Өмер Сейфеттин: Кун

  • 27.10.2020
  • 3608

АҢГЕМЕ

Кичинекей эшигинен башка жарык кирбеген дүкөнүндө жалгыз башына күн, түн дебей иштеген Кожа Алини капаска түшкөн жоош арстанга окшоштурууга болот. Узун бойлуу, жоон колдуу, чыңалган булчуңдуу, кең далылуу бир балбан. Он жыл бою бул караңгы бөлмөдө чийки темирден чапкан кылычтары жана мылтыктары Анатолияда, Румелияда жана башка чет жакаларда белгилүү боло баштаган. Жада калса Станбулда да яанычарлар (Осмон Империясынын аскерлери), сатып ала турган канжарлардын, кылычтардын үстүнөн “Али Устанын эмгеги” жазуусун издешчү.

Али болотту куралга айлантуунун эң мыкты устасы эле. Ал жасаган согуш кылычтары эле эмес, күнүмдүк турмушта колдонулуучу бычактары эки кабатталып жасалгандыктан сапаты мыкты болчу, болотту куралга айлантуунун жалгыз ага гана тиешелүү бир сыры бардай. Жанына шакирт алчу эмес, эч ким менен да сүйлөшпөйт, дүкөнүнөн чыкпай керели-кечке иштейт. Бойдок, эч кандай тууган-туушканы да жок. Бул калаанын жергиликтүүлөрүнөн эмес. Кылыч, темир, болот, оттон башка сөз этпейт, соодалашпайт да, кардарлары эмне берсе ала берет. Бир гана согуш учурунда отун өчүрүп, дүкөнүн бекитип бул калаада көрүнбөй калат, согуш бүтөр менен пайда болуп адатынча дүкөнүн иштетет. Бул калаада ал жөнүндө көп кеп кылышчу. Бирөөлөр аны “өлүм жазасынан качкан бир байкуш” десе, дагы бирөөлөр “сүйгөнүнөн түбөлүккө айрылып, тагдырына таарынган бирөө” деп айтышчу. Капкара чоң көздөрүнүн сүрдүү карашынан, оор басырыктуу жүрүм-турумунан, көп эмес аз сүйлөп, бирок жакшы нерселерден кеп кылганынан жөнөкөй адам эместиги билинчү. Бирок  ким бул? Каяктык? Муну билген жан жок. Эл аны аябай сыйлачу. Анын үстүндө бул калаада ага окшогон таанымал устанын болушу эле, бул калаанын ар бир тургунун сыймыктандырчу. 

- Биздин Али…

- Биздин уста…

- Дүйнөдө теңдеши жок уста…

- Зульфикардын (пайгамбардын кылычы) сырын билет!.. дешчү.

Кожа Али эң эле калың, эң эле катуу темирлерди жүгөрү кабыгындай жукартып, кагаздай бүктөгөн чыгармачылыгын эч кимден үйрөнгөн эмес, өзү аракет кылып жүрүп өздөштүргөн. Ал он эки жашка толгондо бектер беги болгон атасы согуштан каза болот, ошентип Али жетим калат. Анын атасынын байкеси колунда бар, көрүнүп, таанылганды жакшы көргөн бир вазирь эле. Ал атасы өлүп жетим калган Алини жанына алат. Окутуп, билим берүүгө аракет кылат. Балким мамлекеттин карамагында чоңойсо, чоң жерлерге алпармак. Бирок Али табиятынан башка бирөөгө муктаж болуп жашагысы келчү эмес. Ошондой күндөрдүн биринде ал “мен эч кимге көз каранды болбойм” – деп түндөп чоң атасынын үйүнөн качып чыгат. Багытсыз соккон шамал сыяктуу тоолорду, дөбөөлөрдү ашат. Аталышын билбеген өлкөлөрдү аралайт. Акырында Эрзурумда картаң темир устанын жанында иштеп баштайт. Ошентип, отуз жашка чыкканча Алинин Анатолияда барбаган жери калбайт. Эч кимге баш ийип, кошамат кылган жок. Бирөөгө муктаж да болгон жок. Темир чаап, нан таап жеп келет. Маңдай терин төгүп иштейт, ичинде өзгөчө оттон жаралган бир жалыны бар жаратман сыяктуу эле талантын акча үчүн эмес, чыныгы көркөм өнөр үчүн колдонуп келет. “Болотту куралга айлантуу” анын сүйүп жасаган иши. Өз ыктыяры менен согушка катышып калган учурларында янчар, аскер, баатырлардын оозунан Али Устанын кылычы деп мактоолорду угуп калганда, жүрөгү элеп-желеп бактылуу. Кудай буйруп ичер суусу түгөнгөнчө эч тынбай курал чапса, дагы бир нече миң аскерге сынбас кылыч, ийилбес калкан, курч канжар, зоот кийим, оор, катуу чоюл жасамак. Буларды ойлонгон сайын жүзүнө күлкү келип, ичинен бактылуу, толкунданып кыялы алыстарга учат. 

- Так! – Так, так!… – Так, так!

Мына бүгүн да таңкы намаздан кийин эч эс албай иштеди. Чапкан кылычын дөшүнүн жанындагы чоң челекке толтурулган сууга матырды. Очогунун өчүп бараткан отун карады. Балка кармаган колу менен чекесинен чыпылдап чыккан терин сүрүп, тышка көз чаптырды, ошол маалда бет маңдайдагы мечитте шам азаны айтыла баштады, ага удаа мордун төбөсүндөгү уядагы лейлектер эч тынбай куркулдашат, башка үн жок, көчө жымжырт.  Асыр намазынын даараты бузулбагандыктан барып колдорун эле жууду, сүлгүгө арчып кургаткан соң, түрүлгөн жеңдерин ылдый түшүрүп, тышка чыкты, дүкөндүн эшигин катуу тартып жакшылап жапты. Эшикти бекитүүнүн деле кажети жок деп ойлочу. Ошентип жолго чыгып мечитти карай жөнөдү... Калаа четиндеги бул эски мечитке көбүнчө кедейлер келчү. Мунарасы - көчөнү карап турган кичинекей терезе. Молдо бул жерден ар убак намаз убактысы киргенде башын чыгарып азанын жаңыртат. 

Кожа Али мечитке киргенде бүгүн адамдар демейдегиден да көп көрүндү. Дайыма үч чырак жагулчу, бүгүн рамазан айларында болгондой бардык чырактар жагылуу. Али жамаат намазка тура элек экен. Кире бериштеги эшиктин жанына отура калды. Жанында шыбырашып сүйлөшкөндөрдүн сөздөрүн кулагы чалды. Алардын айтымында Конядан эки дербиш келиптир, куптан намазына чейин Масневи (11 саптан турган ыр) окуйт имиш. Шам намазы окулуп бүткөн соң, мечиттегилердин жармы чыгып кетти. 

Кожа Али ордунан кыймылдаган жок. Ансыз да бир аз башы ооруп турган. “масневи угуп эс ала түшөм” –деп ойлоду. Эки дербиштин жан дүйнөнү толкунданткан обондору менен жүрөгү тынч алып, терең ойлорго чөмүлдү. Ар бир төкмө акындарда болгондой эле анын жүрөгү да сезимтал, назик. Эң кичинекей бир себеп болсо, жан дүйнөсү толкуп ташып кетер эле. Түшүнүксүз бир тилдин уйкаштыгы дене боюн дүркүрөттү. Тулку бою жай термелип, ачуу ызасы тамагына кептелди. Ошентип месневи окулуп бүтүп куптун намазы да кирди, Али намаздан кийин мечиттен чыгып, дароо дүкөнүнө барган жок. Негедир жүрөгү соккон сайын эркиндикти, мейкиндикти эңсегендей, себепсиз бир бактылуулукту тартуулагандай анын дене боюн дүркүрөтүп жатты.

Мына ушул тар көчөдө кудум бала кезиндегидей секирип чуркап, бактылуу күлүп алгысы келди. Үнсүз жылмайды. Жөө басып жөнөдү. Уйкусу да келген жок. Жылуу, жылдыз толгон жайдын түнү. Саманчынын жолу сары алтын чаңынан топтошкон бир булут сыяктуу асмандын бир бурчунан экинчи бурчуна созулуп жымыңдашат. Али дале токтобой басып келатты. Шаарчадан мал сарайга кетчү жолдогу тактайдан жасалган көпүрөгө токтоду.  Жыгачтан жасалган көпүрөнүн жээгине таянды. Ылдыйда шырылдап аккан дарыянын түбүнө чагылышкан жылдыздар шагыл таштарындай жалтырайт. Жээкте топ болуп өскөн мажүрүм талда булбулдардын сайраган үнү... Али жаратылыштын табигый музыкасынын ыргагында ойго чөмүлүп бир жерди тиктеп туруп калды. Көп убакытка ордунан кыймылдаган жок. Жана угуп чыккан обондордун уйкашы кулагына угулуп, мечитте отургандай, дале ошол обондор созулуп жаткандай толкунданып, тээ алыстарга учуп кетти. Капыстан аркасынан бир үн:

- Кимсиң? – деп кыйкырды. 

Кирип кеткен таттуу түшүнөн ойгонду. Акырын аркасын карады. Көпүрөнүн тигил тарабында эки-үч караан жакындап келатты. Дароо жооп кайтарды: 

- Өзүбүз эле!

- Кимсиң?

- Али…

Караандар жакын келишти. Бир кадам калганда аны кийминен таанышты: 

- Кожа Али… Кожа Али турбайбы!

- Али Уста, сенсиңби?

- Мен!

- Мынча кеч эмне кылып жүрөсүң бул жерде? 

- Эч нерсе…

- Кандайча эч нерсе? Сууга балкаңды түшүрүп алдыңбы же! 

Булар шаар кароол башчысынын адамдары эле. Шаарды көзөмөлдөп жүрүшкөн. Эмне дээрин билбеди. Ууру, каракчыларга караганда түндөсү апийиим чегип алган бул селсаяк кароолчулардан жашоочулар көбүрөк чочулашчу. Өздөрүнөн башка эшикте жүргөн бирөөнү көрүп калышса, таяктап, сабап салышчу. Бирок Алиге тийишишкен жок. Кароолчу: 

- Али Уста, сага жин тийдиби? - деди.

- Жок.

- Түн ортосуна чейин эмес, жада калса куптандан кийин шаар четинде эч ким жүрбөсүн деген шаар башчысынын талабын билесиңби? 

- Билем.

- Анан, эмне издеп жүрөсүң бул жакта?

- Эч нерсе…

- Кандайча эч нерсе…

Кожа Али жооп кайтарбады. Кароолчулар анын намыстуу адам экенин билишчү. Аны сабап, жазалашкан жок. Жөн гана: 

- Тур үйүңө бар, жүрбө бул жакта, - дешти. 

Келген жолу менен ылдам басып дүкөнүнө келаткан Кожа Али ичинене жана уккан уйкаш кайрыктарды кайталай берди. Булбулдар сайраганы, тээ алыста мал сарайлардан иттердин үргөнү улам басаңдап угулуп жатты. Дүкөнгө келгенде токтоду, моордун башындагы лейлек дале уктай элек экен, кепин кийген арбактай туруп алыптыр. Эшиги кичине ачылып калган экен. Чыгып жатканда катуу жаап кеткенин эстеди:

- Кызык, шамал ачып салган го!…- деди.

Ал ууру кирди деп кымындай да шектенип койгон жок. 

Дүкөнгө кирип эшигин жапты. Кароолчулардын болушу ага жаккан жок. Шаарда жашаган ушундай түрмө сыяктуу. Бирок тоо этегиндеги айылдан жасаган куралын эч ким албайт да. Чарчаганын сезди. Чырак жагуудан эринип койду. Мештин сол жагындагы керебетке чыгып, чоң аюунун терисинен жасалган төшөгүнө жата кетти.

Чочуп ойгонду. Эшикти каккылап жатышыптыр. Уйкусоосу менен: 

- Ким бул? – деп кыйкырды. 

- Бол ач.

Таң атып кетиптир. Эшиктин ары жагынан тешиктерден агылып кирген апапак жарык нурлар көрүндү. Ал минтип уктап калчу эмес, күн чыга электе ойгончу. Туруп, керебеттен түшүп, тапичкелерин таппай жалаңайлак буту менен эшикти көздөй жөнөдү. Эшикти ачты. Эшиги ачылар менен дүкөндүн ичи жарыкка толду, бет маңдайынан муруту саксайган, узун бойлуу кароол башчысын көрдү. Аныны аркасында кийиз баш кийимчен кош канжар тагынган жаш жардамчылары турат. Али “не болду?” – дегендей аларды карады. Кароол башчы: 

- Али уста, дүкөндү текшерип чыгабыз! – деди. Кожа Али таң калып сурады: 

- Эмнеге? 

- Бүгүн түнү Будактын сарайына ууру кириптир. 

- Менин кандай тиешем бар?…

- Тиешең бар үчүн дүкөндү текшерип чыгабыз.

- Бул уурулук менен менин кандай ишим бар?

- Уурулар уурдаган бир козусун көпүрөнүн алдынан союшуптур. Түйүнчөкө түйүлгөн акчаларды да уурдап кетишиптир, кой союп жатканда ал түйүнчөктөрдүн бирөөсү ошол жерге түшүп калыптыр. 

- Мага эмне андан?…

- Ошол түйүнчөктөрдүн бирөөсүн бүгүн эртең менен сенин эшигиңдин алдынан таптык... Анан... бул эшикти кара. Кан болуп калыптыр! 

Кожа Али эч нерсе дебестен уйкуга жабышкан көздөрү менен эшигин карады. Чынында эле кичинекей кан сүрүлүп калыптыр. Ал бул кичинекей кан тагын караганда, мурутчан кароолчу: 

- Анын үстүндө мен сени түн жарымында көпүрөдөн көргөм, ал жакта не кылып жүрөт элең? –деди. 

Кожа Али буга да жооп бере алган жок, жөн гана: 

- Текшергиле… - деп жол бошотту. Кароол менен жардамчылары дүкөнгө киришти. 

Дөөшүнүн жанынан өтүп бараткан бир жардамчысы кыйкырды:

- Эй! Мына, мынакей…

Кожа Али шарт бурулуп үн чыккан жакты карады. Жаңы союлган койдун терисин көрдү. Таң  калып туруп калды. Жардамчылар дароо терини жерден өйдө көтөрүштү да бүктөмүн жазып ачышты. Жаңы союлган койдун териси, нымы дале кете элек. Алар бир туруп кароол башын, бир туруп шектүүнү карап калышты. Кароол башы болушунча каардуу үнү менен сурады:  

- Уурдаган акчаларды кайда каттың?

- Мен акча уурдаган жокмун.

- Жаныңды жебе, карабайсыңбы козунун териси сенин дүкөнүңдөн чыкты! Же бул жакка бирөө алып келип таштадыбы?

- Билбейм.

Кожа Али көп сүйлөбөйт эле. Сотко барганда да ошол күнү түн жарымында көпүрөгө неге барганын толук айтып бере алган жок. Кароолчулардын таап чыккан далили ага илинип жаткан. Будактын жаңы эле саткан беш жүз коюнун акчасы да сарайынан уурдалган. Эки ууру келип чабанды бекем байлап, жанын көзүнө көргөзө сабап, жада калса колун сындырып салышыптыр. Эртеси күнү чабан сот учурунда эки уурунун бирөөсүн Кожа Алиге окшоштурганын кошумчалайт. Түн ичинде дүкөнгө келбегени, теринин дүкөнүндө, акча түйүнчөгүнүн эшигинин алдынан табылышы Кожа Алини күнөөлөөгө жетиштүү далил болуп берди. Канчалык мойнуна албай жатса да ууру наамынан кутула албады. Анын үстүнө ал бул калаа үчүн каяктан келгени, ата-теги белгисиз бирөө эле.  

Ошентип, анын сол колун кесүү боюнча чечим чыкты!

Кожа Али бул чечимди укканда өмүрүндө биринчи жолу коркуп, бети кубара түштү. Эриндерин кыса тиштеди. Бул чечимге баш ийүүдөн башка аргасы жок эле... Денеси калтырап араң өйдө турду. Сотту карап, чечкиндүү үнү менен: 

- Колумду эмес, башымды кескиле! – деп өзүнүн өтүнүчүн айтты. 

Бул анын өмүрүндөгү биринчи өтүнүчү эле. Бирок бул улгайган сот өтө эле чынчыл бирөө болчу.  

– Жок, балам, - деди. Сен адам өлтүргөн жоксуң. Эгер чабанды өлтүрүп салганыңда башың алынмак. Жаза кылган кылмышыңа жараша берилет. Сен болгону уурулук кылдың. Колуң кесилет. Жараткандын өкүмү. Мыйзам кескен жер оорубайт... 

Кожа Алинин колу башынан да кымбат эле. Болотту мына ушул эки колу менен буюмга айлантчу, бул эки колу менен чек араларда согушта жүргөн аскерлерге калкандарды сындырган, оор зоот кийимдерди тешип өткөн куш канатындай жеңил кылычтарды жасачу, акчага эмес, жардам максатында күндөп, түндөп иштечү. 

Аны алпарып шаар башчысынын кароолчуларынын бөлмөсүнүн алдындагы орого камашты. Жазасын күтүп, мелтиреп колу кесилип, колу жок калганда дөөшүгө балка чаба албай каларын ойонуп үмүтсүз отурду. Колунун кунун берип кутулайын десе бир тыйыны жок. Ал буга чейин акча үчүн иштеп, байлык топтогон эмес эле да. 

Баардык шаар тургундарды Кожа Али сыяктуу чоң устанын колу кесилерине аябай кейишти. Ага окшогон келбеттүү, иштерман, күчтүү, жакшы адамдын өмүр бою майып болору эң эле таш боор адамдын да жүрөгүн оорутту. 

Демек аны калаа тургундары жакшы көрүшчү экен. 

Сыпайылар (Осмон Империясынын атчан аскерлери) аларга эң арзан баада кылыч чаап берген бул адамды куткарууну ойлонушту. Калаанын эң бай адамы Хажы Махмудга кайрылышты, бул адам чириген бай болсо да, теңдеши жоктой сараң эле. Бай болсо да, дале калаанын кичинекей бир дүкөнүндө касапчылык менен алектенчү. Ал бул сунушту аябай ойлонду, кейиди, аткаргысы келген жок, бирок сыпайылар менен жакшы мамиледе болушу шарт эле.

- Эгер сиз каалап жатсаңыз мен анын колунун кунун берем. Бирок бир шартым бар, - деди. 

- Кандай? – деп сурашты сыпайылар. 

- Силер барып бул шартымды өзүнө айтып көргүлө. Эгер мен өлгөнгө чейин эч акча албастан мага кызмат кылса, бүт жумушумду кылса... 

- Макул, макул…

Сыпайылар, шаар башчысынын үйүн көздөй жөнөштү. Хажы Касаптын сунушун Кожа Алиге айтышты. Ал алгач касапчылык ишин билбегенин айтты. Ал бул сунушка макул болгусу келген жок. Сыпайылар:

- Сен да кызыксың! Касапчылык да ишпи? Канчалаган согушка катыштың. Кылыч шилтедиң. Байланган койду жыгып соё албайсыңбы эмне? – деп чалкасынан кетишти. Али үчүн “Кулга кул болуу”, беш күндүк дүйнөдө “бирөөгө карыздар болуп жашоо” эң оор, эң эле кыйын иш.

Ал тээ кичине кезинде эле вазирь чоң атасын карыздар болбош үчүн туулган жеринен качып, бөтөн жерде жүрөт эле го. Эми болсо тагдырдын тамашасын кара, аны кимге кул кылды? Сыпайылар: 

- Хажынын жашы жетимишттен ашты... эми канча жашайт дейсиң... Ал өлгөн соң, сен эркиндикке чыгып, бизге кылыч чабасың. Макул де уста, көп ойлонбой! – дешти. 

Хажы Касап колдун кунун сотко санап берген күнү Алини эрчитип жөнөдү. Дүкөнүнө алып келди. Бул адам өтө эле майда, мүнөзү да адам чыдагыс эле. Наалыганы наалыган. Сараңдыгынан ушул жашка чейин бир дагы жардамчы, бир дагы кызматкер алып көргөн эмес. Кожа Алини алып келер менен дүкөнүнүн бир бурчуна атайын орундук жасады.  Үстүнө матрас салды. Ошого отурду да бардык ишин Алиге жасата баштады. Эмне жумушу болсо барын... Таңкы намазга беш саат калганда эки саат алыстыктагы мал сарайынан ошол күнү сатыла турган койлорун Алиге алып келдирет, ошого сойдуртат, терисин сыйрытат, жиликтетет, саттырат... Куптан намазы киргенге чейин ага буйрук берет. Байкушка бергени булгурдан жасалган шорпо. Кээде өзүнөн артып калган тамактарды итке бергендей алдына ыргытып койчу. Түндөсү дүкөндү жуудурат, уктаардан мурун кой алып келүүгө сарайга жиберет. Токойдон отунун да ага алдыртат, сууну да ага ташытат, кыскасы, бары-жогун ага жасатат. Жада калса үйүндөгү эшигинин алдындагы толуп калган кудугун да ага тазалатты. 

Кожа Али жалаң булгур шорпосу менен мындай азаптарга жүз жыл болсо да чыдамак. Бирок Хажы Касаптын тынбай: 

- Эй Али!… Колуңдун кунун мен бердим. Болбосо майып болмоксуң! – деп жасаган жакшылыгын кайталаганына сабыры түгөндү. Бир күн, эки күн, үч күн чыдады. Айткан ишин бүт кылды. Түндөсү уйку көргөн жок. Күндүз эс алган жок. Ээсинин оту менен кирип, күлү менен чыкты. Ага деле болбой: 

- Колуңдун кунун мен бердим.

- …

- Майып калмаксың мен болбосом…

- …

- Мен бар үчүн колуң бар.

- …

Хажы Касап бул сөздү “Азаматсың!” дегендей эле айтып калды. Ар бир берген буйругу аткарылган соң, катуу сакал, чап жаак, түрү суук ырайын бузуп, көк чукурайган көздөрү менен аны баштан ылдый карап “Унутпа, сен менин кулумсуң” – дегендей, берген кунун эстетет. Кожа Али үн чыгарбай, жүрөгүнүн эзилгенин, денесинин ысып чыкканын, жаактары карышып, чыкый кан тамырынын жарылчудай сокконун гана сезет. Түндөсү уктай албайт, күндүз сарайга бараткан жолдо, койлорду союп жатканда, жиликтегенде, кардарларга эт сатканда “Эмне кылам, кандай айласын табам?” – деп ойлонуп, эч эле жыйынтыкка келе албайт. Дүйнөдө эч кимге көз каранды болбой, аз нерсеге каниет кылып намысы менен бактылуу жашоого аракет кылып жатканда, бул азапка кайдан кабылды? 

Качып кетейин десе намысы жол бербейт. Эгер качса анда чын эле уурулук кылган болмок.  Бирок бул адам сыягы жок кишинин жасаган жакшылыгын кайта кайталаганына чыдоо өлүмдөн да оор, өлүмдөн да азап. Хажы Касапка кул болуп келгенине туура бир апта болгон. Жума күн эле. Адаттагыдай эле эрте туруп сарайга барып кой алып келди, сойду, жиликтеди анан этин дүкөнгө сатыкка койду. Эсептегичтин жанындагы майланышкан кайракка эт кескен чоң бычактарды курчутуп жатып да “Эмне кылсам, кандай айла табам?” – деп ойлонду. Ээси али келе элек болчу. Чоң бычактарды бүлөгөн соң кичинекей бычактарды бүлөп баштады.  

“Эмне кылсам, кандай айла табам?”- деген ойго батып кеткенинен касапчынын келгенин байкабай калды. Күтүлбөгөн жерден чыккан тааныш ачуу үн жүрөгүн оозуна кептеди:

- Эй эмне кылып жатасың?…

Аны карады. Ээси оордуна отуруп тамекисин түтөтүп жатыптыр. 

- Бычактарды бүлөп жатам, – деди. 

- Жалкоо, арамза десе!… Эртеден бери эмне кылдың?

- …

- Не карайсың?!

- …

Кожа Али үн катпай, бир аптада беш жылдык кызматын эс алусуз жасап берсе да, аны “жалкоо, арамза” – деп урушуудан тажабаган бул адамды жеп жиберчүдөй карап турду.  Дагы жүрөгү кысылып, денеси ысып чыкты, жаактары карышып, чыкыйынан кан атып чыкчудай болду. Ошол маалда Кожа Али эсине келди. Бир апта бою бул азапка кантип чыдаганына таң калды. Хажы касапчы тамекисин жерге таштап, кызматчысынын бул көз карашын түшүнө бергендей дагы сүйлөндү:  

- Колуңдун кунун мен бергенимди унутуп баштаган окшойсуң? Мен болбосом майып болмоксуң...  

Кожа Али бул сапар да унчуккан жок. Айла жоктон жылмайды. Бети кызарып кайра бозоруп кетти. Аркасына шарт бурулуп, бүлөп койгон бычактардын эң курч, эң чоңун колуна алды. Эт кармап, эт кесип кан жыттанган киргил колун бир сөөктүн үстүнө койду да, чоң бычак менен шарт чаап жиберди... Ошол замат үзүлүп түшкөн колун колуна алды да, көргөн шумдугуна жүрөгү түшүп, селейип отуруп калган Хажы Касаптын алдына ыргытып:  

– Мына ал, бул кунун төлөгөн нерсең! – деп жеңинин колсуз калган учун түйүп, дүкөндөн чыгып кетти. 

Бир убакта келген жагы белгисиз болгондой эле, эми устанын кеткен жагын да калаада эч ким билбей калды...

Түркчөдөн которгон Алина АСИМКАНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз