Александр Лопатин: Бакыттын башаты кайда катылган?

  • 31.10.2023
  • 4749

УЛАМЫШ

– Мен силерге билим бердим, а бакытты өзүңөр издеп тапкыла, – дейт мугалим мектеп бүтүрөр өз окуучуларына.

– Агай, бакыт бат эле жок болот экен, – нааразы болот бирөөсү.

– Жашоодо бакыттын соолубас жалгыз булагы бар. Ага жолуккан, өмүр бою бактылуу, – деп жооп улайт мугалим.

Окуучулар коштошуп, мугалимге убада беришет: үч жылдан соң бакытка кезиккенин баяндап бермек болуп.

Мөөнөт тез эле өтөт. Биринчи окуучу өзү келбейт, тек, кат жөнөтөт агайына: «Бакыттын башатын таптым, бийлик экен. Кызматтан кызматка көтөрүлдүм. Мындай ийгилик менен жогорку бийликке тез эле жетериме ишенем».

Экинчи окуучусу да агайына кат жолдойт: «Бакыттын башаты байлыкта экен».

Үчүнчү окуучусу эч нерсе жөнөтпөптүр, бирок ал мыкты жоокер болуп, башка өлкөнү жеңүү үчүн казатка аттанганын укту мугалим. «Кыязы, менин окуучум – билек миңди жыгат дегенди бакыт деп түшүнгөн экен», – дейт кейиштүү үшкүрүнүп.

А төртүнчү окуучусу кайтып келет да, агайына дарыгер болгонун баяндайт.

– Дүйнө кыдырып, адамдарды дарыладым. Кубангандарын кантейин, бакытка тунушту алар. Агер адамдарга бакытты эш кылсаң, бакыт сени да эш тутат экен, – дептир окуучусу.

– Эң негизги маселени түшүнүпсүң, окуучум, – деп кубанат агайы. – Бакыттын соолгус булагы – бул башкаларга жакшылык кылуу. Бакыттын башатына башкаларды канчалык сугарсаң, өзүң да бакытка ошончолык канасың.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз