эле кезде эркектин кадыры төмөндөп кетти? – деген суроого жооп боло алат. Бир кезде бытовизмге басмырланган Афина “шуулдап-күүлдөп жааган жамгырдан өз жаназасын” сезсе (1-макалада), татыктуу эркектин сый-урматы, сүйүүсүнөн руханий канаат алган акын кыз эми “өлбөстүн жолдорунда оттой бийлегенге” кубат алып олтурат.

Бирок да мындай бактылуулук өтө сейрек – катаал турмуштун мыйзамы ушундай. Ошондуктан Афина бакыт көз ирмемин “бүгүн” деген мезгил туюнтмасы менен чектеши кыргыздын “бүгүн көргөн эртең жок” дүйнө таанымы менен түшүндүрүлөт. Эгер мындай көз ирмем көп болсо, бакыт баасын жоготмок. Жашоого дал ушундай философиялык көз караш менен кароого жетишкен А.Бакирова оомал-төкмөлүү дүйнөнүн карама-каршылыгын, бир күнү бүт өмүргө татыган бакыттын баасын таанууга аргасыз.

Ичтеги эркиндик да эркин эмес,
Ичимде өз мыйзамым көгөргөн көк.
Көрүнөө бир жашоого сүйүүм батпайт,
Көмүскө бир жашоого абийир көнбөйт.

Жылдызы келишпеген бул жолдордо,
Жылдыздуу жашап өтүш талап-буйрук.
Мен сени кабыл алдым о, чоң сезим!
Сени да кабыл алдым карыпчылык!..
Дал ушул абийир – аялмээрдеги дагы бир асыл баалуулук. Ал аял үчүн турмуштун дал өзүндөй бинардык оппозицияга негизделет: анын бактысы да, ичтен сыздырган азабы да. Аны булгабай жашоо аруу аялдын ички мыйзамы. Аялзатына артыкчылык менен катар табияттан берилген чектөө таандык. Бул жазылбаган мыйзамды абийирдүү аял табыгый мыйзам катары кабыл алып, өзүнүн жеке жан жыргалын курмандыкка чалат, анткени эне деген ыйык наамга болгон жоопкерчилик аялмээрдүү аялда эркекке караганда бир нече эсе жогору. Мындай кырдаалдагы аял-эркек мамилесин “күн”, “тоо”, “жол”, “шамал”, “терек” концептеринин ички туюнтмасы аркылуу ар бирине тиешелүү артыкчылык менен өксүктү образдуу берүүгө жетишкен. Анткени күн – сүйгөн адам, тоо – бийиктик, жол – тагдыр, шамал – сезим дүрбөлөңү, терек – сүйүүнүн символу.

Санаалуум сен тоо артынан элейип,
Көрүнөсүӊ, көз саласыӊ күн болуп.
Мен үйүмдө түпкүч болуп түйүлдүм,
Сен жолуӊда теӊселдиӊби, жүз жолу?

Билем, дүйнө күнөөлөбөйт эркекти,
Колдоп баары жан-жагыӊа топтолот.
Сага терек жерге жете жүгүнүп,
Мага шамал сес көрсөтүп октолот...

Эркекке табияттан эркиндик кенен берилген. Бул анын биологиялык артыкчылыгына гана эмес, жашоодогу гендердик ролуна да байланышкан: кыргыз дүйнө таанымында ал – “сырткы тон”. Ошого жараша анын таандык кенен мейкиндикте – нуру ааламга тегиз тийген “тоо артынан күн болуп көз салып” турганы иллюзия эмес. Ошол эле учурда эркекте сезим жок дегенге да болбойт. Анын сезиминин тереңдиги “санаалуу” жана “элейген” абалы, “жолунда жүз жолу теңселишинен” көрүнөт.

Ал эми аялдын, анын ичинде үй-бүлөлүү аялдын эркиндиги чектелүү, ошого жараша анын мейкиндиги – төрт дубал ичине кысылган. Анын эркиндик чегинин тарышы автор чебер колдонгон “түпкүч болуп түйүлдүм” сөз айкашы аткарган литоталык милдет аркылуу ырдагы психологизм дагы тереңдеген.

Үй-бүлөлүү аялдын уят-абийирин, жүрүм-турум этикасын сактаган аял кандай улуу сезим болбосун, өзүн курмандыкка чалып, сезимди “жашыруун аялдык акыл” (Н.Бердяев) менен башкарып, өз убагында коштошууну билет. Аярмээрдеги аруулуктун функциясы ушунда:

Коштошоордо ырдайын бир ыргалып,
Мага укмуш жаккан сенин дүйнөӊдү.
Үйрөнө албай койгонумду эч менин,
Жашыруун да, аяр дагы сүйгөндү.

Мен, туйгунум, бир божурап алайын,
Сезимимди сен биле элек кездечи?
Учуп-күйүп болгон элем бактылуу,
Бактылуулук – Теӊир менен кездешүү.

Уруксат эт, бир төгүлүп алайын,
Ажайып кооз аалам дедим өзүӊдү.
Ошол чакта сүйүнгөндөн ыйласам,
Балкый түшүп өптү Кудай көзүмдү.

“Кош” дешкенде эс-учубуз жыйылбай,
Көккө атылган сен экөөбүз кош кыраан.
Айрылышуу сестендирчү өлүмдөй,
Коркунучтуу сүйүүм, ыйым кошкула!
Бүтүндөй аалам ээси – Теңир менен кездешип, Кудайды балкыта көзүн өптүргөн абал – аялдын трансценденттик дүйнөгө өтүп кетиши, башкача айтканда, жердеги жашоодон убактылуу узап, рух дүйнөнүн кучагына алынышы. Ал эми рух дүйнөсү түбөлүктүү, демек, “туйгуну” (эркекке берилүүчү эң жогорку баа) менен коштошсо да, УЛУУ СЕЗИМдин жан-дүйнөдө түбөлүк сакталышы.

Аял тагдырындагы чектелген өксүктү Афина жеке өзү үчүн жазбайт, ал бүтүндөй аялзатка боор тартып, поэзиянын сыйкыр күчү менен коомдук аң-сезимди ойготкусу келет.

Ыйманыма камчы чаппай сырдашып,
Мен коштошом сени менен дулдулум.
Аялдарга сүйүүдөн бак айтпаган,
Чөмүлүүдө, көмүлүүдө бүт кылым.

Коё бергим келет сени дүйнөмөн,
Магдыраткан бейпилчилик мага бу.
Ант берем мен! Дүйнөдө бүт аялзат,
Баш оорулуу, жүрөктөрү жаралуу.

“Кылым” түшүнүгү азыркы улуттук поэзияда активдүү колдонулуучу мезгил туюнтмасы, ал мезгил чен-өлчөмүндөгү бир чексиздик. Автор аялдын сыртынан билгизбеген түмөн түйшүгүн “көмүлгөн кылым” аркылуу тереңдикке сиңирген.

Аялдар дүйнөсүнө аңтара баам салган. А.Бакированын “Аял доско”, “Эркем (акын сиңдиме)”, “Күндөштүк” ырларында жашоого болгон ар түрдүү мамиле сүрөттөлөт. Алардан айырмаланып, Афина тандаган тагдырдын өзгөчөлүгү бар. Ал “буйруксуз сүйүүсүн” ээлеп кеткен аялга кайрылуусунда да өз бийиктигин сактай алат:

Күндөшчүлүк —
Кыямат күн эмес бул…
Кыл чайнашкан аялдык сүйүүлөрдүн окшоштугу!
Көптөр үчүн таалайдын жарышканы!
А мен үчүн —
Адамдык сапатымдын,
Жан дүйнөмүн тунуктугу —
Устаранын мизинде сыналышы!

Эрдиң көпкөк!..
Канталаган көздөрүңөн!
Өзүңө жан тартканым —
Айкөлдүк эмес такыр.
Эмесмин мен ургаачы көк жал дагы.
Тек гана….
Кандай тагдыр күтсөм да мен,
Мөл бойдон жашап өтүп кетким келет…

Мөлдүк да,
Бактылуулук —
Тагдырым, тандап алган…

Дал ушул “жан-дүйнөнүн тунуктугу”, “мөл бойдон жашап өтүү” Афинанын аялмээриндеги негизги касиет жана ырларында чагылган көркөм дүйнө. Жан-дүйнөсүндөгү аруу касиетти жоготпой, аны ыр дүйнөсүндө жашоого түбөлүк “өмүр” берүү үчүн Афинага дагы изденүү, айрым көп сөздүүлүктөн кутулуу, ойду берүүнү ашыкча татаалдантуудан арылуу гана керек. Калганы өз жайында деген ойдобуз.

[1] Караңыз:Кыргыз тилинин сөздүгү. – Бишкек, 2010. – 956-б.

[2] Караңыз: Бердяев Н. А. Судьба России. М., 1990. С. 11.

[3] Гегель, Г. В. Ф. Любовь [Текст] / Г. В. Ф. Гегель // Эстетика : в 4 т. Т 2. — М., Издательство «Искусство», 1969. — С. 247

[4] Бердяев Н. Метафизика пола и любви / В кн: Самопознание: Избранное. – М.: Мир книги; Литература, 2006. – (Серия «Великие мыслители») // Интернет ресурс, https://mybook.ru

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз