Вячеслав Камедин: Үч бир тууган

  • 30.10.2020
  • 3579

Бой жетип, үйлөнсөк деп бакыт издеп,
Аттанды үч азамат алыс жолго.
Апакеси узатып кала берди,
Амандыгын тиленип алыс жолдо.

Бир туугандар жол үстүндө жобурашып,
Бөлүштү таттуу кыял тилектерин.
Кандай болот тандаган өмүрлүк жар
Кандай аял ээлейт деп жүрөктөрүн.

Кичүүсү адегенде айтат сөзүн:
- Айланып, дүйнө жүзүн кыдырамын.
Тандаймын өмүрлүккө жар болууга,
Сулуусун көп сандаган сулуулардын.

Жанында жаш сулуунун магдыраймын,
Ал дагы махабатым баалайт, билет.
Сулууга суктанбаган ким бар дейсиң
Сулуулук бул жашоомо бакыт берет.

Андан кийин ортончусу сөздү улайт:
- Жок, иним, менин оюм такыр башка.
Өңү серт болсо мейли, тың болсо дейм,
Эмгекчил, бирдей карап көпкө, азга.

Билемин коңшу шаарда андай жан бар,
Кең пейил, сылык, сыпаа, адептүү кыз.
Үйлөнсөм ошол кызга  түбөлүккө,
Бакыттын кучагына малынабыз.

Улуусу эстүү белем инилерден,
Ал айтат: - Менин коёр эч шартым жок.
Болгону көңүлүбүз жакын болуп,
Түшүнүшсөк ар бир сөздөн, көңүлүм ток.

Сүйүүбүздү туптунук Кудайга арнап,
Өмүр бою сактасак арманым жок.
Мына ушинтип тарашты үч бир тууган,
Бул сөзүмдүн кенедей жалганы жок...

Айлар өттү, жылдар жылды, беш жыл өттү...
Үйлөрүнө кайтып келди үч бир тууган.
Бактылуулук сезилбейт жүздөрүнөн,
Ар биринин башында бардай, арман.

Кичүүсү айтат: - Аялымдын талашсыз сулуулугу,
Бирок тили уу, кыялы чатак экен.
Сөз түшүнбөйт, эркесин, кежирин айт,
Бир ай чыдап, андан соң баса бергем.

- А меники, – дейт анда ортончусу, –
Жер жыттабас көчүгү айылчы экен!
Эмнеге жакырсың деп мээни чагат,
Бир жыл жашап, качып чыктым аман, эсен.

Агатай, сен таптыңбы бакытыңды?
Ал айтат: - Алганым аябаган такыба экен,
Тайыбай дин жолунан, четке чыкпас
Жолунда кудайымдын, катуу, бекем.

Эртеден кечке чейин тыным албай
Чокунуп, сыйынуудан көңүл калды.
Беш жылды мына ушинтип өткөргөн соң,
Ойлодум, кыйнабайын жалгыз жанды.

Аңгыча ак чач болгон энекеси
Жарк этип босогодон чыга калды.
Жадырап уулдарын көргөнүнө,
Жүзүндө улуу сүйүү оту жанды.

Бактысы ашып-ташып батпай турду,
Балдарын көргөнүнө аман, эсен.
Көрсө, алар таппай жүргөн бакыт, сүйүү
Беш жыл күтүп, үйүндө жаткан экен!

Энелерибизге чекебиз жерге тийгиче ийилип таазим кылабыз! Апаңарды, алардын сүйүүсүн сактагыла! Достор, бир туугандар, бактылуу болгула, негизгиси өз бактыңарды чыр-чатактын бороонунан коргогула...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз